"Агым", 17.06.08 - 4-бет: Артыкбаш жїк..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Артыкбаш жүк

КМШ кайыры канча?
Же жетекчилер шеринесиби?
Кыргыз кыйынчыкмаларын дагы бир майрам, дагы бир салтанат-шаң күтүп калды. КМШ өлкө жетекчилеринин кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт. Сентябрдын аягында, Ысыккөлдө деп атышат. Кечээ Санкт-Петербургда өткөн дүйнөлүк экономика форумуна улай булар да бейформал саммит уюштуруп жиберди. Анда эмне тууралуу сөз болуп, эмне маселе чечилгени белгисиз. Тек, кезектеги саммитти Кыргызстанга өткөрүүгө макулдук беришкенин биздин президенттин пресс-кызматы сүйүнчүлөдү.

Аны аткаминерлер кандай кабыл алганынан кабарыбыз жок. Ал эми карапайым калк анчалык деле маңдайы жарылып сүйүнбөгөнү шексиз. Анткени өзүбүз экономикалык жактан өчөйүп отурсак, эски совет тутумундагы жаңы өлкө башчылары Кыргызстанды ойноп-күлүп кетчү жайга айландырып алды деген кеп бар. Бир четинен жүйөлүү. Башкасын коюп, жарымынан араң ашкан июнь айындагы кабарларды караңыз: "Эмгек, миграция жана КМШ мамлекеттер калкын социалдык коргоо боюнча кеңеш берүүчү совет менен ЕвразЭС интеграция комитети алдындагы социалдык советинин (түй, ата, тилиң сынат!) кеңешмеси Чолпонатада өттү"... "КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин жыйыны өтөт. Ага Азербайжан, Армения, Грузия, Беларусь, Казакстан баш болгон 15ке жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышат" ж.б. Мындай кабар кадыресе көнүмүшкө айланды.
Бир четинен жагымдуу: канткен менен өлкө кадыры өсүп жаткансыйт. Бир четинен жагымсыз: караламан калктын ансыз да какшып турган чөнтөгү кагылып атат. Ошого жараша жыйылган ишинен турмушка кылдай майнабы жок. Карапайым эл эле тигинтет экен десең, бейформал саммиттин эртеси "Азаттык" радиосу интеллигенция өкүлдөрүнө болжол менен: "КМШ эмне болгон уюм? Жасаган иши не? Жарыгы кимге тиет?" маанисинде суроо салды эле, "ал Россиянын амбициясын кандыруу үчүн уюшулган уюм, ошолордун мамлекеттик кызыкчылыгына кызмат кылып атат" таризинде жооп беришти. Дагы айтам, сөзмө-сөз эмес, болжол менен.
Мындай пикирде жүйө барбы? Бар. Барды-гын уюмдун 17 жылдан бери жүргүзгөн иши далилдейт. 17 жыл ичинде 20, мейли, 27 саммит өткөрсө да анда сүйлөгөн сөз менен талкууланган маселенин аткарылганын ийне менен издеп табалбайсың. Ал саммиттер тек гана КМШ жетекчилери менен алардын сандаган жанжөкөрлөрүнүн шеринесин, жоро-бозосун элестетет. Муну биз эле айтып жаткан жокпуз, Россия саясатчылары да айтып, жазууда. Мисалы мен, Москванын "Эксперт" журналына жарыяланган Ольга Буторинанын макаласын эмдигиче сактап жүрөм. Ал киши тегин киши эмес, атактуу МГИМО (У)нун, демек, Россиянын эң башкы дипломатиялык университетинин Европа интеграция кафедра башчысы, экономика илиминин доктору. Ал киши минтип жазат, ишенимдүү болсун үчүн өз тилинде келтирейин: "...практические результаты СНГ минимальны. Его авторитет в странах-участницах и за рубежом откровенно низок. Многие иностранные эксперты вообще считают его не интеграционной группировкой, а самодеятельным клубом. Например, в изданном недавно 500-страничном труде Стэнфордского университета об экономических связах США со странами СНГ Соодружество не упоминается ни разу. Предмет исследования аккуратно именуется Евразией или бывшими республиками СССР".
Азыркы КМШнын төрт толбой аткан кенемтеси бар деп жазат окумуштуу андан нары. Биринчиден, такталып, тазарган, артыкбаш нерселерден арылган стратегиясы жок, ошондуктан евробиримдик тажрыйбасын сокур тууроодо. Экинчиден, интеграция методу, принциби жана жолдору тууралуу коомдук талкуу болгон эмес. Үчүнчүдөн, мамлекеттер аралык мамилени жөнгө салуучу эреже-жобо КМШда өнүкпөй, укуктук кербен жолдон алыс калгандыгы. Акырында интеграция саясатынын ачык эместиги, жалпы элден жаап-жашырылгандыгы.
