"Агым", 06.06.08 - 23-бет: Ичикий, Интернет..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ичикий, Интернет

Уй менен атты унутуп...
Интернет маалымат алуунун баалуу булагы болуу менен бирге пайдасы менен кошо зыяны да көп экендигин танууга болбойт. Шаардагы интернет клубдарга башбаксаңыз - аны пайдалануучулардын көпчүлүгү жаштар. Интернетте эмнелер гана жок. Космостон тартып жердин түпкүрүнө чейин кыбыр эткен жан жөнүндө маалымат аласың.

Эгер мындан да өнүгүп, дүйнө ушул агым менен кетсе мезгилдүү басылмаларга болгон талап азайып, ал турсун гезит-журналдардын чыкпай калуусу толук мүмкүн. Ансыз деле АКШ, Европа өлкөлөрүндө абройлуу гезиттердин нускасы күн санап азайып жатат. Анткени окурмандар гезитке акча коротуп олтурбастан электрондук вариантын окушат. Бул көрүнүш бизде да бар.
Бирок кеп мында эмес. Балээнин баары башкада болуп жатат. Бүгүн интернет аркылуу дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн ойнош күтүп, бактыңды тапсаң болот. Андайлар жылаңач сүрөтүнөн тартып, төшөктөгү өнөрүнө чейин ачык жазып жарыя беришет. Мындайлар өтө эле көп. Тандоодон башың айланат. Америкалык, европалык баары бар, кааласаң негр, кааласаң монгол расасында, айтор түрү менен. Ал турсун 60-70 жаштагы аялдар жылаңачтанып сүрөткө түшүп, төшөк оюнундагы мүдөөсүн баяндаган. Ал кемпирлер 25-30 жаштагы жигиттерди каалашат. Болгондо да спорттун килеңдеген жигиттерин.
Мунусу эч нерсе эмес, бай кемпирлерге намыстуу жигиттерибиз азгырыла койбос. Интернеттеги порнографиялык сүрөттөрдү көрүп келмең оозуңдан түшөт. Алар сайттагы "Эротика" деген бөлүмүн ачуу менен башталат. Эми бул жагын кое бер, көкүрөктү, көчүктү, ж.б. жерлерди миң түрдө, түркүн түстө көрөсүң. Анан башына 16 жашка толгондор үчүн деп жазып коет. Баарын көрүп бүткөндөн кийин интернет жаштарга "Эми силер да ушундай жорукту жасагыла" деп үгүт берип тургансыйт. Анан эле кийинки сайтты ачсаң, мунун натыйжасын көрөсүң. (Кыргыз тилин арам кылбаш үчүн сайттагыдай орусча берели). "Лена. Бишкек. 17 лет. Хочу познакомится с молодыми парнями для анального секса", "Гуля. 16 лет. Бишкек. Желаю оральный секс". Көрдүңүзбү, окурман, жаштарыбыз кудайым буюрган, ата-бабаларыбыз колдонуп келаткан төшөк оюнун 16-17 жашынан баштап каалабай калган. Алар жаштайынан оозу, куйругу аркылуу катнашкысы келип өлүп баратышат.
Бул эле эмес групповой секс деп, беш-алтысы бири-бирине чиркешип, чапталып алганына кантесиң. Айрым маалыматтарга караганда көпчүлүк кишилерден турган жыныстык катнашуу Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болот экен. Бул жерге чоочун кишилерди жолотушпайт. Он, он беш адам бир бөлмөгө кирет да, энеден туума чечинип эмне кааласа ошонун баарын жасашат.
Мындан үч жыл мурда Б.Шапиро оналдык, оралдык деп аталган секстин түрлөрүн кыргыз мектептеринде окутуу үчүн атайын китеп жазган жайы бар эле. Муну алар СПИД дартынан сактануу максатында деп айтышкан. Кийин ата-энелер, коомчулук каршы болуп, окуу программасынан алып салышты. Чындыгында бүгүн мектептерде жогорку класстын окуучулары үчүн жыныстык тарбия керек. Бирок айбандык, ачык ыкма менен эмес. Улуттук менталитет деген бар. Жаманбы, жакшыбы мусулманбыз. Анан 16-17 жаштагы улан-кыздарыбызга нан жеп, сүт ичкен оозуң менен өнөктөшүңдүн даарат ушаткан жерин жала деп кантип үйрөтөбүз? Чындыгында жаш муундарыбыздын эртеңкисин элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Акыркы кезде көөдөй кара негр жигиттерди рекламалоо адатка айланды. Ошол эле интернетте чачы саман болуп өрүлгөн жылаңач негр жигиттин белден ылдый жагын апакай кыздар өөп-жыттап турган сүрөттөр өтө эле көп. Анан да биздеги "МТВ" же 39-каналда жарым жылаңач кыздарды бийлетип ырдаган 5-6 негр жигиттин үнү күнү-түнү өчпөйт. Качан эле койсоң шахмат түстөгү шляпа кийип, көзү чанагынан чыкчудай болгон негр ырдап аткан болот. Азыр бүт жаштарыбыз ошол каналды көрөт.
Көрүп эле эмес, ошол ырларды чөнтөк телефонуна жаздырып алып сабакта, маршруткада көздөрүн жумуп жыргап угушат.
Булар деле мейли эле, бирок интернеттеги порносайттарга кандай сөз айтууңду билбейсиң. Алар ыймансыздыктын миң түрүн жарыялап жаштарды кызыгына тартып барат. Мисалы, "Мать и сын" деген теманы ачсаң өз баласы менен төшөктө жаткан эненин сүрөтүн көрөсүң. Ушуну менен түгөнсө кана, андан кийин атасы менен кызы, агасы менен карындашынын өнөрлөрү башталат.
Бүгүн булар жөнүндө Билим берүү министри И.Болжурова, Маданият министри С.Раев, Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттигинин директору Б.Асанов унчукпай келет. Ал турсун диний башкармалык, муфтияттагылардын да кабатыр болгон түрү жок.
Эртеби-кечпи социализм тарбиясын алып азыноолак көкүрөгүндө ыйман сактаган кишилер бул дүйнөдөн өтөт. Ошондо биздин жаштар жанагы Ленин айткан буржуазиялык жырткыч капитализмдин жапайы идеологиясы менен жашаганы турат. Андан аркысы кандай болот, айтуу кыйын.
Кылымдардан бери келе жаткан кыргыздын салты, руху, ыйманы сакталабы же кыздарыбыз европалыктарды туурап негр жигитке дүүлүгүп, жигиттерибиз баңгиликке азгырылып төшөк оюнунун айбандык түрүн өөн көрүшпөй, чет элдиктердин өнөрүнө тамшанып аларга аралашып жок болуп кетеби, муну айтуу кыйын. Анткени ошол эле Америкада жарым кылым мурда негрлер өгөйлөнүп актардын алдында кемсинип келсе, бүгүн алардын өкүлү Америкага президент болуу алдында турат.
Ал эми ак айымдар негр менен жатууну өөн көрбөй, ыракатка батып, мүчөсүн оозуна салган сүрөтүн Кыргызстанга окшош өлкөлөргө интернет менен жөнөтүп жаткан кези.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
- Замира эже, сиз менден бекер эле кызганып атасыз. Мен сиздерге эмне кылдым? Суранам, антип ыйлабаңызчы, менде күнөө жок… Андан көрө азыр Актанчикти ээрчитип паркка барып келиңиздер. Сиздер келгенче жакшы тамак жасап, үйлөрдү жыйнап күтүп турам, - деп кошоматтанган Алтынай мени үйдөн кетирип жибербесе экен деген кыязда Замирага жалдырай карады.
- Мен Замира менен паркка барбайм! Эч жакка барбайбыз, - деди Алмаз.
- Көрдүңбү, Алтынай, менин эримдин сага көзү түшүп калса керек. Паркка сени менен баргысы келип атат. "Кунаажын көзүн сүзбөсө…" дегендей, сен өзүң Алмазга кыйшаңдап койгонсуң го, - деди Замира Алтынайга.
- Замира, сенин ар бир сөзүң кыжырымды келтирип атат. Эмне, мени менен биротоло ажырашайын деген оюң барбы? Эгерде жакшынакай ажырашалы деп ойлосоң, менин жиниме көп тийбе. Же ушинте берем десең, колуңа бир тыйын карматпай туруп, көчөгө чыгарып салам. Керек болсо үйдөгү уруштун,чыр-чатактын баарына сен күнөөлүүсүң, ушундайыңда тыйылып кал, - деди.
- Сен мени сүйбөйсүң, аны башында эле билчүмүн… - деп ыйлаган боюнча Замира долулана уктоочу бөлмөсүнө кирип, керебетине жатып алды. Көңүлү чөгө түшкөн Алтынай кичинекей Актанды көтөрүп сыртка чыкмакчы болгондо Алмаз анын жанына келип, саамайынан сылап:
- Замиранын кылыгына көңүл бурбай эле кой, анын атынан сенден өзүм кечирим сурайынчы, - деп чекесинен сүйдү. Алмаздын эрди чекесине тийгенде Алтынайдын денеси дүрт этип алды. Уялып кетти.
- Кечирим сурабай эле коюңуз, көңүлүм чөккөн деле жок… - деди.
***
Замира көпкө ойлонуп жатты. Эринин кебетесинен аны менен жашай турган түрү жок экенин сезди. Алмазды Алтынайдан кызганган деле жок, атүгүл андан шектенбеди. Болгону "кыз боозуп энесин коркутат" болуп, Алмазды күнөөлөп коеюн деген ойдо болчу. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, эрин кантип кармап калыштын амалын издеп атты. Акыры, Алмаз менен кантип ажырашпастын амалын тапкандай сүйүнүп кетти да ордунан туруп, оозгу бөлмөгө чыкты. Алмаз менен Алтынай ашканада отурган эле.
- Мен силер менен сүйлөшөйүн деп келдим, - деди оор улутуна Замира.
- Эмне жөнүндө? - деп сурады Алмаз.
- Эртеңден баштап мен эч жакка чыкпайм, үйдө баланы багам. Анүстүнө Актанчик деле чоңоюп калды, эми Алтынайдын бизге кереги деле жок. Үйгө жолобойсуң деп жаман көрүп атасың, баланы багам, доктурга анда-санда өзүң ээрчитип барып турасың. Ошондуктан Алтынай, бүгүн кийимдериңди даярдап, эртең кеткенге камдана бер. Баланы жакшы бактың, бизге жакшы жардам бердиң, аныңа ыракмат. Эртең акчаңды эсептеп беребиз, - деди Замира. Мүмкүн үйдө Актанды багып эч жакка чыкпай отурсам, Алмаз мени менен ажырашалбай калат деген үмүткө жетеленди.
- Актанчикти сен Алтынайдай карай албайсың, өзүң айтпадың беле, мен шаарда өскөн кызмын, колуман мындай жумуш келбейт деп. Алтынай Актанды карагандан баштап бир да жолу ооруткан жок. Сен Актанды багып атканда эки күндүн биринде эле башы жарылып, жөтөлүп эле атчу. Ал азыр кичинекей, ага Алтынайдын багуусу зарыл, - деди Алмаз.
- Жок, бул үйдө мен кожойкемин, Актандын энеси да менмин! Баламды качан багам десем өзүм билем, Алтынайдын бизге кереги жок. Алтынай, эгерде Алмазда оюң бузук эмес болсо, эртеңден баштап бул үйдөн кет. А Алмазды бузуп, эр кылып тийип алайын десең жүрө бер, анда мен сага тозокту көрсөтөм, - деди Замира мисирейе.
- Замира эже, мени бул үйдө кичинекей Актанчиктен башка сиздердин төлөп аткан акчаңыздар да кызыктырбайт. Мен ага аябай көнүп алдым, андан алыстагым келбейт, мейли, мага акча төлөбөй деле койгула, бекер деле иштеп берем, - деп жалдырап жиберди Алтынай.
- Кызыксың го сен. Актан сенин балаң эмес. Эртеби-кечпи баарыбир бул үйдөн кетесиң, баланы жакшы көрөсүңбү, жаман көрөсүңбү, акыры анын энеси менмин го... - деди Замира.
- Ооба, эже, мен аны түшүнүп турам. Бирок, Актанчикти мен жанымдан да жакшы көрөм, билбейм эмнеге...
- Алтынай эч жакка кетпейт, Актанды мурдагыдай эле бага берет. А Замира, сен болсо кааласаң иште, кааласаң жанагы жаш ойношуңа турмушка чык, айтор, бала менен ишиң болбосун, - деди Алмаз.
- Сен Актанды калп эле бетиңе кармап, Алмаздан алыстай албай атасың. Кантип эле башка бирөөнүн баласын өз балаңдай жакшы көрөт элең. Бул жакта сени Актан эмес, Алмаз кармап атат. Эптеп Алмаздын этегин кармап, эр кылып алайын деген арам оюң бар. Биздин үйгө келгенде сен ким элең, бир тыйын акчасы жок бечера эмес белең. Эми кардың тоюп, кийимге жете баштаганда бул жактан кетпейм дей баштадыңбы? Болду, жетишет, бул үйдөн кетесиң! Бала чоңоюп калды, эми өзүм багам, - деди Замира.
Алмаз менен Замира дагы кыжылдаша түшүштү. Замиранын үйдө отуруп, Актанды багып, өзүм балалуу болом деп айтканын уккан Алмаз:
- Эртеңден калбай сен дарыланган доктурга барабыз, эгерде калп айтсаң мага таарынба, - деп эскертти. Замира ага макул болду.
Эртеси таң атпай Алмаз конок тосчу бөлмөдө уктап аткан Замираны ойготуп:
- Тур, доктурга барып келели. Андан ары мен жумушума кетем, - деди. Эч сыр бербей, керилип-чоюла Замира туруп, жууна баштады.