"Агым", 17.06.08 - 11-бет: ...тил кесмек ...бар..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 ...тил кесмек ...бар

"Де-факто" гезитинин тегерегиндеги детектив
Өткөн ишембиде, 14-июнь күнү Кыргызстан Чыңгыз Айтматов менен коштошуп, аза күтүп атканда Бишкек шаардык прокуратурасы "Де-факто" гезитинин оокат-мүлкүн конфискациялап, редакциянын кабинеттерин мөөр басып бекитип кеткен.
Кечээ бул окуя боюнча Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев пресс-конференция өткөрдү.
- "Де-факто" гезитинин 12-июндагы санына белгисиз Молдоева дегендин каты жарык көргөн. Анда Бишкек шаардык салык инспекциясынын башчысы Т.Далбаев "акча жыйнайт, пара алат" деген маалыматтар болгон. Бул маалымат боюнча Далбаев прокуратурага, сотко атайын арыз менен кайрылган. Текшере келгенде гезитке чыккан маалыматтар жалган болуп чыкты. Анткени, З.Молдоева деген адам гезитте көрсөтүлгөн даректе жашабайт экен. Биз муну сураштырып ИИМге да атайын кайрылдык. Акыркы кезде Молдоева каттоого туруп, же каттоодон чыкпаптыр. Көрсөтүлгөн даректе 1924-жылы туулган башка адам жашайт экен. Мындан сырткары Т.Далбаевдин ишмердүүлүгүн да текшерип жатабыз. Бул боюнча тергөө бүткөндө маалымдайбыз.
Ал эми редакцияга кирип, тинтүү иштерин жүргүзүү мындайча болду. Шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Турат Байчаев "Де-факто" гезитине Кылмыш-жаза кодексинин 329-статьясынын экинчи бөлүгү боюнча, атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, редакцияны тинтүү боюнча соттон ходатайство сураган. Сот улуксат берип, чечим чыгарган. Редакциянын оокат-мүлкүн тинтүү керектүү документтерди алуу максатын көздөгөн. Тинтүү учурунда жогорудагы материал боюнча акча төлөнгөн кагаздар табылган. Бул жерде оппозициялык гезит же саясый заказ жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, анткени биз заказ боюнча эмес, конкреттүү факт боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз. Тергөө бүтөлек, кандай жыйынтык чыгат, азырынча белгисиз. "Де-факто" гезитин чыгаруу боюнча эч кандай чектөө жок. Гезиттин журналисттери басмасөз каражаттары боюнча мыйзамдын 20нчы, 23-статьяларын бузушкан. Башкача айтканда, кабарчы маалыматтын жалган-чынын текшерүүсү керек эле.
- 14-июнь бүт өлкө боюнча аза күтүү, анан калса эсалуу күнү болуп атса, прокуратура менен сот кандайча чагылгандай тез иштеп жиберишти?
- Биз түшкөн арызга 24 сааттын ичинде реакция кылышыбыз керек. Бул прокуратуранын адаттагы эле иши. Анан калса тергөө амалдары үчүн белгилүү убакыт берилет.
- Сот чечими чыкканда, экинчи тараптын анын үстүнөн он күндүк мөөнөт ичинде кайра арыздануусуна эмне үчүн мүмкүнчүлүк берген жоксуңар?
- Сот чечими мөөнөттү күтпөй аткарылууга да жатат.
- Замира Молдоеванын катында президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловго тиешелүү жери бар эле. Бул ишке ал кийлигишкен жокпу?
- Медет Садыркуловдун компетенциясына прокуратурага көрсөтмө берүү кирбейт.
Ошентип шаар прокурору кылган ишине маашырлангансып, жалаң мыйзамга такап жооп берип жатты. Негизи "Де-факто" гезитине акыркы кезде коркутуп-үркүтүүлөр көбөйгөн. Эркин гезитке тишин кайрап жүргөн бийлик гезитти эртеби-кечпи, чалып жыкмак. Саясатчылардан, серепчилерден бул окуя боюнча сураганыбызда, З.Молдоеванын гезитке жарыяланган каты жөн гана шылтоо, негизинде чоң саясат жатат дешет. Акыйкатчы Турсунбек Акун: "Укук коргоочу катары массалык маалымат каражаттарынын жабылышына алып келген чараларга каршымын. Канчалык укуктуу делген күндө да акыры гезиттин жабылышына алып келген методдорду колдобойм, бул менин принципиалдуу позициям" деди.
Кечээ, "Де-фактонун" башредактору Чолпон Орозобекованы Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Турат Байчаев ар бири үч саатка созулган эки жолку суракка чакырды. Чолпондун айтымында, "Де-факто" бүгүн чыкпаса, бейшемби күнкү санын башкалардын компьютеринен болсо да чыгарууга аракет жасайт.
Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтө туралы.
Аскер САКЫБАЕВА




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Режиссер болбой калган Бурулча апа
Билими жок болсо да чыгармачылыкка жаш кезинен берилип, бирок, учурунда аны китеп кылып жарыкка чыгарбай, же спектакль кылып сахнага койдурбай калганына өкүнгөн 80 жаштагы Бурулча Шадыканова апа: "Татаал тагдырлуу өмүр баянымды жазган "Менин сырым" аттуу пьесамды сахнага алып чыгып, аны бир көрүп өлсөм арманым жок эле" дейт. Улгайган жашына карабай чыгармачылыкка кеч болсо да аралашайын деген апаны кепке тарттык.

