"Агым", 06.06.08 - 20-бет: Майкечен маек..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Майкечен маек

Гүлсина ЧОТОНОВА:
"Жандүйнөмдүн жалгыздыгын сезем"
УТРКнын "Арноо концертинин" режиссеру, "Карагыз", "Метаморфоза", "Тыянак" деген фильмдерде башкы ролдорду ойногон актриса менен маек.

- Гүлсина, тартылган фильмдериңде эмне үчүн чачыңды дайыма кыска алып жүрөсүң?
- Чачымды азыр өстүрүп атам. Эгерде чачы узун кыздын ролун сунуштап калса, узун чачтуу кыз болуп чыгам. Искусстводо бир образды жаратууда аны жагат-жакпайт деп ойлобоптурмун. Жандүйнөм ошол жарата турган образга сүңгүп кирип, улам жаңы роль ойногон сайын өзүмө тажрыйба топтоп атканыма кубанам. Эң башкысы, киножаатына аралашып, улуу инсандар менен иштешип калганыма сыймыктанам. Менин жашоомдо кинодон тапкан жакшы жөрөлгөлөрүм ошол болду.
- Чыгармачыл адам ар тараптуу болот деп коюшат эмеспи, ыр жагынан да өнөрүмдү ачып көрсөмбү деп ойлобойсуңбу?
- Достордун, тааныштардын арасында ырдап калам. Алар жакшы ырдайсың деп айтышат. Бирок, ырчы болоюн деген оюм жок. "Жаман врач болгуча, мыкты медсестра бол" деп айтып калышат го. Анынсыңарындай бир нерсенин өтөөсүнө чыккан жакшы эмеспи.
- Аялзатынын баладан башка бакыты дагы эмнеде болушу мүмкүн?
- Аялдын бактысы - өзүнүн канынан жаралган балада. Ал эми экинчи жагы, сүйүктүү жарыңдын жаныңда болушу. Андан тышкары жандүйнөнүн тынчтыгы, анын байлыгы эсептелет. Адам баласы ар дайым өзүн бактылуумун деп ойлобойт. Себеби, ар бир адамдын башына жакшылык, жамандык, кыйынчылык келет. Жакшылык болгон учурда көп байкалбайт, качан гана жамандык болгон кезде мүңкүрөп калабыз, көрсө, ошол нерсеге да каниет кылыш керек турбайбы.
- "Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар" деген макал бар эмеспи, жалгыздык деген сенин оюңча эмне?
- Үйбүлөдө мен беш уулдун арасындагы жалгыз кызмын. Шаарга 12-13 жашымда келгем. Ошол кезде жандүйнөмдүн жалгыздыгын сезгем. Эркек биртууган кыз кишинин жандүйнөсүн баарыбир түшүнө бербейт экен. А сырдашым апам алыста болчу. Мектепте окуп жүргөндө, бойго жеткенде, балалуу болгондо деле жалгыздыкты сезип келем. Ар бир адам өзүнчө жеке бүтүмдүк болгондуктан, жандүйнөдө жалгыздык болсо керек.
- Аял сулуу болуш үчүн эмне кылуу керек?
- Коомдо сулуу болуш үчүн аял таптакыр башкача өзгөрүүсү абзел. Ал эми үйбүлөдө сулуу болуш үчүн ал сүйүктүү жар, мээримдүү эне болушу керек. Мындан ашкан сулуулук жок.
- Көчөдө денесин саткан кыздарды көргөндө кандай абалда болосуң, бооруң ооруп аяйсыңбы же?..
- Коомдогу ушундай жат көрүнүштөрдү көрсөм да байкабаганга, көңүл бурбаганга аракеттенем. Биздин кыргыздын кыздары азыркы заманда жакшы жагынан деле чыгып атпайбы. Ал жагын эстегенде жандүйнөң куурулуп кетет, мамлекеттик идеология, патриоттуулукту, кыргыздын тарыхый инсандарын үгүттөө көбүрөөк керек. Антпесе, жүрөгүңдү оорутуп, ыза кылган нерселер көп.
- Жашоодо кайсы макалды көп колдоносуң?
- "Жетесизди жетелесең болбойт" дегендин философиялык мааниси чоң. Кыргыздын жаштарынан, келечегинен көп нерсени үмүттөнсөң болот. Жанагинтип көчөдө денесин сатып жүргөн кыздардан, кыйналып аткан үйбүлөдөн башка жакшы жагын караганда, кыргыз экениңе сыймыктанган учурлар да көп.
- Кыргыздын жакшы нерселерин көргөндө сыймыктанам деп атпайсыңбы, а кайсы жагын көргөндө намыстанып, арданып кетесиң?
- Көп эле нерсесине арданам, намыстанам. Азыркы чыгып аткан деңгээли төмөн ырларды укканда, тарыхка көңүл бөлгөндү токтотконубузга, көчөдө кайыр сурап жүргөн кичинекей балдарды көргөндө арданам. Кыргыз жигиттердин мас болуп көчөдө жатканын, таштандыларды чукулап тамак издеп жүргөндөрдү көргөндө эмне деп ойлошту да билбей кетем. Андан тышкары, пикет-митингдерде аялдардын топтолуп алышып, ызы-чуу салышынан уялам.
- Азыркы учурда армияга кызмат өтөөгө кыздар да бара башташпадыбы, буга кандай карайсың?
- Мурда, мектепте окуп жүргөндө армияга жоокер болуп барганды абдан жакшы көрүп, кыялданчубуз. Бирок, азыр мен ага каршымын. Аял деген балдарынын маңдайында, жарынын жанында болуш керек. Эгер Атамекенди коргоого туура келип калса, андан качпайм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА










??.??