"Агым", 30.05.08 - 8-бет: Маўдай-тескей...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Маңдай-тескей

Темир САРИЕВ:
"Акаев бийлигин тууроо - кемчонтойлук"
Саясат тууралуу
- Темир мырза, партиялык курулуш иши дегенди көп оозанасыз. Жайылтып түшүндүрүп бербейсизби?
- Бүгүн партиялардын ордун, күчүн совет доорунан калган тажрыйба катары карап жатабыз. Партиялар катышат, чыгат деп айтып койгонубуз болбосо, алардын орду, максаты так аныкталбай жатат. Парламент да партиялык система менен шайланып келет дедик эле, бийлик бир күндө "Акжол" партиясын түзүп, шайлоону бурмалоо жолу менен өткөрүп, Коммунисттик партиянын пародиясын түздү. Ошонүчүн "Акжол" бүгүн добуш берүүчү гана машине болуп калды деген сөз чыгып атат.
Конституцияга, мыйзамдарга жазылганы эле болбосо, партиялар алсыз, элге таасири аз. Анткени эски партиялык түзүлүштөн кетип, партиялар азыр дымактуу адамдардын тегерегиндеги топтордон пайда болду. Айрымдарынын тарыхы узак болгону менен, элдин терең катмарына сиңелек. Биз бийликке келсек эле демократия орнотобуз деген менен, өз партияларынын ичинде демократиялык принциптер жок. Партиялардын толук кандуу иштешине төмөнкүдөй тоскоолдуктар бар: саясаттагы туруксуздук, формалдуу гана түзүлүп, шайлоолор бүткөн соң партиялардын тарап же чабал болуп, өсүүсүнүн токтогону. Саясый күрөш мындан ары партиялар арасында гана жүрсө, бийликке ушу жол менен гана жетүүгө болот.
- "Акжол" партиясы мүчөлөрүбүз жүз миңден ашты дешет, "Акшумкарда" канча мүчө бар?
- Бийлик партиясы ушундай оору менен ооруйт. Алар 150 миң мүчөбүз бар, дагы 500 миңдей арыз жатат дебатышат. Санасак, шайлоого укуктуу адамдардын теңинен көбү аларда болуп атпайбы, бул эми көз боемочулук. Саныбыз көп болсо, эл ишенет дешет. Былтыр "Акшумкардын" ишин жандандырып жатканда беш миңден ашык мүчөбүз болгон. Биз сан үчүн чуркабайбыз.
Өткөн парламенттик шайлоодо эл бириккен оппозиция партиясын жакшы колдоп берди. Биздин оюбузча, 900 миңдей адам шайлоого катышты, анын 100-150 миңи "карусель" ыкмасы менен ташталган бюллетендер. Шайлоого реалдуу катышкан адам 800 миң болсо, анын 350 миңинин добушун биз алдык. Демек, добуштун 50 пайызы биздики болгон. Бийлик аны бурмалап, 1 млн. адам "Акжолго" добуш берди деп атпайбы.
"Акшумкардын" мүчөлөрү дагы такталып жатат. 21-июнда партиянын кезексиз съезди болот, ошондо канча мүчө, канча баштапкы уюмубуз бар экенин айтабыз.
- "Акшумкар", "Атамекен" ж.б. оппозициялык маанайдагы партиялар да бар. Кичинекей Кыргызстан үчүн ушунча оппозициялык партиялар көптүк кылбайбы?
- Көптүк кылат. Бизде жүздөн ашык партия бар. Келечекте үч-төрт эле партия калышы керек. Ушуга бийлик жол ачышы керек.
- Кантип?
- Жергиликтүү бийлик органдарына, Жогорку Кеңешке, президенттик шайлоолорго партиялардын катышуусу мыйзамдуу болушу керек. Шайлоо алдында партиялардын блок түзүүсүнө жол ачышы зарыл. Акыркы шайлоодо блок түзүүгө бөгөт коюшту. Блок түзүүгө жол ачылса, партиялардын ирилешүүсүнө алып келмек. Бийлик бутактары жана мыйзамдар туруктуу болбосо, партиялар ирилише албайт. Болбосо ар бир саясатчы өз чөйрөсүндө партия түзүп, мен жакшымын дей берет. Партия күчтүү болсун үчүн анын ички демократиялык принциптери күчтүү болушу абзел. Мисалы, АКШда демократиялык партиядан чыккан Клинтон менен Обаманын ортосунда чоң салгылашуу болууда. Бирок августта жалпы федералдык жыйын чечим чыгарып, экөөнүн бирөөнү тандайт. Калганы бүт тандалган адамга иштешет. "Акжолчулар" сен партиялык тизме менен келгенсиң деп бири-бирин сүйлөтпөй жатышпайбы. Алар сүйлөтпөй коюу менен партиялык тартипти чыңдагысы келет. Коркутуу жолу менен эмес, ишеним менен жүргүзүлгөн саясат күчтүү болот. Партиялык тартип катуу болсун үчүн ички демократиялык принциптер кеңири болуусу керек. Маселе талкууланып жатканда "Акжолдун" ар бир мүчөсү оюн айтып, башкаларды да ишендирсе күчтүү болмок.
- Түптөгү окуялар бийликтин жүзүн, элдин деңгээлин көрсөттү. Бийлик эми эл оппозицияны ээрчибейт дебатат, сиздин оюңуз?
- Оппозиция тарапта жүрүп, бийликке кеткен адамдардын өзүнө суроо: эмнени өзгөртүп, элге кандай жакшылык кылдыңар? "Уялбагандан өзүң уял" дейт, бирөөгө эрегишип, ал бузса мен да бузам, барса мен да барам дебатып, эмнеге жеттик? Бийлик акыл-эстүү, сабырдуу мамиле ордуна анык жүзүн көрсөтүп атат. 2005-жылдын 24-мартындагы синдром бүгүнкү бийликти тынч уктатпайт. Бизди ушинтип жүрбөсүн маанисиндеги коркконго кош көрүнөт күч.
Бүгүнкү оппозиция бийлик мыйзамдуу жол менен гана алмашуусу зарыл деп ойлойт. Бул боюнча жоопкерчиликти да сезип турабыз. Көп адамдар "2006-жылдын ноябрында эле бийликти алмаштырып, Акүйдү басып алыш керек эле" деп бизди күнөөлөп келет. Бийлик эки жүздүү саясатын канчалык ачык көрсөтүп жасаган сайын, андан иренжигендер көбөйүүдө. Ошонүчүн көп адамдар бийликтин мыйзамдуу жол менен алмашуусуна ишенбей калды. Бул эртеби-кечпи, кандайдыр бир радикалдуу күчтүн түзүлүшүнө алып келет. Бийлик буга өзү түрткү берип атат. Ал жакынкы эле тарыхтан сабак албай, эсинин тайыз экенин көрсөтүп турат.
- Бийликти сындап келгендер өздөрү бийликке жеткен соң, мурдагы бийликтин жолоюна түшүп атпайбы?..
- Бул бир кичине топ жеке ичкүптүсүн чыгарып, таарынычын канааттандыруу үчүн гана бийликке келгенин көрсөтүп турат. Бүгүн бийлик оппозицияны сындап, шылдыңдап жатат. Бул алардын тайкылыгын гана көрсөтөт. Эл ишенимин алдым деп келгенден кийин эчкачан андай мамилени көрсөтпөш керек. Бийлик тарыхта жакшы из калтыралы, бүгүнкү дүйнөлүк атаандаштыктан артта калбайлы дегенден алыс. Тескерисинче, үйбүлөлүк, тууганчылык саясат токтомок түгүл, күчөп атат. Өз саясатынын чыныгы жүзүн жашыруу үчүн туура сүйлөгөндөрдү желмогуз көрсөтүүдө. Биздин сөзүбүз менен ишибизди эл бааласын. "Акаев деле он беш жыл отурбады беле, биздин эмнебиз кем?" деген кемчонтойлук. Бийлик чындыкты айтып, туура саясат жүргүзгөндө гана эл колдойт.
- Оппозиция элге жаңы эмне сунуш кылат?
- Үч жылдан бери бийлик эмне кылды? Туруктуулукту, коопсуздукту, акыйкаттыкты орноттубу, элдин турмушун оңдодубу? Эгер биз бийликке келсек, сунуш кыла турганыбыз - ачык-айкын, таза саясат. Бизге бүгүн тазалануу жетишпей жатат.
- Элди, экономиканы көтөрүү үчүн биринчи улуттун духун ойготуу керек дешет. Духту ойготуу үчүн эмне кылса болот?
- Таза, ачык, күчтүү саясат гана керек.
Экономика
жөнүндө
- Темир мырза, бийликтин жаңы экономикалык программасына оюңуз кандай?
- Уккам, бирок өзөгү менен тааныш эмесмин. Бизге багыты так аныкталган программа керек. Бүгүнкү экономикалык саясат башаламан, туруксуз. Мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы жоболордун жоктугу, мыйзамдардын бат өзгөрүп, бузулуп турушу Акүйдөгү ар бир чиновниктин дымагына байланышып калганын айтып жүрүшөт. Душман жасабаган иштерди өзүбүзгө өзүбүз жасап атабыз. Экономиканын өсүшү негизги капиталга болгон инвестиция көлөмүнөн байкалат. Эгерде инвестиция келип, бирок экономика өспөсө, демек, ал чиновниктердин чөнтөгүнө гана кетип атат. Бийлик экономика өссүн деп бирди айтып, бирок башканы жасап атпайбы. Кээде чет элдик инвесторго эбегейсиз шарттарды түзүп беребиз, бирок андан Кыргызстанга пайда жок, ал айрым чиновниктердин чөнтөк пулуна кетип атат. Ошол эле учурда чөнтөгүндө пулу бар жергиликтүү ишкерлерди түрдүү жол менен сыртка кууп жатабыз. Себеби, алардын жакшы бизнестери рейдердик жол менен тартылып алынууда. Кээде бир жерде жакшы чоң курулуш башталып, бака-шака иштеп аткан адамдарды көрөсүң, бир күнү эле мунун бардыгы токтоп калат. Эмне болду деп кызыгып көрсөң, бийликтеги бир чиновниктин кызыкчылыгы унутулуп калыптыр, ошонүчүн иш токтоду дегенди угасың. Бизнес чөйрөсүндөгү эрежелер ачык, туруктуу болбосо, жакында эчнерсе калбайт. Анткени, чет элдик, жергиликтүү инвесторлор эптеп эле киреше таап, аны сактоо үчүн башка өлкөлөргө чыгара беришет. Бизде акча массасынын чоң көлөмү менен негизги капиталга жумшалган акча көлөмүнүн аздыгын айтып жүрүшөт. Бул Кыргызстандагы айланган акчалар өндүрүштү кеңейтүүгө эмес, түшкөн акчаны сыртка чыгарып кетүү дегенди билдирет. Негизги ката ушул. Ошентсе да бардык бизнесмендер кеткен жок, бирок аларды коррупция муунтканынан көмүскө экономикага кетип атышат. Жаңы Салык кодекси жөнүндө үч жылдан бери айтып келатабыз. Мен депутат кезде эле эки жолу Жогорку Кеңеште карап, кайра чакыртып кетишкен. Бул үчүн сырттан миллиондогон доллар каражат да келген. Каражатты чиновниктер жеди, а Салык кодекси ушу күнгө чейин жок.
- Азык-түлүк 100-120% кымбаттады, күзүндө эмне болот?
- Жер титирөөгө чейин эле кытай өкмөтү бизнесмендерине Кытайдын азык-түлүк коопсуздугун канааттандыруу үчүн силер башка өлкөлөрдөн, асыресе Түндүк Африка, Бразилия жана КМШ өлкөлөрүнөн айыл чарба жерлерин сатып алгыла деп кайрылды. Бүгүн Кытай 1 млрд. 300 млн. элди өзү багууда. Бирок алар узак мөөнөткө божомол жасап, кийинкисин ойлоп атышат. Кытай бүгүн дүркүрөп өсүп атканына карабай ушуга барууда. Бизге тамак-аштын 50%дан ашыгы Кытайдан кирет. Эксперттердин баамында, азык-түлүк баасы дагы өсөт. Россиялыктардын айтымында, сентябрдагы контракттарда бир тонна эгин 450дөн 600 долларга чейин болот. Муну таасири сөзсүз бизге да тиет. Азык-түлүк коопсуздугу Коопсуздук кеңешинде каралып, шашылыш жана узак мөөнөттүү чаралар көрүлүш керек эле, мындай иш жасалган жок. Коркунучтуусу, 1 млн. гектарга жакын сугат жер жылдан жылга кыскарууда. Акыркы эки жарым жыл ичинде эле Сокулук менен Аламүдүндө эки жарым миң гектар жер трансформация болуп, бирок жаңы дың, кайрак жерлер өздөштүрүлгөн жок. Эгерде Түштүктүн эли сыртка, Чүйгө азыркыдай көчө берсе, беш жылдан соң аяктагы айдоо жерлердин үчтөн бирин кошуна өлкөлөр ээлеп алары да айтылып атат.
- Проблема чачтан көп, бирок андан кандай жол менен чыгууга болот?
- Азыр жеке менчик жерлерди сатышса, өкмөткө артыкчылык берилет деген жобону киргизиш керек. Ошентип кайра бөлүштүрүү фонддун жерлерин көбөйтүүгө болот. Отчеттордо гектарына 23 центнерден түшүм алынат деген менен, иш жүзүндө 12-18 центнер эле болот. Майда товардык өндүрүшкө өткөн чарбалар азык-түлүк коопсуздугун чечалбайт. Ошонүчүн Кыргызстан боюнча жүздөй ирилешкен айылчарба кооперативдерин түзүп, аларга мамлекет фондундагы жерлерди узак мөөнөткө арендага берип, кайра алардан дан эгиндерин мамлекеттик заказ менен алсак, минималдуу керектөөлөр жабылат. Бизге 1 млн. 200 миң тонна эгин керектелет. Агротехникалык эрежелер менен жакшы иштетилген жерлерден 50 центнерден түшүм алсак, 250-300 миң гектар жакшы жер болуш керек. Быйыл кургакчылык болуп, чөп жерден көтөрүлөлекте баш алып кетти. Демек, тоюттун даярдалышы кыйын болот. Кургакчылык, үшүк эгиндин түшүмдүүлүгүн азайтып, сапатын начарлатты. Демек, булар эртеңки күнү баалардын көтөрүлүшүнө алып келет. Ушулардын кесепетин өкмөт алдынала болжолдоп, чара көрүүсү керек эле, бирок мындай иштер көрүнбөйт.
Маектешкен Аскер САКЫБАЕВА