"Агым", 23.05.08 - 16-бет: Апта астрологиясы...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

26-майдан 1-июнга чейин
Кой (21.03-20.04).
Иш убактыңызды туура эмес бөлүштүргөндөн улам ишмердикте айрым кыйынчылыктарга тушугушуңуз мүмкүн. Ушак-айыңдарга көңүл бөлбөй, милдеттериңизге так болууңуз керек. Апта аралыгында эски досторуңуздан кат-кабар алып, көңүлүңүз көтөрүлөт.
Букачар (21.04-21.05).
Көңүл ачууга ири көлөмдөгү каражат сарптаганыңызды акыркы акчаңызды берип жатып түшүнөсүз. Зыкым же ашкере берешен болбош үчүн компромисс табуу керек. Карьера, аброй үчүн ийгиликтүү мезгил. Экси байланыштардын жанданышы мүмкүн.
Эгиздер (22.05-21.06).
Жашы улуу адамдар менен баарлашуу татаал болот. Көп маселелер боюнча бир пикирге келалбай, кыйналасыз. Сиз аларды консервативдүү деп эсептесеңиз, алар сизди өзүмчүл, терсаяк аташат. Акча маселесин чечүүгө ылайыксыз убакыт.
Бөйөн (22.06-23.07).
Жолго чыгууда этият болуп, узак сапарга жалгыз аттанбаңыз. Узакка созулган баарлашуу жадатып, чарчатып жиберет. Апта жаман адаттан арылууга, жашоо мүнөзүңүздү талдоого ийгиликтүү. Темир жоргоңуздун техникалык абалына убагында көңүл буруу зарыл.
Арстан (24.07-23.08).
Финансылык пландарды түзүү, каражатка байланышкан ойлоруңузду ишке ашыруу менен алек болосуз. Коммерциялык мүнөздөгү биргелешкен долбоорлор ийгиликсиз болот. Жакын адамыңыз менен келечек тууралуу сүйлөшүү оң эмоция тартуулайт.
Бийкеч (24.08-23.09).
Апта кызматтык абалыңыз үчүн ийгиликтүү. Ойлоруңуз толугу менен ишке ашышы үчүн ашкере амбициялардан арылып, иш убактыңызды так бөлүштүрүп алганыңыз оң. Кесиптештердин колдоосунан баш тартпаңыз. Өзүмчүлдүк терс сапат экенин эстен чыгарбоо керек.
Тараза (24.09-23.10).
Бир командада иштөө, адамдар менен кызматташа билүү аптанын негизги маселесине айланат. Кайсы гана чөйрөдө болбосун биргелешип иштөө чоң ийгиликтерге жеткирет. Диний секталардын өкүлдөрү, гипнатизерлор менен сүйлөшүү зыяндуу.
Чаян (24.10-22.11).
Ойлонбой туруп жасаган иштериңизден жабыр тартасыз. Иш-аракеттериңизди обу жок эле тобокелчиликке салуунун кажети жок. Жеке коопсуздугуңузга олуттуу көңүл буруу зарыл. Жакындарыңыздын кеп-кеңешине кулак сала жүрүңүз.
Жаачы (23.11-21.12).
Жеке мамилеге жана ишмердүүлүгүңүзгө өзгөчө басым жасай турган мезгил. Өзүңүз үчүн маанилүү болгон нерседен башка бир кызыкчылыкты жогору коюу туура эмес. Берген убадаларды унутпоо зарыл. Түзүлгөн жагдайга объективдүү мамиле кылууга аркеттениңиз.
Текечер (22.12-20.01).
Топтолгон тиричилик көйгөйлөрдү чечүүгө мойнуңуз жар бербесе да, аягына чыгууга аркеттенгениңиз оң. Ишмердиктеги тоскоолдуктардан так, даана түзүлгөн планыңыз менен арылаласыз. Апта аягында кошумча киреше булагына ээ болосуз.
Суу пери (21.01-19.02).
Романтикалуу жана окуялуу апта. Сизден тез арада чечим кабыл алуу күтүлөт. Шашпаңыз, бардык окуяны кылдат талдап чыккандан кийин бир чечимге келүү зарыл. Чыгармачылык менен алектенүүгө ылайыктуу убакыт. Денсоолукка кам көрүүнү унутпаңыз.
Балык (20.02-20.03).
Жакындарыңыздын жардамына муктаж болосуз. Үйбүлө ичинде пикир келишпестиктерди болтурбоо сиздин колуңузда. Агрессияга караганда, жай отуруп талаш маселелерди чечишип алуу туура эмеспи. Апта аягында ашыкча каражат сарпташыңыз мүмкүн.




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент - 34. Жашы - 34, бою - 160, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - туруктуу иши бар. Кандай мырза менен таанышат - иштеген, адамгерчиликтүү, токтоо, ичкиликтен алыс, үйбүлөнү барктап түшүнгөн, 45 жашка чейинки мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 35. Жашы - 36, бою -164, билими - жогорку, жерлиги - Нарын, мүнөзү - токтоо. Турмуштук абалы - өз үйү бар, бир кыздын энеси, иштейт. Кандай мырза менен таанышат - билимдүү, адамкерчиликтүү, аккөңүл, тамашакөй, иштеген, ичпеген, үйбүлөнү багууга кудурети жеткен, 36-43 жаштардагы нарындык, чүйлүк, көлдүк жигит менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 36. Жашы - 37, бою - 160, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - шайыр, ачык-айрым. Турмуш абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - чечкиндүү, келбеттүү, туруктуу, тамашакөй, иштеген иши бар, үйбүлө үчүн камкордук көргөн 38-45 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 37. Жашы - 63, бою - 175, жерлиги - Нарын, мүнөзү - ачык. Турмуштук абалы - жашоо-шарты жакшы, намаз окуйт, материалдык жактан камсыз. Уул-кыздары турмуш куруп кетишкен. Кандай айым менен таанышат - өз ордун таба албай кыйналган, материалдык жактан колдоого муктаж болгон айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат. Бир баласы болсо мейли.
Абонент - 38. Жашы - 39, бою - 164, жерлиги - Нарын, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо, оор басырыктуу. Турмуштук абалы - иштеген иши бар. Кандай айым менен таанышат - материалдык жактан колдоого муктаж болгон, ыймандуу, адамгерчиликтүү, 34-40 жаштардагы айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгөнүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнөтүңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт. Биздин дарек: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Көшөгө".