"Агым", 02.05.08 - 6-бет: Алтын маккендикиби же кыке?дикиби...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Үйдө баатырлар

Бийликтин көзү милтеде, оппозиция көзү күлчөдө

Оппозициянын анабаштарын ээрчиген топ Түпкө келдик. Айылга кире берген жерден - бизден мурда жетип, жөө жүрүшкө камдангандар артка качып келатыптыр. Сүрү кеткен сүрмө топ Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Б.Шерниязов, А.Жекшенкулов, Д.Чотонов, Д.Садырбаевдин келатканын көрүп, шүйкүмдөрү кайра ойгонду окшойт, караан көбөйө түшкөнгө кайратына келдиби, айтор, чогуубуз менен антимитингчилерге беталдык.
Алар менен бетме-бет келген кезде тигилер канча, биз канча экенибиз көрүнүп калды. Жоо келаткандай алдынала даярданып, түп көтөрүлгөн жергиликтүү катын-калач, милийсасы бизди тебелеп кете тургандай. Бизге карай таш, жумуртка жаай бергенделе баягы оппозиция оендору четке кача берди. Жалгыз Б.Шерниязов жаалданган катын-калач, милийсаны жарып киргенде, жанында Д.Чотоновдон башкасы калбаптыр. Албетте, баарыле жүрүштү, бирок таш жетпегидей алыста. Баарынан кызыгы, жөө жүрүштү уюштуруунун милдетин алган М.Чолпонбаев, Э.Алымбеков, Э.Каптагаев өңдүү баатырсымал көлдүк саясатчылар Мекен коргойт элем (!) деген жергиликтүү элди чогулталбаганы аз келгенсип, шаардан келген кыймыл мүчөлөрүн итке салып бергенсип карап турганы болду. "Талас, Ош, Чүйдөн келгендер! Көлдүктөрдүн жери менен силердин кандай ишиңер бар?" деп, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып ашаткандарды байкоочудан бетер карап турушту. Дудук болуп калгансыган алардан дем болбогондон кийин, "чоочундар" эмне кылалмак? Бийлик алдынала кимге кандай жалаа жабыш керектигин саясаттан алыс ажаан топтогуларга айда үйрөтүп койсо керек, алар Бекназаровго: "Үзөңгүкуушту Кытайга кармата бергендер Ө.Текебаев, Б.Шерниязовго окшогон бетсиздер эмес беле! Өлкөнү жеп-ичип куруткандар ушулар. А сени сыйлайбыз. Үзөңгүкууш үчүн сенден башкасы күйгөн эмес" дегендердин кебине Азимбек мырза эреркеп кеттиби, "…алардын кылыгы үчүн мени кечирип койгула" деп четтегилерден кечирим сураганын кимиң кандай түшүнсөң ошондой түшүн…
"Биздин тарапкерлерди камакка алуусунан чочулаган үчүн аргасыздан тынчтык жолу менен чечүүгө бардык" дегени оппозициянын опсуз шылтоосу. Оппозицияга масса керекпи? Анүчүн өздөрүн аянбай, массанын артында эмес, алдында жүрсүн. Саясатчыны ошондо эл ээрчийт. Оппозицияны азыр эл эмнеге ээрчибейт? Камакка түшсө карапайым эл түшөт экен да, өздөрү соодалашып кутулат экен. Аны канча көрдүк. Бул боюнча өзүнчө чоң сөз кылса болот…
Тополоңдун эң кызыгы: четте карап турган бийликтин акалакчылары бираз тынып калдыле, район акиминин жардамчысы И.Жолдошов: "Карап турбай, иштебейсиңерби!" деп, шыкактап турганы болду. Мм-даа… Иш менен камсыз кылат деген ушул. Анан да "солярка жок, жерибиз айдалбай, ишсиз бекер жатабыз. Кана, кыйын болсоңор, бизге солярка алып бергиле" деп бирдаары күйгүзсө, бирдаары "айдоо-себүү маалында келип, эмнеге элди дүрбөтөсүңөр? Талаада бүгүн ишибиз калып атат" десе, бирдаары "600-700 сом пенсиябыз жетпей, тишибиздин кирин соруп отурабыз. А силер өлкөнүн байлыгын ичип-жеп, көөп атасыңар" деп, тукурма бийликтин башына өздөрү таяк көтөргөнгө даяр турган бечаралар, чынында өлкөнү жардын башына кимдер алып келгенине деле акылы жетпегенине бери жакта карап турган биздин боорубуз ооруду. Элдин мээсин бийлик ушунчалык айлантабы? Алардын түшүнүгүндө - өлкөнү бүгүнкү абалга жеткирген өзгөчө Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Б.Шерниязов. Аларга айдоо-себүү маалында да солярка алып барып бере турган оппозиция.
