"Агым", 27.05.08 - 7-бет: Єпєў, чычаў..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өпөң, чычаң

Марип Тайчабаров:
Маектеш жөнүндө маалымат
Марип Тайчабаров, кесиби боюнча журналист. "Алга", "Ленинчил жаш", "Кыргыз туусу" гезиттеринде бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, "Эне тили", "Жаңы ордо", "Жаңы кылым", "Бишкек таймс плюс" гезиттеринде башкы редактор болуп иштеген. Акыркы иштеген жери - Улуттук радионун "Кыргызстан" маалымат башкы редакциясында башкы редактор.

Болочок ажо менен маңдай-тескей отурганы,
Н.Досболдун убадасын бузганы, А.Кадырова менен кармашканы жөнүндө
- Сиз радиодо иштеп атпадыңыз беле. Арызын жазып кетип калды деп уктук. Эмне себеп болду?
- Беш ай Улуттук радионун "Кыргызстан" маалымат башкы редакциясында башкы редактор болуп иштедим. Жекшембиде гана эс алып, калган күндөрү майрам күн болсо да 8.00-21.00гө чейин бир да күн жумушту калтырбай радионун "тегирменинде" айландым.
Журналисттерге учур маселесин, камтылбаган тармактар, проблемалар боюнча долбоор жазгыла деп жарыя жазып, айрымдарын бул маселе боюнча сен иште деп сунуштап, 12 берүүнү программага киргиздим. Алар: "Эркин микрофон", "Базар шартында", "Мыйзам жана коом", "Экология", "Кутбилим", "Биринчи байлык денсоолук" сыяктуу берүүлөр эле.
"Жер жана адам" деген радиоберүү 5 күн катар кетет экен. Бир күнү "Төрт түлүгүң аманбы?" деп мал чарбасына, экинчи бир күнүн "Өндүрүш - өсүү негизи" деп өнөр жай камтылды.
Жумушчу 5 күндө кечки саат 18ден 19га чейин бир сааттык түз эфир кетет экен. Чакырылган ким келсе эле туш келди темада радио берилип жатыптыр. Ушул теманы, маселени гана даярдайсыңар деп ар бирине тапшырма берип бөлүштүрдүм. Мисалы, жума күнү "Экономика канткенде көтөрүлөт" деген темада тийиштүү тармактардан берүүнү уюштуруу жолго коюлду.
Редакциялык кеңеш деген иштебейт экен, аны түзүүгө, иштетүүгө туура келди. Редакцияда иштегендердин ар биринин милдети такталып, жоопкерчилик сурала баштады. Чыгармачылык талап коюлуп, эмгек тартиби көзөмөлгө алынды.
Мунун натыйжасында радионун жетекчиси Анаш Кадырова менен менин ортомдо төмөнкүдөй келишкис тирешүү пайда болду.
Туура, туура эмес болсо да менин айтканым аткарылыш керек деген, өзүнүн кызматтык милдетин эмес, башкы редактордук милдетти аткарып алган Анаш Кадырованын бюрократтык, эскиче иштеп көнгөн өзүмбилемдик, калыссыз, туура эмес талаптарын четке кагып, андай болбойт деп бардык журналисттерге бирдей мамиле жасадым.
Ар бир журналистке, ар бир редакциянын уюштуруу иштерине жеке өзүнүн гана бийлигин эпсиз киргизип алган, "мен гана билем" деген өкүмзор Анаш Кадырованын туура эмес иштерин бетине айтканым үчүн, - Анаш Кадырованын чыгармачыл талап үчүн эмес, тааныштыгы үчүн алынган кадрларына жалпы бардык кызматкерлерге бирдей радиоберүүлөрдү уюштуруу, эмгек тартибин талап кылып, жоопкерчилик сурадым.
Мени башкы редактор катары эсептешпей, мага айтпай журналисттерге туура эмес тапшырма берип, белгиленген берүүлөр үзгүлтүккө учураганы калганда "аныкы туура эмес, менин айтканымды жаса" деп, тилин албай койдум.
Күндө мени ташыйт деп баласына 10 литр бензин куйдуруп, ага да болбой дайыма редакциянын бир машинесин ээлеп алганы аз келгенсип, берки эки машинени да журналисттердин иш-чараларга баруусун үзгүлтүккө учуратканы же кечиктиргени, жеке иштерине пайдаланганы үчүн шоферлорду журналисттерди гана ташыйсыңар деп тыйгандыгым жакпады.
