"Агым", 02.05.08 - 4-бет: Министр маек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Министр маек

Арстанбек НОГОЕВ:
"Cалыктын көптүгүнөн Инвесторлор чочуп жатат"
Эгемендүүлүк башталгандан бери Айылчарба министрлигинин дарегине такай сын айтылып келет. Андан бери министрликтин башына ондогон кишилер келди, бирок алгылыктуу жылыштар болбоду. Арасында жеп-ичип качып кеткендери да бар. Биз азыркы министр А.Ногоевдин айылчарбасын көтөрүүдө кандай ой-максаттары бар экенин билүү үчүн бир нече собол узаттык.
- Арстанбек Иманкулович, министр катары айылчарбасында бурулуш жасоочу кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?
- Алды менен Түштүктөгү үч облусту кыдырып, район, айыл өкмөттөрүндөгү абал менен таанышып чыктым. Айылчарба министрлиги элден алыстап, болгон укугунан айрылганын эл менен жолукканда байкадым. Көрсө, биздин сөзүбүз айыл өкмөтүнө да өтүмү жок экен. Атургай кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлер да 2002-жылдан баштап айыл өкмөттөрүнө өтүптүр. Ошентип бир гана министрлик деген кабыргасы эле калыптыр. Акыркы күндө министрликтеги абалды түшүнбөй туруп, аны сындагандар толуп кетти. Кайсы жерде болбосун бизди тепкилейт. Биз азыр айылчарбасына багыт берүүчү, түшүндүрүү, окутуу, семинар өткөрүү иштерин аркалап калдык. Көпчүлүк ойлойт экен, үрөн, техника, акча биздин министрликте деп. Чынында андай эмес. Ошондуктан азыркы милдетибиз - бир гана айылчарбасына туура багыт берип, туура саясат жүргүзүү. Биз азыр кайра иштетүү тармагын колго алып, ушул багытка инвестиция тартуудабыз. Алдыда көп иштер бар.
- Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн бизде анык мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Инвесторлордун баары салыктын көптүгүнөн чочуп жатат. Ошондуктан келишпейт. Эгер салык жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынса, жанагы пайдадан алынчу салык 12 пайызга түшкөнү жатат. Муну президент да колдоп, бүт салыктан бошотууну айтууда. Эгер ушундай болсо, акчасын катып отурган өзүбүздүн жарандар да чыгат, сырттан да келишет. Эгер салык мыйзамы өзгөрбөсө, акчасын чачып жем болууну көздөгөн келесоолор жок. Салык өзгөргөндө гана кайра иштетүү тармагын өнүктүрсө болот. Ал эми инвесторлорго туура багыт берүү - биздин милдет. Баткенде өрүктү, Аксыда кайналыны кургатып, кооз, келишимдүү кылып таңгактап, чет өлкөлөргө чыгарса болот. Бул жагы - министрликтин милдети. Мен жакында Норвегияга барып келдим. Ал жакта картөшкөнү көп өндүрүп, аны кайра иштетип спирт чыгарышат экен. Ошол спирттен даярдалган арактын наркы 90 евро турат. Мен ошол заводдун деректирин чакырдым, июнь айында келет. Мындан тышкары, Норвегияда 5 млн. кой бар экен. Алар койдун этин сүрсүтүп, килосун 40 евродон сатып жатышат. Мен: "Сүрсүтүүнү деле билебиз, бирок силердин технологияңар менен жасайлы, килосун 10 эле евродон алгыла" деп айттым.
Негизи бизде кайра иштетүүнү талап кылган сырьелорубуз арбын. Төөбуурчактын өзүнөн эле бир канча тамак-аштын түрүн жасап, өзүбүзгө, чет өлкөгө чыгарса болот. Азыр бул туурасында түркиялыктар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Буюрса, эки-үч айдын ичинде буурчакты иштетүүчү завод кура баштайбыз. Республика боюнча жалпысынан сүттү, этти, жашылча-жемишти кайра иштетүү үчүн 60 минизавод куруу боюнча программабыз бар.
- Дыйкандар көпчүлүк учурда жер семирткич тин азабын тартышат. Азыр анын баасы асмандап кетти. Муну өзүбүздөн өндүрүүнүн жолу барбы?
- Бизде сырье бар. Азыр Ташкөмүр шаарына 1 млн. долларга жер семирткич чыгаруучу заводду куруунун техникалык долбоору бүтүп калды. Анын негизинде жылына 150 миң тонна жер семирткич чыгарса болот экен. Биз алардан кубаттуулугун азайтууну сурап жатабыз. Бул заводдун наркы 150 млн. доллар турат. Буюрса, ишке ашат деген ишеничтебиз.
- Айылчарбасын техникалык жактан жаңылоо иштери кандай болууда?
- Жакында Россиядан 306 даана трактор, 306 соко, 106 прицеп келди. Жердин аянтына жараша облустарга бөлүштүрдүк. Түштүк облустарга 20 пайызга көп бөлдүк, анткени ал жакта эки жолу түшүм алынып, жер көп айдалат. Трактор эң ириде айылчарба кооперативдерин түзгөндөргө, үрөн чарбаларына берилет. Колдо бар тракторлордун көпчүлүгү эскирип, жараксыз абалга келген. Ошондуктан МТЗ тракторлорун Карабалтадан кайрадан оңдоп, жыйнаганы жатабыз. Ал эми "Нива" комбайнын да Кыргызстандын өзүндө жыйноо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
- Турмуш айрыкча элет жеринде оор. Ата-бабалар төрттүлүк мал менен эле оокат кылып келген. Аны өндүрөбүз, муну өндүрөбүз деп элди кыйнабай, жалаң эт сатып оокат кылсак болбойбу?
- Кыргыздар жолугушканда мал-жан аманбы деп бекеринен саламдашкан эмес. Анткени, малың аман болсо, жаның аман. Муну бутуна тургузса болот, ал үчүн мамлекеттик колдоо керек. 2002-2005-жылдары Казакстанда "Айыл жылы" деген программа кабыл алынган. Ага 3 млрд. доллар бөлүнүп, ар бир үйбүлөгө 10 жылга үстөксүз 10 миң доллардан кредиттер берилген. Азыр бизде бюджет тартыш болгондуктан, бардыгы акчадан көзкаранды.
Келдибек НАЗИРОВ
width=10% color=red align=left>



  Эзелкини эми эстеп...

Элкарама эмес, жеркарама бийликтин айынан жер сатылды

Азыр коомчулукта резонанс жаратып аткан чегара маселелери илгертен бери эле эл арасында ар кандай күдүк сөздөргө, ойлорго бута болуп келген. Он тогуз жыл мурда эле, б.а. 1989-жылы кыргыз-казак, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларындагы 11 талаш аймактар боюнча кийин чыр чыгарын окумуштуу катары көрө билген Кубат ОСМОНБЕТОВ ошо кезде Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Абсамат Масалиевге, Министрлер советинин төрагасы Апас Жумагуловго атайын кат менен кайрылган. Анын айтымында, эгер чегаралар ошо СССР учурунда такталып чечилгенде, азыркыдай ызы-чуулар, нааразылык болмок эмес. Айтмакчы, Кубат Осмонбетович 90-жылы болгон Ош окуясын да көрө билип, мунун алдыналуу боюнча атайын кайрылган. Бирок ал кездеги жетекчилер буга маани беришкен эмес.
Бул катта кызыктуу фактылар келтирилген. СССР тушунда Кыргызстандын жери ар кандай документтерде ар башка көлөмдө көрсөтүлөт. Ачык айтылбаган саясаттын аркасында бизде мал чарбачылыгына басым коюлуп, эл тоо-ташка байырлап, ал эми түз жерлерди коңшулар чарбачылык үчүн билгизбей "басып" жүрүп отурушкан. Мындан сырткары, Хрущевдун тушундагы майда кыштакчаларды бириктирип, чоң колхоз-совхоздорго айландыруу чарбачылык үчүн пайдалуу болгону менен, кыргыздар кылымдап жашаган жерлерин башкаларга бошотуп берип, Кыргызстандын аймагына оңбогондой зыян келтирилген.
Ошол кездеги "социалисттик ишкерликтин" аркасы менен пайдалуу кен байлыктар кошуналарга берилген. Мисалы, Кыргызстандын аймагындагы Шураб-II көмүр кени Шураб шахта башкармалыгынын балансына (Тажикстан) өткөрүлсө, Исфанадан Ленинабадга кеткен жолдогу кварц кум кенин да, Баткендеги целестин (стронций химиялык элементи) кенин да тажиктер иштетип келүүдө.
1975-80-жылдарда өзбек геологдору Чаткалдагы эки өлкөнүн чегарасынан Кыргызстанга 10 км кеңдикте кирип, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү суранып, макулдашууларга жетишкен. Ошогездеги Москва, Ленинград, Новосибирск, Алматы, Ташкенттен келип түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуулар да Кыргызстандын табиятына жырткычтык мамиле жасап жаткандыктары катта айтылган.
Биз геология-минерология илиминин доктору, профессор Кубат Осмонбетовичтин Кыргызстан жетекчилигине жазган ошо каты менен таанышып, өзүнө кайрылдык.
- Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекет катары кийин эле түзүлдү. Жер талаш ошондо эле бар болчу. Мисалы, Кадамжайдын өйдө жагындагы Шахимардан боюнча эл арасында Абдыкадыр Орозбеков өзбек жетекчиси Осмон Юсуповго экөөнүн достугу үчүн берип койгон экен деп айтылат. Ошо менен анклав пайда болгон. Биздин тажик, өзбектер менен чектешкен жерлер жыландай ийри-буйру. Бул боюнча алайкуулук, аксылык аксакалдар ошо кездеги айылдык, райондук жетекчилерди өзбектер тамакка тойгузуп, эшек арабага салып алып, бул жер биздики, бул силердики десе, биздикилер бардыгына макул боло беришиптир деп айтышат. Ошо кездеги жетекчилер жердин баркын билбей, тоодо мал менен гана оокат кылабыз дегендин азабы бүгүн тийүүдө. СССРдин "мен, сен - бир үйбүлөбүз" деген саясатынан коңшулардын көмүр кендери түгөнгөндө, биз өз көмүр кенибизди берип келгенбиз.
- Азыр Каркыранын 630 гектарын берип, ордуна 1150 гектар жер алдык дегенге кандай карайсыз?
- Ар нерсени саны менен эмес, сапаты менен эсептеш керек. Айрыкча жер боюнча. Казактар "жаман менен жатканча, жакшы менен шыбырлаш" дешет. Каркыранын ушинтип талашка түшөрү жөнүндө жанагы документте 1989-жылы эле айткам. Азыр дүйнөдө глобалдаштыруу, "алтын - миллиарддын саясаты" деген жүрүп атат. Мунун мааниси мындай: эгер мамлекетте алтындын миллиарддаган запасы болсо, экология бузулса, бөлөк жерди сатып алып, ошоякта жашай беребиз деген саясат. Эгер биз жер, чегара маселелерин өз пайдабызга чечпесек, тиги эки саясаттын айынан жерибизди жоготуп алабыз деген коркунуч бар.
- Сиз бул катты жазгандан кийин Масалиев менен Жумагулов эмне дешти?
- Алар ошо кездеги идеология боюнча секретарь Медеткан Шеримкуловго тапшырыптыр. Ал мени чакырды. Барсам, ошо кездеги инструктор, азыр ТИМде иштеген Эркин Мамкулов да бар экен. Шеримкулов: "Сиздин катыңыз Масалиевге, БК мүчөлөрүнө жакты, каттагы маалыматтарды кайдан алдыңыз?" деди. "Менин агентуралык маалымат берчүлөрүм жок. Буларды тажрыйбамдын, билимимдин негизинде алдым" дедим. "Каттын ортосундагы "если нет - нет исхода" дегениңиз эмне?" деди. "Кыргызстан БКда турган силер сыяктуу жетекчилер кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоого аракет кылбаса, айла жок дегеним" дедим. Ал: "Сиз эмне каалайсыз?" деди. "Эчтеме каалабайм. Бийлик, байлыктын кереги жок. Бирок 1986-жылдан бери докторлук диссертациямды ичитарлардын айынан жылдыра албай жатам. Ошону коргошум керек" десем, "сиз эми Москвага арызданбаңыз" деди. "Мейли" деп чыгып кеттим.
- Эми мындан ары чегара тактоо иштеринен эмнелерди күтүүгө болот?
- Жанагы "алтын - миллиард саясаты" боюнча биздин жерлерге далайлар көз артып, кол салууга аракет кылышат. Менимче, биз келечекте Ысыккөлдөн айрылып калабыз го. Анткени, СССР тушунда эле Ысыккөлгө көз арткан башка өлкө жетекчилери көп болчу. Биздегидей кооз жерлер коңшуларда жок, мен алардын жерлерин да жакшы билем. Жерди сактоо үчүн биздин бийлик да, элибиз да бир пикирде болушу керек.
Аскер САКЫБАЕВА