"Агым", 09.05.08 - 7-бет: Как, чєнтєктї!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Как, чөнтөктү!

Айыкпас дартта жара көп, азаптуу калкта пара көп
Акыркы беш жыл ичинде борбор калаабызда микроавтобустар өтө көбөйүп кеткендиктен шаар ичинде автокырсыктар, башаламандыктар болуп, МАИ кызматкерлерин да, элди да жүдөтүп жибергени жашыруун эмес. Ал эми өкмөттүн, Бишкек мэриясынын чоң автобустар, троллейбустар келет деген убадасы "сүрсүп", эл эчкимисине ишенбей калды. Балким, убаданын аткарылбай жатышынын аркасында да бир сыр болуп жүрбөсүн?

Блокнотко
Учурда Бишкек шаардык транспорт департаментинде (БШТД) катталган 38 фирма болсо, бул фирмалардын ар биринде кеминде 100дөн микроавтобус бар. Айдоочулардын айтымында, жакшы акча түшүүчү линияга кирүү үчүн фирманын жетекчисине 500 долларга чейин, начар линияга кирүү үчүн аз бердим дегенде 100 доллар сугунтуш керек. Ал эми айдоочуларга берилүүчү патенттин баасы мурда 300-350 эле сом болсо, азыр 500 сомго көтөрүлгөн. Бул суммага фирманын, транспорт департаментинин "шапкасы" кошулуп 1000 сомго чыгат. Бул бир. Экинчиден, мамлекеттик салыктардан сырткары ар бир айдоочудан айына 1700 сомдон "конторские расходы" чогултулат. Муну бербегендер линиядан автоматтык түрдө чыгарылат же ар кандай себептер менен кысымга алынат. Айрым маалыматтарга таянсак, 1700 сомдун 400-500 сому фирмага калат дагы, 1200 сому БШТДга которулат. Түшүнүктүүрөк болуш үчүн эсептеп көрөлү. Шаар боюнча 38 фирмада 100дөн микроавтобус болгондо шаар жүргүнчүлөрүн 3800 микроавтобус, легалдаштырылбагандарын кошкондо 5000 микроавтобус тейлейт. Эми 3800 микроавтобустун айдоочуларынын ар бири 1200дөн чогултканда айына 4 560 000 сом БШТД казынасына түшөт. Бул сумманын 5 миң доллары, маалымат булактарына ишенсек, фирмаларга "крыша" болгон мэриянын көзгө басар бир "күркүлүнүн" чөнтөгүнө түшөт.

Транспорт башаламандыгы - чоң акча
Учурда шаардагы транспорт чөйрөсүн тейлеген вице-мэр Болот Худайбергенов мырзанын шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуудагы башаламандыктын түзүлүшүнө түздөн-түз салымы бар. Анткени, Болот мырзанын жана башка чиновниктердин ачкөздүгүнөн муниципиалдык транспорт арыктап, көмүскө акча айлантуудан улам транспорт тармагында күн санап коррупция "семирип" келе жатат. Тактап айтканда, транспорт тармагындагы чиновниктер акча төлөй албаган, аз камсыз болгон адамдарды муниципиалдык транспортторго түртө салышып, троллейбус, автобустардын кантип, кандай шартта иштеп жатышканы менен баштары да оорубайт. Микроавтобустардын көп болуп, шаар ичиндеги башаламандыкты жаратышынан олчойгон олжо түшүп жатса, ким эле андан айрылгысы келсин.

Жүзүңдү ач, Гүлчөтай
Мусулманчылыкта бирөөнү каралоо эң чоң күнөө катары саналат. Андыктан биз Болот мырзаны каралагандай болбош үчүн, анын "эмгектерине" кыскача токтоло кетсек. 2007-жылдын апрель айында таштандыларды чогултуучу машиналарды алуу боюнча тендер жарыяланып, шаар мэриясынын казынасынан 40ка чукул машина алуу үчүн 80 млн. сом бөлүнгөн. Мыйзам боюнча тендердик комиссиянын башында турууга укугу жоктугуна карабай, "эбин тапкан эки жейт" болуп тендердик комиссиянын башына Болот Худайбергенов өзү туруп алган. Жыйынтыгында, сатылып алынган машиналардын ар биринин баасынан 10%дан "откатной", тактап айтканда 200 миң долларга жакын акча Худайбергеновдун командасына "чистый прибыль" болгон. Мыйзамга таптакыр туура келбесе дагы мэриядан бөлүнгөн акчаны бөлгөн, сарптаган, көзөмөлдөгөн да вице-мэрдин өзү болушу Кыргызстандагы мыйзамдын алсыздыгы эмей эмне. Буга эле алымсынып калбаган Болот мырза алынган машиналарды мыйзам боюнча төрт районго бөлүп берүүнүн ордуна, өзүнүн "Тазалык" фирмасын түзө калып темир тулпарларды фирманын карамагына өткөрүп алган жана фирманын жетекчилигине Бакыт Сыдыковду кое салган. Андан соң Худайбергенов райондун акимдерине чалып, эртең-бүрсүгүнү территорияңарды президент текшерет, "Тазалык" фирмасына акча которуп, биздин машиналар менен таштандыларды тазалаткыла" деп аларга өздөрүнүн машиналарын өздөрүнө пулдап, түшкөн акчанын жарымын чөнтөгүнө, жарымын өкмөткө которгон. Ал эми "Тазалыктын" машиналары болсо, акимдер эски машиналары менен ШОСтун алдында тазалаган участокторду "холостой" эле айланып чыгышкан. ШОС бүткөндөн кийин бул машиналардын калган-катканы (анткени беш-алтоо тонолуп кеткен) төрт районго бөлүнүп берилген дагы, баягы "Тазалык" таптаза жоюлуп кеткен. Мындай жегичтиги үчүн Сыдыков менен Худайбергенов кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек болсо да, эмнегедир эмдигиче каалаганын кылып келишүүдө.
Мындан сырткары, Болот мырза 2001-2005-жылы депутат кезинде алган үйүн эмдигиче кайтарып берген эмес. Пайгамбар жашына келсе да Худайбергенов "Мен 2003-2005-жылы Бакиев, Мадумаров, Үсөн Сыдыковго "крыша" болуп бергем, ошондуктан алар мени азыр коргоп жүрүшөт. Мен Бакиевдер менен да жакшымын, эчкидей эле жашым калды, аз да болсо жеп калайын" деп ачык эле айтат дешет. Мүмкүн апыртма сөздүр. Жалалабаттын 130 жылдыгында болсо өзүнө караштуу мамлекеттик структуралардан акча чогултуп, аны өз атыман деп кошкон. Жакында Президент "Эмне үчүн башка өлкөлөрдө жеген чиновниктердин бети ачылат дагы, Кыргызстандагы алкымы ачылган чиновниктердин бети эмнеге ачылбайт?" деген суроо узатты. Мисалы, Акаевдин убагындагы бир табактан тамак ичкен акимдер Маратбек Чымырбаев менен Болот Худайбергенов сыяктуулар "карга карганын көзүн чокубайт" болуп жатышса бет кайдан ачылат?

Чымчык сойсо да касапчы сойсун
БШТДга келе турган болсок, бул департаменттин башкы директору азыркы кезге чейин "Феликс Куловдун атчысы" атыгып келген, адистиги боюнча зоотехник Чымырбаев Маратбек мырза. Маратбек Чымырбаев вице-мэр Болот Худайбергенов менен бирдикте шаар жүргүнчүлөрүнө кызмат көрсөткөн фирмалардын аркасында ири суммага туйтунгандыктан анын муниципиалдык транспортту өнүктүрөйүн деген ою да жок. Тескерисинче, ал өз "бизнесине" атаандаш шаардык мамлекеттик транспортту жоготууну көздөөрүн акыркы жылдардагы Бишкек муниципиалдык транспорту жалпы керектөөсүнүн 25-35%ын гана алып келгендигинен ачык көрүүгө болот. Эскерте кетчү нерсе, 2005-жылы БШТДнын директорлугуна конкурс жарыяланып, натыйжада Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автокомбинатынын директору Асанов Кубан жеңип чыккан. Транспорт ишинин ийне-жибине чейин билгендигине, Бишкек шаарынын транспорт тармагын аз убакытта оңдоп чыккандыгына карабай 2-3 айдан соң Кубан Асанов кызматынан эч себепсиз алынган. Элибизде чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дечү эле, анын сыңарындай зоотехник Марат мырза бул транспорт департаментинде эмнеге адашып же кимге таянып жүрөт? Эскерте кетсек, Марат Чымырбаев шайлоонун биринчи этабында жабык добуш берүүдөн өтпөй калып, кийин директордун милдетин аткаруучу болуп жүрүп "домкраттарынын" жардамы менен бул кызматтын эки тизгин, бир чылбырына жеткен. Балким, бул департаментке зоотехник эмес, чыныгы адис келгенде шаар ичиндеги транспорттук башаламандык тартипке келмектир.

Окшошконго мушташкан
БШТД башдиректорунун орунбасары Соурбаев Жусуп болсо (Кубатбек Байболовдун бажасы) өмүр бою "Манас" аэропортунун бажысында иштеген. Элдик революциядан кийин ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, кызматтан алынат дагы, көп өтпөй Нуржамал Байболованын аркасында БШТД директорунун орунбасарлыгына жетет. Бул жакшылыкты акташ үчүн Соурбаев парламенттик шайлоодо жумушун таштап коюп, Нарында "Атамекен" партиясына элди үгүттөп да жүрдү. Бир эле нефть, күйүүчү майдын кымбаттыгынан эмес, жогорудагы себептерден, транспорт тармагында мамлекеттик ар түрдүү салыктардын, коррупциянын, кызылдай көмүскө акча жүгүртүүнүн болуусунан улам да жолкире кымбаттап жаткандыгын да биле жүрүңүз. Айдоочулардын айтымында, шаар транспортундагы көмүскө акча жүгүртүүлөр, "шапкалар" жоюлса, жолкире 5 сом боюнча калганда деле актамак экен. А жоюлбаса "15 сом болсо да актабайт" дейт алар. Кыскасы, кайдыгерликтен калк гана жабыр тартууда.

Мелис СОВЕТ уулу