mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
 

Билерман Мамыт, билдиңби?
Өткөн жекшемби күнү катуу шамалдан улам бүт өлкө боюнча 123 электр линиялары үзүлгөн. Иштен чыккан линияларды ААК "Улуттук электртармактары" ишканасы оңдоп жатат.

Угарман Мамыт, уктуңбу?
Күнүмдүк жашоо-тиричиликтин кымбаттаганына байланыштуу Бишкек шаар мэриясы 3950 жарды-жалчылардын коммуналдык кызмат акысы үчүн субсидияларды көбөйтүүнү чечкенин сүйүнчүлөдү. 3950 адамга жылына 8 млн. 150 миң сом коромжу болот экен. Коромжу болорун го болот, бирок күн санап өсүп аткан кымбаттоолорго субсидиялар туруштук бере алабы?

Көрөрман Мамыт, көрдүңбү?
Телеканалдар байма-бай көрсөтүп жаткан "Жал-Артис" деген жаңы микрорайондогу жаңы салынган ыңгайлуу үйлөргө бир кореялыктарча кийинген келин теледен сизди ой-боюңузга койбой жетелеп кирип атканын күнүгө көрүп жүрсөңүз керек. Ошо сыртынан бардар көрүнгөн микрорайондун курулушу бүгүн жайлап, куруучуларына маяна төлөп бералбай жатат деген сөз эл ичинде уу-дуу. Буга акыркы кездеги турак-жайларга болгон баанын төмөндөшү себепкер болушу мүмкүн. "Жал-Артис" бизге жаңы үйлөрдү курганын ылайым азайтпасын, бирок эл ичиндеги сөз да жөн жерден чыкпаса керек.
Аскер САКЫБАЕВА





"Айкүр". Күйүүчү майлардын, азык-түлүктүн кымбатташы өкмөттүн жүрөгүн түшүргөн белем, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча атайын программасына кошулуу сунушуна колун-бутун кошуп көтөрдү. Кыязы, өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун чечалбасына көзү жетсе керек. Эми ачка калбайбыз, Африка өлкөлөрүнө окшотуп чет элдиктер анда-санда тамак ыргытып турарына сүйүнө бергиле.
Таа. Мындан ары облустук маанидеги шаарлардын вице-мэрлерин шаар мэри дайындай турган болду. Көрсө, 29-майдагы "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамдын толуктоо өзгөртүүлөрүнө президент кол коюптур. Бул мыйзам боюнча мындан ары майда-чүйдө шаарлардагы вице-мэрлерди, мамлекеттик уюмдардын жетекчилерин шаар башчысы эле шакылдатып жумуштан бошотуп, кайра каалаганын жумушка алса болот. Болгону Бишкек менен Ош шаарларынын вице-мэрлерин кызматтан алуу же дайындоо президент менен премьер-министрде калат.
Бөк. Энергетика министри С.Балкыбеков "азыр электр энергиясын экспорт кылбай эле турабыз. Токтогул ГЭСинен өлкөнүн күнүмдүк керектөөсү үчүн күнүнө 207 кубометр сууну иштетип жатабыз. Электр энергиясын контрабанда жолу менен уурдоо мүмкүн эмес, анткени энергия деген мүшөктөгү картошка эмес. Азырынча Казакстан, Өзбекстан менен кошумча суу кое берүү жөнүндө келишимдер жок. Келишимдерге кол коюлса эле, суу берүүнү баштайбыз. Алар азыр талааларын кантип сугарып атышканы биздин башыбызды оорутпайт" деп баарыбызды жооткотту. Азыр го жай мезгили, кышкы кычыраган суукта министрдин кай обонго салып ырдаарын дагы көрө жатарбыз.
Чик. Жакында Нарын облусунун аймагынан малдын күл (оспа) оорусу чыгып, бирок корко турган эчтеке жок деп карантин алынып салган. Аз убакыт мурда Өзгөн районунан сибир жарасы менен ооруган бодо малды ээси союп, айылдаштарына таратып жиберген. Оорулуу мал этин болжол менен эки жүздөй адам жеген. Эми аны тараткан адамга кылмыш иши козголду.
Ветеринария департамент деректири Калыс Жумакановдун айтымында, 12-июнда араң өзгөчө жугуштуу мал оорулары үчүн вакциналарды сатып алуу үчүн 52 млн.сомго тендер өткөрүлдү. Ушундай иштердин бардыгын жаз башында, мал жайлоого кетелекте жасоого болбойт беле?
Аскер САКЫБАЕВА




