"Агым", 20.06.08 - 2-бет: Таратам-таратам, Арашанга баратам..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Таратам-таратам, Арашанга баратам
- Өмүрбек Токтогулович, сиз жөнүндө сөз көп. Бирлери президенттик шайлоого катышат экен, Чүйдүн Арашан айылынан жер алыптыр деп атат.
- Ооба, апам өтүп кеткенден кийин Алмаз Шаршенович Арашан айылындагы жерине чакырып, тамак берген эле. Мындан 13 жыл мурда алган үлүш жери бар экен. Анда саясат жөнүндө сөз болгон эмес. Өлкө ичинде тынч жашагысы келбегендер ушул сыяктуу ушактарды чыгарышууда деп ойлойм. Экинчиден, Кыргызстан рынок экономикасында бараткан соң, менчик ээси жерин кимге сатат, же белекке берет, өзү билет. Мен 1 гектир жер эч жерден, эч кимден алган эмесмин. Бул ушак.

Исабеков Кумтөргө эмес, Кулбаевге "акжол" айтты
Анткенинин себеби, акжолчу депутат Абдрейим Кулбаев борбор шаардын өтө шаанилүү жерине "Таргута" деген эсалуу комплексин куруп жиберди. Анын ачылышына токсон депутаттын баары катышты. Бишкек мэри Данияр Үсөнов адатынча дардалаңдап, муну кыргыз экономикасынын өсүшү катары сүрөттөдү. Ал эми вице-спикер Кубанычбек Исабеков Кумтөргө караганда Кулбаевге ыракмат деш керек деди.

Айтматовдун мурасы кимге калды?
Бүт мурасын кичүү баласы Элдар Айтматовго калтырыптыр. Атың жакшы экен, Элдар, атаңдай эл уулу бол!

Актан Арым Кубат казактарга кетти
Бизге ушундай кабар жетти. Казакстан атайын чыкырып, Актан Арымга бюджеттен акча бөлүп кинофильм тарттырганы жатыптыр. Өзүбүз тартчудай сүйүндүк.

Элмира Ибраимовадан ибарат
Урматтуу вице-премьер министр айым "креслосун" жууп, майрамдап, аты тил чайнаткан "Caffa de LaCosta" ресторанында бүгүн үлпөт өткөрөт. Сураштырып көрсөк, ал ресторан дагы бир "акжолчу" депутат Пархат Түлөндүбаевге таандык экен. Анда кандай түшүнсөк: бу "акжолчулардын" баарында эле бирден ресторан барбы?

Министр кытайларды кыдырата айдап келет
Турусбек Мамашев Шанхай турфирмалары менен Ысыккөлгө туристтерди "айдоо" маселесин сүйлөшүү үчүн барууга даярданууда. Кытайлар келсе, кыргыз кыйыры кеңейет.

Эшимканов Венага барабы?
"Европа-2008" футбол чемпионатынын финалдык беттешүүсү Венада өтмөй болду. Дүйнө эли теленин алдынан чыкпай тиктеп жаткан кезде, УТРК башдиректоруна "живой" көрүүгө чакыруу келди. Барсамбы же... ойлонуп жатыр.




  Миң түркүн... адам

Азиза Абдрасулова

Көз жашы кылганга акча алып көнгөнбү, айтор бул айымдын айткан пикирин гезитке акча бербей жарыяласак, өтө капа болуп, кабарчыбыз менен кожоюнубузду "коколоштурганга" чейин барды. Албетте, жалган жалаа, ушак менен. Андан да "мындан нары "Агымга" чыкпайм, мени аалам тааныйт" дейт имиш. Болсун! Бирок өзүңүздүн оюңузга, боюңузга чак келбеген жүктү аркалап аткан жоксузбу, айым?

Марат Султанов

Соцфонддун, б.а., кары-картаңдарды коргоо мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Марат Султанов "кокуй, картаңдар бизди чегирткедей каптап баратат, эркектерди 63 жаштан нары пенсияга чыгарбасак, экономикабыз өлөт" маанисинде айгай салды. Атанын баласы деген ушу.

Исхак Масалиев

Акаев заманында атасы да, өзү да элдин эрки чектелүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан митинг, пикет ж.б. дегендер демократиянын табигый көрүнүшү деп чыгышкан. Өздөрүнүн жууса кеткис "кызыл-күрөң" экенине карабай. Бүгүн андай аракеттерди "тап душманындай" тазалайлы деп чыкты. Адамды бийлик, байлык берип сына деген ушулбу?

Марат Кайыпов

Юридиканын "чечени" министрлик кызматта не отурганы белгисиз. Андан көрө Т.Тургуналиев менен айтышып, публика саясатчысы болуп албайбы дейбиз да. Анткени мыйзамдарды аткарууга караганда, аны азыркы бийлик саясатына ылайык саймедирегенге шыктуу экен. Кечээ "Азаттык" радиосунан советтик түзүлүш түрмөдөгү кылмышкерлерди кордоп келген, азыркы, б.а., алардын бийлиги гана гумандуулук кылып атат маанисинде масилет курду. Совет бийлиги, айталы, түрмөдөн чыккандарды милдеттүү түрдө иш менен камсыз кылчу. Марат мырза түрмөдөн чыккандар эмес, "тирүү" жердештерине иш таап бералабы?

Данияр Үсөнов

Советтик мүлктү Апас Жумагуловдун колтугунда мүлжүгөн чириген бай, азыркы бийликтин аласына аркандай жолдор менен кирген Бишкек мэри шаардын кары-картаңдарына кезектеги "месин" ыргытты. Эй, келесоолор, айына 20 жолу эле троллейбуска түшсөңөр жетишет да, эмнеге эле тыраалайсыңар маанисинде "ма-а" деди. Борбордун эң биринчи "өпкөсүнүн" же троллейбус, же автобусу болсо экен?..