"Агым", 27.06.08 - 14-бет: Оо, футбол, сен кереметси?!...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оо, футбол, сен кереметсиң!

Финалга Россия - Германия чыгабы?
Германия өзүнүн тарыхында 17 жолу жарым финалга чыгыптыр. Оюн алдында макталып жаткан Германия командасы чабуул эмес өздөрүнүн дарбазасын араңдан зорго сактоого үлгүрүп жатышты. Оюндун 22-мүнөтүндө түрк футболисти Казим-Ричардстын кезектеги тепкен тобу дарбазанын, үстүнкү жыгачына тийип, бирок ага түрктөрдүн дагы бир оюнчусу Угур биринчи жетип, эсепти ачты. Ошентип, түрктөр биринчи болуп эсепти ачып, алдыга чыгышты. Бирок көп өтпөй өздөрүнө гол киргизип жиберишти. Голду немистерден Швайнштайгер Подольскинин пасы менен киргизди.

Экинчи таймда немистердин чабуулу ийгиликтүү болуп, Клозе башы менен сүзүп экинчи голун киргизди. Бул учурда түрктөрдүн дарбазачысы Рюшту көкөлөп келаткан топко жетпей калды. Бирок көп өтпөй Түркия командасы кайрадан эсепти теңеди.
Оюндун негизги убактысы аяктаарына төрт мүнөт калганда Сабринин оң канаттан чыгарган тобун Семих тээп, эсепти теңеди. Бул учурда Леманн ката кетирди. Ошентип, тажрыйбалуу, эки картаң дарбазачылар эки голдун киришинде күнөөлүү болушту.
Ал эми негизги убакыт бүтүп калганда (90-мүнөт) баягы эле Лам өзүнүн сол канатынан чабуул уюштуруп, өнөгү Хитцльспергер менен пасташып, Рюшту менен бирге-бир чыкты да, чечүүчү, жеңүүчү голду киргизди. Ошентип, Лам бул оюндун башкы каарманы болду. Германия 1996-жылкы Европа чемпионатынан кийин кайрадан финалга чыкты. 12 жыл мурда Англияда өткөн финалдык оюнда Германия чехтерди 2:1 эсебинде утуп, чемпион болушкан.
Чейрек финал
Чейрек финалда өткөн оюндар тууралуу айтсак, Евро-2008деги эң кооз оюн көрсөткөн командалардын бири Португалия быйыл да көздөгөн максатына жетпей калды. Көрсө, мындай чоң мелдештерде бир эле кооз оюн көрсөтүү жетиштүү эмес экен. Быйылкы жылдын эң мыкты оюнчусу Криштиану Роналдунун оюнун көбүрөөк көрсөк дегенбиз. Аны Европа чемпионатында да мыкты оюнчу болот дешти эле, ал да ишке ашпай, биринчи чейрек финалда алардын жолун Германия командасы тосуп койду. Макул, Баллак үчүнчү голду эрежени бузуп (атаандашын түртүп жиберди) киргизди дейли. Бирок жалпы оюндун жүрүшүндө командалык оюну, тактика-техникалык көрсөткүчү, ылдамдыгы менен немистер чындап эле кооз оюн көрсөтөбүз деген атаандаштарынан артыкчылык кылышкан.
Группалык оюндарда биринчи орунду ээлеген хорваттар да үйүнө кетти.
Чейрек финалда Италия командасы да жеңилип үйүнө кетти. Испания менен болгон оюнда негизги жана кошумча убакытта дарбазаларга гол кирген жок. Ал эми оюндан кийинки 11 метрден тебүүдө Испания командасы жеңип кетти. Бул оюн анча кызыктуу болгон жок. Италия командасында негизги эки оюнчусу - Пирло менен Гаттузонун ойнобогондугу да өз "таасирин" тийгизди окшойт. Эки команда тең бири-биринен коркконсуп ойношту. Анткени менен күйөрмандар үчүн жарым финалга Испаниянын чыкканы жакшы болду. Алар быйылкы чемпионатта Италия менен болгон оюнду албаганда, кооз, күчтүү оюн көрсөтүп жатышат. (Россия менен кандай ойношту экен?). Баса, испандыктар италиялыктарды официалдуу оюндарда 88 жылдан бери ута элек эле.
Россия жеңишке жетеби?
Австрия, Швейцариядагы эң кызыктуу оюн Россия-Голландия оюну болду. Оюн алдында орустардын тренери, голландиялык Гус Хиддинк: "Мени Голландияда чыккынчы деп айтып жатышат. Анда мен эң чоң чыккынчы болоюн"- деген. Эми ошондой болду окшойт. Голландиялыктар быйылкы чемпионатта эң кооз оюн көрсөткөн командалардын бири эле. Алар өз группасында дүйнөнүн чемпиону Италияны 3:0, экс-чемпиону Францияны 4:1 жана амбициялуу Румынияны 2:1 эсебинде утушкан. Бирок аларга чейрек финалда Россия командасы туш келип калды. Ал эми Россия командасы да бул чемпионатты начар баштаганы менен эң кооз оюн көрсөтүштү. Орустар Европанын ушул убакка чейинки чемпиону Грецияны, андан кийин Швецияны мыкты оюн көрсөтүп утушту. Орустар бул турнирде биринчи орунга татыктуу делген голландиялыктардын эсин оодарып, таш талкаланын чыгарышты. Бир чети Голландия командасына бооруң ооруйт. Деги эле бул эки команда финалда беттешсе жакшы болмок.
Жарым финал алдында ким эмне дейт?
Испаниянын El Pais гезити биринчи бетке орустардын оюнун "дүйнөлүк сенсация" деп, "Биз үчүн эң жакшы жаңылык - жарым финалда бизге каршы орустардын коргоочусу, тепсе тобу ракетадай учкан Денис Колодин менен шамдагай жана ыкчам оюнчу Дмитрий Торбинскийдин ойнобогондугу. Ал эми эң жаманы - калган оюнчуларынын бардыгы ойной тургандыгы" деп жазат.
Италиянын La Stampa гезити: "Европа чемпионатында бир эле жылдыз жанып турат. Ал жылдыз - Аршавин. Европанын жарымы Аршавиндин бут алдында".
Франциянын L'Equipe гезити Андрей Аршавинди мурдагы СССРдин жана "Динамонун" (Киев) жылдызы Александр Заваровго окшоштуруп: "Алардын бою да оюну да бирдей. Андрей Аршавин былтыр Россиянын чемпиону болуп, быйыл УЕФА кубогун утту, эми ал Европа чемпионатындагы "Алтын топко" да башкы талапкер".
Учурда Аршавинди Европадагы эң күчтүү, атактуу командалар сатып алабыз деп жатышат. Айтсак, алардын ичинде Англиянын "Арсенал", "Ньюкасл", "Манчестер Сити" командалары айтылат.
ФRANCE PRESSE, Франция: "Аршавинге Еuro-2008дин жылдызы болуш үчүн эки эле оюн керек болду. Азыр бүт жерде Аршавин жөнүндө сөз болуп жатат. Криштиану Роналду, Анри, Рибери, Тонилерди эч ким эстебей калды. Аршавин оюнга кошулары менен орустардын оюну да таптакыр өзгөрдү.
KICKER, Германия
Россия командасынын оюну - бул келечектин футболу. Орустардын оюну - футболдун туу чокусу. Германия 2010-дүйнөлүк чемпионатка карата тандап алуу оюндарында Россия менен бир группада ойнойт.
Даярдаган Келдибек НАЗИРОВ









??.??