"Агым", 09.05.08 - 3-бет: Хайл, Сайракан!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


  Сая-саалы

Ардагер-лердин катары суюлууда
Бүгүн Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 17 гана панфиловчу-ардагер калыптыр. Убагында ок кечип, от аралаган аталар менен чоңаталар арабыздан кетип жатышат. Иосиф Кобзон ырдагандай, турна болуп, тээ алыска учушат… Көзү тирүү ардагерлерди Коргоо министрлиги ардактап, аларга сый-урмат көрсөтүп жатат.

Чиновниктер түшүнөн чочушат дейби?
Белгилүү оппозициячы, Коомдук парламент мүчөсү Темир Сариев азыркы кыргыз чиновниктери түшүнөн чочуп ойгонуп жатышат дейт. Анткени, өзүлөрү мыйзамсыз жана кылмыш жолу менен бийликке келишкен кургурлар, бизди качан жылуу кабинеттерден көчүккө тээп чыгышаар экен дешип күнү-түнү жүрөкзаада имиш.

Кыргыздын оозун чаптап койсоң деле, ымдаша берет
Эл аралык "Фридом Хаус" уюмунун маалыматында, Кыргызстан азыр сөз эркиндиги боюнча суралган 195 өлкө ичинде 156-орунда турат экен. Суралгандардын 31,37 пайызы бизде сөз эркиндиги жок дешсе, 37,2 пайызы бар дешет, тобо-о. Ал эми 16,24 пайызы сөз эркиндигин бийлик жөндөп турат дешет. Мындай карасаң, айрым бийлик өкүлдөрүн карандай өч алды көөлөп-шыбагандан башка басылма, көрсөтмө, угузма каражаттарынын кол-жолу да, ооздору да бош эле көрүнөт го.

Равшанды Интерпол издейт имиш
Айрым маалымат булактарынын кабарында, Акаев доорунда Маммүлк фондун башкарып жүргөн, кийин март ыңкылабында Бишкекте бир нече күн шаар башчы боло калып, анан Малайзияга элчи болуп барып келе калган жаш саясатчы Равшан Жээнбековго Интерпол издөө салат имиш. Эл аралык полицияга мындай өтүнүч менен Каржы полиция башчысы Турат Мусабаев кайрылыптыр. Равшан акең болсо, эч нерседен камаарабай АКШда жашап, окуп жүрөт. Бул ишти президент администрациясы менен өкмөт өзү колго алды дешет. Мынчалык эмне балээ кылып ийди эле...

Чудинов барда токочтон кам санабагыла
Өкмөт башы Чүдү тегин Виталий уулу Игорь элди ойда бир ыраазы кылып койду. Кечээ эле Жайыл баатырдын мекенине барып, чарбачылык менен таанышып, андагы бай дунгандардын, орустардын талаасын, короо-сарайларын көрүппү, айтор, шыктанып-шерденип, анан ушундай мээнеткечтер турганда мамлекет кампасы эч бөксөрбөйт маанисинде гяп кылды дейт. Айтканына ишенсек, аштык менен токочтон камсанабай эле койсо болот экен. Себеби, мамлекет кампасында күлазык жетиштүү, ал тургай 4 ай катары менен каатчылык келсе да токочту сары майга малып, күйшөп отура берет экенбиз. Ылайым ошондой эле болсун, оозуңа май, Игорек!

Ардагерлерди ыраазы кылган Жаныш мырза
"Коопсуздук жана укук тартиби" фондунун төрагасы, ажонун генерал биртууган иниси Жаныш Бакиев Улуу Жеңиштин алдында 150гө жакын согуш ардагерине сый тамак берди. Ардагерлерге баалуу бадаркелер, түркүн тамак-аш салынган баштыктар да берилди. Карт солдаттар Жаныш Салиевичтен алкышын аянбай эле улам бата берип жатып калышты дейт.




  Крим-аалы

Кырсыкка ким күбө?
7-май күнү Бишкек шаарынын Баку көчөсүнөн түнкү саат ондордо белгисиз машинанын айдоочусу жолдо кетип бараткан жүргүнчүнү койдуруп, качып кеткен. Ал машинанын артында келатышкан "Оппел-Вектра", "Мерседес Бенц", "БМВ-520" автомашиналары жерде жаткан жабырлануучуну байкабай үстүнөн тебелетип кетишкен. Жабырлануучу оор жаракат алып, ошол жерден жан берген. Аталган автоунаалардын айдоочулары маркумду ага чейин эле башка машина койдуруп кетип, көз жумгандыгын айтышууда. Бул окуяны көргөн күбөлөр 53-01-84, 53-01-96, 53-01-81 телефондоруна чалып коюңуздар.

Ымыркайдын убалы кимге?
6-май күнү Чүй районуна караштуу Искра айылынын жашоочусу, 1971-жылы туулган М.Сыдыгалиевдин үйүнүн эшигинин алдына түнкү саат 22.30да одеялга оролгон жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап кеткен. Ымыркай Токмок шаарындагы төрөт үйүнө жеткирилген. Тогуз ай омурткасы сыздап көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келген ымыркайын таштап кеткен ташбоор эненин ким экени изилдөөдө.

Алаанын азабын көрүшөт
Талас шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан нан чыгаруучу заводдун аянтчасынан 27-апрель күнү түнкү саат 23.30 да 1976-жылы туулган кызды белгисиз азиат улутундагы жигит күч колдонуп, зордуктап кеткендиги тууралуу милиция бөлүмүнө арыз түшкөн. 2-май күнү 1978-жылы туулган Э.Дөңбаев изкубарлардын торуна түштү. Көчөдөн көрүнгөн кызды баса калып, жанкумарын кандырган аңги темир тордун ары жагында кылган ишин мойну менен тартып отурган кези.

Небересиндей кызды зордуктаган айбан
6-майда Талас шаарынын Тельман-Оторбаев көчөлөрүнүн кесилишинен саат 14.30 чамасында 2000-жылы туулган, сегиз жашар кызды күч колдонуп зордуктоого аракет жасаган 1949-жылы туулган С.Аппаков колго түштү. Колуна кишен салынган С.Аппаков темир тордун ары жагынан "аппак" болбой, кандай карараары турган иш.

Таанып-билгендер кабарлап койгула
1-май күнү түнкү саат он экилерде Бишкек шаарынын Алмата көчөсүнөн "Мерседес-Спринтер" маркасындагы кичи автобус азиат улутундагы белгисиз адамды коюп кетип, жабырлануучу дароо №4 ооруканага жеткирилген. Учурда ал реанимация бөлүмүндө эсине келбей, оор абалында жатат. Анын аты-жөнү, ким экендиги тактала элек. Жабырлануучунун өзгөчө белгилери: азиат улутундагы 50-60 жаштагы киши, бою 165 см. чымыр денелүү, чачтары кара, кийгени боз түстөгү көйнөк, кара түстөгү калың шым. Бутунда кара туфли. Сүрөттөгү адамды таанып-билгендер төмөнкү телефондорго чалып коюңуздар: 53-01-84, 53-01-96, 53-01-81.




  И- тагдаалы

Жаша, "дембел"!
7-май күнү президент Бакиев Улуттук гвардиянын жоокерлери менен жолукту. Улуу Жеңиш майрамынын алдында мекен сакчылыгында кызмат кылып жатышкан жоокерлердин жашоосу менен таанышты. Кызматын өтөп бүтүп, үйлөрүнө кайта турган "дембелдер" менен эстелик үчүн кайра-кайра сүрөткө түштү.

Мунун убайын эми ким көрөт?
2008-жылдын биринчи кварталында Бишкек мэриясынын бюджетине шаар жерлерин сатуудан 50 млн.дон ашык сом түшкөн. Бардыгы 1,69 гектар 14 участок сатылган. Мурда айтылгандай, бул жерлер өз наркынан 30 пайызга төмөн бааланган. Экинчи кварталда сатыла турган жерлерге 20 пайыз, үчүнчү кварталда сатыла тургандарга 10 пайыз төмөндөтүүлөр каралган. Сатылган жерлердин жарымы Октябрь райадминистрациясында жайгашкан. Айтмакчы, эң кымбат сатылган участок Жибекжолу көчөсүндөгү 6800 кв/метр аянт болгон, аны "КААР" ЖЧКсы 19 млн. 6400 миң сомго сатып алган. Акчасы барлар, жер алганга шашылсаңарчы.

