"Агым", 24.06.08 - 16-бет: Шоу "Калаасынан"...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу "Калаасынан"

Жаңырык
Ушул айдын башында Уфа шаарында өткөн "Урал Моңо" аттуу түрк тилдүү улуттар аралык сынагында бул бийкеч экинчи орунга татып келген. Мурда тар чөйрөгө гана тааныш кыздын ысмы аталган фестивалдын арты менен шоу дүйнөсүнө жаңыра түштү. Ырчылыктан тышкары, Нэна медиа-колсантингдик фирмада менеджерликти да, "ЭлТР" каналында алпаруучулукту да аркалайт.


Курагы:
19 жашта
Жерлиги:
Бишкек шаары
Келечек кесиби:
экономист, музыкант
Зодиак белгиси:
кой жылдызы
Хоббиси: сүрөт тартуу, кийим тигүү
Ишенгени: өзү жана колдоочулары
Сүйүнгөнү: ата-энесинин жана айланасындагылардын жылмаюулары
Кызыкканы: киного тартылуу, парашюттан секирүү
Сүйгөн тасмасы:
"Биринчи мугалим"
Сүйгөн тамагы: лагман, ашлям-фу
Сүйгөн жаныбары: үй жаныбарлары
Сүйгөн түсү: бардык ачык түстөр
Сүйгөн сөзү: "нормальный болчу!"
Жашоо урааны:
Ыр менен алга!

- Эмнеге жергиликтүү сахнага эмес, адегенде эларалык сынактарга басым жасоону чечкенсиң?
- Продюсерим - Назира Раимкулова экөөбүз ушундай план койгонбуз. Таарынышпасын, бирок, байкасак, азыр баары бир жерде, бир казанда эле кайнай беришет. Ал эми сыртка шоудагы динозаврлар гана чыгышат.
- Эмнеликтен Нэна деген псевдонимди алдың?
- Мен жаңыдан продюсериме келгенде чачым узун кыз элем. Ал ырдаганымды угуп, мүнөзүмдү карап, ушундай образ сунуштады. Ал эми ысым боюнча айтсам, шоу-бизнес ыплас дешет эмеспи. Ошол ыпластыкка менин чыныгы ысымым аралашпай эле койсун дедим.
- Бул фестивалга кандайча катышып калдың?
- Маданият министрлигинен сунуштап калышты. Ошогезде мен автокырсыкка учурап, бутум гипсте эле. Дагы бир жума гипс менен жүрүшүм керек болчу. Чечтирип салдым да, Уфага узап кеттим. Жаныма караан болсун деп, продюсер эжем Нурсулан байкеге кошуп берди. Кудай буйруп, орунга татып келдим. Кийинкисинде - Славян базары сынагы турат. Ага азыр даярдык көрүп атабыз.
- Музыкалык билимди кайдан аласың?
- Консерваторияда окуйм. Негизи ал жакка музыкалык билими барларды гана кабыл алат экен, бирок, Рафаэль Сарлыков мени угуп көрүп, ушул окуу жайга кирүүгө көмөк көрсөткөн.




  Жылдыздарда "жымың" эткен эмне кеп?

"КЫЗБУРАК" кино тартат

Ушул жайда аталган кыздар командасы өзбекстандык белгилүү режиссер Тахир менен биргелешип толук метраждуу тасма тартууга киришет. Азырынча, каржы эсептелип аткан чагы. Тасмага Ош жана Ташкенттеги кадрлар камтылат. "Кызбурак" жетекчиси Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА өзбек режиссерлору тарабынан сунушталган үч сценарийдин ичинен эң жөнөкөй, бирок, чыныгы турмуш сүрөттөлгөнүн тандап алган. Башкы ролдордо - өзбек кино жылдызы Улукбек ("Фатима жана Зухра" тасмасындагы башкы ролду аткарган), сүйүүдө атаандаштар Кенже ДҮЙШЕЕВА жана Сайкал САДЫБАКАСОВА. Андан сырткары, кыздар командасы толугу менен тасмага түшмөкчү.




 "Жизнь" деген ар кандай...

1-апрель

Азат БОЛОТБЕК, ырчы: - Мектепте англис тилинен жаш эже сабак берчү. 1-апрель эле. Ошол эже кабинетинде жалгыз экен, тамашага салайын дедим. Сыр бербестен, кабинеттин ачкычын сурап алдым да, сыртынан бекитип кетип калдым. Сабактар толугу менен аяктап, үйгө баратсам, чөнтөгүмдө ачкыч жүрөт. Көрсө, эжени бекиткен боюнча эстен чыгарыпмын. Чуркап келип, эшикти ачканда эле эже мага кыйкырып кирди. Мен да акырын жылмайып: "1-апрелиңер менен" деп коем. Ал аябай катуу урушуп кирди. "Тамашаны да көтөралбайт турбайсызбы?" деп мен кайра таарынып кетип калгам. Эже ошол күнү диплом жактамак экен, ал жөнүндө бир жумадан кийин классташ баламдан уктум. Кыйкырып урушканы бекер эмес экен, менин айымдан мугалим эжем кызыл диплом албай калды. Кийин кечирим сурадым, бирок ал убакта эженин таарынычы тарап калыптыр.