"Агым", 30.05.08 - 22-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-430. Элдей жашап, элге-журтка күйүнгөн, / Асыл жандар чыкса экен кийинкиден. / Өлкөбүздү мүлжүгөндөр жайнашты, / Ууру-бөрү маданияттуу кийинген. Эркин Жаныбеков.
П-431. Бакиев И.Исаковду ордунан козгобой эле койсо болмок. Жакшы иштеп, оңдоп-түзөп келатты эле. Акүйдү каалагандай калчап көнгөн Бакыт Калыев эмненин ичинен чыгар экен... Чыныбек.
П-432. "Кыз - шайтан" деп пайгамбарларыбыз бекер айтпаптыр. Көп кыздар куйругунун чукурун, төшүнүн жарымын көрсөтүп жүргөндүктөн, кээ бир жигиттер соблазнениеге чыдай албай ээн жерден баса калып, темир торго түшүүдө. Мындайды "кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" дейбиз. Караш Насер.
П-433. Баланын пейили - атадан, элдин пейили - падышадан. Караш Насер.
П-434. Өзүң берген мөңгүлөрдү Кытайдан, / Ижарага берип тур деп сурагын. / Алтындан да пайдасы көп эле деп, / ГЭСтерди ойлоп түтөп турган убагым. / Элди ойлобой, чөнтөк камын ойлошкон, / Төбөлдөргө жетсин элдин убалы. Сейдана Бейшебекова.
П-435. Уюштурчу колхоз менен совхозду, / Кой-эчкиси, бодо малы жайнаган. / Аш да болот, иш да болот жаштарга, / Колу-бутун жипсиз эле байлаган. / Чырак камдап, тезек терип талаадан, / Карысам да сакманыңа мен барам. Сейдана Бейшебекова.
П-436. Президент менен депутаттар, Кыргызстанды сатып атыптырсыңар. Менин долямды бергиле. Акаев бербей качып кетти, силерге да ишенбейм. Имансүйүн.
П-437. Касиеттүү Ысыккөл эли, каякка, кайда баратабыз? Үсөн Сыдыковдун батальон катындарынан ашып, мас аялдар сасыган жумуртка, чириген алмаларды ыргытканы - чээнден чыгып, басмачылык болуп калды. Текебаев, Шерниязовдор атасынан калган жер үчүн Көлгө барыштыбы? Шерниязов да оңой шер эмес, теңелбейт, болбосо көпкөндөрдүн желин бат эле чыгарып коет. Байкаш керек. Кыскасы, Көлдүн аптарыкатын 600% кетирдиңер. Дада.
П-438. Кыздар, арыктай турган болсоңор менин огородума келгиле. 100% гарантия. Имансүйүн.
П-439. Эгерде өкмөттө анча-мынча калыстык деген калса, Түптөгү митингчилерди сабаган зөөкүрлөрдү сөзсүз соттош керек. Көлдүктөргө менин бир мүйүзүм азыркыга чейин токтобой зыркырап атат. Темиркан Турсунбеков.
П-440. Энергетика тармагы сатылып кетсе, кышкыга тезек тералбай калгандардын мурундарынан лампочкалары чыгып, энергияны саткандардын мурундарынан электр лампочкалары чыгып кетет го. Жаркынай.
П-441. Хан, байларсыз ууру пулдан алтындан, / Күчөтүшсө аксарайын жайганын. / Букараны муунтуп жатат алкымдап, / Кымбатчылык көрүп "о" жак жай камын. Эркин Жаныбеков.
П-442. Өмүрбек Субаналиев азамат! Деле Көлбаевдин дымагын, бозүй тиктирип, кылмышкерлердин баарын чогултканы аткан тура. Шермендеси чыкты. Ырас гана болуптур да. Баракелде! Иштегиси келген киши ушинтип эле билинет. Өмүрүң узун болсун, кагылайын Өмүрбек! Абдыназар, пенсионер.
П-443. Жанагы Итикеев деген неме болгону айылөкмөтү болсо керек. Токмок, Бишкектин базарындагы жигит-кыздар Итикеевдин "бачагын" чыгарабыз деп ызырынып, каны кайнап жүрүшөт. Итикеев өзү деле алтымыштан ашып калса керек, пенсияга чыгарында көчүк-башын кысып жөн жашаса болмок. Кызмат деген жашоонун бири эмес, колдун кири. Ушуга окшогондор Кыргызстанды былгытып "бардак" кылып жатат. Дада.
П-444. Д.Үсөнов айткан 200 автобус, троллейбустун карааны качан көрүнөт? Асан.
П-445. Каракулжа районунун жашоочусу, апам Кочкорова Мирайымды 31-май туулган күнү менен куттуктайм. Апа, денсоолугуңуз чың болсун. Күлүп-жайнап, биздин төрүбүздү ээлеп, неберелериңизди эркелетип жүрө бериңиз. Гүлсанат.
П-446. Сатабыз эле дейт, ушинтип атып талаада калбасак болду. Быягынан кытайлар, тыягынан казактар басып эле келатат. Канатбек.
П-447. Кыргыз мас болгондо орусча сүйлөйт, ашынганда англисче шатыратат. Күйдүмчок.
П-448. Бойдокко: Кыз жакпаса катын ал, кыш түшкүчө отун ал, / Мансабыңа чиренсең, райондун сотун ал, райкомдун өтүн ал. Зам.Байдылда.
П-449. Иним Айдаров Белекти уулдуу болушу менен куттуктайм. Бешик бооң бек болсун! Азиреттин денсоолугу чың, келечеги кең болуп, Айымжан экөөңөр сый-урматын көргүлө. Эжеңер Шайыр.
П-450. Машинени айдаса биздикилер эле айдасын. Зым менен байлагандары да сонун, зымырата айдагандары да сонун. Медербек Сулайманов.
П-451. Белин ачып жүргөн кыздар көбөйгөндөн көбөйө баштады. Мобу жериңди жаппайсыңбы деп ошол ачык жеринен чымчылай берип койдуртсакпы, башка айла-амал табыш кыйын. Күйдүмчок.
П-452. Байкем Кадыров Эмилди 30-май туулган күнү менен куттуктайм. Бекем денсоолук, узун өмүр, жеңем Кайырса менен дөөлөттүү карылык сүрүшүңөрдү каалайм. Зарима.
П-453. Бойго жеткен Айзат кыз, / Боюң неге теректей. / Кубансаң койсоң өзүң бил, / Куда түштү бир жигит, курсагы чоң челектей. Зам.Байдылда.
Жеңүүчүбүз - И.Исаковго жан тарткан Чыныбек (П-431), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА