"Агым", 06.06.08 - 13-бет: Бєбєк болуш оўой эмес..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бөбөк болуш оңой эмес

Ыктымалдык теориясы боюнча бала төрөлүшү дээрлик мүмкүн эмес! Жашоодогу кичинекей, бирок чоң маанидеги укмуш окуя болушу үчүн бир учурда миңдеген кокустуктардын дал келиши керек. Канткен менен, жер шарында ар бир мүнөт сайын 153 аял кош бойлуу экенин билет. Алардын үчтөн бири - "Кудайдын бергенине" таптакыр кубанышпайт. Социологдор күтүлбөгөн наристелер Азияда көп төрөлөт дешет. Ошого жараша, таштап кеткендер жылдан жылга көбөйүүдө.
Бүгүнкү күндө "күтүлбөгөн" наристелерде "казыналык", үстүрт балалык өткөрүү коркунучу жок. Акыркы учурларда республикабызда үйбүлөлүк түрдөгү балдар үйлөрү көп ачыла баштады. Мамлекеттик тарбиялоочу жайлардан башкы айырмасы - кенедей маянага иштеген түнт тарбиячылардын жоктугунда. Үйбүлөлүк балдар үйлөрдө жандили менен балдарга берилип иштеген энелер бар. Өз - өгөй деп эч кимди бөлүшпөйт!
Бирок адамдык жылуулук кышкы суукта балдарды жылыта албайт, пейилдин кенендиги курсактарын тойгузбайт. Балдар чыныгы материалдык жардамга муктаж. MegaCom компаниясы Орловка шаарчасындагы "Нурмээайса" үйбүлөлүк балдар үйүнүн наристелерине биринчилерден болуп жардам сураган кайрылуусуна сезимталдык менен жооп кайтарып, балдар үйүн канатынын алдына алды. Албетте, Балдарды коргоо күнүн уюлдук оператордун кызматкерлери кичинекей достору менен шаңдуу белгилешип, мейманга Сокулуктагы "Балдардын досу" балдар үйүнүн тарбиялануучуларын чакырышты. Балдар жомоктогудай күн өткөрүштү: "Фламинго" паркында сейилдеп, селкинчектин түрүн тээп, балмуздак, оюндар, ачык жаратылышта даамдуу түштөнүп, жарыштар, кызыктуу эстафеталар, сыйлыктар - айтор кичине бала кыялданган баардык нерселер болду.
"…селкинчек, андай теппей мындай теп!"
- Рада, желим тоого барсак болобу? Асел, биздин билеттер кимде? Биз суудагы кайыктарга түшөбүзбү? - жаш балдар MegaCom кызматкерлерине жарыша суроолорун жаадырышты. Бул кыздарды эки жылдан бери жакшы таанышкан балдар өз эжелериндей жакшы көрүшөт.
Мында таңгаларлык эч нерсе жок, болгону уюлдук оператордун өкүлдөрү дал ушундай мамиле көрсөтүшөт. Ушунда да кыздар кичине балдардын башына күн өтпөсүн деп, камкордук менен MegaCom логотиби түшүрүлгөн ак кепкаларды кийгизип, анан ойногонго жиберишти. Сырттан бул шайыр топ ак белгиси бар жашыл гномиктер эскимо чайнап, парктын ар тарабына тарагандай көрүндү.
Жаш "десант" биринчи чабуулун батут шаарчасына жасады. Үйрөнчүк акробаттар не деген укмуштарды көрсөтпөдү! Алардын жыргалы ушунчалык жугуштуу болуп, алардын жалпы "энелери" да балалыкка кайрылып, батутка чыгышты!
Ал эми түстүү селкинчектерге улуу-кичүү дебей бардыгы чогуу түшүп, кыткылыктап үн сала, бетке урган жел кепкаларын жула качты. Аттракциондорго болгон талондордун бардыгы сарпталгандан кийин кепка-панамкачан команда парктын борборуна чогулуп, балмуздактын экинчи порциясына киришти. Таттуу беш мүнөттө жок кылынып, кичине тентектер жүзү шоколад түсүнө боело түштү.
- Илона, пойдем мыться! Kate, let's go! Анара, мага жооп берсин! - деп, үч тилде өз балдарына жалпы энеси Шэрол Макфал кайрылды. Жолдошу Авэн экөө Сокулукта "Балдардын досу" үйбүлөлүк балдар үйүн ачышкан. Менин суроомо алдынала жооп кайтарды:
- Биз балдарыбыз менен үч тилде сүйлөшөбүз, чет тилдерде эркин сүйлөшсө кийин жакшы жумуш таба алышат да. Бирок биз сөзү жок эле түшүнүшөбүз, анткени балдарды тил менен эмес, жүрөк менен тарбиялоо керек.
Аңгыча "Нурмээайса" балдары да жөн турушпай, кичүүрөктөрүн жуундуруп, көлөкөгө чогултуп, майрамдын экинчи бөлүгүнө камынып турушту...
Достук жеңди!
Ынтымактуу топ жашоо ыракатын улантканы "Сейил" жаратылыш паркына узады. Тоонун таза абасы, көк шибер, булактын мөлтүр суусу - наристелер үчүн мындан артык эмне болсун? MegaCom тез уюштура койгон түштөнүү эмеспи. Дасторконго жайылганды тез эле бүтүрө коюп, балдар шиберге жатып күнгө кактана кетишти.
- Биз жыргалдан тажадык, - деп өтө тың Ванька уюштуруучуларга угуза айтты.
Бөбөктөргө күч топтогонго 15 мүнөт эле жетиштүү болду. Баардыгынын көңүлүн алуу үчүн жаш боюнча 2 топко бөлүүгө туура келди: улуурактарына - эстафета, конкурстар, кичүүлөрүнө - Клоун, Каракчы менен Белоснежканын катышуусундагы театралдаштырылган жомок.
Өспүрүмдөр кимиси шамдагай, күчтүү, ыкчам экенин чечишкиче, жомок каармандары менен оюн салганын сүрөткө тартканы жөнөп калдым. Камера көзү менен бөбөктөрдүн өткөн жашоосун табууга аракет кылдым. Мына, кызыктуу Элти аттуу бала өзүнүн жаңы энесин тапканча жол жээгинде, маршруткаларда самсаалаган жашоо өткөргөн. Өтө кичине болгондуктан, аты ким экени да эсинде калган эмес. Татынакай Илона оң колу бираз начар иштегени үчүн эле өз энесине кереги жок болуп, ооруканага таштап кеткен. Кичинекей Анараны эки иниси менен энеси багалбай калдым деп Шэролго өзү ээрчитип келген. Кичине кыз тарбиячысынан бир кадам да узабайт, ушундан улам аны баары "мамсик" деп эркелетишет. Мен чынында таштап кеткен балдардын көздөрү кандай болорун билем, ал көз караш - бул нур жанган, көңүлү ток бөбөктөрдүкүндөй эмес. MegaCom директору Андрей Силич да ушуну ойлогон чыгар. Ал балдарды майрамы менен куттуктаганы атайы келип, көпкө алардын кубанычын байкап турду.
PS ордуна
Ооба, балдар үйү наристе жаштайынан сынып, же тескерисинче, курчуп, өз алдынча бутка турган жер. Кайталагым келет, болбогон маянага эмгек өтөгөн мамлекеттик кызматтагы тарбиячынын наристенин жандүйнөсү менен иши болбосо керек. Өз балдарын тыңыраак багып алса кана.... Албетте, алардын арасында да жакшы адамдар кездешет, бирок чанда гана.
Бул балдардын чындап бактысы бар, өз ата-энесин боорукер, жакшы адамдар жоктотпой, ордун толтурган, ӨЗ БАЛАСЫНАН адам кантип аянсын? Бөбөктөр болсо жан дүйнөсү менен чын дилден чыккан боорукерликти жасалмадан айырмалап, сезип турушат да. Алар кубанганда ыр ырдашат. Майрамдын соңу да ыр менен жыйынтыкталды. Чарчаңкы, бирок көңүлү ток 67 балдар-кыздар MegaComдогу досторуна төмөнкүдөй ыр арнашты:
Ты да я, да мы с тобой -
Хорошо, когда на свете
есть друзья.
Если бы мы были в одиночку,
То давным-давно на кусочки
Рассыпался мир, как песок.
Кирүү акысыз: кааласаңар SMS аркылуу, кааласаңар жөнеле!
Өткөн жекшембиде, 1-июнь күнү "555" командасы Балдарды коргоо күнүнө карата дагы бир акция өткөрдү. Бул жолу SMS аркылуу чакыруу алышкан ата-энелердин балдары үчүн болду. Театралдаштырылган жомокту чакырылган меймандардан сырткары VefA Center де жайгашкан MegaCom тейлөө борборунун жанындагы бардык каалоочулар көралышты.
Таттуу момпосуйлар жана шайыр сынактарга толгон майрамда балдардын көңүлүн Карлсон, клоун Сержик, Кызыл топучан кыз жана Чокчолой баатыр көтөрүп жатышты.
Майрамдык шоу салт боюнча белек таратуу менен аяктады. Эң шамдагай көрүүчүлөр өз келечегин тандап, келечегине кам көргөндөр үчүн MegaCom компаниясынын логотиби түшүрүлгөн кепкаларды, жумшак оюнчук, топторго ээ болушту.
Андан сырткары, MegaCom компаниясынын Бишкек жана Ош шаарларындагы абоненттеринин демилгеси боюнча 28-майдан 6-июнга чейин балдар үйүнө кийим-кече, оюнчук жана китептерди жыйнап берүү өткөрүлдү. Эгерде сиздер 6-июнга чейин жетишпей калсаңар да, буюмдарды каалаганда апкелип тапшырсаңыздар болот. Бардыгы сөзсүз Ош шаарындагы "Боорукердик" жана Орловкадагы "Нурмээайса" балдар үйүнө тапшырылат.









??.??