 

Жолдо жүрсөң - жоодон абайла!
Бишкек шаарынын 5-кичирайонунун жашоочусу, элүү жаштагы А.Яхин 12-июнь күнү "Мерседес-Бенц" автомашинасын айдап кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес. 13-июнь күнү кабатыр болушкан үйбүлөсү арыз менен укук коргоо бөлүмүнө кайрылган. Эртеси күнү эле, 14-июнда Аламүдүн районуна караштуу Кашкасуу айылында жайгашкан Узунбулак лыжа базасынын территориясынан 50-55 жаштардагы европа улутундагы белгисиз адамдын өлүгү табылган. Өлүк табылган жерге барышкан изкубарлар мурунку күнү эле издөө салып кайрылышкан Яхиндин туугандарына кабар беришкен. Туугандары муунтулуп өлтүрүлгөн Яхиндин өлүгүн дароо таанышты. Учурда маркумду ким өлтүргөндүгү, анын машинеси кайда экендиги такталууда.

Автокаракчылар
12-июнда таламандын так түшүндө Акөргөө конушунан 45 жаштагы М.Жамынчиевдин "Ауди-100" автомашинасын белгисиз эки жигит коркутуп-үркүтүп тартып кетишкен. Автомашинасынан айрылган айдоочу дароо эле изкубарларга арызданып кайрылган. Арадан көп өтпөй күндүзгү каракчылар колго түштү. Жабырлануучуга автомашинасы кайтарылып берилип, ал эми баштарын мыкчыган эки жигит темир тордун ары жагына кетишти.

Эркиндиктин эсесин билбеген айбан
Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын жашоочусу А.Кашкабаеваны үйүндө чарбачылыкка жардам берип жүргөн жумушчусу Алмазбек Абдрахманов бычак менен сайгылап өлтүргөндүгү үчүн колго түшкөн. Кечээ жакында Чүй облустук соту тарабынан мурда уурулук менен бир нече жолу темир тордун ары жагына отуруп келип, аягында адам өмүрүн кыйган А. Абдрахмановду 23 жылга эркинен ажыратты.

Батукаевдин "братишка-ларынанбы"?
29-май күнү Бишкек шаарынын Молодежный-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинен Л.Горбунованын чөнтөк телефонун тартып алган Е.Фомин 13-июнга чейин эркиндикте сейилдеп, изкубарлардын торуна түшпөй жүрдү. Өткөн жумада Е.Фомин колго түшүп, анын жанынан эч жерде катталбаган газ пистолети табылган. Кылмышкердин айтуусу боюнча, ал айтылуу Азиз Батукаевдин кылмыш тобунун активдүү мүчөсү болуп чыкты. Эми темир тордун ары жагына отуруп, А.Батукаевдин камералаш мүчөсү болооруна көзү жетип отурган кези.




Экономика илиминин доктору, профессор Айылчы САРЫБАЕВди
Сүйүндүргөнү:
- Сүйүнө турган эмне бар? Жай келип, күн ысыды… Жакында отпускага чыгабыз. Бир-эки ай болсо да көртирлик жөнүндө ойлобой, эс алууга мүмкүнчүлүк бар. Ушуга ичимден кудуңдап атам.
Күйүндүргөнү:
- Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу кээбир "философ" сымалдар "кыргыздын тоосу кулап, көлү соолуду жана өңү өчтү" деп интервью беришти. Менимче, кыргыздардын тоосу, көлү ордунда, өңү өчкөн жок. Болгону, арабыздан бир жакшы адам кетти.
Таңгалдырганы:
- Үйлөргө жылуу суу берилип, светтин өчүрүлгөнү биразга токтоду. Тезек тердиргени аткан биздин өкмөт мындай "жакшылыкка" кантип барды деп айраң таңмын. Андай мүмкүнчүлүктү кайдан тапты болду экен? Кызык, ээ…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





Яндекс.Метрика