"Агым", 02.05.08 - 5-бет: Алтын маккендикиби же кыке?дикиби...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Алтын маккендикиби же кыкеңдикиби...

Кубанычбек Исабеков, ЖК депутаты:
"Центеррада" А.Акаев менен Н.Танаевдин да акциясы бар..."
Депутат К.Исабеков "Кумтөр" алтын кени боюнча кызыктуу фактыларды биринин артынан бирин таап чыгып, коомчулукка жарыялап келет. Ишенбейин десең миллиондогон доллардын житип кеткен өжөр фактысы турат. Ошондон улам кыргыздын алтынын казып жаткан "Кумтөр" да, "Кыргызалтын" да таза эмес деген жыйынтыкка келесиң.

- Кубанычбек мырза, АКШга болгон иш сапарыңызда алтын өндүрүү боюнча америкалык мыйзамдар менен тааныша алдыңызбы?
- А.Акаев менен Н.Танаев "Центерраны" түзүп, келишимге кол коердон мурда Монголиядагы "Боору", АКШнын Невада штатындагы "Рен" кендерин бардык тармактагы адистерди катыштырып, кылдат таанышып чыгууга милдеттүү эле. Тилекке каршы, мындай болгон эмес. Мисалы, АКШнын салык мыйзамында алтын өндүрүүдө салыктын жети түрү каралган: федералдык бюджетке 37, өндүрүлгөн алтындын 5 пайызы Невада штатына, мындан тышкары суу ресурстарына жана башкалар үчүн салык төлөнөт. Алтын өндүргөн киши экология коопсуздугу үчүн алдынала тийиштүү өлчөмдөгү накталай акчаны жаратылышты коргоо үчүн банкка төгүп берет. Биз буларды канадалыктардан эми гана талап кылып жатабыз. Мен буларды Хоменюк мырзага айтсам, ал экология үчүн биз акчаны Англиянын банкына төккөнбүз дейт. Мен айттым, Кыргызстандын банкына которгула деп. Бүгүн бизде алтын казууга уруксат берген лицензиянын наркы 300 сом турат. Ушунун өзү эле биздин атуулдардын 300 сомго кен казуу үчүн лицензия алып, чет өлкөлүктөргө бир миллион долларга сатуусуна жол берип жатат. Ал эми Монголия "Центерранын" курамына кирген кендери үчүн 871 миң долларга лицензия беришкен. Ал эми биз болгону 900 сомго үч лицензия саттык...
- Америкадагы алтын өндүргөндөрдүн абалы кандай экен, кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
- Биз АКШдагы "Баррик" алтын кенинде болдук. Бул кен пайда болгондон бери 2 миң тонна алтын өндүрүптүр. Эң кызыгы, "Барриктин" колунда Кыргызстандагы эки алтын кенди иштетүүгө лицензиясы бар экен. Муну угуу биз үчүн өтө кызык болду. Азыр биз лицензияны кимден, качан алганын изилдеп жатабыз. "Баррик" кенин иштеткендер биринчиден, адам өмүрүн сактоого, экинчиден, экологияны, акырында алтын өндүрүп, анын пайдасын көрүүгө басым жасашат экен. Ал эми биздеги Барскоонго цианид төгүлгөндө, "Кумтөр" 5 миллион доллар төлөп берген экен. Анын 4 миллион 400 миңи айып үчүн төлөнгөн. Бирок, бул акча биздин өкмөттө дайынсыз жоголуп кеткен. Кийин эле жарашуу келишими түзүлүп, өкмөт "Центеррадан" карыз алып, элге төлөп берет. Ошонун да 700 миңи алигиче төлөнө элек.
2002-жылы "Кумтөрдөгү" карьер ураганда Кыргызстанга 11 миллион доллар камсыздандыруу суммасы төлөнгөндүгү чындык. Бирок ал акча да "Кыргызалтындын" эсебинде калып, житип кеткен. Бул боюнча азыр Башкы прокуратура иш козгоп, өтө кызыктуу фактыларды таап жатат. Бирок, күнөөнүн баарын маркум Кудайбергеновго оодарышууда.
"Кыргызалтын" бүгүнкү күнгө чейин коомчулук үчүн ачык эмес. Канча алтын өндүрүлдү, кимге сатылды, салыкка канча төгүлдү, эч ким билбейт. Билгенибиз эле 200 тонна алтын 2 миллиард 400 миллион долларга сатылыптыр. Мунун 10 пайызы да Кыргызстанга түшкөн эмес. "Кумтөр" иштей баштагандан бери 62 тонна 300 кило күмүш өндүрүлгөн. Анын наркы 12 миллион АКШ долларын түзөт. Бул күмүш "Кыргызалтындын" колунда болгон. Мен 12 миллион доллар кайда кетти деп дагы кат жөнөттүм. Дагы эле "Кыргызалтын" чыгашадагы компания болуп эсептелет.
- "Центеррага" кандай талаптарды коюп жатасыздар?
- Биз "Центеррага" акцияны көбөйткүлө деп бир эле талап койбой, директорлордун кеңешинде Кыргызстандан кеминде үч киши мүчө болсун деп жатабыз. Муну менен эле чектелбей, эгер компаниянын иши Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келсе, ошол үч киши вето коюу укугуна да ээ болушу керек.
Ушундай аракетибизден кийин алар бизге пайдалуу бир катар кадамдарга барганы жатышат. Хоменюк мырзанын айтуусуна караганда, "Кумтөр" быйыл киреше берүүчү алтын кенине айланат. Эми өндүрүлгөн алтындын 1 пайызын Ысыккөл облусунун пайдасына чегерип турууга да сөз беришти. Мындан тышкары салыктар да көтөрүлмөкчү.
Азыр "Центерранын" акциялары кыргыз өкмөтүндө, дүйнөлүк банкта, КАМЕКОдо, Европа өнүктүрүү банкында бар. Жеке адамдарда да бар экен. Ким экенин биле албадык. Менин туюмумда "Центерранын" акциясы А.Акаевде, анын үйбүлөсүндө жана Н.Танаевде, ошондой эле мырза Сарыгуловдо да бар экени толук байкалып турат. Албетте, азырынча муну далилдөө мүмкүн эмес.
Келдибек НАЗИРОВ




  Үч кошкон собол

Чагым. тышкы карыз. эстелик
1. Түп районундагы оппозицияга карата жасалган иштерди кандай баалайсыз?
2. Кыргызстандын тышкы карызы бүгүн 2 млрд. 200 млн. доллар. Төлөөнүн негизги учуру 2008-2011-жылдарга туура келет экен. Бул экономикага, элдин турмушуна кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
3. Сиздин оюңузча, кандай адамдын эстелигин республиканын борборуна коюу туура?

Султан ЖУМАГУЛОВ, журналист:
1. Өтө жийиркеничтүү, кейиштүү окуя болду. Кыргыздар үчүн ардандым. Муну ким уюштурса да, кыргызда сый-урмат, ыйык нерсе калбаптыр. Шерниязов жаманбы-жакшыбы кыргыз үчүн күйүп жүргөн жигиттерден эле. Ошону шоу кылып кайра-кайра көрсөткөн телекомпанияларга да баракелде! Эң жаманы, бийлик кийин бийликке кимдер келсе, аларга да ушундайды жасоого жол ачты. Бизди башкалар көрсө эмне деп ойлойт деген ойдун эчкимге келбегени - улуттук арнамыстын калбаганын көрсөттү.
2. Менимче, тышкы карызды төлөө жеңил эле баратат. Муну Каржы министри Тажикан Калимбетова да айтты. Дегеле азыр дүйнөдө бир нерсени болжолдоо кыйын болуп калды. Экономика эмес, эптеп курсак тойгузуу биринчи орунга чыгып, мындан башка күтүлбөгөн нерселер чыга калып жатат.
3. Башка мамлекеттерде деле борбордук аянтка мамлекеттин бүтүндүгүн сактаган адамдардын эстелиги коюлат. Бизде деле ошентүүгө болот.
Эрнис ТУРСУНОВ, жазуучу:
1. Түптүн жарымы Күрмөнтү, Кудургу, Шаты деген жерлерде бүт эле казактар жашайт да. Алар 30-жылдары Каркыраны ашып, ачкачылыктан жер ооп, ушу жерлерге туруп калышкан. Жанагы теледен көрсөткөн беттытар катын-калачтар ошолор экенин беркилер билбей атпайбы. Каркыра жайлоосунун 83%ы казактарга кетип, бизге 17%ы эле калыптыр. Каркыра менен кошо Сарыжаз, Чарын, Октогой, Челек, Каркыра деген суулар да казактарга кетти. Бизди бир жагынан Кытай империясы, экинчи капталдан Казак империясы жапырып келатат. Алдырган жерлерибизди кайрый албай калдык го.
2. Дагы каатчылык болот экен. Бирок ары жылдырышат го. Антпесе, төлөй алышпайт. Бийликте биринчи орунга аялдар чыга баштаганда көтөргөн маселе да, дегеле бийлик салмагы да азайып, жеңил болуп кетет. Ушуну эсиңерге ала жүргүлө. Болбосо, шахматты эмне үчүн эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө ойнойт?
3. Бульварда турган Насирдин Исановдун эстелигин алып салуу керек. Өткөндө чоочун бирөө аны көрсөтүп, "бул ким?" дегенинен "бул Совет Урмамбетов деген акын" деп койгом. Жумабек Ибраимовдун эстелиги да начар. Койсо Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин коюшса жакшы болор эле.
Бекташ ШАМШИЕВ, "Азаттык" радиосунун журналисти:
1. Оппозицияга каршы элди тукуруштун кереги жок эле. Эл көп чыкканда, балким чагымчылар аларга даап чыга алышмак эмес. Менимче, эки жагынан тең кетти өңдөнөт.
2. Биз жыл сайын бюджет тартыштыгы үчүн сырттан 80 млн. доллар тегерегинде кредит алабыз. Бюджеттен тышкы карызды төлөө үчүн атайын каражат каралат. Ошонүчүн тышкы карыз дайыма 2 млрд. 200 млн. доллар тегерегинде болуп турат. Былтыр экономикада чындап эле өсүш болгон, бирок аны инфляция 20% кылып жеп кетпедиби.
3. Т.Сыдыкбековдун, С.Чокморов-дун, И.Ахунбаевдин, С.Чуйковдун, Б.Юнусалиевдин, К.Юдахиндин, Т.Турсунбаеванын эстелигин коюуга татыктуу деп ойлойм.
Аскер САКЫБАЕВА