"Агым", 27.05.08 - 4-бет: "Шпикер" бейнесине сїртїмдєр..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Шпикер" бейнесине сүртүмдөр

Адахан (м?) - чак... чак... чак...
Өткөн чак
Тээ 90-жылдардын башында Калинин-граддан окууну бүтүп келип, Ош окуясы боюнча курч макаласы "Жаштык жарчысына" ("Асаба") жарыяланып, окурмандар арасында жаш журналист А.Мадумаровдун ысмы оозго алынган. Ошондон уланган боюнча Адахан (агезде Адахам деп жазылчу) "Асабанын" башкаарманына айланып, 15 жыл бою макталган-даңкталган образы калың журттун мээсине сиңип бүткөн. А бирок чыркыраган чындыкты көз сайып жазганы үчүн, элдин үнүнө, оппозициянын идеологиялык башкы куралына айланганы үчүн Акаев бийлиги "Асабаны" козудай мууздатып, жашаган имаратынан автоматчан ОМОН менен кубалап, Усубалиевдин доосу менен соттоп, кордоп, жаптырып салганда ошол асмандын башын гана сүйлөгөн Мадумаров эмне кылды эле? Коргогонду мындай кой, гезиттен жакшылык гана көргөнү үчүн ырахмат айтканды андай кой, "кайдан көрдүм кара эшек" дегендей далысын салып, "чыйт" түкүрүп басып кетпеди беле! Антип тим калса кана, "Асаба"-"Агымды" азыркыга дейре желмогузундай жектеп келатканы эле нени каңкуулайт? "Боор ооруса боорго тепкен" телибайдыбы?
"Молодойлугунан" кайсактап жумуш таппай жүргөндө маалымат министри А.Эркебаев канатына калкалап, жардамчылыкка алып баланын жолун ачты эле убагында. Азырчы? Эки жылдан бери бийлик мунарасында жүрсө да, Абдыганы мырзага жардамдашууну капарына албады, түзүктөп салам бергенге жарабады.
Кыргызтелерадиосунда жаштар редакциясын башкарып турганында Адахандын "жеңилин жерден, оорун колдон" алышкан жаш журналист кыз Ж.Арыкова болгону чыгармачыл адамдарга жакшы маалым. Ошентсе да былтыр Жыпарга "мамлекеттик чыккынчы" айыбы тагылып, УКК түрмөсүнө камалганда мамлекеттик катчылык бийиктигинен Мадумаров эч нерсе укпагандай-көрбөгөндөй, бечара келиндин тагдырына кызыгып да койбоду. Айрымдарга бул арзыбаган, мамлекеттик деңгээлде "ой жүгүрткөндөр" үчүн мапмайда факты катары көрүнүшү мүмкүн. А адамгерчилик, уят, намыс деген түшүнүктөр ушундай көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн турмуштук окуялардан кураларын унутуп жаткан жокпузбу?
2000-жыл коомчулуктун эсинде, парламенттик шайлоо убагында акаевдик режим жанталашып, оппозициялык маанайдагы саясатчыларга өкүртө бут тосуп атканда, баштарын канжыгага байлап, "Адахан!" деп ураан чакырып, Куршабдагы үйүнө конуп-түнөп, кар аралашкан ылай кечип, өзбек атаандашы экөө итжыгылыш болуп депутаттыкка өтпөй кала турган болгондо Бишкекке телефон чалып, президенттик администрация башчысы М.Ашыркуловду коркутуп атып мандат алып беришкен Д.Садырбаев, Б.Бешимов, Т.Казаков, М.Эшимкановго бүгүн Мадумаровдун мамилеси кандай? Доке менен Түкөнү тек койдук, Эшимкановду колунан келсе эки чайнап, бир жуткусу келгенин, Бешимовду азыркы парламенттен үзбөй поктоп атканын көрүп турабыз.
Ошон үчүн илгерки кыргыздын аксөөктөрү "пейли жарды, ниети томояктарга бийлик бербегиле, эртең эле дөгүрсүп өзүңөрдү чокмор менен башка чабат!" деп бекеринен эскертишпеген чыгаар?
Мадумаровдун өмүр таржымалында мындай мисалдар жүздөп саналат. Бардыгын тизмектегенге кагаз түтпөйт. Болгону эки чакан мисал менен бүтүрөлү.
Убагында ыраматылык Баяман Эркинбаев менен катуу достошту. Ошко барган сайын машинесин минет, "Алай" мейманканасына түнөйт, мончосуна түшөт, ашын жейт. Анан? Кимсанбайдын баласы Акүйдүн 7-кабатына отурар менен мүнөзү 180 градуска бурулду дагы, кадимки Рысбек Акматбаевдин камчысын чаап, тоюнда шапар тээп, Баямандын "кровный врагынын" чоорун созуп, беш жыл мурда жеген досунун ашын тебелеп, Эркинбаевдин жүрөгүнө ок кадалганча келишкис душманындай мамиле күттү.
Ошол 2005-жылдын ыңкылабынан кийин (Адахандын артыкчылыгы - саясый ачкачылык, пикет, жүрүш, митинг аттуулардан акаевчил мезгилде эле качып, дакан короздой өзгөчөлөнүп, колун булгагысы келбей, анан эле орустар айтмакчы, "неожиданно появлялся в нужное время, в нужном месте"! 24-мартта дагы ошентти) адаттагы амбициясы башынан ашып, далбастап пресс-конференция уюштуруп, президенттикке аттанарын, тандемдеши Д.Үсөнов премьер-министр болорун жарыялаганга үлгүрүп, эки күн өтпөй, кашайып, Данчик досу Бакиевдин штабына өтө качып, "эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкөнү" тандаганда Адахан чалкасынан кетип таарынып... акыры экөө тең Курманбек Салиевичти көлөкөсүндөй ээрчип калышканын билбеген жан жок өлкөдө. Бир-ак, ээрчиген менен ичкүптүсү калды да нары жакта. Көп узабай мурдагы устаты К.Байболовду ээрчип Африкага эс алганы барат. Кубат акеси келиштире жарга такайт: "Эй, үка, канча позицияң бар сенин?! Кечээле өзүң мага Бакиевди шыбап, "бийлик башына жолотпош керек" деп жүрбөдүң беле? Бүгүн эмне анын колтугуна кире качтың?" деп. Аерден Бакиевди кайра жиликтеп, Бишкекке учуп келери менен вицелик кызматты тапшырып, парламенттеги оппозицияга кошуларына убада бербесе Адахан Адахан бовой калбайбы! Африкадан келишет. Мадумаров Акүйдө калат. Үкасынын жоругуна баш чайкап Байболов тим болот.
Өткөн чактын бир үзүмдөрүнөн гана мисал тарттык. Мезгилинде Текебаевге ийилгенче акелеп жүрүп, бүгүн жакалап калганын, Бекназаров үчүн айгай салып, "бошотпосоңор бир сааттын ичинде жолду буудуруп коем!" деп Танаевге атырылып жүрүп, кийин Азикеңди көрөйүн деген көзү жоктугун, Аксыдагы курултайга барганда тилкат жазып койгондору үчүн эки кызды "түшкүлө машинеме, эркектигимди далилдейин" деп тантыганын, дагы, дагы Мадумаровдун толгон-токой "эрдиктерин" эскербедик, кагаз түтчүдөй эмес.

Учур чак
Ажонун андагы мамкатчыга нааразылыгы былтыркы жайда ачык байкала баштаган. Президенттик администрациянын дүйшөмбү сайын өтчү жыйындарында Кимсанбаевич сабагынан "2" алган мадырабаштай эле тил укчу. Кызарып-татарып башын шылкыйтып отурчу. Ана-мына отставкага айдалчудай сезилип калган. Ошентип декабрга чейин маанайы чөгүп жүрдү. Анан Курманбек Салиевичтин боору оорудубу, башка талапкер таппадыбы, же Данияр Үсөнов менен Үсөн аке Сыдыковдун адеп эле кудалай бергендеринен кутулайын дедиби, кыскасы баланын багын ачып, "Акжол" башкарган жаңы парламенттин бакыйган төрагалыгына отургузду. Адилеттик үчүн баса белгилейли, Бакиев сөздүн түз маанисинде Мадумаровду көкөлөттү. Өкмөттүн вице-премьер-министри, мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңеш спикери - мындан артык кантип эркелетет?! Ошол президент тартуулаган ырыскыны Адахан көтөрө алдыбы? Же "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" көрүнүшү кайталандыбы?
Кайталанбай анан. "Чү" дегенде эле популисттик чакырыктарынан башталды. "Мурдагыдай акчаны шамалга чачпайбыз, ар бир тыйынды үнөмдөйбүз, бекем тартип орнотобуз" деди. "Чачпаганын, үнөмдөгөнүн" бүткүл коомчулук көрүп турат. Парламент үстүрт ремонттолгонуна эле 30 миллионго чукул сом коротконго үлгүрүптүр. Пенсионер, мугалим, врач, дыйкандар карайлап жүрүшсө, буларың миллиондоп майрамдык премия алып атышат. Санкт-Петербург шаарына учкан самолетуна канча пул коротушту?
