"Агым", 06.06.08 - 16-бет: Апта астрологиясы..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

9-июндан 15-июнга чейин
Кой (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымы пикир алышуу, достор менен жолугушуу үчүн ийгиликтүү. Сейилге, болбосо иш сапарга чыккан маалда көп адамдар менен таанышышыңыз мүмкүн. Олуттуу маселелрдин чечилиши үчүн жоопкерчилигиңиз талап кылынат.
Букачар (21.04-21.05)
Соода-сатык үчүн ийгиликтүү мезгил. Аптанын экинчи жарымында каражатка байланыштуу иштерди пландаштырбай турганыңыз оң. Шашмалыгыңыздан улам көп катачылыктарды кетирип, чыгым болосуз. А көрөкчө аброюуңуздун бийиктешине кам көрүүңүз керек.
Эгиздер (22.05-21.06)
Эгер келбетиңизге кам көрүп, айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кааласаңыз, жуманын биринчи жарымы ылайыктуу учур. Аптанын экинчи бөлүгүндө өжөрлүгүңүздөн улам кадыр-барктуу адамдар менен пикир келишпестиктерге барышыңыз мүмкүн.
Бөйөн (22.06-23.07)
Аптанын биринчи жарымы жандүйнөнү эс алтуу үчүн ылайыктуу мезгил. Жалгыз болуп, ички санаркоолордон арылууңуз керек. Апта аягында алыс жолго чыгуу кооптуу. Андан көрө убакытты өзүңүзгө бөлүп, терс адаттардан кутулууга арнасаңыз болот.
Арстан (24.07-23.08)
Жакын досторуңуз менен мамилени жөнгө салуу үчүн жуманын биринчи бөлүгүн тандасаңыз болот. Жылуу мамилеңиз, өткүрлүгүңүз эски таарынычтарды унуттуруп, досторуңузга да жагымдуу маанай тартуулайт. Болгону денсоолукка кам көрүүнү унутпаңыз.
Бийкеч (24.08-23.09)
Популярдуулугуңуздун өсүшүнө өбөлгө түзчү шарттар пайда болот. Маданияттуулугуңуз, билимиңиз менен сизди курчаган адамдардын ишенимине оңой киресиз. Апта аралыгында белгилүү инсандар менен жолугушууңуз ыктымал. Өзүмчүл болбоңуз.
Тараза (24.09-23.10)
Келечекте кереги тие турган адамдар менен таанышасыз. Чыгармачыл адамдарды, илимпоздорду ийгилик күтөт. Аптанын экинчи жарымындагы ишмердүүлүгүңүздүн сапаты жогорулап, кесиптештер арасында чоң кадыр-баркка ээ болосуз.
Чаян (24.10-22.11)
Жеке мамилелериңизди жөнгө салуу үчүн ийгилик-түү апта. Жуманын экинчи бөлүгүндө кумар оюндарына кызыгууңуздун көчүшөнү карабастан, андан алыс болуу керектигин унутпаңыз. Каражат маселеси, финансылык абалыңыз олуттуу мамилени талап кылат.
Жаачы (23.11-21.12)
Жеке жана ишмердүүлүк мамилелердин өрчүшү үчүн ылайыктуу убакыт. Компромисске баруу жөндөмүңүз менен чечкиндүүлүгүңүздөн улам мамилелерди мындан да жогорку деңгээлге чыгара аласыз. Өнөктөштөрүңүздүн да көзкарашы менен эсептешүүнү унутпаңыз.
Текечер (22.12-20.01)
Денсоолук маселеси тынчыңызды албашы үчүн врачтарга өз убагында кайрылуу керек. Оорунун өзүн дарылагандан көрө, анын алдын алган жеңил эмеспи. Ушак-айың сөздөн алыс болуңуз. Туура эмес маалыматка ээ болуп калышыңыз мүмкүн.
Суу пери (21.01-19.02)
Романтикалуу окуяларга бай апта. Чыгармачылыгыңызга олуттуу көңүл буруу зарыл. Аптанын экинчи жарымында көңүл ачууга, кымбат баалуу буюмдарга кызыгууңуз артат. Акчаны обу жок сарптоо материалдык абалыңыздын начарлашына апкелет.
Балык (20.02-20.03)
Үйбүлө мүчөлөрү, жакын туугандарыңыз менен алаканы оңдоого тийишсиз. Көбүрөөк көңүл буруп, ал-абалдарына кызыгуу жаратуу зарыл. Аптанын экинчи бөлүгүндө өзүңүздү үй шартында абдан ыңгайлуу сезесиз. Соода-сатык үчүн ылайыксыз мезгил.




  Табак тартылды, бирок...

Жазуучулар жаман абалда

Улуттук интеллигенциянын ичинен жазуучулар кыйын абалда. Жазгандарына гонорар алышпайт (бул адамдын, автордук укуктун бузулушунун жеткен чеги), жазса акчасы жок чыгара албай көрүнгөнгө жалдырашат. Китептерин эптеп карызга чыгарса сата алышпайт. Сата турган, китептерди тарката турган мамлекеттик система талкаланган, китеп дүкөндөрдү, китеп базарларды алдым-жуттумдар эчак абийирсиздик менен менчиктештирип алган. Карызга белчесинен батып чыгарган китептеринин бетачарын, чакан адабий кечелерин өткөрөйүн десе маданий борбор жок. Чоң залы бар маданий очоктор очойгон аренда акы сурашат. Борбор шаардагы "Алатоо" кинотеатрынын жанындагы сүрөтчүлөр галереясынын жанына катарлаш китеп павильонун салып бергиле, авторлор китеп жарманкесин, автордук кечелерин өткөрүшсүн, китептерин сатышсын деп мэриядан, маданият жана маалымат министрлигинен жалынып-жалбарып суранып жүрүп тил тешилди. Убада, иттен чыгаруу бар, аткарылган иш жок. Адабиятты, маданиятты жаратуучулар томаяк болушту, айласы куруп турушат.
Кыргыз китебинин чыгышы, таркатылышы кудум кыргыз турмушунун өзүндөй. Авторлордун окурмандар чөйрөсүн кеңейтиш үчүн, өзгөчө студенттерге, илимпоздорго, кызыккандарга шарт түзүү үчүн кыргызча чыккан китептердин электрондук вариантын интернетке түгөл киргизүү зарыл. Бул үчүн атайын мамлекет каржыласа, бир кылымдык тарыхы бар Улуттук китепканадагы, палатадагы кыргызча китептерди интернетке толук киргизсек, 2010-жылга чейин кабыл алынган улуттук программага туура келмек. Муну мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу абдан зарыл. Ошондо келечек муун бизге ыраазы болмок. Ким кааласа издеген китебин интернеттен таап, керектүү жерлерин көчүрүп алышмак, колдонмок. Колдон келсе, азыртадан кыргыз сөзүн интернетке максималдуу киргизгенге аракеттенүү керек. Ал үчүн бийлик мамлекеттик сайттан кыргыз китептери үчүн код, сайт берип интернеттештирүүнү мамлекет атайын каржылашы зарыл.
Кален СЫДЫКОВА
Редакциядан: Биз Кален айымдын айрым пикирине кошулабыз. Ошолеле учурда коммунисттик эмес, башка заман, рынок экономикасы шарттарын да эске алуу зарыл. Мисалы, өтө гениалдуу чыгарма жазган киши аны чыгарган басмаканадан гонорар доолоого толук акысы бар. Мамлекет аны толук мыйзамдаштырып берген. Экинчиден, маданият кызматкерлери, Жазуучулар мамлекеттен эң биринчи эмнени талап кылат? Министрлик ачып бер дейт, жазуучулар союзунун чиновниктерин көбөйт, бак дейт. Акыбал ушундай. Мамлекет маданият, адабият чиновниктерин көбөйттү, аларды багып агат. Ошолордон сурагыла. Анткени өзүңөр талап кылгансыңар, мамлекет аткарган.