Эрдик эстен кетпейт
Бүгүн ыйык Жеңиш күнү. "Замандаш" саясый партиясынын атынан партия төрагасы М.Өмүракунов Улуу Атамекендик согуштун катышуучуларын Жеңиштин 63 жылдык майрамы менен куттуктайт. "Азыркы ардагерлер ошо өрт кечкен убакта каармандыкты, патриоттуулукту көрсөтпөсө, азыркыдай бейпил турмушту биздин муун көрөт беле. Сиздердин эрдик эстен кетпейт, баш ийип таазим кылабыз".

Келгиле, бийлейбиз
10-11-май күндөрү Алматыда классикалык жана спорттук бийлер боюнча эларалык турнир өтөт. Турнирге Кыргызстандан 30 бийчи катышат. "Эларалык турнир бүткүлдүйнөлүк бий күнүнө карата жылына өткөрүлүп турат" деди КР классикалык жана спорт бийлери федерациясынын генералдык секретары Риана Мельзетдинова. Денсоолук үчүн бийден өтөрү жок, ошонүчүн көбүрөөк бийлегиле.

"Жүрөккө түшкөн чагылган"
"Айтыш" фондунун алдында "Калемгер" адабий клубу үзүрлүү иштеп келет. Бул клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо деген жаш, таланттуу жигит "Жүрөккө түшкөн чагылган" аттуу туңгуч китебин чыгарып жатат. Китептин бетачары 17-майда УТРКнын концерттик залында өтөт. Баса, Мирлан ушу күнү Мелмил аттуу сулууга үйлөнүп, ак жоолуктуу болгону турат. Талантың ташкындап, сүйүүдөн да багың ачылсын, Мирлан!

"Коляска" той
Белгилүү куудул, КР Эмгек сиңирген артисти Келдибек Ниязов үч небере кыздан кийин эркек неберелүү болуп, атын Малик койду. Маликке кырк күн толуп-тололекте Келдибек байке "Ширин" кафесинде жентек той (азыр "коляска той" дешет тура) өткөрүп, сүйүнүп турган кези. Небереңиздин бешик боосу бек, эл керегине жараган азаматтардан болсун демекчибиз.




  Жума каарманы

Валерий Диль

Кыргызстандагы үркөрдөй немис калкынын анабашы бүгүн чоң саясатка аттангандай. Албетте, тикелей шефи Феликс Кулов менен үзөнгүлөшүп. Себеби, "Арнамыс" партиясынын жетекчиси өлкөнүн башбаканы болуп турганда, Валерий Дилди өзүнө кеңешчи кылып алганы, бул эки инсандын тыгыз кызматташына жол ачты. Ошондон бери Диль мырза ар дайым "темир генералды" колдоп да, коргоп да келатат. Алсак, өткөндө Ф.Куловдун немис бизнесмендери электр энергетикасын каржылап, инвестициялоого даярдыгын президентке атайын кирип айтып чыкканына дал Валерий Исидорович шыкакчы болгону дайын. Мамлекет башчынын кеңсесинен Кулов куру чыкпады: артынан дароо жарлыкка кол коюлуп, чакан жана орто энергетика деп аталган дирекция түзүлүп, өзү ага мүдүр дайындалды. Анан, Феликс акеси Диль үкөсүн орунбасарлыкка отургузду. Ошону менен эки кыйышпас достун колуна чакан энергетиканын эки тизгин бир чылбыры тийди да калды. Чакан дегени менен бул тармакта олчойгон иштер жатат.
Немистер дал ошол чакан ГЭСтерди калыбына келтирип беребиз дешиптир. Мында да далай машташкан, кылмышташкан иштер бар. Акаев доорунда бул тармакка деп алынган чет өлкөлүк 300 миллион доллар кредиттин дайыны табылбай турат. Ага тиешеси бар Акаевдин аспиранттары житип жоголушту.
Валерий Исидорович кандаштарын Кыргызстанды бутуна тургузганга үгүттөп гана тим болбой, өлкөбүздүн келечегине ишенээрин, жылыштар бар экендигин, аны көрө гана билиш, дагы мыктылап иштеш керектигин улам айтып келет. Жаңы уюшулган дирекцияда В.Диль чакан ГЭСтерди курууга инвестиция издөө милдетин алды. Анын оюнда инвесторлор биздеги оош-кыйыш, митинг-пикеттерге карабастан, каражат салууга даяр, тек гана алар менен тил табышуу керек экен. Калганын көрө жатарбыз…