"Агым", 30.05.08 - 18-бет: Айланбас жердин айланма жаўылыктары...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



НЕПАЛ. Шах династиясынын 240 жылдан берки монархиялык башкаруусунан арылып, республика статусуна ээ болду. Непал монархиясына каршы жарандык согуш маоисттер тарабынан 1996-жылы башталган. Он жыл аралыгында 13 миңден ашуун адам кагылышуу курмандыгы болгон. Өзүн Вишну кудайынын өкүлү деп эсептеген Непал королу Гьянендра такка агасы менен анын үйбүлөсүнүн өлүмүнөн кийин 2001-жылы келген. 2002-жылы Гьянендра өлкө премьер-министрин кызматтан алып, ордуна өзүнүн кишисин койгон. Үч жыл аралыгында үч өкмөт башчысын алмаштырып, өзү министрлер кабинетин башкарып алган. Королдун авторитардык башкаруусу элдик толкундоолорго себепчи болуп, анын тактан кетүүсүнө алып келди. Кийинки эки күн Непалда демалыш күндөрү деп жарыяланып, түрлүү майрамдык шаан-шөкөттөр уюштурулууда.

ИЗРАИЛЬ. Өлкөнүн коргоо министри Эхуд Барак өкмөт башчы Эхуд Ольмерттин отставкага кетүүсүн талап кылууда. Барактын билдирүүсү боюнча, Ольмерт бир эле убакта мамлекетти да башкарып, жеке кызыкчылыктагы иштер менен да алектене албайт. Израиль премьер-министри Иерусалимдин мэри жана өлкөнүн соода жана өнөр жай министри кызматын ээлеп тургандагы пара алуу менен байланышкан бир катар кылмыш иштеринин негизги фигуранты. Бирок, Ольмерт Барактын билдирүүсүнө жооп берип жатып, "үстүнөн кылмыш иши жүрүп жаткан адамга расмий күнөө коюла элек болсо, сөзсүз эле отставкага кетиши керек эмес" деп, кызмат ордун бошотпой турганын билдирди.

ЛАТЫН АМЕРИКА. Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Боливия, Эквадор, Парагвай, Перу, Суринама, Уругвай, Венесуэла жана Гайаны өлкөлөрү курамына кирген Түштүк Америкалык Улуттар Союзу түзүлдү. Бразилиянын борборунда өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуу учурунда тараптар 17,6 млн. чарчы км аймакты, 377 миллиондуу калкты жана ички дүң продукциясынын көлөмү 1,23 триллион долларды камтыган келишимдер топтомуна кол коюшту.

СОМАЛИ. Пираттар тарабынан жекшемби күнү Аден куймасынын нейтралдуу сууларынан барымтага алынган кемени бошотуу үчүн Пунтленд жарым автономиялуу провинциясынын жетекчилиги аскер күчүн колдонууну чечти. Бийлик кеме ээси голландиялык Reider Shiping компаниясын пираттар талап кылган акча суммасын төлөбөй туруусун суранды. Мындан бир жума мурун Пунтлендин коопсуздук күчтөрү Араб Эмираттарынын кемесин пираттардан бошоткон.

УЛУУ БРИТАНИЯ. Түрмөдөгү орундун жетишсиздигинен үстүнөн тергөө жүрүп жаткан кылмышкерлер эркиндикте калышы мүмкүн. Биринчи жолу Англияда түрмөдөгү кылмышкерлердин саны 83 миң адамдан ашып кеткен. Бирок, расмий билдирүүлөр боюнча, 2012-жылга чейин кылмышкерлердин санынын 100 миңге чейин өсүшүнө карабастан, 2008-2009-жылдары өкмөт түрмөлөрдү каржылоону 80%га азайтканы жатат.

ФИЛИППИН. Өлкөнүн түштү-гүндө радиобашкаруучу бомбанын жарылышынан улам 1 адам каза болуп, 13ү жараат алган. Бомба мобилдик телефондун сигналы аркылуу ишке киргизилген. Жабыр тарткандар ошол жерде кызмат өтөгөн аскерлердин туугандары болуп чыкты.

АРМЕНИЯ. Президенттикке экс-талапкер Левон Тер-Петросяндын тарапкерлеринин каршылык акциясын өткөрүү аракети полиция тарабынан токтотулду. Митинг өтүүчү Эркиндик аянтын полиция курчап, оппозиционерлерди кийирбей койгон. Аянт аймагына кирип-чыгууга тыюу салынгандыктан, анын айланасында жайгашкан кафедеги адамдар да "барымтада" калган. 19-февралда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон оппозиция ошондон бери нааразылык акциясын байма-бай өткөрүп келүүдө.




  Миң түркүн адам

Фидель КАСТРО
Кубанын экс-президенти жана өлкөнүн коммунисттик партиясынын лидери АКШ президенти Жорж Бушту Кубага болгон терс мамилелеринен улам катуу сынга алып, президенттикке талапкер республикачы Джон Маккейнди начар окуган окуучуга теңеп салды. Фидель Кастронун колдоосуна прогрессивдүү деп эсептеген демократ Барак Обама ээ болууда. Мындай пикирге экс-президент Обаманын АКШдагы Куба общинасынын алдында Америкада жашаган кубалыктардын мекенине болгон сапарларын жана Кубага акча которуулардын суммасын чектөөнү алып салуу тууралуу сүйлөгөн сөзүнөн кийин келген. Ал эми 46 жылдан бери пайдаланылып келаткан Гаванага каршы соода санкциясын сактоо керек деген Обаманын позициясын Кастро "улуттун ачкачылык формуласы" деп атады. "Дүйнөдө азык-түлк кризиси күчөп, дан азыктары азайуда. Этти нефть менен газдан өндүрүү мүмкүн эмес", - деп белгиледи Куба лидери.
Усама бен ЛАДЕН
АКШнын борбордук чалгын башкармалыгы "Аль-Каиданын" жетекчиси менен анын жардамчысы Айман аз-Заваринин жашырынган жерин тапты. Италиялык гезит La Stampaнын билдирүүсү боюнча ?1 террорист Пакистандын Кытай жана Афганистан менен чектешкен Кунар-Баджаур-Нуристан тоосун башпаанектеген. Азыр бул аймак пилотсуз учактардын дыкат көзөмөлүндө. Ирак аскер командачылыгынын билдирүүсү боюнча, ушу тапта "Аль-Каида" мүчөлөрү ири теракт камылгасын көрүшүүдө. Ал эми америкалык чалгын кызматы аталган эларалык уюм массалык жок кылуу куралына ээ эмес, бирок андай ниети бардыгын жар салды. Жакынкы арада Усама Бен Ладен эларалык коомчулукка кайрылууну көздөп жатканы белгилүү болду.
Анжелина ДЖОЛИ
Голливуд жылдызынын 26-май күнү Франциядан мөөнөтүнө жетпей эгиз кыздуу болгондугу тууралуу имиш сөздөр тарады. Алдынала божомол боюнча Джоли августтун орто ченинде көз жарышы керек эле. Атайы бул үчүн Санта-Моникадан Анжелинанын жеке доктуру учуп келип, операция жолу менен төрөткөн. Наристелерге чоңэнелеринин урматына Маршелин жана Амели Джейн деген ысымдар берилди. Буга чейин жубайы Брэд Питт экөөнүн эки жашар Шила Нувель аттуу кызы жана Вьетнам, Камбоджи, Эфиопиядан алышкан үч бакма баласы бар атактуу үйбүлө алты баланын ата-энеси болушту.
Михаэль ШУМАХЕР
"Формула-1" боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону "Феррари" командасынын спорттук кеңешчи кызматын Эларалык автомобиль Федерациясынын алдындагы коопсуздукту өнүктүрүү боюнча Фонддук башчылыгына алмаштырды. Эми Шумахердин милдети - жарыштарды уюштурууда жаңы муундун коопсуздук жоопкерчилигин арттыруу. "Жарыш коопсуздугуна байланышкан маселелерге салым кошорума абдан сыймыктанам", деп билдирди айтылуу спортчу.
Шарон СТОУН
Канны фестивалында айтылуу актрисанын "12-майда болуп өткөн Сычуандагы миңдеген адамдын өмүрүн кыйган ири жер титирөөлөр Кытай бийлигинин тибеттиктер менен болгон кагылышуусунун кесепети, бул - Кудайдын каары" деген пикири кытай жарандарынын нааразычылыгын жаратты. Жыйынтыгында, кытайдын UMECineplex кинотеатрлар түйүнү Стоун катышкан бир да тасма көрсөтүлбөйт деп билдирди. Мындан тышкары, Christian Diorдун коомчулук менен байланышын камсыздаган фирма дүкөндөрдөн компаниянын продукциясын рекламалаган актрисанын бардык сүрөттөрү алынып салынды.




