"Агым", 23.05.08 - 20-бет: ВО, Мода!...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ВО, Мода!

Казакстанда өткөн Мода жумалыгына Кыргызстандан DILBAR мода үйү жана DеnNik Li бренди менен таанымал Денис Ли коллекцияларын коюшту. Жыйынтыгында, ири мода журналдар бардык катышуучулар арасынан DеnNik Li коллекциясын гана сүрөткө тартып, Денистен интервью алышты. Анын коллекциясы "Эң креативдүү" деп табылды.
Дилбар Ашымбаева жакында эле балалуу болсо да, чыгармачылыгын таштабай, ийгиликтерге жетишип келет. Денис Ли учурда Лондондогу искусство академиясын аяктап жатат. 26-майда Англияга учуп кетерин угуп, маектешкенге шаштык.

Казактардан алдыда!
- Казакстан Мода жумалыгында көргөзгөн коллекцияңдын башкы концепциясы эмнеде?
- "Күз, кыш - 2009" коллекциямдын негизги тематикасы жапон субкультуралары. Күнүмдүккө ылайыкташтыра келгенде, Европанын гранж жана рок субкультуралары аралаш кетти. Менимче, бардык жаштагылар үчүн акыркы мода боюнча кийимдин коллекциясы. Алматыда дароо көп сатылып кеткенине караганда, келерки күз, кыштын илебин туура сезипмин.
- Алматыдагы ийгиликтериң тууралуу айта кетсең.
- Менден башка бизден Дилбар да коллекциясын көргөздү. Албетте, биз сыймыктанар, көзгө басар эларалык деңгээлдеги жалгыз дизайнер. Мода коомчулугунда өз орду, аброю бар. Биздин деңгээл казак дизайнерлеринен жогору экенин чет элдик меймандар менен журналисттер баамдап, менин коллекциям "Эң креативдүү коллекция" деген наам алды. Элдин кабыл алуусун талдап көрүп, Алматыда бутик ачууну чечтим.
- Өзүң айткандай, бизде таланттар көп, жаңы баштаган дизайнерлерге кеп-кеңешиң?
- Оңой көрүнгөн менен кыйынчылыктары көп. Алгач кайсы багыт жагарын аныктап алуу керек. Ошого жараша бизнес план, аудитория, өндүрүштү кайда коюш керек экени келип чыгат. Көбүрөк байланыштарды түзө билип, өндүрүшкө басым жасаган туура деп ойлойм.
Расмий маалыматтар боюнча, биздин жеңил өнөржай сектору экономика түптөөчүлөргө кирет. Бирок кичи цехтерде өндүрүлгөн товар орто сапаттуу, арзан баада, бирок чоң көлөмдөрдө. Эгерде аталган дизайнерлерибиздей модалуу да, сапаттуу да кийим чыгарсак, киреше өлчөмү көп эсеге өсмөк.
Нуржан АЛЫМКАНОВА




  Токто, көз ирмем!

А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисти, киноактер Рахматулла Таабалдиев:
"Путиндин аялынын киносунда уулум башкы ролду ойноду"
- Кичине кезимен эле артисттерге аябай кызыкчумун. Артисттер айылга концерт, оюн коюп келгенде ата-энемен 50 тыйын алыш үчүн, жумуштарды эрте жасап, малды жайлап, чөп салып, айтор чуркап калчумун. Ата-энем деле менин абдан кызыкдар экенимди билип, бир да концерттен калтырбай жиберип турчу. Ыраматылык атам сологой болгондуктан комузду сол колу менен кыйын чертээр эле. Ал эми апам жакшы ырдачу, ооз комузду созолонтчу. Апам 82де, азыр деле той-топурларда ырдап калат. Апам 19 бала төрөп, 12син аман-эсен чоңойтушту. Айылга артисттер келгенде ата-энем концерттен кийин аларга жолугуп, мени көргөзүп, "менин балам бийлейт, кана бийлечи" десе, мен уялбай эле бийлеп берчүмүн. Мектептеги драмкружокторго катышып, өзбектердин чаар чепкенин кийип бийлеп жүрчүмүн. Бийлегенимди көрүшкөн артисттер кол чаап, азаматсың, сенден бир нерсе чыгат деп айтып калышчу. Бир жолу айылга Даркүл Күйүкова эже "Келиндер козголоңу" деген оюнду коюп келип калышыптыр. Ал эжеге да бийлеп бергеним эсимде. Ата-энем айылга келген артисттерди кой союп сыйлап, узатчу. Артисттер кеткенде көңүлүм чөгүп, ыйлап, алар менен кошо кетким келип, эки-үч күндөй жаман болуп жүрчүмүн.
- Мектепти аяктаганда дароо эле артисттик окууга тапшырдыңызбы?
- Жок. Мектепти аяктагандан кийин армияга кызмат өтөп келдим. Армиядан келгенден кийин ата-энем айылдагы тааныштарынын кызын мага үйлөнтөбүз деп сүйлөшүп коюшуптур. Анүстүнө айылдагы оокатка, ишке бүйрө болчумун. Эшиктин астын гүлдөтүп, огородду жакшы карачумун. Ошондуктан ата-энем мени колуна алып калалы дешсе керек . Биздин үйдү айылдагылар бакча-бульвар дешчү. Ата-энемдин үйлөнтөлү дегенине макул болдум. Бирок, бир шарт койдум. Шаарга барып, окууга тапшырып көрөйүн, эгерде өтпөй калсам кайра келем дедим. Мени баарыбир өтпөйт дешти окшойт, койгон шартыма макул болушту. Ошол кезде айылда "Колхозчу" деген райондук гезиттен эки жылдык филармониянын астындагы студияга абутриенттерди кабыл алабыз деген жарыя көрүп калгам. Биринчи жолу ошондо Фрунзеге Ташкент аркылуу келгем. Филармонияга келип, түз эле директоруна кирип алыптырмын. Ал учурда филармониянын директору Даниэл Назарматов эле. Менин эмне себептен келгенимди сурап билгенден кийин, студиянын директорун чакыртты. Асанбек Качкынбаев деген агай экен, ага мени көргөзүп бул баланы окут деп тапшырды. Эшикке чыккандан кийин Асанбек агай, сен окууга өттүң, деректир айтпадыбы десе, таң калып калдым.
- Экзамен тапшырбай эле өтүп кеттиңизби?
- Экзаменге катыштым. Бирок, кантип тапшырыш керектиги тууралуу маалыматым жок болчу. Келдибек Тургунбаев деген агай төрт күн репетиция жасап, "Ук, жер жүзү!" деген ырды айтып берип, өтүп кеттим. Окууга өтүп айылга барып, ата-энеме окууга өттүм десем, адегенде ишенишкен жок. Бирок, "уулуңуз окууга өттү, кийим-кечектерин алып келип калсын" деген тил катты студиядагы агайга жаздырып алгам. Ошондо ата-энем ишенишип, мени кое берүүгө аргасыз болушкан.
- Студияны эки жыл окудуңуз да?
- Студияда болгону эки ай окудум. Менин сүйлөө речиме, жөндөмдүүлүгүмө карап, белгилүү обончулар Т.Казаков, А.Керимбаев өздөрү менен кошо гастролго алып кетишти. Кыргызстанды кыдырып гастролдо администратор, алып баруучу болуп жүрдүм. Келгенден кийин филармониянын өзүнө кечкисин администратор кылып коюшту. Студияны бүтөөр бүткүчөктү Э.Турсуналиев, К.Турапов ж.б. менен гастролдоп жүрүп калдым. Окуумду улантып Ленинградга тапшырайын деген оюм бар болчу, бирок, Тажикстанга гастролго кетип, кечигип барбай калдым. Кийинки жылы Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, өтүп кеттим.
- Сизди кинолордон көрүп калабыз, канча фильмге тартылдыңыз?
- Москвада 1-курста окуп жүргөндөн баштап ушул күнгө чейин 15ге жакын тасмага түштүм. Орустардын "Ермак", Одессия киностудиясынан "Башында сөз болгон", кыргыз фильминде "Айым", "Манкурт", "Бейиштин кушу", "Жанар куш" жана башка кинолорго тартылгам.
- Жакында сизди Казакстанга барып фильмге тартылып келиптир деп уктук эле…
- Акыркы жолу "Мустафа Шохай" деген казактардын тарыхый фильминде Ички иштер министринин ролун ойнодум. Бул фильмге Болот Бейшеналиевдин баласы Азиз Бейшеналиев менен бирге тартылдым. Андан мурун да "Бейиштин кушу" деген тасмага Азиз менен түшкөн элем. Буюрса жаман эмес, жакшы өткөзүп келдик.
- Айтмакчы, Азиз Бейшеналиевди Кыргызфильм чакырса, менин бир күндүк ставкам 1000 доллар деп, баш тартып коюптур деген маалыматты уктук эле. Сиздин оюңузча бул аңыздын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Азиз Бейшеналиевдин бир гезитке берген маегинен "Кыргыздар жакшы фильм тартса бекер тартылууга даярмын" деп айтканын окудум. Ал көпчүлүк учурда Москвада тартылып атпайбы, мүмкүн ал жердеги ставкасы 1000 доллар эмес, 2000-3000 доллар болушу мүмкүн. Менимче, Азиздин Кыргызфильмден баштартты дегени жалган маалымат, ал Кыргызстанда баасын көтөрбөйт.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
- Келинчегим Жумагүл казак кызы. Бир уулум бар - аты Адилет. Ал да мектепте драмкружокторго катышып, ырдап, бийлейт. Былтыр В.Путиндин аялы келип, тасма тартып кетиптир. Ал тасмада уулум башкы ролду ойноду. Өзүм менен кошо эки фильмге тартылды. Кыргызча, англисче, казакча, орусча эркин сүйлөйт. Ушул уулумдан бирдеме чыгат го деген үмүттөбүз.
- Башыңыздан өткөргөн кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Бир жолу Казакстанга баруу үчүн поездге түшүп калдым. Казакстандын территориясына келгенде кыргыздарды аябай текшеришет экен. Купедеги чогуу келаткан казак келиндер менен таанышып алгам. Алар, "текшерип келатат, артты карап жатып ал, биз өзүбүз жооп беребиз" деп калышты. Купеге кирип байланган чачымды чыгарып артты карап жатып калдым. Аңгыча сырттан келген казактын текшерүүчүлөрү берки аялдарды карап: "Бул ким?" деп сурап атышпайбы. Берки келиндер: "Бул келиндин боюнда бар, кыйналып келатат. Жаңы эле уктады. Тынчын албай эле койгула" десе, беркилер менин байланып турган чачыман аял деп ойлоду окшойт, кетип калышты. Алар кеткенден кийин кечке күлдүк. Ошентип, чачым мени казактардын текшерүүчүлөрүнөн сактап калган.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА