"Агым", 06.06.08 - 11-бет: "Бетме-бет" "Агымда"..• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Бетме-бет" "Агымда"

Адам укугу: күңгөй менен тескейи
Азис Шаршенбаев: - Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев иштеп чыккан тынч митингдерди өткөрүү тартибине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору ЖК комитети тарабынан жактырылып, аны жалпы жыйынга алып чыгуу алдында турат. Анда митинг, пикеттер президенттин резиденциясынан, Жогорку Кеңештин алдынан ж.б. ушу сыяктуу жайлардан 30-50 метр алыс жерлерде өтүшү керек. Митинг өткөрүүчү жерлерди бийлик өкүлдөрү өздөрү көрсөтөт деген чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле демонстрация өткөрүүчүлөр билдирүү менен эле чектелбестен, жергиликтүү бийликтен уруксат алышы керек деген да беренеси бар. Укук коргоочулар бул адам укугуна каршы жана демократиядан артка чегинүү деп баалоодо. Ушуга байланыштуу студияга ЖК депутаты Исхак Масалиевди, "Акыйкат жолу" бейөкмөт уюмунун жетекчиси чакырганбыз. Исхак Абсаматович, ушу мыйзамга өзгөртүү киргизүү кандай зарылчылыктан келип чыкты?
Исхак Масалиев: - 2004-жылы Конституциялык сот бүгүнкү иштеп аткан мыйзамдын үч беренесин мыйзамсыз деп алып салган. Митингдерди өткөрүүгө макулдук алуу керек дегенди Конституцияга каршы келет дешкен. Мен сунуш кылган мыйзамда коомдук иш-чара өткөрөбүз деген уюмдар макулдук алып кереги жок, билдирүү берсе эле болот. Бирок жергиликтүү бийлик ал иш-чара башкаларга кандайдыр бир тоскоолдуктарды келтирсе, ал сотко кайрылып, сот аркылуу тыюу салганга уруксат берүүнү киргизип жатам. Сот алты күндүн ичинде карап, чечип берүүсү керек.
А.Ш.: - Өтө татаалдашып кеткен турбайбы...
И.М.: - Кандай болгон күндө да тартип болуш керек, мыйзамдын маңызы ушу жерде. 30-50 метр алысыракта деген өтө деле мааниге ээ эмес. Чыр боло турган жагдай: билдирүү берүү, ага макулдук алуу, болбосо соттошууда турат.
Бүбүайша Арстанбекова: - Бул мыйзамга киргизилип аткан өзгөртүүлөрдөгү 30-50 метр аралыктарды чектөө туура эмес. Анткени, адам укуктарын чектөөгө эчкимдин укугу жок. Коомдук иш-чараларды өткөрөлек жатып эле, аны рамкага салып чектеген кантип болсун. Ушинтип атышса, иш-чара максатына жетеби? Биз акция, митингдерге эмне үчүн чыгабыз? Коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп, ошолорду Акүйгө, Жогорку Кеңешке жеткирүү үчүн чыгабыз. Мисалы, мен сегиз жылдан бери эмгек мигранттарынын укугун коргоп келем. Булар боюнча кат жүзүндө канааттандырарлык жооп алалбасам, бийлик көңүл бурбаса, элди көтөрүп чыгам да. Эл чыгарууга канча каражат кетет, максатыбызга жетебизби-жокпу, белгисиз да. Буларды соттошуп отурбай эле пикет, митингдер өтө турган жайлар берилсе жакшы болмок.
И.М.: - Акыркы бир айдан бери ушу мыйзам долбоору жөнүндө кандай гана сөз уккан жокмун, антидемократ, ж.б. дешти. Мен Кыргызстандын Коммунисттер партиясынан депутатмын, партиянын жетекчисимин. Эгер тарыхты алсак, 1985-жылдан тарта демократия деп отуруп, СССР деген килейген мамлекетти жоготконбуз. Ушундай демократия менен кете берсек, келечекте Кыргызстанды да жок кылабыз. Эртең эле "Конституция боюнча укугум бар" деп ар кайсы улут өздөрүнүн улутчул кыймылдарын күчөтсө эмне болот? Ошондуктан муну жыргагандан эмес, келечекте Кыргызстан мамлекет катары сакталсын деп киргизип атам.
Туура, Конституция боюнча адамдардын чогулуп пикир айтканга укугу бар. Бирок ал жерде каалаган жерде, каалаган убакта деп жазылган эмес да. Анда тескерисинче, мунун тартиби мыйзам аркылуу жөнгө салынышы керек деп турат. Мисалы, Алатоо аянтында эки жүздөй сүрөтчүлөр иштешет. Ал жерде митинг боло берсе, алар жумушсуз калат, аянттын тегереги туалет болуп кетет да. Ушуларды эске алганда, сотко кайрылып тыюу салууга мүмкүнчүлүк бар. Эгерде жеке менчик зал же филармонияда болсо мейли, эки миң адам кандай каалаган митингин өткөрө берсин. Алардын талабын бийликке, элге журналисттер гана жеткириши керек. Революция деген шарттары пайда болгондо кылымда бир гана жолу болот. Революциянын мыйзамдары мобу мыйзамдарга эчкачан туура келбейт. Күнүмдүк ар кандай көйгөйлөрдү чечүүнүн түрдүү жолдору бар. Мен бейөкмөт уюмдарга кызмат кылууга милдеттүү эмесмин. Мамлекеттин бүтүндүгү, биримдиги анча-мынча адам укуктарынан кымбат турат.
Б.А.: - Сиз бейөкмөт уюмдарга кызмат кылбайм дейсиз. Алар элге, депутаттарга таянат да. Мыйзамдарды ушулар жазат деп силерге ишенип атса, сиз милдеттүү эмесмин дейсиз.
И.М.: - Бейөкмөт уюмдар аркыл болот. Чындап элге кызмат кылгандары, саясый күчтөргө кызмат кылгандар бар. Мен акыркыларына каршымын. Алардын максаты - бийликти алмаштыруу. Адам укуктары деген ага жетүүгө жол болуп атат. Эгерде бейөкмөт уюмдар айылдарга барып пайдалуу иштерди жасап, бул адам укуктары десе, аларга ыракмат деш керек. Чет өлкөлөрдөн ар кандай акчаларды алып, аянтка чыгып "бийлик кетсин!" дегендерди түшүнбөйм. Булар анда бейөкмөт уюмдарга эмес, саясый партияларга, күчтөргө кирсин. Мен ушуну айтып атам. Биз бейөкмөт уюмдар учурунда "Рух" кыймылын түзүп, натыйжада эмне болгонун билебиз. Азыр процесс мындан да тереңдеп баратат.
А.Ш.: - Бейөкмөт уюмдар Исхак Масалиев ушу мыйзам менен бийликке жакындагысы келип атабы дегенге не дейсиз?
И.М.: - Депутат, коомдук ишмер болгондон кийин буларга катуу тийбөөгө аракет кылып атам. Эгерде мага койсо, тартипти мындан да катуу кылат элем. Үйбүлөдө балдарды энеси тарбиялайт. Эгер балдар ата-энеси жаткан жерге кирип, биз ушу жерге каалагандай ойнойт элек десе эмне болот? Мында атасы чаап, энеси уруп койсо болот. Адам укугу деле ушу сыяктуу. Ар үйбүлөнүн ички тартиби болгон сыяктуу эле мамлекетте да тартип болушу керек, жакпаса да. Биз жакында Коммунисттер партиясынын уставына демократиялык централизм дегенди кайра киргиздик. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек.
А.Ш.: - Сиз мыйзамга чектөөлөрдү киргизгениңерди Кыргызстанды сактап калуу үчүн дедиңиз. Мындан адам укуктары чектелип жатканын моюнга аласызбы?
И.М.: - Адам укуктары сөзсүз чектелет. Бүгүнкү күндө 800-900 сом айлык алган мугалимдер бар. А күнүмдүк керектөө корзинасы 2500 сом. Бул жерде өкмөт казынасында эмне болсо ошого жараша берип келатат. Чоң проблема ушу жерде. Бизде азыр 575 миң пенсионердин пенсиясы да керектөө корзинасына жетпейт. Митинг, пикеттер ушу маселелерди көтөрүп чыкса жакшы болмок. Алар болсо саясый күрөштү, бийликти максат кылып чыгып жатышпайбы. 2005-жылдан бери 5-6 миң адамды топтоп, аянтка чыксам эле бийлик качып кетет турбайбы деген ой көп адамдарда пайда болду. Бизде мындан тышкары чет өлкөлүк дос эместер көп. Булар жөнүндө да ойлоо керек. Анткени аянтка 10 миң адамды алып чыгып бир күн багууга чоң каражат кетет. Ошондуктан адам укугун чектөө бул долбоордо бар.
Б.А.: - Долбоор Конституцияга карама-каршы. Сиз митинг, пикеттер, демократия эмнеге алып келди деп атасыз. Бул маселе аларды өткөрүүчү өзүнчө жайлар болмоюнча чечилбейт. Бирок коомдогу акыркы кезде болгон Аксы окуясы, 2005-жылдагы бийлик алмашуу окуялары алардын көчөдө, аянтта өтүшүнө гана ылайык болуп турбадыбы. Исхак Абсаматовичтин мыйзам долбоору Конституцияга каршы келиши гана болбосо, калганын жактырабыз.
А.Ш.: - Сиз башында Исхак Абсаматовичтин долбооруна каршы элеңиз, кайра кошулуп кеткениңиз кандай?
Б.А.: - Айрым пункттарына каршымын.
И.М.: - Долбоор боюнча, мурдагыдай шаар бийлиги митинг өткөрүүгө каршы болсо, өз оюн айталбайт, ал сотко барат. Муну сот гана чечет.
Б.А.: - Сот кантип чечет? Биз Конституцияга таянышыбыз керек эле да.
И.М.: - Сиз Конституциянын башын эле окуп алгансыз, аягын да окубайсызбы. Кептин баары кээде бир нерсени аягына чейин окуп билбегенден чыгат. Мыйзам долбоорун толук окубагандар деле сиз чектеп атасыз дебатышат. Жеке менчик залдарга билдирүү жасабай эле жыйындарды өткөрүп, журналисттерди чакыра бергиле.
Б.А.: - Бизде митинг, пикет бардык жерлерде өтүп бүткөн. Сиздин долбоордо президент резиденциясынан 30 метр аралыкта өтсүн дебатасыз. Бул мыйзам кабыл алынып калса, адамдар митинг өткөрөт элек деп резиденцияга барса эмне болот?
И.М.: - Бизде светофордо кызыл жарык күйүп турса, бул демек, токто деген сөз. Бирок биз ага карабай баарыбыз эле өтө беребиз. Уурдаба деген бизде негизги талап, ошого карабай 18 адам бүгүн түрмөдө жатат. Ошондуктан, мыйзам талабы башка, турмуш башка болуп атпайбы.
А.Ш.: - Сиз бул мыйзам долбоорун ОБСЕге эмне себептен жибердиңиз?
И.М.: - Бул мыйзам долбоору боюнча ызы-чуулар, карама-каршы ойлор болору белгилүү болчу. Комитетте талкуулаганда бейөкмөт уюмдардын да ар кандай пикирлерин укканбыз. Ошондо ОБСЕге экспертизага жөнөтөлү деген сунуш түшкөн эле. Мен ушуга макул болдум. Мамлекеттик түзүлүш комитетинин каты менен долбоор ОБСЕге жиберилген. Бирок бул долбоор эле, бир айдан бери бул боюнча мага бир да сунуш, пикир түшкөн жок. Эгерде июнь айында бул долбоор ЖКнын күн тартибине кирип калса, биринчи окууда кабыл алынышы мүмкүн. Балким ага чейин сунуштар дагы түшсө, алар кириши мүмкүн.
Кагазга түшүргөн Аскер САКЫБАЕВА














??.??