"Агым", 09.05.08 - 22-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


6-майда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-376. Чынара эжекемди 1-май туулган күнү жана удаа келген май майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Эжекеме чың денсоолук, узун өмүр, бала-бакырасы, байы менен аман-эсен береке-байлыкта жашашын каалайбыз. Сиңдиси Кайырса, күйөө баласы Мукамбет жана уул-кыздары.
П-377. Ачкөздүн өзү тойсо да, көзү тойбойт. Бөтөнгө жер саткандын аягы жар бойлойт. Караш Насер.
П-378. Бөтөнгө жер сатсаң бир күн сөөк мүлжүйсүң. Жериңди сактасаң чексиз куйрук-боор жеп сүрсүйсүң. Караш Насер.
П-379. Өткөндө Эгемберди Ажыбай мырза жазыптыр: "Түптө Шерниязовдон башкасы артын карабай кетип калды" деп. Тыгылып калган машинени түрткөнсүп Текебаевди трибунадан түртүп түшкөндөрүн, Чолпонбаевди алка-жакадан алып машинеден машинеге салышканын, калгандарын ур-токмокко алып кубалагандарын кандай көрбөй калды экен. Же бул чагымбы? Сейдана Бейшебекова.
П-380. Барышты эле Түп элине кыргыздын, / Элин сүйгөн, жерин сүйгөн балдары. / Келишкен жок, аттиң чиркин, кантели, / Аттуу-баштуу наркты билген чалдары. / Тосуп алды жумуртканы ыргытып, / Адеби жок катын-калач, балдары. Сейдана Бейшебекова.
П-381. Көлдөгү пансионаттарды өзбек, казактарга сатып жиберип, Көлдүн суусун сордуруп барып Токтогулдун ГЭСине куюп салбайсыңарбы, мат болуп калышсын. Алмаз.
П-382. Данияр Токтогулович! Маршрутканын баасынын жогорулашына жараша ичин да тазалатпайсыңарбы. Салондор кир, сасык, полу жамаачы, ар кошкон резиналарды мык менен кагып койгон. Кээ бир айдоочулардын жанына туралбайсың, сакалдары өскөн. Орус шоопурлардын машинеси таптакыр айырмаланып турат, өздөрү да, машинеси да. Бир жолу маршруткага түшүп көрбөйсүзбү, 8 сом бересизби же жокпу көрөлү. Ажар апа.
П-383. Кай бири жыргап майрамдап, / Кай бири ырдап тайраңдап. / Капчыкты элден толтуруп, / Кай бири жүрөт сайрандап. / Калың эл турат кайышып, / Калама менен чай ичип. / Эт-майдын баасы асманда, / Карылар алдан тайышып. / Кыйноонун жолун табышты, / Кымбаттап жатат баарысы. / Өз элин мынча кыйнаган, / Өкмөткө элдин каргышы. Батмакан Алымбекова.
П-384. Жумгалды өзүнчө облус кылып, Мотуевди губернатор кылып таарынычын жазбасак, баладан айрылып калышыбыз мүмкүн. Арыз-муңу, таарынычы күч. Дүйнөлүк эң күчтүү революционерлер Бухарин экөөнүн кызматтан багы жок экен. Алмаз.
П-385. Айланайын оппозиция башындагылар! Ажо аткар дегениңердин баарын теңирден тескери аткарып жатат го. Дагы эмне арманыңар бар. Көрөгөч Маамыт.
П-386. Эгер Көлдүн эли чындап патриот болсо, жээктеги жерлерин казактарга сатмак эмес. Түштөн кийин жөө жүрүш деп башты оорутпай, үйдө тынч жер айдап, алмаңарды өстүрө бергиле. Нургүл.
П-387. Кайыргүл, өтүп кеткен майрамың менен! Бардык жакшылыктарды каалайм. Сүйгөнүң Кочегар.
П-388. ЖОЖдогу контракт эң аз дегенде 15 миң сом болсо, анда ал жакта чоңдордун гана балдары окуйт экен да. Ансыз деле билимибиз төмөнкү деңгээлде болуп турганда, багы жокко дагы жок болот экенбиз да. Нурбек Асанов.
П-389. Эл кейип коюп эле жашай берет экен, тобо! Ренат.
П-390. "Сагынганда бир келерсиң, саргайып дат басканда бир келерсиң, Акүйүңдү көргөнү" деп ажобуз "темир генералды" тосуп алды. "Адашкандын айыбы жок, айланып үйүрүн тапкан соң" дегендей, Акүйдү сагынбаган айгыр - айгыр эмес да. "Сөөк айрылат, дос кайрылат" деген ушул да. Алмаз.
П-391. Кочкората шаарчасындагы санаторийдин неврология бөлүмүнүн мээрман эжелери Сабира Мырзакматова, Гүлина Тургунбаева, Мира, Гүлида, Мавлюда, Рабияны, физиодарылоонун мээрман эжелери Гүлжан Мырзакматова, Өмүркан Каримбердиева, Айсалкын Бектенова, Зейнеп Көлдөңбаеваны 12-май медайымдар күнү менен куттуктайм. Ишиңер илгери болсун. Бакубат өмүр тилейм. Арзыкан Жуматаева, Каракөл шаары.
Жеңүүчүбүз - көрөгөч Маамыт (П-385), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА