"Агым", 09.05.08 - 12-13-бет: Саясатчы-архитектор..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ушул күн - жүрөктөрдү сүйүнүчтөн жашыткан!

Көөдөндөн өчпөс өрт күндөр
84 жаштагы Шаилдаев Конокбай ата Бишкекке уулунукуна келип, Жеңиш күнү алдында биздин редакцияга кайрылыптыр. Сүрөткө тарталы десек, ордендеримдин баары айылда калган дейт. Басканы тың, көзү менен сөзү курч Конокбай атага өмүр, денсоолук тилеп, орденден оголе кымбат өзүн сүрөткө тартып, кебине кулак салдык.
Өрткө кирген биринчи операция
- 1942-жылдын сентябрь айында, 18 жашымда колхоздун талаа биргадасынын бригадири болуп иштеп атканда Ысыккөл райондук аскер комиссариатынан чакыруу кагазын алдым. Райондун борбору Ананьево (андагы Байсоорунга) келерибиз менен арабаларга салып, Балыкчыга жөнөтүп атканда атам "комсомолуң менен куруп кал, балам согушка жаш кетти" деп жашыганын көпкө эстеп жүрдүм. Москванын алдындагы Иваново облусуна караштуу Тейков шаарында Кызыл Армиянын 7-запастагы аткычтар полкунда душмандын тылына таштоого даярдоо тобунда, парашютту тизмектештирүү курсунда болуп, 1943-жылдын февраль айында согушка кирдим. Ленинград облусуна караштуу Старая Русь шаарынын жанындагы Ловатти дарыясын кечип өтүп, немистердин армиясын кубалап чыктык. Алар шаардагы өнөр жай ишканаларды жардырып, тыптыйпыл кылыптыр. Биз тез арада кирип баргандыктан, эл жашаган массивге, жана башка объектилерге кол салууга үлгүрүшкөн жок. Биздин аткычтар полку 1чи аба десанты дивизиясына караштуу экен. Дивизиянын командири генерал Казанкин келип, операцияны ийгиликтүү өткөргөнүбүз үчүн полкко "Гвардейский полк" деген наам ыйгарып, солдат-офицерлерди ар түрдүү наам-сыйлыктар менен сыйлап, мага "Кызыл жылдыз" орденин тапшырды.
1943-жылдын март айында биздин полкту 2-украина фронтуна Малиновскийдин армиясына кошуп жаткан кезде, мени, дагы бир топ атка жакшы минген балдарды чалгынчы группасына кошуп, взводдун чалгынчысы кылышты. Ошону менен согуштун аягына чейин чалгынчы болдум. Днепропетровский облусунун бир кыштагынан жаныма үрөйү учкан жаш аял келип, "жүрүңүзчү мени менен" деди. Өрттөнүп аткан үйгө алып барды. Ал үйдүн ичинен энесинин, сиңдисинин, чоң ата, чоң энесинин өлүгүн көрсөттү. Немистер бизден чегинип баратып, тынч жашоочуларды атып кетишиптир.
720 немец туткунду жалгыз айдаганда
- Биздин фронт Батыш Украина, Молдавия, Румыния, Венгрия жана Чехословакия өлкөлөрүн бошотуудагы согушту кечти. Молдавияны бошотууда Кишинев операциясына катыштым. Румынияны бошотууда фашисттик армияны артка сүрүп, Днестр дайрасына жакын бир кыштакта жүгөрүнүн арасында жашынып жаткан куралчан 22 немис солдатын колго түшүрүп, лагерге жөнөтүүгө алыс болгондуктан начальник-майор Чинкин экөөбүз алардын баарын атып салдык. Ошондо аларды "жаткыла!" десек жерге бүк түшүп жатып бергендерин, бизге кандайча кол салбай калгандарын кийин эстесем абдан коркунуч туулчу. Румыния өлкөсүн бошотуудагы дагы бир окуя эстен кетпейт. Биздин аткычтар полку немистердин 720 офицер-солдатын колго түшүрүп, чалгынчылар начальниги алардын баарын айдап барып комендатурага өткөзүп келүүгө мага тапшырды. "Мунун баарын жалгыз кантип айдап барам?" десем, начальник "Көрбөй турасыңбы кишилер жетишпегенин, башкалар да башка багытта туткундарды айдап жүрүшөт" деди. Аларды жалгыз кароолдоп барганым менен, тегерек-четтеги, жолдогу ары-бери өткөн биздин солдаттар мага дем берди окшойт. Анан 720 кишини комендатурага аман-эсен айдап барып өткөзүп бердим.
Япон армиясын басуу
- 1945-жылдын август айында 2-Украина фронтунун генералы Малиновский биринчи этаптагы тапшырманы бүтүп, 2-этаптагы тапшырмага киришет экен дегенди уктук. Ал - Япониянын Квантун армиясын талкалоо экен. Армия Монголия, Маньчжурияны басып өтүү приказын алат. Бул эки өлкөнүн жолу жок, суусу жок, күндүн ысыгынан араба сүйрөгөн аттардын басыгы кыйындап, жаандын жаашы жолсуз жерди басып өтүүдө бизге тозокко айланды. Ашууну ашаарда Малиновский солдаттардын оор жүктөрүн, мылтыктарын арабаларга салдыртып, бизди аттардан түшүрүп, өз кара башыңарды алып өткүлө деди, аттардын башына болсо чүпөрөк ороп жетелеп алдык. Мындай кыйын жол менен советтик армия келе албайт деген ойдо Япониянын армиясы тынч жата бериптир. Биз армиясын, андан соң Порт-Артур шаарындагы штабын басып алганыбызда багынуу желегин илип беришти.
Согуштан кийин…
- Согуш аяктагандан кийин дагы эки жыл аскердик кызмат өтөп, 1947-жылы кайтып келдим. Дароо Чоңөрүктү мектебинин жогорку класстарына аскердик иш боюнча, төмөнкү класстарга денетарбия сабагынан мугалим болуп орноштум. 1950-жылы Фрунзедеги юридикалык мектепке кирип, аны бүтөрүм менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитет мекемесинде 1971-жылга чейин оперативдүү кызматкер болуп иштеп, ошол жактан денсоолукка байланыштуу отставкага кеттим да, 1995-жылга чейин облустук туризм жана экскурсия комитетинде, Пржевальск шаардык аткаруу комитетинде, универсалдык базада жетекчи кызматтарда иштеп келдим. Азыр үч уул, эки кыз, 6 небере, 9 чөбөрөм бар. 24 медаль-ордендердин ээсимин.




  Кан майданда калган жаштык

Улуу Атамекендик согуштун ардагерлери, 86 жаштагы А.Урманбетов менен
88 жаштагы байбичеси Т.Балтабаева экөө 9-Май Улуу жеңиш күнүнө карата "Айланып келер шумкарым" аттуу китебинен түшкөн каражаттан 1000 сомдон 100 ардагерге жардам беришкендиги тууралуу гезитибизге жарыялаганбыз. Мындан тышкары алар жетим балдар үйүнө барып 10 балага 500 сомдон жардам беришкен. Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда жашаган ардагерлерге жардам берели деп барган экөөнү аталган райондун администрациясы кабыл албай, "силерден башка да жардам бере тургандар бар" деп коюшту дешет кейип.
Асангазы Урманбетов: - 1943-жылы аскер училищасын бүтүп, кенже лейтенант наамын алып, фронтко 21 жашымда жөнөп калдым. 735-аткычтар полкунда взводдун командири болуп дайындалдым. Украинада фашисттер менен бетме-бет согушуп, тапшырманы так аткарып, шаар, кыштактарды бошоткондугубуз үчүн лейтенант наамын алып, кийин Беларус жерине которулгам. Ал жерден татаал тапшырмаларды аткаргандыгыбыз үчүн Кызыл Жылдыз орденин алдым. 1943-жылдын 17-декабрында айыгышкан салгылашууда эки бутуман оор жарадар болуп, эптеп боорум менен жылып, терең казылган окопко кулап, ооруган буттарымды кычырата кармап, кечке жардамсыз, ордумдан жылалбай жаттым. Күн кечтеп калганда бир командир көрүп калып эки солдаты менен ээн үйгө жеткирди. Ал жерде оор жарадар солдат, улгайган санитар бар экен. Үч сутка бою наар албай, бир тамчы сууга зар болуп, кароосуз жаттым. Себеби ортодо байланыш үзүлүп калган эле. Төртүнчү күнү гана сүйрөгөн чана менен алып жөнөштү. Госпиталга келгеним эсимде, калганы эсимде жок. Көзүмдү ачсам, шакшакталып жатыптырмын. Горький шаарынын госпиталынан бир бутум жараксыз болуп, саныман кесип ташташты. Мекениме 1944-жылы август айында майып болуп келдим.
- Тамара эже, согуш учурунда фронтко барып кызмат өтөгөн кыргыз кыздарынан саналуу гана болсо керек...
Тамара Балтабаева: - Мен ошол убакта Токмокто жашап, инструктор болуп иштеп жүргөм. Бир күнү ойлонуп, элдин баары согушка кетти, эми бул жерде кандай болот деп военкоматка бардым. Ал жерден мага арыз жаздырышты. Эки орус кыз да өз ыктыяры менен келишиптир. Үч күндөн кийин үчөөбүздү ата-энелерибиз ыйлап-сыктап фронтко узатып жиберишти. Адегенде бизди Түркмөнстанга алып барышып, чоң батинкени, шинелди берип, кандай басышты, кандай турушту үйрөтө башташты. Биздин негизги биле турганыбыз немистин самолетунун үнүн, учканын үйрөнүш керек эле. Күндө 1-2 км жөө басып, атканды үйрөтүштү. Андан кийин гана эшелон менен Мурманскиге барып, токойдон жердин алдына жашай турган үй казып, эшиктин алдына пулемет, пушкаларды коюп, асмандан учкан душмандын самолетторун аңдып турдук. Душмандын самолеттору учканда аларды атып, өткөрбөгөнгө аракеттенчүбүз. Ошол жерде 6-7 ай туруп калдык. Андан кийин вагон менен пулемет, пушкаларыбызды алып Польшага келдик. Арадан көп өтпөй Чехославакияга жиберишти. Бир күнү эртең менен турсак эле офицер келип, согуш бүттү деп сүйүнчүлөп калды. Терезеден карасак, ызы-чуу, каткырык-күлкү, шаардын ичи чаң-тополоң болуп атыптыр. Эртеси Польшадагы өзүбүздүн полкко келсек, кайра эле эшелон менен Японияга жиберди. Япониянын өзүндө эмес, тегерек-четинде болдук. Ал жерде бечара жаш өлгөн солдаттарды арыкка ыргытып, үстүнө топурак таштап коюшуптур. Чала көмүлгөнгө өлүктөрдүн жарымы ачылып калыптыр. Ар кайсы жерге мина коюп, жандарына кездеме коюп коюшуптур. Кыздардын кээ бирөө ошол кездемелерге кызыгып, алабыз деп мина жарылып каза болуп калгандар да болду. Ноябрда Сталиндин буйругу менен кыздар, аялдар, пенсияга жашы жеткен эркектерди үйлөрүнө узатышты. Алар менен кошо мен да Мекениме кайтып келдим. Турмушка эрте чыгып, жолдошум да фронтко кетип кайткан жок. Ал никемен эки балам бар эле. Экөө тең кичинесинде чарчап калышты. Негизи, фронтко кеткенимдин себеби да ошондон болсо керек. Балдарым жок, жолдошум фронттон көз жумса, бул жерде тура албадым.
- Экөөңүздөрдүн баш кошконуңуздарга аз гана убакыт болуптур, кандайча табышып калдыңыздар?