- Ысыккөл облусуна караштуу Каражыгач айылөкмөтүндөгү Тегизчил айылында 1928-жылы туулгам. Энебиз мен экиге чыкканда эле өлүп калыптыр. Жети биртууган болчумун. Атам оорулуу болуп, 7-классты бүтүп окубай калгам. Кийин атам кайтыш болгондо кечки мектепте окуп, аттестат алдым. 16 жашымда Урмат деген сүйлөшкөн жигитиме турмушка чыгып, үйлөнгөнүбүзгө жети күн болгондо каза болуп калды. Аскерден качып жүргөн жигитти айтып койгон экен. Талаада жүргөндө ошол жигит жолугуп калып, чабыша кетип, аскадан түртүп жибериптир. Ошондон кийин эч ким менен сүйлөшпөй, эч нерсеге көңүлүм чаппай, ичимен сызып калдым. Урмат экөөбүз Ленинградга окууга баралы деп атканбыз. Анткени анын атасы орус киши менен дос экен, бизди Ленинградга жиберүүгө жардам берем дептир. Жашоо улана берет экен, кийинчерээк турмушка чыктым.
- Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз?
- 27 жашымда. Ага чейин айылда болдум, көп оорудум. Ошондо жанымдагы курбу кызым, "бизге окуу жакпайт экен, окусак эле ооруп калат экенбиз" деп, ошо боюнча окубай калдым. Анүстүнө сүрөмөлөп, көтөргөн билимдүү бирөө болуш керек экен. Мектепти аяктаганда Москвадагы кинематографисттердин окуусу бар экен, ошого тапшырып өттүм. Бирок, согуш жаңы башталган кез эле, байкем ал жакта кантип жашайсың деп болбой койгон. Москвадан атайы комиссия келип, "кыргыздын кыздары эмес, жигиттеринен да жок, сөзсүз кел, биз жардам беребиз" деп айтып кетишкен. Мени менен кошо Болот Шамшиев да тапшырган. Ал окуусун улантып элге таанымал режиссер болуп чыкты. Мүмкүн мен деле Москвада окусам, атактуу режиссер болот белем...
- Апаңыз эки жашыңызда эле каза болуп калыптыр, атаңыз андан кийин үйлөндүбү?
- Атам үйлөндү. Ал энебизди да бузукулар бузуп алып кетти. Атам бир жак ыптасы кыймылдабай ооруп калды. Атамды багып, айтор, жаштыгымды өткөрүп жибериптирмин. Колум бошой калса эле кичине ыр, пьеса жаза коюп жүрдүм. Ошол кездеги райондук, облустук гезиттерге ырларым чыгып жүрдү. Ошонун аркасы менен турмушту, өзүмдү деле ойлобой жүрө бериптирмин. Ал кезде менин артыман ээрчиген жигиттер көп болгон. Бирок, Урматты ойлоп жүрүп эле эч кимге көңүлүм келчү эмес. Баарын чанып отуруп, акыры Койташтагы абышкама турмушка чыктым. Жеңелерим да качанкыга чейин ушинтип бош жүрөсүң дешип, болбой турмушка беришти. Анын дагы биринчи аялынан беш баласы бар экен. Жолдошум ооруп калып, аялы менен ажырашып кеткен экен.
- Беш баласын сиз бактыңызбы?
- Жок. Аялы балдарын ала кетиптир. Жазган чыгармалар ошол кезде колдон-колго өтүп, араң дегенде гезит бетине чыкчу же тааныштар аркылуу чыгарчу. Абышкама турмушка чыккандан кийин үй турмушу менен алпурушуп жүрүп, чыгармачылыгымды да таштап койдум. Жолдошум кайтыш болгондо гана кичинеден жаза баштадым. "Жолборс терисин жамынган баатырды" драмалаштырып кайра жазып чыккам. Ушуну спектакль кылып койсомбу деп өмүр бою тилеп келем. Бир жолу Жазуучулар союзуна барсам, "Грузиянын чыгармасы эмес, кыргыздардыкын кое албай атабыз" деп коюшкан. Анүстүнө ошол кезде Жазуучулар союзунда иштеген бир жигит артыман чуркап, үйлөнүп албайлыбы деп колумду сураган. Бирок, мен макул болбой койгом. Ага турмушка чыкпай койгондуктан, ал менин чыгармаларыма бут тосо баштады.
- Абышкаңыз менен канча жыл өмүр сүрдүңүз?
- 32 жыл чогуу жашадык. Боюман көп жолу түштү. Акыры Элүүбек деген бир балалуу болдук. Ал балам тентек балдарга кошулуп, аябай эрке өсүп калды. Үйлөнүп, үч балалуу болуп, 26га чыкканда дайынсыз жоголуп кетти. Милиция издеп, эч жерден өлүү-тирүүсүн табалбай ыйлап кала бердик. Балам кыйын бала болчу, машинелерди, электрди жакшы оңдоп, акчаны да көп таап, эл оозуна алынып калган. Элдер ушул балаңа көз тийди деп айтып калышат. "Кишинин азыткысы киши" дегендей, жаман балдарга кошулуп, 14 жашында мылтык жасай коюп, түрмөгө жатып чыкты. Келиним турмушка чыгып кетти, неберелерим менен анда-санда катышып турам. Ошентип менин жашоом, турмушум кайгы-капа менен эле өттү.
- Чыгармаларыңыз-дан сахнага коюлгандар болдубу?
- Ош драма театрына "Калпыс сүйүү" деген чыгармам коюлуптур. Чыгарманын автору мен экенимди билишип, премьерасына чакыралы деп таппай коюшуптур. Бир актылуу пьесаларым радиодон берилип калчу.
- Азыр ким менен жашайсыз?
- Абышкамдын биринчи никесиндеги балдары менен жашайм. Алар жакшы карашат. Алган пенсиям өзүмө жетет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










??.??