"Агым", 27.06.08 - 11-бет: Айланбас жердин айланма жањылыктары...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



РОССИЯ. Кечээ Ханты-Мансийск шаарында Россия-ЕС саммити ишин баштады. Анда негизинен Евросоюз менен Россиянын ортосундагы жаңы стратегиялык макулдашууну баштоо боюнча талкуу жүрөт. Мындан тышкары, ЕС жетекчилери менен Россия президенти саммитте экономика, эркиндик жана укук, тышкы коопсуздук, маданий аспектилерди ичине камтыган билим берүү жана илимий изилдөө жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

АФГАНИСТАН. Өлкө бийлиги биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде салтанаттуу парад учурунда президент Хамид Карзайга болгон кол салууну Пакистан уюштурган деп эл алдында айыптап чыкты. Афган чалгын кызматы тергөө учурунда табылган документтер, 16 шектүү адамдын күнөөнү моюндоосу жана тыңшоого коюлган телефон сүйлөшүүлөрү теракттын Пакистан чалгындоо ведомствосу тарабынан жасалгандыгын далилдейт деп билдирди.
ГРЕЦИЯ. Глика Нера шаарынын Гимет тоосунда пайда болгон өрт борбор шаар Афинага жакындоодо. Өрттү өчүрүүгө 86 өрт кызматкери, 8 самолет жана 3 вертолет жиберилген. Греция токой өрттөрүнөн катуу жабыр тартып келет. Үстүбүздөгү жылдын март айында эле Скопелос аралындагы өрттөн улам Эгей деңизинде өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми 2007-жылдын август айындагы катуу өрт жарым миллион гектардан ашуун токой жана айыл чарба жерлерин керектен чыгарып, 60 адамдын өмүрүн кыйган.

ГЕРМАНИЯ НАТОнун кысымы астында Афганистанда кызмат өтөй турган аскерлеринин санын 3500дөн 4500гө чейин көбөйтөт. Берлин немецтик контингентинин кандуу кагылыштар байма-бай болуп туруучу түштүк аймактан алыс жайгашуусун талап кылууда. 2001-жылы "Талибан" режиминин кыйрашынан бери Афганистанда 24 немец, 451 америка аскерлери курман болгон.

СЕРБИЯ. Парламент Элдик Скупщина спикери болуп "Сербия Социалисттик партиясынан" Славица Джукич-Деянович шайланды. Аталган партия "Европалык Сербия үчүн - Борис Тадич" көп партиялуу блоктун башкаруучу коалициясын түзөт.

ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ. Жайдын толугунда бурганактаган кар жаап, өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Окленд шаары дээрлик байланышсыз калган. Аба ырайынын катуу бузулушунан айрым мектептер жабылып, айдоочулардын машинеге өтө чоң муктаждык менен гана отуруусу сунушталган. Июль-август айлары Жаңы Зеландияда жылдын эң суук айлары болуп саналат.




  Дүйнөкүн

ЖАН-ДҮЙНӨ. 13 жашынан баштап ашыкча салмактан жабыр тарткан Воронеждин жашоочусу Наталья 32 жашка келгенде курсагынын салмагы эле 57 килограммга жеткен. Кыймылдап басуу үчүн курсагын тээп кадам жасашы керек эле. "Алгач көргөндө, эмне айтарыбызды билбей калдык" дейт жергиликтүү оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Олег Стрыгин. "Курсактагы ашыкча май топтомдорун алуу үчүн чанда гана операция жасалат. 10 сантиметрге "өсүп" кеткен ич 4-категория деп аталат. Бул пациентибиздин киши боюндай ичин алып салууга туура келди". Азыр Наталья айыгуу жолунда.
ТАҢ-ДҮЙНӨ. Бобби аттуу шимпанзе жаратылыш коругунун инспектору болуп шайланды. Польшанын "Столовые горы" коругунун жетекчилиги мындай кадамды туризмди өнүктүрүү максатында жасашты. Маймыл айына 300 злата же 3000 рубль маяна алат. 17 жашар Бобби чындап эле туристтерди өзүнө тартып, корук кирешесин көбөйтүүдө. Эгер корук жашоосу ушундай эле нукта өнүгө берсе, анда жакын арада Бобби кызмат тепкичи менен көтөрүлүшү мүмкүн экендигин корук жетекчилиги билдирди.
ЖУПДҮЙНӨ. Мадоннанын үйбүлөлүк жашоосу кыйрап бараткан өңдүү. Режиссер Гай Ричи менен жети жылдык жашоодон кийин ырчы аны менен ажырашууну чечти. Кабар күтүүсүз болсо да, жубайлардын мамилеси сууп бараткандыгы баарына маалым болчу. Ажырашуу тууралуу расмий билдирүүнү 49 жаштагы Мадонна Sticky & Sweet аттуу дүйнөлүк турнесинен кайтып келгенден кийин декабрда жасайт.
КРИМДҮЙНӨ. Красноярск крайынын 10 жашар тургуну чоң энесин бычактап өлтүргөнү үчүн жаза өтөө алдында турат. Ал күнү небере пенсионер чоң энеси менен ашканадан урушуп кетет. Бала үстөл үстүндө турган бычакты ала коюп, кемпирди бир нече ирет ичке, төшкө сайган. Баланын ата-энеси кечинде энесин кимдир-бирөө өлтүрүп кеткендиги тууралуу милицияга кайрылышат. Тергөөчүлөр иштин чоо-жайын дароо түшүнүп, айыпкерди тез эле аныкташкан. Азыр бала 14 жашка чыгалек болгондуктан, жашы жетпеген мыйзам бузуучулардын борборуна жиберилүүсү күтүлүүдө.
ШАҢДҮЙНӨ. Брунея принци Азим Евровидение сынагынын чоң күйөрманы. Ал туулган күнүн белгилөө үчүн эки жыл мурун Афинада таанышкан Дима Биланды мейманга чакырды. Мында россиялык ырчы дүйнөлүк жылдыз Мадонна менен биргеликте шаан-шөкөттү көрккө бөлөйт.
КҮЙДҮЙНӨ. Американын Нью-Мексико штатынын жашоочусу, токойдо жашачу 55 жаштагы Роберт Навойски пуманын курмандыгына айланды. Жоголуп кеткен Навойскиге издөө салып, биртууганы полицияга кайрылган. Полициянын чыгарган жыйынтыгы боюнча пума Робертке кол салган да, аны токойдун түпкүрүнө сүйрөп барып жеп салган. Мергенчилер жырткычтын жашаган жерин таап, аны жарадар кылууга гана үлгүрүштү.




  Миң түркүн... адам

Дмитрий МЕДВЕДЕВ

Президент учурдагы премьер-министр Владимир Путин менен болгон мамилесин "чындап эле Россия Федерациясы алдында турган татаал маселелерди чечүүгө ылайыктуу союз" деп эсептейт. "Биз максаттарыбызга жетүү үчүн канча убакыт талап кылынса, ошончо мезгил бирге иш алпарабыз" деп билдирди президент.

ЕЛИЗАВЕТА II

Шаршемби күнү королева Зимбабве президенти Роберт Мугабенин президенттик шайлоо жыйынтыктарын будамайлаганын сынга алып, аны рыцарь титулунан ажыратты. Елизавета II бул титулду президентке 1994-жылы ыйгарган. Британияда рыцарь титулу даражасы боюнча үчүнчү болуп эсептелинет.

Гус ХИДДИНК

Россия командасын желкелеп отуруп, Евро-2008 чемпионатында алгы ийгиликтерге ээ кылган машыктыруучу өз мекендештери - голландиялыктардын кыжырын кайнатып, алар тарабынан кысымга алынууда. Голландияда Гус Хиддинктин Россия үчүн иштеши чыккынчылык деп бааланууда. Машыктыруучунун 86 жаштагы энеси Йо Хиддинк гезиттерге берген маегинде "Менин балам саткын эмес. Голландиянын Россиядан утулушу - бул спорт гана… Мен албетте, өз жерим үчүн абдан күйөм, бирок балам мен үчүн андан да кымбат" деп жооп берген. Ал эми Россияда Гус Хиддинктин эмгегине ыраазы болгон ышкыбоз ата-энелер жаңы төрөлгөн ымыркайларын машыктыруучунун аты менен аташууда.

Мария ШАРАПОВА

Учурда Англияда өтүп жаткан Уимблдон турниринин уюштуруучулары теннис жылдыздарын, көбүнесе, Мария Шарапованы күйөрмандарынын ашкере көңүл буруусунан коргоого кам көрүшкөн. Турнир өтүшүнө жолтоо болуп, оюнчуларды алагды кылууга аракеттенген 11 фанат стадионго кире албай тургандыктары тууралуу расмий кат менен кабардар болушкан. Атургай, алардын сүрөттөрү полиция кызматкерлерине таратылган.

Том КРУЗ

45 жашар Голливуд жылдызы чыгармачылыгынын 25 жылдыгын белгиледи. Кино дүйнөсүнө Том Круз 1983-жылы Пол Брикмандын "Рискованный бизнес" тасмасы аркылуу кирген. Азыркы тапта анын фильмографиясында 35 тасма бар. Актерду 1986-жылы экранга чыккан "Top Gun" тасмасы атактуу кылган. Ал эми "Рожденный четвертого июля" киносундагы Вьетнам согушуна катышкан майыптын жандүйнөсүн ачып бергендиги үчүн "Оскар" сыйлыгынын "Жылдын мыкты актеру" наамына номинацияланган.









??.??