Эмгек тартибин жана чыгармачылыкты баарынан бирдей талап кылганымда өздөрүн "ханзада", "хан", "жылдыз" санап, эркин жүргөндөрдүн таттуу турмушуна бүлүк салынды. Айрым сапатсыз берүүлөрдү эфирден алдырып салып, айрымдарын эмгек тартиби боюнча иштен айдоого сунуштадым.
"Мени Бакиев дайындаган, жумуштан Бакиев гана алат" деп кол алдындагыларга калыс, иштин көзүн билүү менен жетекчилик жүргүзбөгөн Кадырованын "ишмердиги" радиодо жетер чегине жетип калыптыр. Бир күн ал "шишик" жарылат. Мен болгону бир гана редакциянын учкай иштери боюнча айттым. Ага чейин президентти анын кадры деп жаманатты кылганы кылган. Чылгый чыгармачыл адамдардын, профессионал журналисттердин, жооптуу идеологиянын башына журналистика боюнча түшүнүгү жок адамдын турушу да туура эмес болуп калган. Улуттук радиодогу чыгармачылык, психологиялык жана моралдык абал реформа жүргүзүлмөйүнчө, аны тейлеген А.Кадырованын "ишмердиги" тескелмейинче оңдоого жана аны менен иштөөгө болбойт экен. Журналисттик деңгээлдеги чыгармачылык, масштабдуу, системалуу иш алып баруу деген жок. Туура эмес иштерин айтсаң өзү жумушка кабыл алган же дарамети начар баш ийген журналисттерди мажбурлап сага каршы "төңкөрүш" уюштурууга жөндөмдүү. Айтпаган сөздү айтты, жасабаган ишти жасады дегенге абдан уста.
Адилеттүүлүк орномойунча бул жетекчи менен иштөөгө болбосун сезип, жумуштан кетүүгө мажбурмун деген арызды жаздым да, кетип калдым.
- Демек, азыр иштебей бош жүргөн турбайсызбы?
- Айрым эркин гезиттер жумушка чакырышты. Каалабадым.
- Азыркы бийликтегилер менен революция учурунда чогуу, керек болсо алардын иш-аракетин чагылдырган гезитинде идеологиялык жумуштарын жүргүзүпсүз. Кызмат сурап кайрылбадыңызбы?
- Кыргызстан элдик кыймылындагылар "Революцияга башыбызды байладык" дешкенде, жетинчи болуп кол койдум эле. Акүй алынып, элдин баары кызматтарга кеткенде штабда "Жаңы кылым" гезитинин кызматкерлери калдык. Эл жеңди, эми президенттик шайлоону өткөрүшүбүз керек деп гезитти шайлоо маселелерине бурдук, революция жасаган эл "Бакиев президент болсун!" деген кайрылуу материалдарын жаадырышты. Чынында эл өзү тандап, өзү шайлады. Кийин айрымдар акчалуу болгон үчүн көрсөттүк дешип "мышык майга жетпей сасык дейт" дегендей айтышып, жазышпадыбы. Чынында элдин тандоосу, каалоосу ал кезде ошондой болгон.
Революция болгондон бир жумадан кийин Досбол Нур уулу редакцияга келип, "Бул кызга (азыркы редакторуна) "Жаңы кылымды" өткөрүп бер, сени "Кыргыз Туусуна" жибермей болдук. Үсөн ака айтты" деди. Мен "президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгы чыкмайынча гезитти бербеймин. Каттоодон өзүм өткөрүп ачкам. Мушташсаңар мушташам, атышсаңар атышам. Азырынча ала албайсыңар" деп бетине айттым.
Акаевдин режиминен коркушкандар гезитке иштөөгө келишпегенинен, уулум гезитти жасалгалоо иштери менен кошо жооптуу катчылык милдетти да аткарчу, башкы редакторлукту да жүктөп, президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин ишенимдүү адамы катары шайлоодо да иштедим. Түндөп гезит чыгардык. Ал мезгилде дээрлик үч ай үй бетин көрбөдүк. Же жарытылуу маяна алсак эмне.
Шайлоодо Курманбек Бакиев 88,71% добуш алды. Жыйынтыгын гезитке жарыялап "Жаңы кылымды" Досбол мырза айткан кызга тапшырдым.
- "Кыргыз Туусуна" бардыңызбы?
- Кайдан. Жети ай жумушсуз үйдө жаттым... Ошол кезде "Жаңы кылым" укмуш чыгып жатат. Эл талашып окууда. Биздин сөз менен иш жакшы берилүүдө дешип көп нускада чыгарышкан революционерлер "кайда иштеп жатасың?" деп сурап да коюшпады. Бийликке жетишкенден кийин унутушту. Үй бетин көрбөй иштегенимди билишкендер: "Жаның тынбай рисковать этип жүгүрчү элең, эмне пайда таптың. Революцияң жеңбегенде биринчилерден болуп СНБнын СИЗОсуна камалат элең. Саясатта адамгерчилик болбойт. Акүйдү алганда чогуу жүрдүң эле, өздөрүндөй бул жерде иштеймин деп ээлеп албайт белең" деп табалагандар да болушту. Мен революциянын ишке ашканына, Курманбек Бакиевдин президент болгонуна кубанып мыйыгынан күлгөндөрдүн сөздөрүнө маани бербедим, терикпедим.
- Революциянын гезитинде башкы редактор болсоңуз, Курманбек Бакиев менен чогуу иштешипсиз, жумуш сурап өзүнө эле кайрылбайт белеңиз?
- Кайдан, ага жети ай ичинде эмес азыркыга чейин кире албай жүрөм. КЭК менен "Жаңы кылымдын" редакциясы бет маңдай эле. Чогуу иштегенбиз. Депутаттыкка койгондо талапкерлик программасын чыгарып, Жибек Жолу көчөсүндөгү үйүнө уулу Макс экөөбүз жеткирип, гезитти жеңең кошо ташышып жардам берген учурлар болгон. Ал учурда жакшы таанышчу. Президентке иш сурап бир да жолу барбадым. Радиодон кеткенден кийин пресслужбага президентке кайрылуумду бердим эле, колуна тиеби, же дагы бир кычыкта калабы, билбейм.
- Чоң кызмат сурадыңызбы?
- Журналисттик иш эле сурадым.
- Азыркы бийликтегилерге таарын-ычыңыз бар экен да?
- Жок, бирок Досбол Нур уулуна капамын. Анын китебин башкалар токтот десе болбой гезитке толук бердим. Макалаларын чыгарып турдум. Чогуу гезит ачтык. Депутаттыкка Баткенден талапкерлигин койгондо кечинде күнүгө "Үка, бул ишти бүтүрүп кой" деп телефон чалат эле. Канча жумуштарын бүтүрдүм. "Баткендиктер гезитиңди жакшы окуп жатат, мынча даана жөнөт, акчасын кийин берем деп канча "Жаңы кылымды" алды. Революция ишке ашсын, биздин талапкерлер шайланып калсын деп көрүнгөндөн акча сурап карызга да баттым. Себеби, баары депутаттыкка аттанып, каржылоо кыйын болуп калган.
Досбол ака бийликке баргандан кийин карыз акчаны бермек турсун, азыркыга чейин акыбалың кандай деп бир ооз сурап койбоду.
- Бирге жүргөн саясатчылардан көңүлүңүз калыптыр да.
- Мен көп нерсеге пендечилик кылыптыр деп коем. Бирок, кайда иштебейли, адамгерчиликтүү болушубуз керек да. Бир айдан бери үйдө жатып Чыңгызхандын 30 сериялуу киносун кайра-кайра көрдүм. Көп сабактарды алса болот. Дээрлик дүйнөнү кайсыл сапаттары менен алгандыгын жакшы чагылдырыптыр. Кылычынан кан тамган хан, адам болсо да адамгерчиликти сактап калгандыгы менен баалуу экен.
Бир гана акыйкатчы Турсунбек Акунга ыраазы болуп калдым. Ошол киши айтты: "Марип, кыйын мезгилдерде чогуу иштештик эле. Жумушсуз калганыңда жардам бере албай калдым. Мени кечир" дейт. Көңүлүндө калган адамгерчилигин бааладым.
Маектешкен Келдибек Назиров