"Агым", 06.06.08 - 18-бет: Айланбас жердин айланма жаўылыктары..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



РОССИЯ. Кечээ президент Дмитрий Медведевдин Германияга болгон биринчи иш сапары башталды. Анын жүрүшүндө Россия президенти Германия канцлери Ангела Меркель, ФРГ президенти Хорст Келлер жана тышкы иштер министри, вице-канцлер Франк Вальтер Штайнмайер менен жолугушуп, стратегиялык стабилдүүлүк, РФ-Евросоюз маселеси жана боло турган саммит ишин талкууга алат.

ГУАНТАНАМО. Террористтердин атайы түрмөсү жайгашкан америкалык базада 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болуп өткөн теракттын беш уюштуруучусунун үстүнөн сот иши башталат. Башкы күнөөкөр Халид Шейх Мохаммед тергөө учурунда "Бул операциянын өтүшүнө башынан аягына чейин мен жоопкер болгом" деп билдирген. Айыптоочу тарап Халид Шейх Мохаммед жана анын төрт жардамчысын өлүм жазасына тартууну талап кылып жатат. Ал эми укук коргоочулар террористтердин теракт уюштурууну моюндагандыгы эсепке алынбашы керек деп билдири-шүүдө, анткени, алардын сөзү боюнча кылмышкерлер кыйноонун натыйжасында гана күнөөнү моюндоого аргасыз болушкан. Нью-Йорктогу ири теракт 2973 адамдын өмүрүн алып кеткен.

ПАКИСТАН. Өлкөдөгү Дания өкүлчүлүгүнүн жанындагы 8 адамдын өмүрүн алып кеткен жардыруу жоопкерчилигин эларалык "Аль-Каида" террористтик уюму мойнуна алды. Уюмдун билдирүүсү боюнча, бул жардыруу Дания басылмаларында жарык көргөн Мухаммедди шылдыңдаган карикатураларга жооп иретинде болду. "Аль-Каиданын" лидерлеринин бири Мустафа Абу аль-Язиддин колу коюлган билдирүүдө Дания бул мазактоочу карикатуралар үчүн кечирим да сураган эмес.

АНГОЛА. 5-сентябрда 16 жыл аралыгында биринчи жолу парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынды. Тиешелүү директива өлкө башчысы Жозе Эдуардо душ Сантуш тарабынан чыгарылып, Анголанын улуттук радиосунан маалымдалды.

ИРАК. Багдаддын борбор бөлүгүндөгү жардыруудан 6 адамдын өмүрү кыйылып, 15 адам жараат алган. Алынган маалыматтар боюнча, жанкечти полиция патрулунун жанына келип, өзүн жардырып жиберген.

КАЗАКСТАН. Парламент депутаты Сат Токпакпаев борбор шаарга өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин атын ыйгаруу сунушун киргизди. Анын айтымында, Астана шаары Нурсултан деп аталышы керек. Анткени, Назарбаев Казакстанды, өзгөчө Астананы бутуна тургузуп, өнүгүшүнө чоң эмгек-күч жумшаган. Нурсултан Назарбаев мамлекетти 19 жылдан бери башкарып келатат. 2007-жылы өлкө парламенти Назарбаевге президенттик шайлоого каалаганча катыша берүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган өзгөртүүлөрдү баш мыйзамга кийирген.

ОЛИМПИАДА. Эстафета оту Мао Цзедундун кичи мекени Хунань провинциясына келди. Ал Кытайдын белгилүү 208 адамынын катышуусунда өтүп жатат. Ал эми шейшемби күнү өткөн Эларалык Олимпиада Комитетинин жыйыны 2016-жылы Олимпиаданы өткөрүүчү талапкер-шаарларды атады. Алар - Чикаго, Мадрид, Рио-де-Жанейро. 2016-жылдын жайкы оюндарын өткөрүүгө төрт континентте жайгашкан жети шаар: Баку, Чикаго, Доха, Мадрид, Прага, Рио-де-Жанейро жана Пекин расмий билдирүү берген.




