"Агым", 27.06.08 - 12-бет: Шоу "калаасынан"...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу "калаасынан"

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ учурда үй куруу менен алек. Курулуш иштеринен улам, Кытай, Россияга болгон чакырууларды күзгө калтырууда.

Мээри ШАКУЛИНА кесиптеши Ташкент кызы Гүлдөн белекке алган "Сагынба" деген ырына Астанага барып клип тартууну тилек кылып турат. "Арнай албайм сага ак сүйүүмдү" деген саптар камтылган, демек, сюжети белгилүүдүр, окурман.

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА театрын 1-августка чейин каникулга узатып, өзү клип тарттырууну пландаштырууда. Ал эми август айында Айчүрөк айым өзү туурасындагы китептин бетачарын жасамакчы.

Ассоль МОЛДОКМАТОВАны жакында дүйнө жүзүнө белгилүү суусундук жарнамаларынан көраласыз. Бул суусундук чыгаруучу компания жыл сайын ааламдагы ар кыл чөйрөнүн атактууларын өз жарнамалык түрмөктөрүнө тартылууга чакырып келет. Баса, Ассоль айымдын жайкы образын дал ушул жарнамалардан байкасаңыздар болот.


САУЛЕ туристтик компаниянын жарнамаларына тартылгандыгы үчүн Кытайга гастролду белекке алган. Ага даярдык көрүү менен бирге көчөт кыз Көлдө иштеп да, ага катар эсалып да эки күн мурда эле кайтты. Айтмакчы, көпчүлүк ырчылар тартылып жаткан "Достор" тасмасында Сауле бакма кыздын ролун аткармакчы.

Бегимай КАРАБАЕВА "Адашпайм" аттуу ырына жалаң спорт чемпион, чеберлеринин катышуусунда клип тарттырды. Ошондой эле жакында баткендик бийкеч Коргоолдун "Өтөрбүз да кетербиз, өткөндөн кийин бекербиз" деген саптары камтылган ырын заманбап стилге салып, иштеп чыкмакчы.

Султан САДЫРАЛИЕВ - ушул тапта тартылып жаткан "Достор" тасмасында башкы ролдо. Саратан илебине карабай, Султан өз алдына бир топ милдет койгон. Өлкө ичиндеги гастролдорунан тышкары, Россиядагы мекендештерди да кыргыз добушуна толкутуп кайтат.

Аваз АКИМОВ Э.Иманалиевдин калемине таандык, улуттук колориттеги "Ай, секет" ырына клип тарттырат. Ал эми ушул жума Чүй облусуна концерттик тур жасамакчы.

Сапар ЭРКЕБАЕВ мындан эки жыл мурун сындырып алган оң бутун үчүнчү ирет кокустатып олтурат. Доктурга көрүнүп, бу жолу гипс салдырган. Денсоолугу дурустап калса эле, эски кайрыктардын бири болгон "Чагылган" ырын клип даярдоого киришет.

Мирбек ИМАНБЕКОВ ар тармактан коом көзүнө көрүнгөн жаш жигиттерди чогултуп, "Достор" ырына клипке тартылууга чакырды. Алардын арасынан журналист Т.Дооровду, ырчы С.Садыралиевди, спортчу К.Бегалиевди жана саясаттагы жаштардан да көралабыз.

Алмаз АДАМАЛИЕВ жайкы сезонду кафе-ресторандарда иштөө менен өткөрөт. Ырчы жигит баурдас кесиптештери менен тажрыйба алмашып, а балким, капчык кампайтууну да көздөгөн өңдөнөт.

СЕМА дагы бир бийкеч кесиптеши менен ырдай турган RNB багытындагы дуэт ырын жазып бүтүп калды. Кыргызстандан сырткары, бул жайдагы гастрол маршруту: Тараз-Алматы-Астана. Ошондой эле Сема акыркы күндөрү футбол чемпионаты менен "ооруп", сүрөп аткан командасы утулуп калса, маанайы чөгүп, анысы достору менен да аз-маз кер-мур айтышканга чейин жеткизүүдө.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы










??.??