"Агым", 06.06.08 - 7-бет: Дарыгер, єзїў дарылан!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ишкерлер илгери дейт

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты:
"Келгиле, бизде бардыгы ачык"
Жакында Жогорку Кеңеш
"КР шаар курулушу жана архитектура жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "КР жарандык кодекси жөнүндө", "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселелерди карап чыкты. Ушул туурасында ЖК депутаты Улукбек Ормоновго кайрылдык.
- Бул жерде негизги маселе Кыргызстандагы ишкерлерге жеңилдик берүү үчүн өкмөт тарабынан төрт мыйзам сунушталды. Бул ишкерлерге эле эмес, инвестиция алып келип иштешем дегендерге да өтө керектүү мыйзам.
Мурда курулуш иштерин баштаган адам 20га жакын уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдаса, алардын саны азыр 9га чейин кыскарды. Ал эми акционердик коомдор үчүн болгон мыйзамда кичи пайызы бар, же болбосо чоң пакетке ээ болгон кишилердин жоопкерчилиги жана мүмкүнчүлүктөрү киргизилген. Бул мыйзамдардын баары дүйнөлүк тажрыйбалардын жыйынтыгынан алынып, Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн, анализинин негизинде даярдалды. Дүйнөлүк банк бул боюнча ар бир өлкөдө мониторинг жүргүзүп, ага ылайык алардын тизмесин катары менен жайгаштырат. Биздин өлкө азыр арткы орундардын биринде турат.
Ошондуктан муну ЮСАИД программасы менен бирдикте эксперттер биздин министрликтер менен бирдикте абдан талдап чыгып ушул мыйзамдардын кабыл алынышын белгилешкен.
Себеби, сырттан келчү инвесторлордун баары Кыргызстанга келүүдөн мурда дүйнөлүк банк түзгөн өлкөлөрдүн катар тизмеси менен таанышып чыгып, ошондон кийин гана келүү же келбөө жөнүндө ойлонушат. Эгер бул мыйзамдар мурда даярдалганда тышкы инвесторлордун мындан да көп болушу мүмкүн эле. Алар Кыргызстанга келип өлкө менен таанышып чыккандан кийин гана келип жатышпайбы. Мыйзамды талкуулоодо талаш-тартыш да болду. Жергиликтүү бийликтин, мэриянын мыйзам боюнча каршы пикирлери да болду. Анткени бул тармакта алардын ыйгарым укугу чектелүү болуп жатат. Албетте мыйзамды баары эле жактыра бербейт.
Бирок бул жагынан биздин экономиканы өнүктүрүү министрлигибиз, ЮСАИД өкүлдөрү муну менен ишкерлерге көп жеңилдиктерди түзүп берди десек болот. Кудай буюрса жакшы жышаанын жакынкы жылдарда сезип калабыз.
- Президенттин жарлыгына ылайык ишкерлердин бутун тушаган миңден ашуун мыйзам, указ, ушул сыяктуу ж.б. нерселер күчүн жоготкону турат. Бул мыйзамды ошолордун алкагында кароого болобу?
- Ушул мыйзамдардын алдынан президент да курулуш иштерин жеңилдетүү боюнча атайын указын чыгарган. Бул мыйзамдар ошол указдын негизин мыйзамдаштыруу болуп саналат. Азыр К.Бакиев 31-декабрга чейин бүт ишкерлерди текшерүүгө тыюу салды. Биринчи жолу ушундай болуп жатат. Бул дагы ишкерлерге болгон чоң жардам. Биз чакан жана орто бизнести өнүктүрмөйүнчө ордубуздан жыла албайбыз.
- Ишкерлерге тыюу салган менен көмүскө экономика дегенди кантебиз?
- Албетте муну танууга болбойт. Ошондуктан биздин фискалдык органдар текшерүүгө барбай туруп толук талдап, анализ жүргүзүп чыкканы максатка ылайыктуу. Текшерүүгө тыюу салса эле баары жакшы болуп кетет дегенден алысмын. Кээ бири фирманы ачып текшерүү башталганга чейин жаап салам деген аракеттер болушу мүмкүн.
Биз баарын эле кылмышкер деп эсептебей, көмүскөдө пайдасын каткандарды акырындык менен таап чыгышыбыз зарыл. Жеңилдетүүнүн негизги максаты эле ишкердикти өнүктүрүү.




  Ушундай эмеспи?

Лөлүдөн аким чыкса, өз элин тонойт
"Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деген сөз бар. Анысыңарындай күйөө балдар жөнүндө аңыз кеп, икаялар толтура. Кээ бирөөлөр "күйөө баланын кылбаганы барбы, кызыбыз сыйлаганы жетишет" деп көп деле таназар алышпайт. Бир кыздын бактысы үчүн бүтүндөй журтту тебелеген күйөө балдар калк арасынан жолуга берет.
Чынын айтуу керек, Нурсултан Назарбаев менен Аскар Акаев кудалашканда кыргыз, казак тең кубанган. Эки мамлекеттин башчыларынын куда болушу эки элдин ынтымагын тереңдетмек. Эгер эки элдин букаралары падышасын чындап сыйласа, тууганчылыгыбыз андан ары бекемделмек. Тарых беттеринде падышалар кудалашкан салт бардык элдин өтүмүшүндө бар. Көп учурда эки элдин достугун чыңдап сүймөнчүлүккө ээ болсо, ошону менен катар күйөөгө чыккан келин тыңчылык милдетти аткарып төркүндөрүн жеңишке жеткирип, күйөөсүнүн жүрөгүнө канжар малган окуяны да тарых танбайт.
Адегенде эле казак ажосунун кызы Алия келинибиз Айдар менен баш кошкондон үч ай өтпөй, келинди наркоман деп чыгышты. Ушак сөздөрдүн уусу көп тарайт эмеспи, аңгыча уулубуз Айдардын артынан да "Нуракенин кызын теңсинбейт экен, төшөгүндө бир кызды зордоп жатканын көрүп коюптур, Алияны сабап таштаптыр" сыяктуу имиштер калкка "Азаттыктан" тез жетип турду. Бирок Айдар уулубуздун жүрүш-турушуна күбө болгон элибиз Алия келинибиздин наркоман экенине көп деле ишенбеди. Муну өзүн мамлекеттик ММКга канайым деп айтууга мажбурлаган Майрам Акаеванын чыгарганын анын жанында жүргөндөр ырастайт.
Ушул жерде кичине артка чегинели. Эгер Айдардан башка акылдуу уул алган жары наркоман эмес, башка болгондо деле кыргыздын тагдырын ойлосо Нуракенин кызынын көзүнүн карасы менен тең айланып, көп иштерди жасап койсо болмок. Жок дегенде өзүнүн жездеси Адилден үлгү алып, буудай менен күйүүчү майга ээлик кылса, келечекте өзүнө деле жакшы болмок. Тилекке каршы, андай болбоду. "Лөлүдөн аким чыкса, өз элин тонойт" болуп, Бишкектин тегерегинен башканы көрө албай, кыргыз бизнесмендерин муунтуп туруп алды.
Мүмкүн Айдар деле туура кылгандыр, анткени Нураке деле күйөө балдарынын бешенесинен сылап отурган жок. Эки күйөө баласы тең ашкан бай болгону менен мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Жанагы КГБ деген аталыштагы үч тамганын өзгөргөн түрү аларды такай көзөмөлдөп, бейчеки кадам таштаса, ошол замат Нуракеге маалымдап турушат. Ал эми бир күйөө баласы Европада баш калкалап күн көрүүдө. Анткени казак соту тарабынан 20 жылга кесилип кеткен. Эми ал казак оппозициясына четтен дем берип, Нуракени тактан оодаруу амалын издөөдө.
А биз күйөө бала Адил Тойгонбаевдин кадырына жакшы эле жеттик. Жарды болсок да цемент менен шыйпырыбыз казак калкын камсыздап, күйүүчү майлар күйөө баланын көзөмөлүндө турду. Анын алдында министрлерибиз ийилип, кымча бел кыздарыбыз колуна суу куюп, жигиттерибиз артынан жандап жүрдү. Андыктан, Адил мырза кайната менен кайненесин баш кылып, Казакстанда башкалкалаган Барктабасов сыяктууларга жамандай бербей, ыраазылык сөзүн да айтып койгону жакшы. Ал күйөөбала болгондо да күчкүйөө болуп Кыргызстандын тузун татып жүргөнүн унутпашы керек. Анткени Бермет кызыбызды үйүнө көчүрүп кеткен жери жок. Кыргыздар күчкүйөөнү арсыз дешет.
Күйөө баланын азабын Ислам Каримов да куп тартты. Карачечекей кызы оогандык өзбекке турмушка чыгып, Америкада жашап анан соттошуп, акыры ажырашып тынышты окшойт. Падышалардын тилин туугандары менен перзенттери кыска кылат. Ошол эле Ислам Каримовдун Н.Назарбаев сыяктуу уулу жок. Биринчи орус аялынан бар экен. Бирок аны уулум деп тан албайт имиш. Азыр кыздары Гүлнара менен Лола бизнес, шоу, кайрымдуулук иштеринде жүрөт. Бирок алардын артынан да баланча завод, баланча фабрика ошолордуку имиш деген сөздөр сыртка чыккан өзбек туугандардын оозунда каймактап айтылууда. Өзбекстандын ичинде Каримовдун үйбүлөсү жөнүндө сүйлөгөндөн коркушат. Анжиан окуясынан кийин алды артын карап, этиеттеп калышкан.
Күйөө баланын ташпишин Эмомали Рахманов да тартып жүрөт. Жакында эле тажик туугандар анын күйөө баласы Хасан Асадиллозаданы өлүп калды деп ушак чыгарышкан. Ал дагы бизнесмен. Тажикстанда ири киреше берген ишкананын баары ошонуку деп айтышат. Бир чети падышанын баласына, күйөө баласына бизнесте болуу өтө эле жеңил, айрыкча Орто Азияда. Анткени салык төлөбөйт, сата турган буюмун каалаган наркта сатат. Конкуренциянын башын бир заматта кыя чабат. Органдын кишилери тоскоол болмок турсун эки колун бооруна алып жардам берет.
Бирок падыша балдарын тири укмуш окуялар коштоп жүрөт. Жакында эле Э.Рахмоновдун баласы өзүнүн таякесин атып салгандыгы боюнча маалымат тарап, чуусу араң басылды.
Түркмөнбашы маркум С.Ниязовдун балдары жөнүндө да аңыздар бар. Бирок президент болуу бактысы аларга буюрбады. Бирөөсүн никесиз дешсе, башкасын жаратышпады.
Кудай жалгап биздин президенттин күйөө баласы жок. Ушуга шүгүр кылалы. Болбосо анын артынан да тирукмуш ушактар биринин артынан бири жаралып, үйбүлөлүк санын көбөйтмөк.
Бетти даярдаган Келдибек НАЗИРОВ