  Дүйнөкүн


АЧДҮЙНӨ. Дүйнөдө 850 миллион адам ачкачылыктан жабыр тартууда. Анын 820 миллиону - климат өзгөрүүсүнөн жабыр тарткан өлкөлөрдүн калкы. Жүрөктүн үшүн алган мындай маалымат 3-июнда Рим шаарында ачылган БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун конференциясында айтылды. Ачкачылык себеби ондон ашык фактор менен шартталат: жер, суу ресурстарынын арыкташы, элдин санынын көбөйүшү ж.б. Эгер баанын көтөрүлүшү менен азык-түлүктүн жетишсиздиги улана берсе, жакын арада бул көрсөткүч 1 миллиард адамды түзөт.

БАЙДҮЙНӨ. Блэклоптогу үй-жайсыз, кары адамдарды багуучу мекемени башпаанектеген британиялык бомж Герберт Плант лотерея оюнунан 2,6 миллион фунт стерлинг утуп алган. Кокусунан ээ болгон байлыгына карабастан, 49 жашар Плант баш калкалап жашаган жеринен кетпей тургандыгын билдирди. Ал биринчи кезекте акчасына машине сатып алууну, уулунун кредитин төлөөнү жана футболдук оюнга барууну көздөөдө. Ал эми калган каражатты кандай пайдаланууну азырынча билбейт. Герберттин айтымында, ал эч качан мындай утуштарга олуттуу көңүл бөлгөн эмес. Болгону уулун дүкөнгө жумшап жатып, аксатып алган лотерея жыйынтыгын карай келчи деп тапшырма берген.

ТАҢДҮЙНӨ. Сауд Арабиясынын 10 жашар тургуну өзүнөн бир жаш улуу жээнине үйлөнгөн. "Аль-Жазира" гезитинин маалыматы боюнча, үлпөт той Аль-Ашкар кыштагында өткөн. Алардын мындан ары мектепке барар-барбасы белгисиз. Болгону жаш күйөө ата-энесинин анын үйлөнүшүн көптөн бери каалап жүрүшкөнүн жана ата-эне тилегин орундатууга мүмкүнчүлүк берген Кудайга ыраазы экендигин билдирди.

ЖИНДҮЙНӨ. Грецияда алгачкы жолу бир жыныстагы адамдардын никеси катталган. Эгей деңизинин Тилос аралында 3-июнь күнү эки аял жана эки эркек бири-бири менен үйбүлө курушкан. Алардын нике каттоосун мэр Анастасиос Алиферис өткөргөн. Мындай үйбүлөлөрдүн жаралышына Греция Жогорку сотунун прокурору Георге Санидос каршылыгын билдирип, мыйзамга туура келбейт деген. Бирок үйлөнүүчүлөр 1982-жылдын баш мыйзамында мындай иш-аракетти жүзөгө ашырууга уруксат берген жобо таап алышкан. Алардын никесин каттаганы үчүн Тилос аралынын мэри сот жообуна тартылышы мүмкүн. Бирок мэр "адам укугун коргоп аткан адамды сот жазалап жиберерине ишенбестигин" билдирди.

МАСДҮЙНӨ. Архангельск шаарында 42 жашар Елена Завьялова небересин өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен 8,5 жылга эркинен ажыратылды. Прокуратуранын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 28-январында, кыштын кыраан чилдесинде мас Елена 8 айлык небереси Станиславды жыпжылаңач боюнча ачык терезеге жаткырып койгон. Бала болжол менен ал жерде 40 мүнөттөй жаткан. Андан кийин чоң эне аны алып туруп, экинчи кабаттан ыргытып жиберген. Колдоочусу барбы, ымыркайды капыстан көрүп калган кошуналар тосуп алышат. Наристеге катуу суук тийип, ооруканада. Мындан кийин денсоолугунун абалы кандай болот, белгисиз.

www маалымат булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева




  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Алдап, алакчылообу же...
Үйдөн жок же Чүйдөн жок болбогула
Алмагүл кырк бештердеги келин. Күйөөсү, эки кызы, күйөөсүнүн мурдагы бүлөсүнөн ээрчите келген уулу болуп чогуу жашашат. Алмагүл өзү базарда иштейт. Сыртынан билинбеген менен анын турмуш жолу түз түшпөдү. Биринчи үйбүлөсү турмуштун түрдүү сыноолоруна туруштук бералбай, бир кыздуу болгон соң ажырашып кетишкен. Кызы Гүлайна бой жетип, азыр студент. Бирок ал энесинин азыркы үйбүлөсүнө нааразы. Бой жеткен кыз нааразылыгын билгизбей эле жүрө бермек, эгер энеси жашап турган бир бөлмө квартираны азыркы күйөөсүнүн, кайындарынын тилине кирип "сатам" дебегенде. Анткени энеси күйөөгө тиелектен мурда ал квартираны кызына энчилеп жүргөн. Энеси экинчи күйөөгө тийгенден кийин дагы бир кыз төрөп, ал алтыга карады.


Алмагүлдүн бир бөлмө квартирадан башка өзү чуркап жүрүп алган, шаардагы жаңы конуштардын биринде жер участогу да бар. Аны да сатып, ордуна кандайдыр бир дүкөнчө же павильон алсамбы дегени да кызына жакпайт. Гүлайнанын ою боюнча, өгөй атасы квартираны, жерди саттырып, энеси экөөнү куржалак калтырганы жатат. Алмагүлдүн күйөөсүнүн айылында үйү бар, аны уулуна берем деп энчилеп жүргөнүн да кыз билет. Кийин карыганда ошо жакка барып жашайбыз деп энесин сооротуп жүргөнүн да уккан. Кыздын ою боюнча, мурда күйөөсү жокто энеси экөө жакшы жашашчу, ал пайда болгону өзү эч нерсе кылбастан тигини сат, муну сат дегени, эркек кишинин энеси экөөнүн үстүнө кирип жашаганы жакпайт.
Алмагүл төрт биртуугандын улуусу, биртуугандары да көзү барда "квартираны сатсаң өзүң бил" дешкени менен өз ара калганда "сатпаса ырас болот эле" дешет. Алар да Алмагүлдүн күйөөсүнө, кайындарына ишене беришпейт. Эгер квартира сатылса, кайда барып жашашат, бул жагы аларды көп ойлонтот. Өз кызынын айтканын укпай жатканы, улуу болсо да биртууганынын жеңил ойлуулугу, анын мындай мүнөзүн билген күйөөсүнүн үйдү сатууга мажбурлап жатканы, Алмагүлдүн биртууган сиңдисин редакцияга кайрылып, кеңеш суроого аргасыз кылган. Балким чоочун адамдар кеп-кеңеш айтса угаар дешет.
Мындайда эмне айтууга болот? Эң башкысы, бул үйбүлөдө бири-бирине болгон ишенимдин жоктугу. Кызынын, биртуугандарынын Алмагүлдүн күйөөсүнө ишенбегендиги. Демек, ал ишенбөөгө, шек саноого себепкер болуп келген. Азыркыдай кымбатчылыкта үйдөн айрылып калсак кандай болот деп кызынын чырылдаганы да туура. Бирок энеси бир кезде үй сеники болот деп коюп, кайра сатам дегенинен ал келечекте өзүнүн үйсүз кала турганы үчүн күйүп-бышып жатабы деген да ой келбей койбойт.
Ар бир үйбүлөнүн өзүнүн сыры, жакшы-жаман жактары болот эмеспи. Ошентсе да бул үйбүлөнүн жөнөкөй эмес кырдаалда турганы түшүнүктүү. Урматтуу окурмандар, Алмагүлдүн туура чечим кабыл алышына кеп-кеңеш беребиз десеңиздер, редакцияга кайрылыңыздар.

Аскер САКЫБАЕВА