А.У.: - Байбичем каза болгондо 78 жашта элем. Андан алты балам бар. Баары чоңоюп, ар кимиси өзүнчө жашоодо. 1999-жылы байбичем көз жумганда чыгармачылыкка кирип, калем менин жанымды алып калды. Санаа, ой, кыйынчылык келгенде эле калем алып жаза калчумун. Ошентип, өзүмдү-өзүм алаксытып жүрдүм. Мага деле Кудай Таала чай бере турган байбиче берер деген үмүтүмдү үзгөн жокмун. 2005-жылы бир кызын ээрчитип алып, ушул байбиче "мен 85ке чыктым, жоокер катары келип кет" деп чакырып келиптир. Ошол тойдо тамада болгон Нуралы деген жигит "22-апрелде келиңиз, экөөңүздөрдү кино кылып тартайын" дегенинен келип, бул байбиченикине кабылып калдым. Ошондон баштап экөөбүз чогуу жашап келатабыз. Менин балдарым Тамараны апа деп, анын балдары мени ата деп, айтор, экөөбүз азыр кеч жолуксак да бактылуу карылыкты көрүп атабыз. Байбичем дагы үч эркек төрөп берем деп атат, тамаша. (Күлдү).
Т.Б. - Согуштан келгенден кийин көп кызматтарда иштедим. Турмушка чыктым. Бирок, экинчи балалуу боло албадым. Көрүнбөгөн доктурум калбады. Бардыгы эле жайында дейт, бирок, согушта ысык-суукта жүрүп, денсоолугуман ажыраптырмын. Бишкектеги Г.Айтиевдин музейинде иштеп, Кыргызстанды кыдырып, кыргыздын илгерки 3 миңдей буюмун жыйнап келдим. Азыр алар көргөзмөдө турат. 1998-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Ортодо жолдошум да кайтыш болуп кеткен. Азыр Кудайга шүгүр, Асангазы экөөбүздүн жашаганыбызга үч жыл болуп калды. Кобурашып чай ичип, сейилдеп басып, жалгыздыкты билгизбей эриш-аркак болуп жашап атабыз.
Макалабыздын аягында ушундай кыйынчылык заманда бей-бечараларга жардам берген ардагерлерибизге алкыш айткандан башка сөзүбүз жок.



Жүрөккө кара так калтырган Атамекендик согуш миллиондогон үйбүлөгө бүлүк салып, бир боордон, ата-уулдан, ашык жардан ажыраткан. Мекенин өзүнөн бөлүп карабаган, ал үчүн жанын ажалга тапшырууга даяр болуп өрт менен кан кечип келген согуш ардагерлеринин жана алар үчүн жанын сайып тылда иштеген ардагерлердин арасы убакыт закымдаган сайын суюлуп барат… "Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!" деп союз убагында мээге сиңире окусак дагы, азыркы мезгилде базардан башкасынын баары унутулуп, саясат менен кымбатчылыктан сырткары сөз сүйлөнбөй калган мамлекетибизде буларды ойлогон адам саны ушул ардагерлердин өздөрүнөн да аз сыяктанат.
Жүрөгүн атажуртуна бергендер бизден алыстаган сайын - артында келаткан көчү атажуртунун жүрөгүн сууруп алчудай акыбалга түшүп бараткансыйт...

Намырбек Чокморов:
"Сүймөнкулдун керээзи аткарылган жок"
Кыргыз киноискусствосун, маданиятын дүйнөгө тааныткан, элибиздин залкар актеру, таланттуу сүрөтчүсү маркум Сүймөнкул Чокморовду эскерүү ирээтинде агасы, Улуу Атамекендик согуштун жана эмгектин ардагери Намырбек ЧОКМОРОВ менен Жеңиш күнү алдында маектештик.

- Намырбек мырза, согушка канча жашыңызда аттандыңыз эле?
- Мен согушту да, тылды да көрдүм. Фронтко 1943-жылдын аягында, 18 жашымда кеттим. 1941-жылы согуш башталганда мектепте окучумун. Ошол кезде Чоң Чүй каналы (БЧК) казылып аткан убак эле. Ар бир колхозго 200 метрден, тереңдиги 35 метр, туурасы 70 метрден казасыңар деп бөлүп берген. Ошентип, бир жылча БЧКны казууга иштедим. Айылдагы активдердин баары фронтко кеткендиктен, мени сельсоветтин катчысы кылып коюшту. Андан кийин 1943-жылы фронтко кеттим. Согушта жашыруун аскердик бөлүктө чалгынчы болуп иштедим. Ошону менен 1945-жылы согуш аяктаганда келдим.
- Согуш башталганда иниңиз Сүймөнкул Чокморов канчада эле?
- Сүймөнкул 1939-жылы туулган. Ал согуштун запкысын аябай көрдү. Согуш убагындагы ачкачылыкта өсүп, витаминдүү тамактарды жебей чоңойду. Эгерде согуштун кээри тийбесе, Сүймөнкул оорубай калат беле деп өкүнүп калам. Оорукчан болуп калышынын себептеринин бири да ошондон. Сүймөнкулдун өмүрүн - согуш учуру, андан кийинки убагы, Кыргызстандан дүйнө жүзүнө искусство боюнча аттанганы, дүйнөлүк аренага чыкканы - баарын камтыган чоң китеп жаздым. Согуш аяктаганда ал жетиге чыгып калган. Ал учурда өзү курдуу балдардай эле оор жумуштарды жасады. Мен 1925-жылы туулгам. Совет өкмөтү 1930-жылы кулак кылып, баарын Украинага айдашты. Атамдын 7-8 малы бар эле, ошолорду жетелеп барып, колхозго өткөзүп бердик. Андан кийин үч жыл ачарчылык, кайра репрессия башталды. Эл муунуп турганда - 1941-жылы согуш башталып калды. Ошентип, менин жашым, тагдырым кыйынчылык заманга туш келди. Үйбүлөдө тогуз бала элек. Баары майда. Бир үйдөн - Чокмордун тукумунан төртөөбүз согушта болдук. Бирөө курман болуп, үчөөбүз кайтып келдик. Атам эрте көз жумуп, улуу агаларым да кайтыш болуп, Сүймөнкул мектепти аяктаганда шаардагы менин үйүмдө жашап, окуду. Дүйнөлүк аренага менин үйүмөн аттанды. Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөндөн кийин эптеп акча таап, талкан салып берип Ленинградга окууга жибергем. Кеңешчиси да мен элем.
- Бала кезинде кандай эле?
- Сүймөнкул аябай жоош, токтоо эле, баарын байкап, карап сүйлөчү. Аябай эмгекчил да эле. Кичинесинде элди күлдүрүп, сөздөрдү чукуп таап, жаныбарлардын үнүн туурачу. Биз жашаган үйдүн огородунда бөдөнө көп болчу. Түнүчүндө эшикке жашынып чыгып, бытпылдыктарды туурачубуз. Ал бирөөлөрдү мимикасы менен туурачу. Аны көргөн атам күлүп эле жатчу. Көрсө, ошондо эле Сүймөнкулдун чымыны бар экен да. Бир күнү Сүймөнкул экөөбүз кетип баратсак, алысыраак жактан мектепте иштеген мугалим эжей менен жанында биздин дагы бир жеңебиз келатканын көрүп калдык. Аны көргөн Сүймөнкул "мен ушуларды күлдүрүп коеюнбу, байке?" дейт. Анда Сүймөнкул 6-7лердеги бала болчу. Эмне кылар экен деп карап турсам, атамдын капчыгын алып, ичке жип менен байлап, 20 метрдей алыстыкка коюп, эжейдин жолуна таштап койду. Эки эжей капчыкты көрүп эле качырып калышты. Кармап алайын дегенде Сүймөнкул тартып алды. Экөө таңгала карай бергенде, бери жакта карап тургандар аябай күлүшкөн. Ошол окуяны кийин да көп эстеп, күлүп жүрүштү. Сүймөнкул менен чогуу өскөн эки уулум атактуу спортчу болду.
- Сүймөнкул аганын баласы Бактыгул азыр каякта, ошол тууралуу айтсаңыз?
- Азыр полицияда иштеп жүрөт. Ал Сүймөнкулдун көзүнүн тирүүсүндө эле үйлөнгөн. Бир баласы бар. Сүймөнкулдун аялы Салима да бир жылдан кийин каза болуп калды. Мурастары баласында калды. Биз деле киришпейбиз. Мен Сүймөнкулдун көзү өткөндө Бактыгулга "атаңдын сүрөттөрүн жоготпо, сакта" деп айткам. Кайнатасынын колунда күч күйөө болуп жүрөт. Көрө элекмин. Жамандык-жакшылыктарда катышпайт. Атасынын дүнүйөсү балага мал болобу Кудай өзү билет. Атүгүл Сүймөнкулдун небереси Атайды да көрелекпиз. Биртууганымдын небересин бизге көрсөтпөйт, сүйлөштүрбөйт. Бактыгулду кичинесинде биз бактык эле...
- Кыргыздын искусствосун дүйнөлүк аренага алып чыккан таланттуу актер Сүймөнкул Чокморовдун Бактыгулдан башка да эки уулу бар деп уктук. Мындай улуу адамдардан дагы тукум калган экен деп сүйүнгөндөр да болду…
- Муну айтса-айтпаса да белгилүү. Башка никесинен да балдары бар. Алардын өздөрүнчө пландары болгондур. Ал учур Советтер Союзунун убагы болгондуктан, башкача көзкараш эмес беле. Анда партиядан чыгарып, абийирин кетиришчү. Экинчи аялы менен ачыкка чыгайын деген маалда көзү өтүп кетти. 1992-жылы Сүймөнкул каза болду. 1991-жылы жаңы эле эгемендүүлүккө жетип, демократия башталбады беле. Азыр баары ачык, депутаттар, чиновниктер 2-3төн аял алып жашап атышпайбы. Сүймөнкулдан калган кийинки эки баласы атасыз өсүп калды. Мурда жардам берип турчу элем, азыр дарман мурдагыдай эмес. Эргул, Азамат деген жакшы балдары артында калды. Алар азыр 24-25 жаштарда. Көзү өтөрүндө балдарым кор болбосун деп чоңдорго кирип, Сүймөнкул бир бөлмөлүү квартира алып берген. Атасы жок, мен да ооруп калдым, жардам бере турган кишиси жок, кыйналып атышат.
- Бактыгул эки иниси менен катышып турабы?
- Кызганабы, же башка себеби барбы, айтор, Бактыгул эки иниси менен катышпайт. Сүймөнкулдун кийинки эки уулунун бири Москвада, экинчиси Алматыда иштеп жүрүшөт.
- Мурасынан кийинки эки баласына бөлүнгөн жок беле?
- Буга чейин унчукпай келдим эле, эми карыдым, баарын айтып беришим керек. Сүймөнкул каза болгондо алар 5-6 жаштарда эле. Убагында ачыкка чыкпагандыктан, баардык мурасы биринчи баласында эле калып калды. Ошондо бүт үй-жайы, машинеси, сүрөттөрү Бактыгулда калган. Бул эки баласы деле сотко берип талашса болмок, бирок, чуу чыгарбай эле коелу деп коюшту. Учурунда Бактыгулдун кайнатасы республикалык МАИнин начальниги болуп, колунан баары келип турган. Кайнатасы Орозалиев Кеңеш азыр ИИМдин пенсионери, милициянын полковниги. Сүймөнкулдун калтырган мурасына ошол кайнатасы эки кабат үй салып, арак завод ачыптыр. "Жди меня" көрсөтүүсүнөн Америкадан, алыс жактан деле балдарын, биртуугандарын издегендерди көрүп атпайбызбы. А Бактыгул биртуугандарын карабайт, дүнүйөмдү бөлүшүп калат деп коркот окшойт. Көзү өтөрүндө Сүймөнкул Бактыгул уулун чакырып алып, "момундай биртууганың бар, билип, кучакташып жүргүлө" деп айтып кеткен. Бирок, Бактыгул ал биртуугандарын кабыл алган жок. Атасынын керээзин аткарган жок. Сүймөнкулдан калган мурастарды сактайын, китебин чыгарайын деп мен эле чуркап жүрдүм. Азыр денсоолугум мурдагыдай болбой калды. Сүймөнкулдун 400 фотосүрөтүн, 150 документин республикалык архивге, китептерин китеп палатасына бердим.
