"Агым", 06.05.08 - 12-бет: Майкечен маек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Куудул Кубик КАЛЫКОВ:
"Атама аял алакачып бергем"
- Кубик мырза, китеп чыгаруу идеясы кантип пайда болду?
- Азыркы учурда чыгармачыл адамдардын көбү китеп чыгарып, мемуар кылып автограф жазып, бири-бирине берип калышпадыбы. Ошондон улам чыгармаларымды карасам меники да көбөйүп калыптыр. Быйыл убакыт сааты жетти окшойт, жакында чыгардым. Мага китеп чыгарганга жардам берген Кенже деген ишкер айымга чоң ыраазычылык билдирем. Бул китепке мен аткарган ырлар, сатиралар, аткарыла элек чыгармалар, тамашалуу ырлар, породиялар, монологдор камтылган. Кыскасы, жыйырма жылдан берки топтолуп калган тандалмаларым чыкты.
- "Сакадай бою сары алтын" дегендей, үйдө баарыңардын боюңар кичинеби?
- Ар бир макалдын өзүнчө мааниси болсо керек. Биртуугандарымдын арасынан эң эле оригиналдуусу - "сары алтыны" менмин. Ата-энемдин, биртуугандарымдын бойлору узун. Ыраматылык апам айтып калчу, "айылдагы үйдү куруп атканда сен боюмда бар элең, атаң менен жарышып оор жумуштарды иштеп кыйналгам. Ошондон улам жети айлык болуп, кичинекей төрөлүп калгансың" деп. Ноябрь айында кар жаап, үйдүн бир бөлмөсүн бүтүрүп, жаңы эле киргенде мен төрөлүптүрмүн.
- Ата-энеңиздин кимисине көбүрөк окшошсуз, кимисин тарткансыз?
- Экөөнө тең окшошуп кетем. Апам колунан көөр төгүлгөн уз эле. Тамакты да жакшы жасачу. Айылда жамандык-жакшылык болгондо аш бышырганда, же кийим тигиш керек болсо апамды чакырышчу. Атам өмүр бою мектепте мугалим, деректир болуп иштеди. Апам мен 16га чыкканда көзү өтүп кетти. Менин ийгиликтеримди көрбөй кеткенине өкүнүп калам. Эң биринчи ырымды апама арнап жазган элем.
- Апаңыз кайтыш болгондо атаңыз канчада эле?
- Элүүгө чыгып калган.
- Атаңыз андан кийин үйлөндүбү?
- Ооба, үйлөндү. Атама аялды өзүм алакачып бергем. Ал аялы менден төрт эле жаш улуу. Апамдын көзү өткөндө улуу эжекелерим, байкелерим чоңоюп турмуш куруп кетишкен. Үйдө иним, атам үчөөбүз эле калдык. Бир жыл үйдө аял киши жок, аябай жүдөдүк. Тамакты мен жасачумун. Өзүм кыйналып, атама "бизди апалуу кылбайсызбы" десем, "бир жыл өтсүн, кыздар капа болот" деп болбойт. Ал учурда атам мектепте деректир болуп иштеп жүргөн. Мен атамдын аял албай турайын деген сөзүнө болбой, бирөөнү таптым. Күйөөсү каза болуп калган бир эже бар болчу, ошону атама айтсам болбой койду. "Ал сельсоветте актив болуп иштейт, мага жөнөкөй эле карапайым аял керек, эртеңки күнү силерге чоң сүйлөсө, же аны кыялбай, же силерди кыялбай кыйналам, турмуш деген оор" деп. Анан күйөөсү менен ажырашкан бир жаш келинди айтсам, атам көңүлдөнүп калды. Экөөбүз бир машинени жалдап, алакачып, молдону алып келип нике кыйдырдык. Ал турмуштан кыйналып жүргөн учуру экен, чыр чыгарбай эле отуруп калды. Азыр кудайга шүгүр, жакшынакай катышып турабыз. Атамдын көзү өтүп кетти. Ал апабыздан үч кыз, үч уул бар. Эң кенжебиз атам жетимишке чыкканда төрөлгөндүктөн, ысымын Жетимишбай деп койгонбуз.
- Саясатка кандай карайсыз, өткөндөгү пикетте ырчылар аянтка чыгып эки тараптуу ырдап атышты. Сиз кайсы тарапта ырдадыңыз?
- Мага Бек Борбиев телефон чалып, ырдап бербейсиңби деп айтканынан митингчилерге каршы тарабында ырдадым. Кайсы ырчы ким тарапта ырдап атканын деле билген эмесмин. Себеби, мен ошол учурда депрессияда жүргөм. Митинг 2-ноябрда башталбады беле, менин кое турган концертим ошого байланыштуу болбой калган. Телевидение, радио-гезит, билеттерге, афишаларга реклама берип, 4000 долларга чыгым болгом. Аны кайдан табам деп издеп жүргөн кезим болчу. Айла жок, малымды, инструменттеримди сатып, той-тамашаларда тамада болуп жүрүп, карыздарымды төлөп бердим. Ошол бойдон концерт бергенден чочулап калдым. Элдин маанайы жакшы болуп, стабилдүүлүк орногондо берсемби дейм. Азыр "жөнеле" деген концерттерге катышкым келген жок.
- Концерттерге катышпасаңыз, эмне иш менен алектенип үйбүлөңүздү багып атасыз?
- Эркек болгондон кийин үйбүлөнү эч нерседен кем кылбай багуу милдет. Азыр той-тамашанын учуру эмес, үзүмчүлүк убак. Муздаткычта мурдагыдай колбаса, сыр, май дегендер жашабай калды. Ошондуктан гастролго чыгып, алыскы райондорду кыдырсакпы деген планыбыз бар.
- Ачууңузду кантип басып, эмоцияңызды кантип чыгарасыз?
- Сыртка чыгып таза абадан кере-кере дем алам. Эшиктин алдында "грушам" бар, аны бир сыйра токмоктоп эмоциямды чыгарам.
- Келинчегиңизге колуңуз тийди беле?
- Үйбүлө болгондон кийин андай учурлар да болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай

Замира төшөгүндө биртопко ойлуу жатты. Алмаздан кетип калса, жаш жигити Рашид аны азыркы жашоосундай гүлдөтүп бага албасын билет. Бирок, Рашидге жолуккандан бери Замиранын жашоосу башкача өзгөрдү. Аны сүйүп калды. Алмазды азыркы Рашидди сүйгөндөй сүйбөгөнүн эми түшүнгөндөй болду. Эмне кылсам, баарына кайыл болуп эримен кетип калсамбы деген ой келди. Антпесе, Рашид башка кызга үйлөнүп алышы ыктымал. Рашиддин башка кыз менен жүргөнүн элестете албайт. Азыр эмне кылып атты болду экен деген кыязда кол телефону менен Рашидге чалды. Жуурканга чүмкөнүп алып, аны менен шыбыраша сүйлөшүп жатканда уктоочу бөлмөгө Алмаз кирип келди. Коркконунан Рашид менен коштошпой эле телефонун өчүрө салды. Анын телефон менен сүйлөшкөнүн Алмаз байкап:
- Ким менен сүйлөшүп аттың?!- деди кекете. Замира унчукпай ордунан туруп, оозгу бөлмөдөгү диванга барып мисирейе отуруп алды. Ашкананы жыйнап жүргөн Алтынай жанындагы баланын кантип тамтуң басып, конок тосчу бөлмөгө кирип кеткенин байкабай калды. Кичинекей бала Замиранын жанына келип, бирдемелерди айтып, булдуруктай баштады. Рашид менен телефондон жакшылап коштошпой калганына жинденип отурган Замира жанына келген кичинекей балага кыжыры келе түштү. Эч капарсыз турган баланы акшырая жаман көзү менен карады да, аны жаактан нары чаап, түртүп жиберди. Жерге жыгылып, чырылдап ыйлап жиберген баланын үнүн уккан Алтынай ашканадан чуркап келе калды. Чаңырып ыйлап аткан баланы мисирейе караган Замира былк этпей отура берди. Алтынай баланы көтөрө калып, сооротуп, Замираны карап:
- Буга эмне болду? - деп сурады.
- Билбейм…- деп мисирейе ийнин куушуруп койду Замира. Баланын жөндөн-жөн ыйлабаганын сезген Алтынай аны көтөрүп ашканага кирди. Бети-башынан өпкүлөп, эркелетип алаксыта баштады. Аңгыча кичинекей баланын жаагындагы беш колдун кызарып калган тагын көрдү да, кыжыры келе Замирага баратып тык токтоду. Азыр ага бирнерсе сүйлөсө катуу айтып коерун билди. Ичинен Замираны жек көрүп атты. Уктоочу бөлмөгө кирип, Алмазга баланын жаагындагы кызарган беш манжанын тагын көргөзүп, даттангысы келди. Бирок, Алмаз аны көрсө, үйдө ызы-чуу башталаарын билет. "Сени кайсы шордуу төрөдү экен? Ушинтип ыйлап, кичинеңде эле таяк жеп атканыңды акылсыз энең билет болду бекен?.. Менин байкуш балам да ушинтип бирөөнө кор болуп жүрөт го…" деп ичинен сыздап алды Алтынай. Анан өзүнө башын жөлөп, оор улутуна уйкуга көөшүлүп бараткан баланын алкымынан жыттады.
***
Баланын ыйлаган үнүн уккан Алмаз ордунан туруп сыртка чыгайын деген эле. Бирок, ашканадан чуркап келип, баланы соорото баштаган Алтынайдын үнүн угуп жатып калды. Азыр Замира төшөгүнө келип жатат го деп ойлоду. А Замира конок тосчу бөлмөдөгү диванга өзүнчө жатып алды. Арадан анча-мынча убакыт өткөндө кол телефону менен Рашидге телефон чалып, аны менен кумарлана сүйлөшө, эри экөөнүн таарынышканын айтып, даттанды. Башка кыздар менен көңүл ачып, түнкү клубда жүргөн Рашид Замиранын айткан сөздөрүнө анча деле маани берген жок. Өзүнүн сымбаттуу жигит экенин, ага көп кыздар ашык болуп, артынан ээрчирин жакшы билген Рашид Замираны ошол кыздардын катарында жүргөндөрдүн бири дегендей мамиле жасачу. Замираны сүйбөсө да ал анын кылыктуу мүнөзү, тыңдыгы, башка кыздардай тартынбастыгы ага жакчу. Убактылуу көңүл ачып, кумарга батып жүргөнүнө ыраазы болчу.
Замира ойлонуп төшөгүндө көпкө жатты. Ары жакта баланы уктатып коюп, ашкананы жыйнап калдырата идиштерди жууп жүргөн Алтынайдын үнүн угуп, ордунан туруп анын жанына барды.
- Алмаз мени эч нерсе деген жокпу? - деп сурады.
- Жок…- деди таарынгандай үнүн суз чыгара.
- Экөөбүздүн күндүзгү сөзүбүздү Алмазга айткан жоксуңбу? - деп сынай карады.
- Айткан жокмун…
- Экөөңөр эмнени эле сүйлөшүп аттыңар?..
- Кичинекей баланы эле… Ал азыр тамтуң басып калбадыбы…
- Мм… Ошондой де… Мен Алмаз менен жакшылап сүйлөшүп, ушул баланы кайра балдар үйүнө өткөрүп салсамбы… Үйгө ушул бала келгени балээ келгендей эле болду. Мындан эми кантип кутулам? Чынын айтсам, ушу баланы ушунчалык жек көрөм! Кайсы шайтан азгырып, аны багып алдык экен? Акыркы күндөрү сени баланы жакшы багат деп Алмаз сага көбүрөөк ишенчү болду. Экөөбүз бир шылтоо таап, баланы кайра балдар үйүнө өткөрүп салбайлыбы…- деген Замиранын сөзүн уккан Алтынай чок баскандай секирди:
- Эже, бала чоңоюп калды го… Баягыдай кичинекей болсо бир жөн. Ушунча багып, азап-тозогун тартып, анан чоңоюп калганда аны кайра кантип балдар үйүнө өткөрөсүңөр? Алмаз байке да бул баланы аябай жакшы көрөт. Ал макул болбойт болуш керек…
- Мен да ошону айтып атпаймынбы, экөөлөп бул баланы кетиргенге аракет кылалы. Алмаз менин сөзүмдү укпайт. Баладан Алмаз баш тарта тургандай жакшы шылтоо табыш керек. Эртеңкиге чейин ойлончу, мен да ойлоноюн, - деген Замира мисирейе чыгып кетти. Баланы кетиргиси келген Замира кандай жол менен болсо да аны жок кылаарын билген Алтынай чийки май жегенсип, жүрөгү дүпөйүл тартып калды.
***
Эртең менен турган Замира баланы бейтапканага алып барабыз деп даярданып калыптыр. Эмне себептен ал жакка алып бараарына Алтынай адегенде түшүнгөн жок. Качан гана баланы бейтапканадагы доктурга көргөзүп, оорулуу экен деген справка жазып бер дегенде түшүндү. Куландан соо балага оорулуу деген диагноз коюп, справка бералбайм деди доктур. Бирок…