"Агым", 06.06.08 - 6-бет: Дарыгер, єзїў дарылан!..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Дарыгер, өзүң дарылан!

Бекназаров коррупцияга каршы кантип күрөшкөн?
Өткөн жумада Азимбек Бекназаров орус тилдүү гезиттердин бирине интервью берип, "мен өз өмүрүмдү коррупциялашкан системага каршы күрөшкө арнадым" деп төш какты ("Өзүмө өзүм эстелик тургуздум" деген Пушкин бул жакта эле калды го чиркин!). Анын бул сөздөрүнүн бир аз эле чындыгы болгондо, айтса-айтпаса төгүнбү деп моюнга алып, ал эми жогорудагы "высокопарный" сөздөрүн өпкөсү казандай Азикеңдин дардаңбайлыгына, мактанчаактыгына жоруп коймокпуз. Бирок турмуш чындыгы, кашайып, таптакыр башка нерсени көргөзүп турбайбы.
Шыгы жок бийчиге... бир жери жолтоо болот демекчи, Азимбек да шылтоо айтып, өзүнүн күнөөсүн бирөөгө төңкөй салганды абдан жакшы көрөт. Анын айтымында, адегенде Акаев менен анын тегерегиндегилерди кылмыш жоопкерчилигине тартмакчы болгондо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Ө.Текебаев тоскоол болуп коюптур (бийликти сындап, "шыбап" бүтүп, Азикең эми өзүнүн оппозициядагы жакын санаалаштарына айгак боло баштаганбы?). Андан кийин Акаев доорундагы коррупционерлерди жаңыдан кокодон ала баштаганда өзү кызматтан ыргып кеткен имиш.
Эми эстеп көрөлүчү, Бекназаров Башпрокурордун креслосунда жарым жылга жакын отурду. Бул - ар кандай оор кылмышты да бүтүрүп, эң жок дегенде иликтеп, сотко өткөрүп үлгүргөнгө кенен жете турган убакыт. Бирок Бекназаровдун тушунда кайсыл алкымы бузук чиновник кылмыш жоопкерчилигине тартылды? Н.Танаев, А.Тойгонбаев, Ш.Жайсаңбаев сыяктуу бир топ коррупционерлердин үстүнөн кылмыш иши козголгонун укканбыз. Бирок анын арты эмне менен бүткөнү Жайсаңбаев менен Бекназаровго эле белгилүү. Эгер ошол учурда Текебаев чындап эле Акаев менен анын үйбүлөсүн коргоп калыш үчүн тергөөгө бут тоскон болсо, анда эмне үчүн "принципиалдуу" Бекназаров азыркыдай кыйкырып, үкөсүнүн жоругун ашкерелеп чыкпады? Акаев менен анын үйбүлөсүн соттоого Текебаев тоскоол болсо, Танаевди, Жайсаңбаевди, Пакты жазалаганга ким бут тосту?
Ошол кезде Бекназаров менен чогуу иштеген прокуратура кызматкерлери Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин кылмыш иштериндеги эң баалуу документтер биринин артынан бири тымызын жоголуп, азыр колго илинерлик эчтеке калбай калганын айтышат. Мындайча айтканда, эң баалуу документтердин баарын кызыкдар кишилерге пулдап жиберишкен. Буга Башпрокуратуранын жетекчилигинде отурган Бекназаров өзү кызыкдар болгон деген сөз жөн чыкпаса керек. Бул иштердин алдыга жылбай калышына ким күнөөлүү? Ал эми Карасуу базарындагы окуячы? Эмне үчүн жүздөгөн кишилер Бекназаров сатылган деп нааразы болуп турушту? (Азикең аз жерден каны суюк балдардан таяк да жеп кала жаздаган.) Эгер ошондо Бекназаров коркунучтуу кылмышкерлерди бошотууга буйрук бербегенде, бирөөлөрдүн өмүрү бөөдө кыйылбайт беле? Анын баарын тергөө жана сот далилдеп берди го. Анан ушундан кийин анын мен тазамын деп төш кагып, өз өмүрүн коррупцияга каршы күрөшкө арнаган жылаңач баатыр кылып көрсөткөнгө кантип оозу барды дейм да?
"Мен жардымын, тыйыным жок" дейт Бекназаров бечара болуп. Болгону 20 миң сом айлык, дагы 15 миңдей стипендия алып турган депутаттык жылдары ал балким чындап эле итке минген кедей болгондур. Бирок Башпрокурордун креслосунда Азикең май кармаган бармагын жакшы эле жалап калды окшойт. Болбосо Бишкектин так ортосуна эки кабаттуу "особнякты", Кызыл Аскердеги "Нур суфра" кафеси кайсы акчаларга салынды? Мурда жыйып койгон акчасы же көмүскө бизнеси болбосо, эки жылдан бери жумушсуз жүргөн Бекназаров эмес, мамлекеттик чоң кызматта иштеген чиновник да жалаң айлыгына наркы миллиондогон сом турган мындай имараттарды салганга даремети жетпейт.
Бүгүн Бекназаров бийликке гана эмес, кайдыгер деп өз элине да нааразы. Анын мынтип наалыганынын себеби бар. Өткөн парламенттик шайлоодо Аксыдан анын партиясы болгону (?!) 5 пайыз добуш алды.
Кийин Бекназаров аксылыктар бийликке каршы Бишкекке жүрүш жасайт деп ооз көптүргөндө да жердештери атайын кат жиберишип, аксылыктар эчкандай саясый акцияларга кошулушпасын, ал эми Азимбектин болсо алардын атынан сүйлөгөнгө эч кандай юридикалык да, моралдык да укугу жоктугун билдиришкен. "Бекназаров Башпрокурор болуп турганда Аксы окуясын иликтөө үчүн куурай башын да сындырган эмес. Эми анын аксылыктардын атынан сүйлөгөнгө кандай акысы бар?" дешкен.
Азыр Бекназаровдун өз туулган жеринде мурдакыдай кадыр-баркы жок. Анын реалдуу иш менен төп келбеген жел сөздөрү, тескерисинче, жердештерин аллергия гана кылчу болду. Саясатчы, дегеле көөдөнүндө намыс-ары бар адам үчүн мындан өткөн жаза барбы?
Алтынбек Жумамырзаев




  Сомдун закону

Тууруң канча турат, кыргыз?
Ош менен Бишкекте турак-жайга болгон баа жыл сайын көтөрүлүп, Кыргызстанда жашагандардын алы жетпеген баага жеткен. Бирок ушул жылдын апрель айынан баштап үй сатып алуучулардын саны кыскарды деген маалымат бар.
Борбордогу турак-жайлардын баасы ар кандай. Шашылыш саткандар арзанга макул болсо, шашылбагандар оңтойлуу учурду күтүп жүрүшөт. Үч-төрт жылдан бери үйүн же квартирасын сатыкка коюп күткөндөр бар. Бүгүн 93 кв.м. аянтка жайланышкан квартиранын баасы 111 миң АКШ долларын түзөт. Албетте, бул акыркы үлгүдө салынган бардык ыңгайлуу шарты бар үйлөр. Ал эми союз убагында курулган квартиралардын баасы жакшы райондордо кымбат болсо, калган райондордо бир аз арзан. Иши кылып баа үйдүн шартына жараша.
Албетте, турак-жайга болгон нарктын көтөрүлүшү дүйнөлүк тенденция эмес. Анткени Сүлүктү шаарына үйдүн наркы 200-300 доллардын тегерегинде. Анан да кыргыздардын баары эле 50-60 миң долларга там сатып алууга чамасы жок. Анда тамдын баасы эмнеге көтөрүлүп жатат?
Бул жерде дагы эле коммерциялык максат жатат. Акыркы үч жылда казак жарандары өтө байып кетти. Алар үчүн банктан 100 миңден тартып 1 миллион долларга чейин кредит алуу кеп болбой калды. Казакстанда атаандаштык көп болгондуктан, алар Кыргызстанга келип үй сатып ала баштады. Мисалы, эң жакшы райондон 2 бөлмөлүү квартира сатып алып, айына 500 доллардан ижарага берип, ошону менен узак мөөнөттөгү ипотекалык кредиттин пайызын төлөп, кирешелүү тармакка айландырып алышты. Себеби, бел оорубайт, керек болсо акчаны үч ай же жарым жылга алдынан алат. Кыймылсыз мүлк менен алектенген агентстволордун бизге берген маалыматына караганда, казак жарандары кыргыздар аркылуу бир эмес ондогон үйлөрдү сатып алышкан.
Чыгашасы жок бул бизнестен кыргыздар да четте калбай болгон каражаттарына там сатып алып, ижара бере беришкен. Мына ушунун натыйжасында турак- жайдын наркы көтөрүлүп, карапайым адам сатып албай турган деңгээлге жетти. Бирок бардык нерсенин чеги бар сыяктуу. Казакстандагы ипотекалык кризис бизге түздөн түз таасир берип, азыр суроо-талап азайып, үйлөр арзандап жатат. Мындан ары кандай болорун адистер да айталбайт. Анткени суроо-талаптын азайымы Казакстандагы кризиске дал келип олтурат.
Келдибек НАЗИРОВ










??.??





??.??