Жөндүүбү? Жөндүү. Европа мамлекеттери талкуулашып, талашып-тартышып, айтышып-тытышып атып, бүт өлкөлөрдүн, калктардын, регион, тармактардын кызыкчылыгын камтыган биримдик моделин түздү. Институттар системасы менен укуктары да ошондой жол менен орноду.
Бизде эмне болду? "Удель княздарыбыз" мамлекеттер союзунан өз үлүшүн бөлөрүн бөлдүрүп алды. Аны бателе талап-тоноп, жеп салды. Өндүрүш уюштура албады. Эгемен элин жыргатам, куунатам деген убадасын аткаралбай калды. Эмне кылуу керек деген маселе өзүнөн өзү ошондо чыкты. Убада берген демократия коомун, либералдык турмуш моделинин ордуна эптеп аман калуу моделин издөөгө туура келген. Ошол эси кеткен коркунуч модели КМШ формасында калкып чыкты.
Ал андан бери эчбир жаңырган жок. Тескерисинче, КМШ жүрө-жүрө тоталитардык СССР түзүлүшүнүн начар пародиясына айланды. Аны да түшүнсө болот: КМШны түзгөндөр ошол империяны кулаткан политбүйрө мүчөлөрү болучу. КМШга кирген өлкө жетекчилери кайрадан политбүйрө мүчөлөрүнө айланып, кайрадан Москванын кирпиги менен тең ирмелип турат.
Москва "бийлик вертикалы" десе, булар да бийлик вертикалын күкүктөй кайталайт. Г.Явлинский айткандай, Романовдор 300 жыл, большевиктер 70 жыл вертикаль орнотуп, акыры анын урандысы астында калганы, андан эчким сууруп чыгууга да аракет жасабаганы менен бирөө да эсептешкиси келбейт. Же бирин-бири пародиялаган партиялык системаларын алалы. Жалаң чиновниктер армиясынан турган, коррупциялашкан ал партиялар КПССпи? Пародиясы да эмес, айрыкча биримдик жаатынан. Болгону Россия жетекчиси КПСС тажрыйбасынан башкага акылы жетпеди.
Эркин соода зонасынан бажы союзуна, андан соң бир рынокко, келечекте валюта жана саясый союзга өтүү интеграциянын цивилдешкен тажрыйбасы экендигин Евробиримдик далилдеди дедик. Башкасын кой, КМШнын бажы союзун түзүү тажрыйбасын карайлы:
1997-жылы Кишиневде өткөн саммитте ал демилгени б.а., жалпы экономика зонасын түзүү маселесин Н.Назарбаев менен А.Акаев көтөрүп чыккан. Калгандары колдогон эмес.
Нурсултан Назарбаев 1998-жылдагы саммитте аны жана бир козгоп, "Карапайым калкка карай тогуз кадам" программасын сунуш кылган. Негедир ал колдоо тапкан. Нурсултан аке ошондо бир катуу нурданып, бул келишим КМШ документтеринин таз кейпин кийип калбас үчүн өзүм көзөмөлдөйм маанисинде билдирүү жасаган.
Андан бери 10 жыл болду. Эмне өзгөрдү? Эчнерсе. Анткени Россия менен Белоруссияга анын пайдасы анчейин экен. Карапайым калкка 9 кадам түгүл, 9 карыш жакындашкан жок. Тескерисинче, бажы саясаты катаалданды. Атүгүл мына, кечээ жакында азык-түлүк каатчылыгы болушу ыктымал десе дал ошол Назарбаев бажыканасын баса калып бекитти, артынан Путин аны туурады.
КМШда эмне көп? Арык денеге жабышып, кан соргон митедей уюмдар көп. Өзбек президенти Ислам Каримовго ыракмат. Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте Коллективдүү коопсуздук келишими уюму (ОДКБ) менен Евразия экономикалык биримдигин (ЕвразЭС) кошуп койсо деле болот, анткени экөөнүн күн тартиби окшош экен, атүгүл ЕвразЭС күнтартип түзгөндү деле билбейт өңдөнөт деди. ОДКБнын биздин республикага салган салмагы башка сөз. Ал эми ЕвразЭСке жумшалган олчойгон каражаттын 40%ын Россия төлөйт, Казакстан менен Белоруссия 40%ын, 10дон 20%ын Кыргызстан менен Тажикстан каржылайт. Бирок ушул 5 мамлекетке көргөзгөн кылдай кызматы жок. Анын негизги максаты Бажы союзун түзүү эле. Жогоруда айттык, ал демилгени 1998-жылы КМШ өлкө жетекчилери колдоого алып, 2000-жылдын 10-октябрында кол койгон, ал эми парламенттери 2001-жылдын жазында бекиткен. Бирок ЕвразЭС эчтеке аткарган жок.
КМШ уюму менен бирге ушуга окшогон көп уюмдардын көздөгөн максатын ШОС аркылуу деле ишке ашырса болот. Андыктан биздин мамлекет жетекчиси КМШны ШОСко кошуу демилгесин көтөрүп чыкса, жакшы эле болмок.
Алым ТОКТОМУШЕВ




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



УЛУУ БРИТАНИЯ. АКШ президенти Жорж Буштун Англияга болгон иш сапары нааразычылык акциясы менен коштолууда. Америка өлкө башчысы Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун менен жолугушуусу учурунда парламент аянтында 2,5 миң киши чогулуп, Жорж Буштун жүргүзгөн саясатына, Ирактагы согуш аракетине жана анын Англияга келишине каршы пикирлер айтылып жатты. Америка президентинин коопсуздугун 3 миң полиция кызматкери сактоодо.

КОСОВО. Өзүн өзү эгемен жарыялап алган республика башчысы Фатмир Сейдиу автономиянын конституциясынын кабыл алынышы тууралуу токтомго кол койду. Эми конституцияга ылайык Косово "суверендүү жана көзкарандысыз мамлекет". Ал эми расмий Белград өзүнүн түштүк провинциясында болуп жаткан иш-чараны укуктук жактан мыйзамсыз деп эсептеп, Косово боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирүүдө.

ШРИ-ЛАНКА. Өлкөнүн Вавуния шаарында террорист-жанкечтинин жардыруусунан улам 10 адам каза болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, жанкечти тамил азчылыгынын көзкарандысыз мамлекетин түзүүгө умтулган "Тамил-Иламдын куткаруучу арстандары" кыймылына тиешелүү. Аталган кыймыл менен өлкө бийлигинин ортосундагы кандуу кагылыштан улам 1972-жылдан бери Шри-Ланкада 70 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

КОЛУМБИЯ. Букараманг шаарынын Сантандер провинциясында автобус жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 30 адам жараат алган. Полициянын начальниги Омар Гонсалестин айтымында, автобус жолдон чыгып 300 метр тереңдиктеги аңга түшүп кеткен.

КАНАДА "Талибан" боевиктеринен улам каршылашып жаткан Афганистан менен Пакистанга ортомчу болууга даяр. Жекшемби күнү Ооган президенти Хамид Карзай талибдердин 15 кароолчуну өлтүрүп, абакта отурган 1000 адамды бошотуп жибергенинен кийин Пакистан талибандардан чегарасын жетиштүү деңгээлде коргой албаса, Афганистан аталган аймакта талибдерге каршы согуштук операцияларды жүргүзүүгө даяр деп билдирген. Ал эми Пакистан бийлиги Хамид Карзайдын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалоодо. Афганистанда Канаданын 2,5 миң аскери кызмат өтөйт.

КЫТАЙ. Сычуань провинциясындагы суу ташкын коркунучунан улам 70 миң жашоочу эвакуацияланууда. Аба ырайын алдын ала божомолдоочулардын айтымында, нөшөрлөгөн жаан дагы үч күнгө созулат. 12-майда болуп өткөн жер титирөөдөн кийин Кытайда суу ташкынынан 55 миң адам каза таап, 1,27 миллион адам үй-жайын калтырып кетүүгө мажбур болушкан.









??.??