Дегиңкисин Мадумаровдун аппетитине таңдай гана кагасың. Эки жыл мурда Акүйдүн алдына суу аттырам деп миллиондорду коротуп, Байболов байкеси тарабынан "Адаханчик-фонтанчик" атка конуп, саясатчылар от души күлүшкөн. Бир ай мурда болсо Чудиновдун милдетин аткарып, өкмөттүк гезиттерге барды да, 21 миллион сом "подарить" этти. Ооз жүзүндө. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 85 жашка чыгыптыр, аны белгилегенге 30 миллион бөлгүлө деди Министрлер кабинетине. ШОС өкүлчүлүгүн Чолпонатага ачалы, ага 50 миллион жетет деп күпүлдөдү. Акыры парламент имаратын 40 миллионго ремонтточумун, кымбат жаңгак менен жаптырчумун, көчүгүмдөгү үстөлүмдү 12 миң долларга алчумун дебатып чоң чатакка кабылды. Кайран шпикер мырза! "Согуш убагында деле ачарчылыкка карабай театрлар иштеп турчу" деп күлдүрдү. Кебетеси Жогорку Кеңешти оюн-зоок койгон театрдай, өзүн башкы роль аткарган кейипкердей элестетип, карапайым калкыбыз кыйналып турганда "пир во время чумы" же "бирөөлөр ичээрге суу таппаса, экинчилери кечээрге суу издейт" болуп жаткан жокпу Мадумаров?
40 миллионду бердиртпеген Садыркуловго асылганын түшүнөбүз, экөө илгертен өч, анан калса Үсөн аке, Даке, Жаке болушуп президенттик администрация башчысын ээрден оодарсак дегенде көздөрү төрт эмес, сегиз, эй! "Менин конституциялык укугумду талашасың, депутаттарды коркутасың" деп "Акжол" фракция жетекчиси Э.Ибраимованы жөөлөгөнүн түшүнөбүз, былтыркы декабрда эле Кимсанбаевич эмнегедир Элмира Султановнаны кыртышы сүйбөй, тийишип, фракция жетекчилигин кызганып, экөө беш айдан бери абысындардай бири-бирине чүйрүйүп калышкан. Аягында президенттин өкүлү К.Конгантиевди да каарып өткөнүнө таңгалбайбыз, анткени ким бу "шпикерди" колдобосо - асылганы асылган, жинденгени жинденген. Майли, бардыгына асылып, мамлекеттеги ?2 бийлик адамы (Конституция боюнча) катары өзүнөн башканын баарын куурусун-туздасын, а бирок жиндин күүсү менен президенттин өзүнө тийишип, "мага бирди айтып, тигилерге башкача айтып" деп Курманбек Салиевичти калпычы атыктырганы - чо-оң "косяк" болду да. Ажо дароо жооп берди го, бирди-экини айтпай эле, 7-кабаттан чогуу сүйлөшкөндөрүн, алиги 40 миллиондун жомогу Мадумаровдун "больное воображениесинен" чыкканын. Башкаарманыбыздын экинчи үлкөн катачылыгы - Э.Ибраимованы мат кылуу максатында "депутаттарды коркутуп добуш бердиресиң" деп күнөө тагуу менен, Адахан парламентте өзү корбашы экенин унуткан түр көрсөтүп, Каркыра менен төрт пансионат маселесинде "айла жок добуш бердик" маанисинде алакан жайып, кайрадан эле Курманбек Салиевичти мокочо көрсөтүү "намегун" жасагандан тартынбады.
Март айында президент Германияда дарыланып жүргөнүндө ойду-тоону сүйлөп, кайран Адахан президенттик бийликке өтө шашып аткан тымызын тилегин билгизип, этегин ачып алганын саясаттагы иттин уулу Байгарага дейре билишет.

Келер чак
Бүгүн "шпикер" алыскы Австрияда жүргөн чагы. Кызыгы, мамлекеттик кызматкердин этикасын "унутуп", ажого бир ооз айтпай кетиптир. Башка маалымат булагына таянсак, атактуу Карловы Вары курортунда отпускалап эс алып жүргөн досу Данияр Үсөновго жолугуп, "эмне кылабыз?" масилетин куруп жүрүптүр. Данчиктин берер кеңеши белгилүү да: "Көчүктү кыскан бай болот, досум, баргын дагы Курманбек Салиевичтен жүгүнүп кечирим сура" дейт эмеспи. Кечирим сурабаганда Мадумаров кайда бармак? Оппозициягабы? Элчиликкеби? Катардагы депутаттыккабы? Ай, ким билет.
Канткен күндө дагы Адахандын келер чак тагдыры - Бакиев менен "акжолчу" депутаттардын колунда. Азыр эптеп аман калса, ойт берме оюнду 2010-жылда көрсөтөт. Ээрден ыргып кетсе... кыйналат... абдан кыйналат.
Эркин ПИРИМОВ