"Агым", 06.06.08 - 2-бет: Тагаев таза эмес дейби?..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Тагаев таза эмес дейби?
Оозуңа аш! Бирок жаңы дайындалган, баса айтабыз, жаңы дайындалган ЖК төрагасы Айтибай Тагаев жөнүндөгү сөз чагылгандай тез тарады. "Де-факто" гезити "№1 террорист" деп алдыңкы бетине чыгарды. Алардын факт жүзүндө айтканына ынансак, бу киши деле акчанын күчү менен арылдаган "арстан" өңдөнөт. Анын өпөң-чычаңын биздин журналисттер изилдей баштады.

Турсунбек Турсунбайга айланганда
Акыйкатчы Турсунбек Акун айылына барат. Мектеп окуучулары гүл кармап, шаан-шөкөт менен тосуп алат. Балдарды көрүп эрдемсип кеткен Акун "мени тааныйсыңарбы?" дейт. "Тааныйбыз." "Киммин?" десе, "Турсунбай Бакир уулу" дешиптир. Акун айкырып ийе жаздады дейт.

Кыдык Исаев кыр көрсөтүп атыр
Ысыккөл губернатору Кыдык Исаев атбашылык орус бизнесмен Коваленко менен Чолпонатага жаңы базар куруп, "Элнуру" базарын санэпидстанция, салык кызматкерлерин айдактап жаптырып, сатуучуларды өз базарына күчтөп киргизүүдө. Сатуучулар Акүйдүн эшигин кагып, арыз-муңун төгүшүүдө.

Сүткө оозу күйгөн - айранды үйлөп ичет
Өткөн жумада аз жерден спикер боло кала жаздап, анысын алдын-ала жууп жиберип бирок президенттин "күтүлгөн күтүүсүз" жүрүшүнөн кийин оозу күйүп калган депутат Ажибай Калматов кечээ "Акжол" фракциясынын төрагасынын орунбасары болуп шайланса да, эми өз көзүнө, өз кулагына ишенбей жатабы, айтор "жуубайм" деп көшөрүп туру. Тайманбай эле жууй бериңиз, мырза Ажибай, бекидиңиз!

Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат
Жаңы спикер А.Тагаев жаңыча шыпыра баштады. Биринчи, экс-спикер аппарат башчысына, иш башкармалык башчысына кызматтык "Тойота Камрини" мингизип, анан өзүнүн "Мерседес-500" машинеси бар экенине карабай, дагы бир "Тойота Камрини" алып алган экен. Тагаев бул үч машинени тартып алып, жөө жүргөн депутаттарга берди. Экинчи, Мадумаров өз кабылдама астына төрт милиционерди кайтартып койгон эле. Булар жылына 360 миң сом айлык жейт экен. Муну алдырды. Үчүнчү, ЖК аппарат структурасын өзгөртүүгө аракеттенүүдө. Мадумаров "Акжол" фракциясынын жыйынына келчү эмес. Тагаев такай келип жатат. Ушундай жаңылыктарга депутаттар таңгалып атыр дейт.

Чолпон эже обон соз-гондо
Депутат Осмонбек Артыкбаев өткөн-дө Токтогулдун Чычканына экология кодексин талкуулайбыз маанисинде депутаттарды баш кылып, калың конок чакырган. Кодекс жарым күн талкуу болуп, калганы эс алууга арналган. Жылкы союлуп, эт бышкыча эки саат бою Чолпон эже обон созуп, эски ырларды ой-да ырдаптыр.

Алишер үйлөнөт
Жаш, бойдок депутат Алишер Мамасалиев кыргыздын Асел аттуу сулуусун сүйүп, "Дасмияда" 14-июнда той берет. Депутаттарды үлпөткө чакырды. Казы-карта коюлуп, ыстакандар кагышып, ыр-чоор уланат.




  Миң түркүн... адам

Дастан САРЫГУЛОВ
Бу жарыктык киши кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 6 миң жылдыгын айтып баш оорутпай, кечээ кыргыз алтынын кантип чачканы же чачышканы тууралуу айтып берсе болмок.

Акылбек ЖАПАРОВ
Урматтуу министр жөнүндө айта берип акылыбыз айраң болду. Кечээ "Де-факто" гезитине "кыргызстандыктар сырткы карызды бир жылда жеп-ичип, көңүл ачып коюшту" деп чыкты. Акаев системасын актайт деген ушу: 2 млрд. долларды бийлик алдым-жуттумдары эмес, Жапаров эмес, сизиң менен бизиң жеп коюптурбуз.

Турсунбек АКУН
Жаңы Акыйкатчы өз кызмат штатымдан 60 адамды айдадым, ошону менен мамлекет казнасына 2 млн. сом үнөмдөдүм деп рапорт берип атыр. Демек, Кыргызстанда адам укугунун бузулушу 60%га азайды десек болобу?..

Нурлан СУЛАЙМАНОВ
Транспорт жана өнөржай министрликтин, асыресе анын жолбашы Нурлан Сулаймановдун ишмердиги тууралуу сын материал жарыялаганбыз. Анын ак-көгүн териштирүү атайын кызматтардын иши болчу. Бирок министрлик унчуккан жок. Лейлек районунун ардагерлеринен аны актап-жактаган кат түштү. Өкмөт, ал маселени изилдөөгө милдеткер мекемелер эмне дээри белгисиз. Ошондуктан күтө туралы, кадырман карылар!

Нурлан МОТУЕВ
"Бешсарынын" берени, атактуу олигарх Камчыбек Жолдошбаевди жонго чаап тургус кылдым деп кыргыз кыйырына жар салды. Жолдошбаев болсо бул криминал өкүлү Каракечеге эмне болуп "кожоюн" алалганын көзгө сая көрсөтөм деп атат имиш.

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ
Гумжардамдарды жеп койгон деп айыпталган. Облгубернатор кызмат ордунан оодарылган. Ал туура эмес маанисинде биртоп айбат көрсөтүмүш болгон. Анан... оозун басып, "Кател" дейби, бир жерде иштеп жатыптыр.

Юруслан ТОЙЧУБЕКОВ
Өзүнүн өмүр бою каршылаш "досу" Дастан Сарыгулов кыргыздын 6 миң жыл мурдагы тарыхын изилдеп атат. Юруслан Тойчубеков кечээ Баткен элинин биртике ырыскысын кантип, кимдер майкандаганын айтып берсе болмок.










??.??