Ал жөнүндө эки китеп жаздым.
- Музейинин азыркы абалы кандай?
- Музей 1992-жылдан ушул убакка чейин жабык, эч ким иштеткен жок. Ал Токтогул көчөсүндө ?70 үйдө жайгашкан. Сүймөнкулдун музейин Аалы Токомбаевдин музейиндей кылып жакшылап жасап коюшса болмок. Сүймөнкулдан 500 тартылган сүрөт, эки "Волга" машинеси, эки квартирасы калган. Квартирасынын бирөө 4 бөлмөлүү, экинчиси 2 бөлмөлүү болчу. Ушунун баары кайнатасы Орозалиев Кеңеш менен Бактыгул экөөндө калды. Сүймөнкулдун өзүнөн калган мураска жок дегенде музейин оңдотуп, иштетсе болмок. Бактыгул али жаш, атасынын баркын көп түшүнө элек. Сүймөнкулдун мурасын сактоо азыр деле кеч эмес.

Маанай майрамы
Жумаш Ибраев согуш убагында тылда иштеген ардагерлерден. Быйылкы жылдын Жеңиш майрамы ага өзгөчө жана күтүүсүз болуп, көңүлүн ырахат менен ыраазычылык уялады. Ал "Агымга" башбагып, кубанычын тең бөлүшүүгө ашыкты.
- Жыл сайын 9-Май Улуу жеңиш майрамында согушка катышкан эле ардагерлерге көңүл бөлүнүп, тылда иштегендерге анча көңүл бөлүнчү эмес. Быйыл 6-майда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясы согушка катышкан, тылда иштеген ардагерлерди чакырып, концерт, ыр-бий тартуулады. Бул ишчаранын уюштуруучусу. Аманкулов деген жигитке чын ниетибизден ыраазы болдук. Ал жигит бизге тааныш же тууган эмес. Анын адамгерчилигине баа бердик. Демейде, мындай ишчараларга кечигип келчү ардагерлер бул күнү бардыгы өз учурунда келип, майрамдык маанай өзгөчөлөнүп турду. Согуш учурундагы ырлар ырдалды. Жанымда отурган согуштун ардагер байбичелери "Катюшаны" сахнада ырдап атканда, кошо жарыша ырдап отурушту. Эл ушунчалык көп болгондуктан, тыныгуу убагында ордума башка бирөөлөр отуруп албасын деген кыязда баш кийимин отургучтарга калтырып чыгып, кирип атышты.
Концерт аяктагандан кийин ар бир ардагерге 300 сомдон акча, гүл беришти. Опера-балеттин фойесине "Шоро" фирмасынын кыздары кыдыракей тизилип алышып, максым куюп берип атышкан. Адегенде ардагерлер алардын бекер берилип атканын анча аңдабай, адаттагысындай эле акча төлөйлү деп сунушканда, баардыгы бекер экендигин угушту. Бирок, көпчүлүк ардагерлер "Шоронун" максымы бүгүн бекер берилгенин билбей, ичпей калышты окшойт, көпчүлүгү алган анча-мынча акчасына ыраазы болуп, жөнөп кетишти.
Үйгө келсем, почтадан телефон чалышып, пенсияңызды алып кетиңиз дегенинен барсам, Жеңиш күнүнө карата үстүнө акча кошуп беришиптир. Пенсиямды алып үйгө келсем, дагы телефон чалып, акча алып кетиңиз дешет. Мен акчамды алдым десем, квартал сайын берилчү акчаны да даярдап коюшуптур. Эми сөзүмдүн акырында айтаарым, ардагерлерге өзгөчө көңүл бөлгөн эли-журтума ыраазычылык билдирем. Жалпы кыргыз элимди Май майрамы менен куттуктайм. Кыргызстан өркүндөп өсүп, экономикасы алдыга жылсын. Элибизде согуш болбосун, тынчтык болсун!

Беттерди даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА