"Агым", 16.05.08 - 14-бет: Шоу калаасынан...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Токонаалат калбасын

Валиханов шпионбу
же башкабы?
"Ысыккөл" коомдук фондунун демилгеси менен казак окумуштуусу Чокан Валихановго жана бугу уруусунун бийи Боронбайга Балыкчы шаарына эстелик тургузулмакчы болду. Бул демилгени эки өлкөнүн президенттери Н.Назарбаев менен К.Бакиев да колдоп жатат.
Кыргыз тарыхчылары Боронбай бий жөнүндө кызыктуу маалыматтарды беришет. Адегенде Боронбай Көл кылаасындагы уруулардын ынтымагын сактоо үчүн такай көз салган. Элди дыйканчылыкка, мал-чарбачылыгына үндөгөн. Ошол эле убакта Ормон хан менен чатакташып, анын айынан эки уруунун тамырына доо кетип, бейкүнөө адамдар набыт болгон.
Боронбай 1853-жылы бугу уруусунун атынан Батыш Сибирь бийлигине кайрылып, Орусиянын карамагына өтүү жөнүндө аракет жасай баштаган. Ал өтүнүч катын 1844-жылдан тартып жөнөткөн. Анын бул аракети 1855-жылы ишке ашып, ага орус бийлиги манап даражасын ыйгарып, айына 300 рубль айлык төлөп турган.
Ал эми Чокан Валиханов 1856-57-жылдары Кыргызстанга үч ирет келип, полковник М.М.Хоментовскийдин жетекчилиги астында уюшулган аскердик-илимий экспедицияга катышат. Көл өрөөнүндө эки айга жакын убакыт элдик оозеки чыгармаларды жазып алган. Албетте, Валихановдун бул эмгеги үчүн кыргыздар ага ыраазы болушу керек. Бирок Валиханов ошол эле мезгилде тыңчылык милдетти да аткарып, орус бийлигине кыргыздардын кулк-мүнөзүн, уруу-урууга бөлүнгөн ынтымаксыздыгын, жер-суунун кооздугун, байлыгын бүт баарын толугу менен жеткирип, мунусу аз келгенсип, кыргыз аялдары бөтөн бирөө менен чечинип алып этектешсе, эркектери ар кылбайт маанисинде жазганы да бар. Биз жанагы союз мезгилинде кастарлаган П.П.Семенов-Тянь-Шанский, Пржевальский ж.б. кыргыздарга жер-сууну изилдемиш болуп шпиондук милдет аткарып жүргөнүн азыркы тарыхчылар бекем ырастайт.
Эми Валиханов эмнеге минтип жазды деп ой жүгүртсөк, сыягы Боронбай аны коноктоп койнуна кыз салып бергендир, мүмкүн ошону айткандыр. Себеби, мындай тажрыйба кыргызда эзелтен эле бар. Кыргыздын кайсы бир мыктысы казак байына жагыныш үчүн өз элинен ылайыктуу кыз таппай бирөөнүн сулуу келинине жибек жип менен кыздык тиктирип тиги казактын койнуна салып, ал байкуш таң атканча жибек жипти үзө албай кыйналганы санжырадан маалым.
Эмнеси болсо да "Ысыккөл" коомдук фонду эстелик тургузгандан мурун мунун келечегин, аркы беркисин ойлонгону абзел. Себеби, эртең токонаалатка калбагандай болушсун.

Келдибек НАЗИРОВ




  Билгенден билелегиң көп, тууган!
Голливуд эмне деп колдурайт?

Энтони Хопкинс
Актер, 71 жашта. Лос-Анжелес
Адамда жакшы сапат кеч өнүгөт. Мен мектепте жеткен макоо элем. Бир да балага кызыгып, мамиле түзбөгөм. Андайларды азыр дислексия же ынтаасы начар деп коюшат. А мен жөнеле көңдөй челек болчумун. Анткен менен ошонүчүн актер болдум.

Көпчүлүк актерлор жөнөкөй эле апендичалыш кишилер. Анан өздөрүн өтө татаал ойлойт. "Кутурган букада" Роберт де Ниронун ойногонун угуп, ушул фильмди сөзсүз көрүш керек деп чечкем. Нью-Йорктун бир сийдик жыттанган кинотеатрынан көргөм. Кимдир бирөөлөрү ичип атты, кимдир бирөөлөрү уктап атты. Ошондо бир башка чапкандай соолуккансыдым: жанталашып жасаган аракетибиздин акыбети ушул экен да!
Азыр мен театрга ыйыктын ыйыгы деген жерден туруп түкүргүм келет. Аны эмне эле касиеттүү санап калтырышаарын түшүнсөм кудай урсун. Төрт жүз жыл мурда төңкөрүлгөн бүт театрдын зарураты эмне? Кимге кереги бар? Ыргытып сал. Андан асман кулап кетпейт! Өлүк деген өлүк. Тигил Лир мындай, бул Лир тигиндей - бу кимге кызык? Сен болгону сага чейин онбеш миң актер жасаган ишти жасап атырсың.
Бардык актерлор ашынып турган кезинде Гамлетти ойногусу келет. Мен да ошенткем. Азыр ойлойм: ушунун өзү эле өз башыңды өзүң сыйыртмакка салып бергендик. Мени азыр бүт Шекспир, британдык таштандылардын бири да кызыктырбайт. А кызыктырган мезгил атак-даңк көксөгөн алакөөдөндүгүм эле.
Менин сүйгөн бир да ролум жок. Мен жөнеле иштейм. Ролумду жаттайм, эмне айтарымды түшүнөм, бирдеме жасагым келсе, майын чыгара жасайм. Ишке келем, аны аткарам, кайра үйгө кетем. Андан кийин акчасын алам - болгон тарых ушул. Калп айтып, кара жанын жеп атат дешсе, жаңылат, турмуш чындыгы ушундай.
Сени сатылгыч деп сандырактагандар жөнеле сага көчүгү күйгөн көралбастар. Кечээ жакында менин бир жакшы жолдошум Лондондон Улуттук театрдын кастинг агентине жолугуп калыптыр. Ал аял: "Тони кандай жүрөт?" деп сурайт имиш. "Абдан жакшы жүрөт, Голливудда" деп жооп бериптир ал. Анда тиги: "Кандай гана аянычтуу, сатылып кетти" деп жашылданымыш болот дейт. "Ооба, - дептир менин жолдошум. - Анткен менен аябай байыды, атагы таш жарып атат". Ал аялдын көчүгү күйгөнү ушунчалык, тимеле көзүнөн чыкты дейт.
Өздөрүн жеткен такыба, ашкан жапаакер санагандардан жек көргөнүм жок. Анын баары жасалма. "А сенчи?" дечүлөр чыгаар. Бардыгыңар сыяктуу эле мен да жасалмамын. Баарыбыз маскарапоз, баарыбыз бузуку, баарыбыз калппыз.
Мага жалгыздыгым жагат. Мен эчким менен эзилишип, жуурулушуп кетпейм. Бардыгын оолак тутам. Албетте жакшы салам, жылуу мамиле жасагансыйм. Бирок эчбирине ичим жылыбайт...
Таңгалыштуусу, качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам. Албетте, анымдан жапа тарткандарды аяйм. А бирок алкаштыктан аябагандай зор турмуш тажрыйбасын топтойсуң. Бир бөтөлкө текила* ичип алганда өмүрүң да, өлүмүң да түккө турбай калган күндөр болбодубу. Ошентип адам катарынан чыгып калгам, эмоционалдык маанисинде толук банкрот болгом. Текиланы жанымдай көрчүмүн.
Жок, жок, наркозат сайынган да, тарткан да жокмун. Алардын ордун жоктотпой турган текила канда арбын боло турган.
Атам наабайчы эле, маданиятка түкүрүп да койчу эмес. Кээде пианинодо ойноп атсам кирип калчу. Жүн баскан колдорундагы унду күбүп, анан "эмнени ойноп атасың?" деп сурар эле. Мен: "Бетховенди". Атам: "Мунуң бекер жеринен дүлөй болбоптур. Ой, кудай жалгагыр, эшикке чыгып, пайдалуурак оокат кылсаң боло". Анын минтип кагынып-сөгүнгөнүнүн маани-маңызын азыр араң түшүнүп жүрөм.
О'Тула менин кумирим эле. Барга алгач чогуу барганыбыз эсимде. Ал: "Гиннес" ал" деди. Көңүлүң көтөрүлдүбү, дос? Болуптур, жутуп ийели дагы, "Оскарыбызды" алуу үчүн жөнөйлү. Мага ушундай алаңгазарлык жагат, аракечтер менен аңкоолорду аябай сүйөм. Бир кезде өзүм ошондой болчумун. Бирнече жыл мурда О'Тулага кайрадан жолугуп калдым. "Даңкка бөлөнүү жаатынан биз, камбагалдар сенин алдыңда шоона эшпей калдык" деди. Аракты таштагандын бир азабы бар: жандай көргөн жакшы жолдошуңдан айрылып каласың...
"Esquire" журналынан кыскартылып которулду
* Мексика арагы, кактустан жасалат