  Дүйнөкүн


СҮЙДҮЙНӨ. Фрэнк жана Анита Милфорддор 1926-жылы бий аянтчасынан таанышышкан. 26-май күнү баш кошкондорунун 80 жылдыгын белгилеп, дүйнөлүк рекорд коюшту. Жубайлар бул маанилүү күндү өздөрү жашаган карылар үйүндө туугандарынын курчоосунда өткөрүштү. Июнь айында 100гө чыга турган Анита акыркы убакта үйбүлөлөр бири-бирине жеткилең көңүл бурбагандыктан, көп ажырашып жаткандыгын айтып кейийт. "Жаш жубайлар сүйүү үчүн дайым убакыт табуусу керек", дейт ал. Ал эми жүздөн ашкан Фрэнк көп кыйынчылыктарга карабастан, жубайы менен бирге өмүр сүрүп жаткандыгына ыраазы. "Өзгөчө согуш жылдарында абдан кыйналдык. Бирок биз баарын жеңдик. Ал эми азыркы жаштар дароо эле бардыгына ээ болууну каалашат", деп нааразыланды Фрэнк. Анита менен Фрэнктин улуусу 73кө чыккан эки баласы, беш небереси жана жети чөбөрөсү бар. Жубайларга Британия ханышасы Елизавета II жеке куттуктоосун жөнөткөн.

КҮЙДҮЙНӨ. Ханты-Мансийск автономдук округунун Нижневартовск шаарындагы социалдык үйдө жашаган карылар менен майыптар борбордун жетекчилиги тарабынан дамамат кордук тартышкан. Карылар үйүнүн башчысы пенсионерлердин жеке буюмдарын тинтип, көңүлүнө жакканын алып тим болбостон, ичип алган же тамеки тарткан карыяларды сабап турган. Ал эми "тарбиялык" максатта алардын матрасын, жууркан-төшөгүн тартып алып, карыган майып адамдарды темир керебеттин үстүндө таңаткыча жатууга мажбурлаган. Чыдамкайлыктын да чени болот эмеспи, ансыз да тагдырдын таарынычында жүргөн карылар чогулуп, прокуратурага доо арызы менен кайрылышкан. Азыр тергөө жүрүп, карыялардын "тарбиячысы" сот жообуна тартылуу алдында турат.

ТАҢДҮЙНӨ. Зиике аттуу бир жашар ретривер породасындагы ит АКШнын Огайо штатындагы Түндүк университетинин бакалавр даражасындагы дипломго ээ болду. Университет президенти Кендал Бейкердин айтымында, айбанатка диплом ыйгаруу биринчи жолу болуп жатат. Бул барктуу ит жардамга муктаж болгондор үчүн төрт аяктуу жардамчыларды акысыз берип туруучу жергиликтүү уюмга тийиштүү. Зиике өзүнүн илимий даражасына майыптар менен карыларга кам көрүүнү өздөштүргөндүгү үчүн ээ болду. Ал майып коляскасын сүйрөөнү, эшик ачканды, жерге түшкөн боюумдарды ордуна коюуну билет.

ЖАРДҮЙНӨ. Олимпиада чемпиону, айтылуу фигурист Евгений Плющенко менен "Евровидениенин" быйылкы жеңүүчүсү Дима Биландын продюсери Яна Рудковская баш кошууну чечишти. "Женянын татыктуу адам экендигине эчакта эле көзүм жеткен. Эмне деп жооп берет элем? Албетте, макулмун", - дейт Рудковская. Арзышкандар көптөн бери жолугуп жүрүшкөнүнө карабастан, экөөнүн мамилеси көпчүлүккө белгисиз болчу. Үйбүлө куруу маселеси "Евровидение" өткөн Белград шаарында чечилген. "Ооба, мен чындап эле үйлөнгөнү жатам, - деп билдирди Плющенко. - Буга чейинки башыман өткөндөрдөн улам эми эч качан үйбүлө курбайм го деп ойлогом. Бирок Яна менин көзүмдү ачып, чыныгы сүйүүдөн коркпоо керектигин үйрөттү". Сербияда жергиликтүү сепилдердин биринде Евгений Янага нике шакегин тартуулады.

ЖУПДҮЙНӨ. Дарыгерлердин жаңылыш-тыгынан улам 28 жыл бою эки башка жакта жашаган испаниялык эгиздер эми гана жолугушуп, Канар аралындагы оорукананы сотко беришүүдө. 1973-жылы төрөлгөн эгиз кыздардын бирөөсүн доктурлар башка керебетке жаткырып коюшкан. Дайым соода кылчу дүкөн ээси менен эгиздердин түгөйү жылуу-жумшак учурашчу. Ал эми берки түгөйүн өз таанышы экен деп эсептеген сатуучу өзүн коомай кармаган кыздан шекшинип, экөөнү тааныштырат. Ошондон кийин анализ тапшырышып, экөөнүн эгиз экени билинген. Оорукананы көп жыл бою эгиздердин түгөйү катары жашап келаткан кыз да сотко берүүдө.

www маалымат булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева