"Агым", 17.06.08 - 8-бет: Бири кем дїйнє..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бири кем дүйнө

Улуу жазуучу менен коштошуу
же көмүскөдөгү көрүнүштөр
14- июнда кыргыз элин дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу ырасмысы таң эртелеп кам көрүүдөн башталды. Кулактандырууда айтылгандай, 14-июнь күнү эртең мененки саат 9дан 12ге чейин улуу жазуучу менен элинин коштошуу учуру болчу. Саат тогуз бололекте эле филармониянын алдына чогулган элдин саны мүнөт сайын көбөйүп отуруп, кезекке тургандардын арты далай жерге чейин жетип калды. Филармониянын күн чыгыш тарабынан ачылган бир кулач эшикке саат тогуздан баштап эл сыгылышып кире баштады. Мурда Чыңгыз Айтматовду теледен, гезит-журнал, китептерден гана сүрөтүн көрүп жүргөндөр болсо, акыркы жолу өзүн жакындан көрүп, аны менен коштошуп калайын деп улам агылып келген элдин саны улам-улам көбөйүп, филармониянын кууш эшигине батпай, бирин-бири тебелеп, кыйкырык ызы-чуу болуп барып токтоду. Бир кыз жыгылып буту сынып, ал эми КТРдин "Замана" берүүсүнүн продюсери, атактуу диктор Тамара Жаманбаева аз жерден элдин тепсендисинде кала жаздады. Улуттук Гвардиянын аскерлери сыгылышып, бирин-бири жөөлөп, түртүшкөн элди жөнгө салалбай, далайга убара болуп атышты. Бир туруп жертөлөнүн (подземканын) кырынан ашып түшкөн элди чубатса, бир туруп Манас (Белинский) көчөсү тарабынан элди кое берип, коштошууга келгендер каяктан кирери алдынала такталбаганы билинип калды. "Ушундай улуу адам менен коштошууну да жөндөп уюштура албагандан кийин, уюштуруу комиссиясы эмне кылып атты?!" деп нааразы болгондор четтен чыкты. Бирок ошол башаламанга карабай, улуу жазуучу менен коштошобуз деп келген адамдардын саны улам көбөйүп, чакыйып тийген күндүн 35 градус ысыгына карабай, саат санап кезек күтүп турушту. Эмне үчүн сөөгүн кенен-кесир опера жана балет театрына койгон жок деп кыжыры келгендер андан көп. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчтарынан атайын келишкендер экен. Кичинекей баласын жетелеп, үйбүлөсү менен келгендер да толтура. Кезек күткөндөр жана улуу жазуучу менен коштошуп чыккан инсандарыбыздын пикирин билүү максатында маек уюштурдук.

Бүбүайша, Чыңгыз Айтматовдун кудачасы:
- Чыңгыз Айматов биздин кудабыз болот. Уулу Санжардын кайынжуртубуз. Мурдагы күнү сөөгү келгенче, Чыңгыз кудабыздын үйүндө күтүп турдук. Бүгүн эл менен катар кирели деп киралбай, эчкимисин табалбай, жолугалбай турабыз. Кантип киребиз билбейм, эл абдан көп. Биз эле эмес, канча эл-журт карап турушат сыртынан, баарынын эле көргүсү, киргиси келет. Бирок, канчасы кирет, канчасы кирбей калат, белгисиз.
Шаамырза, журналист:
- Биз го шаардан келдик. Ал эми атайы айылдан коштошолу деп келгендер кантишет, коштошалбай кетишеби? Азыр ырдалып аткан кошокту укканда кадимкидей көзүңөн жаш чыгып кетип атат.
Сабыр, Жетиөгүз районундагы Чычкан айылынын тургуну:
- Мен атайы Чыңгыз абабыз менен коштошоюн деп кечээ келген элем. Кирейин десем эл көп, милиция тосуп турат. Айла жок, сүрүлүп отуруп бери жакка чыгып калдым. Эми милиция менен мушташмак белем. Чынын айтсам, Чыңгыз аганын чыгармаларын окуган эмесмин. Өзүм окуганды, жазганды жакшы билбейм. Бирок, оозеки айтылган сөздөрдүн баарын, телевизордон көргөзгөн кинолорун элден көп айта алам.
"Дем" театрынын артисттери:
- Эртең менен жети жарымда эле келгенбиз. "Атабейитке" атайы талон алгандар барып, топурак салышат деп атышат. Бирок, биз андай талон алалган жокпуз. Топурак салалбасак дагы, бул жерден акыркы жолу көрүп коштошуп алалы дегенбиз. Кириш кыйын болуп, элдин агымы да аябай жай болуп атат. Биздин оюбузча, сөөгүн эшикке коюшса болмок экен. Ошондо элдин баары коштошууга мүмкүнчүлүк алышмак. Талон бергендери туура эмес, анда Айтматовдун жакындары, анан жалаң чоңдор эле болуп калат да…
Гүлсайра Ажыбекова, артист:
- Бүгүн биздин улуу жазуучубуз бүт кыргыз элин бириктирип атат. Менимче, бул дагы Чыңгыз аганын улуу касиети. Мына, канча эл тазаланып, арманыбызды айтып, өзүбүздүн ким экенибизди сезип, кайра талдап, тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду карап, эртеңки келечегибизди, маданиятыбызды, рухубузду ойлоп, канча күндөн бери элибиз жүрөгүндөгү ой-толгоолорун, сезимдерин айтып түгөтө албай атат. Чыңгыз абабыз менен коштошуу - бул тунук булакка келип тазаланып, өзүнүн болгон сүйүүсүн, таза сезимдерин бөлүшүп кетип атышат дегендик. Менимче, биздин Алатоосу, Манасы, Чыңгызы бар элибиз келечеги кенен болуш керек.
Айдар Жоробеков, Кыргызстан жаштар департаментинин директору:
- Чыңгыз агабыз менен коштошуп жаңы эле чыктык. Кыргызстан чоң жоготууга учурады. Анын ичинен жаштар өзгөчө жоготууга учурады деп ойлойм. Биздин жаштар департаментине башка өлкөнүн жаштар уюмунун, органдарынын атынан көңүл айтуу каттары түшүп атат. Бул жерде Кыргызстандын эле жаштарынын эмес, бүткүл дүйнөнүн, өзгөчө КМШ жаштарынын жүрөгүн козгоп, көзүнө жаш айланткан окуя болду.
Нурбек Чымырбаев, мугалим:
- Чыңгыз агабыз менен коштошуп чыктык. Азыр топурак салсакпы деп турабыз. Билбейм, топурак салалабызбы, жокпу…
Нурмухаммед Караханид Кенжиев, уйгурлар өнүгүү фондунун төрагасы:
- Мен үйбүлөм менен атайы коштошоюн деп келдим. Албетте, чоң улутпу, кичине улуттан болобу, айтор бүгүнкү күндө Чыңгыз агабыз менен коштошуу ар бир инсандын милдети деп ойлойм. Бул дүйнөдө Чыңгыз агабыз, менимче, Хызырга окшош адам болгон. Хызырдай аят бизге сууну берип турган.

Түш оой, саат бирге чукул улуу жазуучунун табыты филармония алдына чыгарылып, аза күтүү митинги башталды. Бир сааттан ашык созулган бул митингден соң Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн Чүй проспекти менен алып өтүп, мамлекет туусу түшүрүлүп, гимн ойнолуп, "Алатоо" аянтында мүнөттүк аза күтүү аземи өттү. Андан кийин сөөктү коштогон кортеж "Атабейитти" көздөй багыт алды. Жол бойлоп турган эл узатып кала берди. "Атабейитке" жалаң колуна талон берилген 3000ге жакын тандалган кишилер гана барды. Ошол эле талон алгандардын да 90%ы улуу жазуучуга топурак салганда нааразы болушуптур. Себеби, көпчүлүк бери жакта туруп эле тачкеден чакага топурак салууга аргасыз болушкан экен. Улуу жазуучунун мүрзөсүн көрүшпөптүр дагы. Таластык туугандары мүрзөгө өткөрбөй тосуп турган милициянын кордону менен аз жерден чыр чыгарып ийе жаздашыптыр, эмне үчүн бизге топурак салдырбай атасыңар маанисинде. Ошончо эл улуу жазуучуга топурак салалы деп баргандан кийин мүрзөсүн айланып өтүп, бир ууч топурак салып кетет элек да, эгер чубатып койсо деп, уюштуруу комиссиясына нааразы болуп кетишиптир.
Ошентип Алатоонун ак калпак эли чекесине бүткөн алп кулуну Чыңгыз Айтматовдон ажырап, жер муштап кала бердик…

Назгүл Калмамбетова