Көп өтпөй тополоң топ артына кайтып, талоончулардын арасында жалгыз калган Б.Шерниязов: "Өлтүрсөңөр, мен мына. Бирок мен Каркыранын тагдыры үчүн ошол өлүмгө даярмын. Мен канжыгага башымды байлап келгем" деп догурунуп отуруп алды. Жаалданган аялдар да, милийсалар да аны менен жулкуша берип, чарчай баштады. Ал эмес, башында булчуңу бууранын санындай күржүйгөн жигиттер өздөрүнчө четке чыгып, "баарысынан мынабул көкбет гана эр жүрөк экен" деп, бир убакта Б.Шерниязовго жумшак сүйлөп, сый мамилеге өткөнгө аргасыз болушту. Бул убакта жөө жүрүшкө чыкчулар артка атчабым алыс кеткен. Бокең аларга телефон чалып, "кайра келгиле" дегенине эчкимисинин жүрөгү даабады окшойт, артка кайткан жок. Ал ортодо "тез жардам" унаасы келип, кант диабети менен ооруган Б.Шерниязовдун канбасымы көтөрүлүп кеткендиктен текшерип көрүштү эле, 240ка чыгыптыр. Ак халатчандар алапайын таппай калды. Абалдын оңой эмес экенин ак халатчандардын оозунан уккан ажаан катын-калачтар ошондо бираз тыйылды. Шерниязов ак халатчандардын жардамынан кийин артына карабай алыс кеткен "санаалаштарын" Карабаткак деген жерден машине менен кууп жетти. Топтун арасынан Р.Отунбаева көрүндү. Ал жүрүшкө чыккандарга СДПКдан И.Өмүркулов экөө келгенин жарыялап, бул иш-чаранын аягына чейин тикесинен тик турарын билдирди. Бирок, тилекке каршы, андай жалындуу сөздөрдөн көп өтпөй, оппозициянын кыйындары А.Бекназаров, М.Чолпонбаев баш болгон саясатчылар күтүүсүз кайрылуу менен шаарга кайра кете турганыбызды жар салышты.
Бул жерде көңүл бурчу дагы бир жагдай: бийлик Аксы окуясын кайталагандан да кайра тарта турган эмес. Болбосо, алдыбыздан чыккан ажаан катындар эмнеге жумуртка менен ургулады? Оппозиция арасынан кызуу кандуу кимдир бирөө таш ыргытышын кааладыбы?! Эгер жаңжал оту тутанып кетсе, "биз жумурткадан башка курал колдонгон эмеспиз. Ташты оппозиция ыргытты" деген шылтоону бетке кармаш үчүнбү? Айтор, жумурткадан кыр издегенге жумуртка менен куралданган бийликтин бул амалы жөн амал эмес болчу…
Ошол жердеги жергиликтүү элдин арасынан жер муштап отурган Чоюнаалы аттуу көлдүк аксакалдын жанына көчүк басып, мындай кеп уктум. "Ээ балам, кайсы Кудай урган эл өз жерин сатат дейсиң. Силерди ташбараңга алып аткан түптүктөрдүн арасында кыргыз болуп калган казак көп. Алар тээ 30-жылы ачарчылыкта Каркыранын белин ашып, тентип келген боюнча отурукташып калган. Булар өз тилинде сүйлөгөндү да унутушкан. Көбү Каркыраны казактарга кармата берген айыл - Санташтын тургундары. Буларың ошонүчүн кыргыздын жерине күйбөй, баарыбир бооруна тартып, "өз жерибиздин тагдырын өзүбүз чечебиз" деп атпайбы" деп, ордунан тегеренип кетти.
Оппозицияны ээрчип, дем сууп артка кайтып келатканда бир нерсе ойго келди. Жер, Мекен маселесине келгенде эмнеге баш көтөрбөгөн элбиз? Мейли, элди айтпайлы. Интеллигенция кайда? И.Абдуразаков, Б.Жакиев, О.Султанов, К.Исаев, М.Байжиев, Э.Турсунов өңдүү Көл өрөөнүнөн чыккан мыктылар кайда? Же кабинетинен эле "каар" чачканга жарайбы? Же айтар калыс кеби жокпу? Эгер жер тагдыры, Мекен тагдыры бычактын мизинде турганда баш көтөрбөгөн эл өзүнүн талоонго калганына кайдыгер болсо, анда кыргызга дегеле сооп жок. Башка эмне кеп?
Эгемберди АЖЫБАЙ




 1 тонна күрүч 700 доллар дейби?

Кымбатчылык Кыргызстанды кыя өтпөйт
Кыргыз экономикасындагы абалга дайыма талдоо жүргүзүп турган Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) жыйырманчы отчету банктын эксперттери тарабынан даярдалып, коомчулукка сунуш кылынды.
Отчетто өлкөнүн экономикасынын өсүү келечеги менен бирге Кыргызстанда 2007-жылдын акырындагы шайлоого байланыштуу саясый компаниялардын болгонуна карабастан, экономиканын көрсөткүчү 8,2 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч тейлөө кызматынын, курулуштун жана өнөр жай шарапатынын натыйжасында келип чыккан. Бул ийгиликти кыргыз өкмөтү бекемдөө үчүн экономикага сырттан тийгизүүчү таасирлердин алдын алып, бизнес жана инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу керек дейт АӨБнүн эксперттери.
Негизинен баалардын дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүшү биздин өлкөгө келип жаткан импорттук товарлардын наркына көп деле таасирин тийгизген эмес. Мунун далилин күйүүчү майга, дан азыктарына болгон баалардан байкоого болот. Бирок Россия, Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдөгү экономикалык абал Кыргызстанга да таасирин тийгизет. Мунун натыйжасында 1 миллионго жакын кыргызстандык эмгек мигранттарынын өлкөсүнө жөнөткөн каражаты азайышы мүмкүн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2007-жылы сырттагы мекендештерибиз биздин экономикага 700 миллиондон ашуун акча жөнөткөн. Финансылык көзөмөл агенттигинин маалыматы боюнча 1 миллиард, ал эми АӨБнын маалыматына таянсак 350 миллиондон бир аз ашуун. Кандай болгон күндө да эмгек мигранттарынын агымы азая турган болсо, ал биздин экономикабызды эңшерип түшөрү күмөнсүз. Мунун биринчи белгиси азыр эле башталды. Ипотекалык кризистен улам Казакстанда көптөгөн ири курулуштар токтоп, курулуш көлөмү кыскарууда.
Ошондой болсо да, ички дүң продукциянын 7,6 пайызга өсүшү реалдуу дейт финансы институтунун адистери. Андыктан Кыргызстан четтен келүүчү түз инвестицияларга басым жасап, өз жарандарын жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу адам ресурстарын пайдалануусу абзел.
Азия өнүктүрүү банкынын экономикалык талдоолоруна биздин серепчилер көп жагынан макул эмес. Анткени, бүткүл дүйнөдө экономиканын өнүгүү темпи басаңдап жатканда, биздин тоолуу өлкөдө жогорку экономикалык көрсөткүчтүн болушу чындыкка дал келбейт. 2007-жылы өлкөдө керектөөчү индекс баасы 20 пайызга көтөрүлгөн. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң жогорку көрсөткүч. Мисалы, дүйнөлүк экономиканын тенденциясы боюнча алып караганда, Казакстан ички дүң продукциясы 2008-жылы 7-10 пайыздын тегерегинде болушу мүмкүн. Ал эми дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү боюнча казак экономикасы болгону 4 пайыздан ашпайт. Ал тургай өз кирешесин улуу Кытай деле азайтып эсептөөдө.
Азия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык күйүүчү майлардын кымбатташы сөзсүз күтүлөт. Ошондой эле 2008-жылы бир тонна буудайдын баасы - 400, бир тонна күрүчтүн баасы - 700, өсүмдүк майынын тоннасы 1400 доллар болмокчу.
Келдибек НАЗИРОВ





Жазуучулар союзунун төрагасы Омор СУЛТАНОВго
Урматтуу Омор Султанович, абалтан эле акын-жазуучулар адам баласы эңсеп келаткан ой-максаттарды чыгармага айлантары белгилүү. Улут интеллигенциясынын биринчи катарында да элдин ой-мүдөөсүн чагылдырган сүрөткер катары акын-жазуучулар турат. Коомдо кызуу талкууга алынып, оң-терс пикир айтылып жаткан казактарга кеткен Каркыра жайлоосу жана пансионаттар боюнча сиздин лам дебей отурганыңызды кандай түшүнүүгө болот? Коомчулукту түйшөлткөн маселелерге аралашып, ой-пикир айталбаса, салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүн гана сагаалаган акын-жазуучулардын элге кереги барбы?

Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек ЖАПАРОВго
Акылбек Үсөнбекович, борбордогу ЦУМдун күн батыш тарабында курулуп жаткан алты кабат имарат сиздики деген кеп эл аралап жүрөт. Эгер ушул чын болсо, бул имаратты кайсы каражатыңызга куруп жатасыз? Мындан сырткары, сиздин ХИПКке Кыргызстанды киргизем деген катуу аракетиңизден, ошондой эле "Кумтөр" кени боюнча Атамбаев премьер кезинде кошумча макулдашууга кол коелу дегениңизден да майнап чыкпады. Эл арасында мындай нерсенин бардыгы жөн жасалбайт, булардын аркасында чоң каражат турат деген каңшаар каңгып жүрөт. Булардын канчалык чындыгы бар?

Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Турсун ТУРДУМАМБЕТОВго
Оппозициячы Азимбек Бекназаров Башпрокурор кезинде сизге 23 эпизод боюнча кылмыш иши козголгон деп жарыя айтууда. Бул кылмыш иштери эмне боюнча эле жана булардын аягы эмне менен аяктады? Мындан эки ай мурда президент администрациясынын коллегиясында шаар мэри Данияр Үсөнов "Ататүрк паркынан мыйзамсыз жер алгандар катарыбызда отурат" деп сиздин атыңызды атаган. Ататүрк паркынан канча жер алып, кайсы каражатка үй салдыңыз эле? Өкмөт мүчөсү болуп туруп, президенттин айтканын аткарбай жатканыңызды кандай түшүнүүгө болот?