"Агым", 16.05.08 - 8-бет: Ким кимди єлтїрдї?...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ким кимди өлтүрдү?

"Мен бардыгын атып салам, ошондо эл жакшы жашай баштайт"
Рысбек Акматбаев өлөрүнө аз калганда Кулов, Текебаев, Эшимканов, Байболов, Атамбаев, Шерниязов, Карабековду өлүмгө буйруган.

Бул интервьюну ал "Лица" гезитине берген. 2006-жылдын 10-майында Акматбаев өлтүрүлдү. 11-майдагы гезитке анын оңдолгон интервьюсу жарык көргөн.
Интервьюнун жарыяланбаган бөлүгүн "Лица" гезити үстүбүздөгү жылдын 15-майдагы санына жарыялаган.
Аны кыргызчага которуп сунуш кылуудабыз.

- Депутаттардын интриганы коюп, иштөөсүн каалайм. 15 жылдан бери парламентте эч иш жасабай, бири-биринин гана кирин жууп жайгандар отурушат. Мен депутаттарды иштете аларыма ишенем. Министрлерди да иштетем. Аякта 70 адам бар, алар мени менен эсептешип, көзкаранды болгондой болот. Анткени менин мүнөзүм ушундай. Мен аякка бирөөгө баш ийип, айтканын угуу үчүн бараткан жокмун, конкреттүү түрдө барам. Парламентте отуруп алып, баш ийкеп турмак белем. Аякка мен жакшы битаны ала барам. (Күлөт). Аякка биз аябай керекпиз. Биз ар бир министрден ишинин натыйжасын сурайбыз.
- Спикер болуу дымагыңыз барбы?
- Жок, спикер болбойм, катардагылардан эле болом.
- Мен көп депутаттар менен иштешкен тажрыйбам боюнча, бир да депутат канчалык тажрыйбалуу жана беделдүү болсо да, эч качан парламенттин жана өкмөттүн ишине таасир тийгизе албайт. Сиз кандай иштейин деп жатасыз?
- Көп депутаттар жеке жашоосундагы бетке чиркөө фактылардан, мурда-кийин болгон жагымсыз окуялардан, айрым аркасындагы "калдырактардан" коркушат. Менде андай нерсе жашоомдо, жумушта да болгон эмес. Ошонүчүн биз көп нерсени жасай алабыз. Мен өз командамдын атынан айтып жатам. Биз парламентке президенттен да, премьерден да коркпой, кимдир бирөөгө жармашпай эле келебиз.
- Адамдар сизден коркоорун өзүңүз сезесизби?
- (Күлөт). Мени жакшы көрүшөрүн сезем. Коркуу сездирет. 5-6 депутат, 2-3 министр коркушат. Калгандары жакшы көрүшөт, мен да аларды жакшы көрөм. Мен кайтаруусуз, коргоочу күрмөсү жок жүрөм. Уйкум да тынч.
- Сиз парламентке келгенде оппозицияга каршы демилге көтөрөсүзбү?
- Демилге көтөрбөйм. Аякта команда түзүп, бул оппозиция бүгүнкү күнгө чейин кыргыздар үчүн эмне кылганын конкреттү сурайм. Бардык бизнесмендер особняктарда жашап, газ, жарык үчүн төлөшпөйт. Менде кимдин канча карыз экенин эсептеп жүргөн атайын адам бар. Керек болсо миллиондорду жыйып алып аткан Байболовдун да карызы көп. Мындайлардын ар бири жөнүндө билебиз. Мен бардыгын кысымга алсам, карызды төлөйбүз. Ошондо биздин Кыргызстан эч кимге карыз болбойт.
- 2005-жылдын 24-мартында сиз кайда болдуңуз?
- Өз адамдарым менен аянтта болгом. Азыр бардыгы тең элди биз алып чыгып, революция жасаганбыз деп көкүрөк койгулап жүрүшпөйбү. Кимдин кайда чыкканын бардыгы билет. Ал саясатчылар жолдуу экен, биз айрымдарын аянтка чыгарып, креслого отуруусуна жардам бердик. Кайдагы революция? Алар көпчүлүктү аракка сугарышты эле, көпчүлүк чуркап барып төңкөрүш жасап салды.
- Тиякта сиздин канча адамыңыз болду?
- Бул чоң жашыруун сыр. Мен өзүм уурулардын мыйзамын тутунам. Анткени ал аябай адилеттүү: эч кимди капа кылба, уурдаба, тартып алба.
- Уурдаба деп айтылса, анда уурулук идеясы эмне болот?
- Аны туура эмес таратып жүрүшөт. Эгер лагерлер ушу идея менен жашаса, Азиз чыныгы ууру болсо, лагерлерде эч кандай башаламандык болбой, эчким каракталбай, басынбай жүрмөк.
- Эгер мен туура түшүнсөм, уурулук идеясы иштебей, коомду мите курттай сорууда жатабы?
- Жок. Ууру "общак" чогулткан акчага жашайт. Бардык эркектер эгер иштесе, тапкан акчасын чын көңүлүнөн берет. Совет учурунда 3-5-10 рублден ким канча бералса, ар айда ар бири берчү. "Общак" акчасы ушинтип чогулат. Ага "блатнойлор" жашашат. Уурулар кассасы ушундай чогулат.
- Азыр мектептердеги кенже класстын балдарынан да акча жыйналарын билесизби?
- Уурулук идеясы мунун бардыгы менен күрөшөт. Эч кимди төлөөгө мажбурлабайт. Азиз сыяктуу "сухарлар" акча төлөтүп, бардыгын бузуп жатат. Ууру деген зонада отургандар шайлаган эле президент. Алар да "жакшы адам, бала кезинен өмүр бою отурган, жамандык кылбаган, уурдабаган, капа кылбаган" деп биографиясын карап, лидер тандашат. Ошонүчүн ал Ууру болот, аны бардыгы угат, ал тартипти карайт.
- Сиздин Феликс Куловго мамилеңиз эмне үчүн жаман?
- Кулов менен эч мамилем болгон эмес. Ал эркиндикке чыгып, премьер-министр болгондо биз аны колдобогонубузга себеп болду.
- Сиз аны иниңиздин өлүмүнө байланыштуу ачык эле күнөөлөп жатасыз, кандай айныгыс аргументтериңиз бар?
- Абдулинди түрмөгө алып келишкенде, ал Куловдун адамына: "Феликс Шаршенбаевич кабатырланбасын, мен аны уят кылбайм" деген сөздү айткан. Анын көзүнчө ага баңгизатын, телефон беришкен. Ушу кезге чейин аларга эчким тийбей, өздөрүн ишенимдүү алып жүрүшөт.
- Жеке өзүңүз Абдулин менен Батукаевден өч аласызбы?
- Жакында бардыгын билесиңер.
- Президенттин чөйрөсү жөнүндө кандай ойдосуз?
- Алар алсыз, иштешпейт. Чечкиндүү эмес. Бул куру убадаларды көбөйтүп, кыйроого гана алып келет. Анын командасы түшкө чейин бирди, түштөн кийин башканы, кечинде таптакыр башканы ойлонушат. Түнүчүндө да бир нече жолу өзгөрүшөт.
- Бакиев-Кулов тандемин күчтүү саясый түзүлүш деп эсептейсизби, же жакында эле жок болобу?
- Тандем дегенди такыр түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт. Достошкондун ордуна, элдин курсагын тойгузуу керек. Экөө болсо, "голубойлордой" чогуу жүрүшөт. Эл көзүнчө чогуу жүргөн менен, алар бири-бирин жеп жиберүүгө даяр.
- Сиз 2 млрд. тышкы карызды төлөй аласызбы?
- Алла Таала жар болсо, жөнөкөй эле төлөмөкмүн.
- Азыр саясат таануучулар сизге мандат берсе да, бербесе да нааразылыктар болот деп талашып жатышат. Бул кырдаалды кандай көрөсүз?
- Чынымды айтайынбы? Биз аякка кирип, мушташсак болмок. (Күлөт). Тамаша. Мага мандатты бергенде деле өлкөдөгү курч абал жок болбойт. Анткени мындай абалды Кулов, Текебаев, Эшимканов, Байболов, Атамбаев, Шерниязов, Карабеков түзүп атышат. Ар бири мени парламентке киргизгиси келбейт. Алар эмнеден коркушат, билбейм. Эгер алар мени монстр, өлтүргүч катары көрүшсө, жаңылышат. Мен ушундай болсом, аларды эчак эле өлтүрмөкмүн. Бирок бул жетөөнү баарыбир өлтүрүшөт. Ким экенин билбейм, бирок аларды өлтүрөрүн эске түйүп коюңуз. Мен атайын кызматтарда 30 жылдан бери иштейм, практикамда бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо жыл ичинде өлтүрүшөт. Кулов жакында өлөт. Аз күндө. Жүрөк пристубунан.
- Мен сиз депутат болгондон эки айдан соң, сизди жок кылышат деген божомол уктум.
- Алла Таала үчүн пайдалуу иш кылып өлсөм, анда кубанычтамын. Эгер алар көчөгө чыккандан коркуп атышса, мени кантип өлтүрүшмөк эле. Ооба, алар мени өлтүрүү үчүн ушунчалык көп акча төлөп жатышат. Бирок алар каалагандай болбойт. Бирок өлүүгө туура келсе, мен өлөм. Балким алар жаңылып жатышат, мүмкүн алар менден биринчи өлүшөт?
Редакциядан:
Ал жаңылган экен. Өзү өлүп, ал атагандар тирүү.
Максим Бакиев
жөнүндөгү ою
- Максим туура жүргөн, жакшы жигит.
- Сизде Кулов боюнча конкреттүү документтер барбы?
- Менде бардык документтер бар. Ал эмнени, кайда, качан сатканы жөнүндө. Франциядан атайын келип, "Химсинтез" боюнча көрсөтмө бере турган адамдар бар. Анткени алар биякка чоң акча коротушкан. Алар Куловду алып түшүү үчүн мага жардам бергилери келген. Мындан башка, Ригадагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери "Чероки" машинасын уурдашкан. Бул машинени Кыргызстандан сатып алышкан, көрсө, анда чоң акчалардын материалдарына Куловдун колу коюлган документтер бар экен. Бардыгы андан коркушат, деги эле уурудан коркууга болобу? Ошонүчүн парламентке келип, ушу материалдарды көтөрүү керек. Мен алар жүргүзүп жаткан маалымат согушун жактырбайм. Аны парламентке түз эле чакырып, даярдантпай сураш керек. Ошондо сюрприздер болот.
- Сиз өзүңүздү бүт Кыргызстанга каршы коюп жаткан жоксузбу? Сизди №1 кримдушман деп аташты. Муну кандай кабыл аласыз?
- Эгер алар мени криминал катары көргүсү келсе, мен анда криминал катары чыгам. Бардыгын атып салсам, эл жакшы жашай баштайт. Арменияда ушундай жасашпадыбы. Атканды да, өлгөндөрдү да кийин унутуп коюшпадыбы.
Которгон Аскер САКЫБАЕВА