"Агым", 06.06.08 - 12-бет: Кербен жолдон кеп кетти..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кербен жолдон кеп кетти...

Жарыктык ааламынан Жарык издеп...
Агым
(Сөз эркиндиги)
Суунун агымы токтобойт. Мейли ал толкуп-ташсын, мейли ал мелмилдесин - агымы токтобойт.

Көрдү эмес, өрдү көздөгөн "Агым" да дал ошол бирде тунук, бирде киргил агын суудай агып келатат. А суу жээкте турган адамдар эмне кыларын өзүңөр билесиңер: таш-топурак ыргытат, чөп-чар салат, түкүрүнөт, какырынат, сөзүн да, көзүн да тийгизет. А бирок кирдеген суу акыры тунат, аккан сууну бул жагынан тоссо, тигил жагынан, тигил жагынан тоссо, бул жагынан жиреп чыгат. Гезитти жалган айтууга түрткөндөр баардык тирүүлүк менен, байлык-бийлиги менен, сен жана мен менен жерде калат, ал эми суунун алган нугу - улуу Сөз гана акыйкаттыкты көздөйт.


Капкан
(Саясат)
"Саясатчылар поэзияны саясаттан алыс дешет, бирок акындар да саясатчылардын саясаты көп учурда турмуштан өтө алыс экендигин белгилешет" деген Польша жазуучусу Кароль Ижиковский.
Биздин доорго чейинки кайсы бир кылымда, кайсы бир мамлекетте, саясаттын кайсы бир адамдары жандүйнөсүн биринчи орунга коюп, таза көөдөндүн арты менен элинин да көкүрөгүн байытып, аларды көктөгөн турмушка алып келип, Кудайдын колдоосуна ээ болушуптур… Бийликтин мунарасында отурган биздин башкаруучулар мансабынан ыракат алгандан башка эчнерсе кылалбаса, анда тагдырдын сыноо капканына түшкөндөрү ошол. Жарык жүз менен келгендер (эгерде ошондой болсо) - жар бооруна жетелекте жарык жүз менен кетсе эмне?!


Балабакча
(Коррупция)

Бир топ жыл мурун коррупция жетинчи кабатка жетти дей башташты эле. Ал алгач каяктан чыгып ошол жакка көтөрүлүп жеткенин чынында билбейм. Бирок, ал жактан чыгып тараган коррупция майдаланып-майдаланып отуруп мектепти кой, балабакча балдарына жеткенсийт. Наристелердин соодалашканын көрүп отуруп жакаңды кармайсың…


"Ильич шамы"
(Экономика)
Билик жандырган күнгө жеткирген биздин саясат тезек термеси менен калктын кабагына кар жаадырып, кезек-кезеги менен свет өчө баштагандан баштап эл ичин да өз ара кайраштырып алды.

Күндүзү көчөдө бириге калган аялдардын кеп салганын уксаң - күлкүң да келет, ыйлагың да келет. "Эки айдан бери жүдөп бүттүк, өчүрүү кезегин башкаларга бербейби" деди кабат үйдө жашаган аял. "Биздин район баарыбир өчпөйт, аркы эле көчөбүздө жалаң чоңдор менен байлар жашайт, особняктар" - дейт анда жүрөгү толо ыраазычылык менен экинчиси. "Особнякта өзүң жашап аткандай айтасың да, анан эмне, экономить эткен бизге эле керек бекен?" "Зато, силердики благоустроенный да, а биз от жаккан жер үйдө жашайбыз. Силер деле анча-мынча кыйынчылык көргүлө!" дейт тиги жемин жедирбей. Же болбосо берки кабат үйдө жарык өчсө, аркы кабат үй жаркырап күйүп турган болот. Караңгы балкондон карап тургандар светтүү тигилерге ичинен сызып, биздин үйдө деле бир-эки чиновник жашаса минтип отурмак эмеспиз да дешет кыжырдана.
Жай аптабынан улам бир жумадан бери жарыкты өчүрүшпөй, караңгы үйдө карбаластабай "эл катары" жашай баштадык. Күздө болсо кандай күйүттүү күндөр күтүп атканын бир Кудай билет.


Секелектеги келечек
(Борбор)

…Бешинчи класстан Чүйдүн Башкарасуу айылында жайгашкан пионер лагеринин пионерлери тоого жөнөдүк. "Түнкү Фрунзенин жарыктарын жана аркы эле тоонун артынан чыгып аткансыган таңкы нурларды көрсөңөр - эчкачан унутпайсыңар" деди пионер вожатыйыбыз. Караңгыда жол тандап, кыйналып-кысталып отуруп көздөгөн бийиктигибизге жеттик. Отуздай окуучуну жетектеген эки отряд вожатыйыбыз таңкы төрттө "мына, биздин борборубуз, Кыргызстандын жүрөгү ушул" деп алыстагы сансыз жайнаган жарыктарды көргөздү. Чынында эле ал көз ирмем сакталып калды, "маркум" советтик замандын патриоттук духунда тарбияланып аткан, Кыргызстандын ар бурчунан чогулган биз, борборубуз Фрунзенин караңгыдагы жымыңдашын бийик тоо башына чыгып алып көрүп турабыз деп толкунданган элек. Ошол күйүп турган жарыктардын арасынан баарыбыз цирк имаратын издеп, эң чоң, эң кооз жарыкты сөөмөй кезеп көргөзүп, ушул цирк окшойт деп өзүбүзчө сүйүнүп алганбыз… Биз ошондо туюп-туйбай жашоодон жарыктын жарыгын издептирбиз, секелектигибиз менен келечектин сүрөтүн тартып...
Борбор эми кандай? "Караңгы түнгө калсаң уруп кетет акмак бетке. / Оорусаң догдур эмес, ажал келет аксап кечте", - деп атактуу акын Шайлообек Дүйшеев айткандай, учурда мекен жүрөгүнөн наристенин эле эмес, чоңдордун да жүрөгү түшчүдөй мезгил келди. Ал эми журтбашчыларынын жүрөгүнө жарык түшмөйүн, биздин кыргыз көчөбүздө жакынкы жылдарда майрам болчудай түр жок…




Үйбүлө
(Кландык)

Гезит-теледен көзүн албаган, саясат жаңылыктарынан артта калбаган, бала багып үйдө отурган курбубуздукунда болдук. Күйөөсү сыртка чыкканда бизди меймандаткан ал шаша-буша бийликти жана андагы иштегендерди берилүү менен жамандап алды да, "Ии-ий, ичиме батпай бук болуп кеттим, жолдошума айтсам эле Түндүк-Түштүк болуп урушуп кетебиз. Мен жамандайм, ал жактайт. Далилдеп бер дейт. Далилдин баары көзкөрүнө турбайбы десем, жакшы жактарынын далилдери андан он эсе көп дейт. Экөөбүз тең көлдүк болсок жыргап чогуу жамандамак экенбиз" деди да, жолдошу бөлмөгө кирип келгенде сөздү жай турмушка буруп жиберди. Оозубузду таптап баратып сурообузду да бергенге үлгүрбөй калдык: мурунку президенттин убагында үйбүлөлүк саясатыңардын акыбалы кандай эле, курбу?









??.??





??.??