"Агым", 24.06.08 - 6-бет: Кєкєйтемир...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көкөйтемир

Дүйнө дүрбөдү, бизчи?
Азык-түлүк кризиси жер шарын тездик менен каптап баратат. Бул жөнүндө биз сыяктуу алсыз мамлекеттер эмес, экономикасы дүңгүрөп өскөн өлкөлөр, дүйнөлүк уюмдар ойлонууга мажбур болуп, жер адамды тойгузууга чамасы келбей калганын моюнга алышууда. Бүгүн дүйнөдө 860 миллиондон ашуун адам ачкачылыкта жашаса, 1 млрд. киши курсагын кампайтып тамак жебейт. Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы азык-түлүк жана айылчарба уюму (ФАО) биртоп жылдан бери ачкачылыктын санын кыскартуу боюнча аракеттенип келет. Бирок ачарчылыкта жашагандардын саны азаюунун ордуна көбөйгөндөн көбөйүп барат. БУУнун эксперттери планетадагы кишилерди ачкачылыктан сактоо үчүн жыл сайын 30 млрд. доллардан сарптап
турууну сунушташат.

ФАОнун Римде өткөн жыйынында азык-түлүк кризиси талкууланып, бул багыттагы программага ылайык 11,5 млрд. доллар каражат бөлүү жагы каралды. ФАОнун азык-түлүк саммитине биздин Айыл жана суу чарба министрибиз Арстанбек Ногоев катышып, анын генералдык директору менен сүйлөшүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык эми ФАОнун генералдык директору Жак Дьюф баш болгон өкүлчүлүгүнүн Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул уюмга 1993-жылдан бери мүчө экенбиз. Алар Кыргызстанды азык-түлүк кризисине кабылган өлкө катары санайт. 2006-жылы гана ФАО бизди азык-түлүк менен камсыз болгон мамлекеттерге кошуп, 5 пайыз адам гана ачкачылыкта жашайт деп бүтүм чыгарышкан.
Бүгүн республикада кылкандуу дан канча себилди, эгиндин башка түрлөрү канча гектарга айдалды, жүгөрү, пахта ж.б. канча эгилгени жөнүндө так маалымат жок. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бул жагдайда болжол менен гана жашап келебиз. Дыйкан чарба жетекчиси жерин айдатпай туруп деле мына буларды эгемин деп айыл өкмөтүнө маалымат бере берет. Айыл өкмөтү ал маалыматты өкмөттүн саясатына жараша оңдоп-түзөп районго жөнөтөт. Алар алымча-кошумча, айрым өзгөртүү, толуктоолор менен борборго кабарлайт. Ошону менен бүттү, миңдеген гектарга буудай, картөшкө, кызылча айдалып калган болот. Анан премьер-министр отчет берип жатып калат. Ошондуктан биздин өкмөт баалардын өскөнүн, азык-түлүктүн тартыштыгын, суунун азайганын элден кийин билет, б.а., калк даттангандан соң эстерине келишет. Мисалы, быйылкы жылы картөшкөнүн наркы канча болорун болжолдоп да айталышпайт. Анткени, алардын колунда так маалымат жок. Эгер картөшкөнүн баасы кескин кымбаттап же арзандап кетсе, өкмөттүн базар экономикасы ушундай турбайбы деген жообу дайым белен. Дыйкандар жерине ойдогудай иштебей, өкмөт менен сөз жүзүндө гана алака түзүп, рынок шартын да кыргызчылыкка ыңгайлаштырып бүттүк.
Бүгүн биздин айылчарба кыйроодон кийинки сенек абалда турат. Дыйкандар жердин кайтарымынан алдакачан түңүлүп, азык-түлүк түшүмдөрүн айдоого кызыкпай калышкан. Себеби, өкмөт дыйкан өндүргөн түшүмдү сыртка сатуу мындай турсун, ички рынокто сатып берүүгө да жарабай жатат. Мисалы, картөшкөнүн наркы 20 сом болсо, Көлдөн келген дыйкан ушул наркта Бишкектин базарларында саталбайт. Анын алты ай бешене тер төгүп, иштеген мээнетинин үзүрүн акчасы мол ортомчулар көрөт. Бири дүң базарга алып келсе, экинчиси чекене базарда пулдайт. Натыйжада дыйкан сарптаган каражатынын ордун да толуктай албай, жер муштап кала берет. Ал эми муну көрүп-билип турган жергиликтүү администрация, өкмөт базар экономикасы деп коюп дыйканды табалагандай карап тура берет. Болбосо ошол эле кыйратып жатам деп көп сүйлөгөн мэр Данияр Үсөнов жарманкелерди өткөрүп, ортомчусуз эле шаар калкын арзан баадагы айылчарба азыктары менен камсыздаса болот. Бул боюнча аким, губернаторлордун да ойлонгусу келбейт. Дыйканды эмне болсоң ошо бол деп таштап койгону качан.
Азык-түлүк кризиси улам тереңдеген сайын кээ бир капиталисттик өлкөлөр пландуу экономикага өтө баштады. Себеби, турмуш ушуну талап кылып турат. Атургай Россия мамлекети айдоо аянтын 14 млн. гектарга жеткирип, буудай экспорттоону 20 млн. тоннага көбөйтүүнү пландаштырууда. Азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу эсеп-кысап дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө көңүл борборунда турат. Бир гана биздин өкмөт статистикалык жалган маалымат менен элдин курсагын тойгузуп, буудайдын түшүмү Казакстанда мол болушун Кудайдан тилеп, камаарабайт.
Жаз башында бир кап ундун баасы 1000 сомдон 1200 сомго чейин болсо, азыр бир мүшөк ун 1300-1600 сом. Буудайдын килосу 15 сомдон 19 сомго чейин сатылууда. Дан эгиндеринин түшүмү өлкө боюнча ойдогудай эместиги анык болду. Чүй өрөөнүндө үшүк жүрсө, калган аймактарда жыл кургакчыл болду.
90-жылдардын башында жер элге бөлүнүп берилсе эле баары ойдогудай болот деген үмүт ишке ашкан жок. Себеби, жеке менчик системасында дыйкандарда жоопкерчилик болбойт экен. Кара топурактуу, суулуу, асыл түшүм бере турган миңдеген гектар жерге беде айдалган. Бул дагы туура, буудай же башка түшүм эгүү үчүн жыл сайын жер айдап чыгаша тартпайт. Чөбүн ордуруп сатса, салык менен бир жылдык тоютун камдап алат. Өз менчигиң болгон соң, өзүң билесиң.
Бул жерде депутат Бегалы Наргозуевдин айтканына кошулуу керек. Эгер дыйкан жерин айдабаса, жүз эсе көп салык төлөсүн. Буудай же жүгөрү сепсе, салыктын эң төмөнкүсүн төлөйт. Ал эми суулуу жерге беде айдаса, элүү эсеге көп салык төлөшү зарыл. Биз ушундай жол менен гана дыйканды жер иштетип, мол түшүм алууга мажбур кылабыз. Антпесек Дүйнөлүк банк, ФАО ж.б. кайрымдуулук кылган уюмдардын көзүн караганыбыз караган. Өкмөт да өзүбүздөн мүмкүнчүлүк издебей, четтен суранганды жакшы көрөт. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жакыр өлкө катары миллион-миллион доллар келип эле жатат, бирок убайын көрдүм деген карапайым пенде жок.
Эмнеси болсо да күзгү түшүмдү күтөлү. Ушул күз өкмөттүн ишине тараза болот. Дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин кесепеттерин жогоруда айттык. Бул маселеде кыргыз өкмөтү аркандай отчеттордо, кеңешмеде, парламент жыйынында гана сөз кылып, көңүл бурууда. Аларда күздүк буудайды баланча аянтка сээп, эмки жылы дан менен өзүбүздү толук камсыз кылабыз деген илгери үмүт, жигердүү аракет азырынча байкалалек. Дагы эле дыйкандар эмне кылар экен деп жердин акыбетинен түңүлгөн элдин көзүн карап турат.
Айылда эл өлбөстүн күнүн көрүп, сыртта иштеп жүргөн уул-кызына үмүт артып, утурумдук жашоого көнүп калышкан. Ал эми борбордогу аз камсыз болгон үйбүлөлөр азык-түлүктүн кымбатташынан өтө кыйналып жатканын шаар мэри Данияр Үсөнов аргасыздан моюнга алды. Адистер айтуусунда, нанга болгон баа оруу-жыюу, бышыкчылык мезгилинде да арзандабайт. Демек, кымбатчылык улана берет. Мунун өзү жакшы эмес, элдин нааразылыгын пайда кылат. Ал эми нааразылык өкмөттүн тагдырын бир заматта чечип коет.




 

Каргышка калган Сидоренко

Жума күнү парламентте Салык кодексин талкуулаган депутаттар бул мыйзам көптөн бери комитеттерде каралып жаткандыктан, палатада карабай эле добуш берели деген сунуш өтпөй, алар мыйзамды талкуулоого киришти. Туракжай, жер салыгы боюнча биртоп депутаттар өз ойлорун айтышты. Жер салыгы 30 пайызга көтөрүлгөн, ал эми туракжайдын ар бир чарчысына салык алынат. Бирок дубандардагы өзгөчөлүк эске алынбай калганын айрым депутаттар билдиришти.
Улугбек Ормонов чегарага жакын жерлерге жайгашкан айылдарда туракжайга болгон салыкты азайтууну сунуштады. Анткени, анда жашаган калкты ар түрдүү салыктын түрү менен муунта берсек, тамын таштап көчүп кетүү коркунучу бар. Андыктан, алар үчүн жеңилдетилген салык түрүн киргизүү зарыл.
Баарынан да казинолорго болгон салык боюнча талаш-тартыш күчөдү. Депутат Ибрагим Жунусовдун айтуусунда, азыр атайын 29 казино катталганы менен, 35 казино иштеп атат. Эгер ар бир үстөлгө 300 миң сомдон салык салына турган болсо, калган казинолор да жашыруун жайга өтүүгө мажбур болорун билдирди. Анда депутат З.Жамалдинов борборубуз Бишкек Лас-Вегас эместигин, салыкты көтөрүү менен аларды азайтуу саясаты жүрүп жатканын айта келип, пайда тапканы иштеп, пайда таппаганы жабылып кала берсин деген оюн билдирди.
Бул жерде белгилей кетчү нерсе, кээ бир депутаттардын казиносу болсо, көпчүлүк депутаттар (айрыкча "Акжол" фракциясы менен коммунисттер) казинодо кумар ойногонду жактырышат. Ошондуктан бир үстөлдөн 300 миң сом салык алынсын деген сунушка макул болбой турушту. Ал эми дары-дармекке болгон салыктын 12%га жогорулашына көпчүлүк депутаттар каршы турду.
Депутат Аскарбек Шадиев чарба жүргүзүү субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылып аткан товарларды сатып алууну "110 кВт Айгүлташзамат" жоопкерчилиги чектелген коомду долбоордун чегинде салыктан бошотууну сунуш кылды. Анын айтымында, бул долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкы Баткен облусунун электр өткөрүү линиялары курулушуна 11 млн. доллар бөлүп жатат. Аскарбек мырза долбоорду жүзөгө ашырууда чыгашалар көп болгондуктан, салыктан бошотууну кесиптештеринен өтүндү эле, ошол замат залда күбүр-шыбыр башталып, депутаттар Аскарбек Шадиев, Раиса Сидоренко жана төрага Айтибай Тагаевдин ортосунда чыр-чатак чыгып кетти. Анткени, Аскарбек Шадиев өтө эле ачууланып: "Мага Раиса Сидоренко айтты, төрага башыңыз менен мыйзамга тоскоол болгонду коюңуз, бул сизге аброй алып келбейт" деп спикерге жулунганда, Айтибай мырза эч нерсеге түшүнбөгөнү өңүнөн көрүнүп, "Баткендеги абалды сизден жакшы түшүнөм, өзүңүздү басыңыз, мен дагы баткендикмин, залда Раиса Сидоренко олтурат, ошондон сурайлы" деп Раиса айымга сөз берди. Ал эми Р.Сидоренко бардык депутаттар менен сүйлөшкөнүн, алар бул мыйзамдын күчтүү болуп жатканын айтышып, жетекчиликке кайрылабыз дегенибиз туура деп спикердин сөзүн ырастап берди эле, Шадиевдин колунан дарбызы түшүп, "Раиса Васильевна, сизде уят жок экен, мага спикер айтты дебедиңиз беле, Лейлек менен Сүлүктү элинин каргышы сизге тийсин!" деп Раиса айымдын өңүн бозортту.
Азыркы парламентте аялдардын саны жетиштүү болгондуктан, Жогорку Кеңештеги бардык сөздү ошолор билишет. Атургай кээ бир депутаттар акыркы жаңылыктарды аялдардан сураганга көнүп алышкан. Парламент айымдары ашкере активдүү болобуз деп, суу маселеси каралып атса, бажы тармагынан суроо бергендери да кезигет. Ал эми Сидоренкону Шадиев түшүнбөй калышы да мүмкүн.
Бетти даярдаган Келдибек НАЗИРОВ