"Агым", 02.05.08 - 21-бет: Токточу, кєз ирмем!...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Токточу, көз ирмем!

Тургун Бердалиев:
"Ата, катын алам" кличкам али калалек…
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын залкар артисттеринин бири, кыргыз фильмдерин түптөөдө зор салымын кошкон, театрдагы спектаклдердин өңүн ачкан КРнын эмгек сиңирген артистти Тургун Бердалиев бүгүн бизде мейманда.

- Тургун мырза, чыгармачылык тушооңуз канча жашыңызда кесилди эле?
- Чыгармачылыкка 17 жашымдан, 1965-жылдан баштап аралаша баштагам. 10-класста окуп жүргөндө К.Бобуловдун "Түштүк кызы" повести боюнча кино тартылып калды. Ушул киного тартылуу боюнча радиодон, гезиттерден конкурс жарыяланган. Мен ага деле кызыккан эмесмин. Бир күнү режиссер мен окуган класска келип, чакырып кетти. Анан киностудияга барып, фотосынак, киносынак дегендерден өттүм. Бир ролго жүздөн ашык бала келиптир. Анан балдардын ичинен тандалып отуруп, комиссия мени жактырып, "Түштүк кызы" тасмасында Бекташ деген жигиттин ролун ойноп калдым. СССРдин эл артисттери, өзбек, казак, тажик актерлору менен тасмага түштүм. Ошол кезде кыргыздын жаңыдан гүлдөп чыгып келаткан актрисасы (ыраматылык болуп кетти) Клара Юсупжанова менен тартылдым. Тушоом ушул кинодон кесилген. Ошондон баштап "Ар кимдин өз жолу", "Саманчынын жолу", "Уркуя", "Акмөөр", "Мен Тянь-Шань", "Кожожаш", "Айыл өкмөтү" ж.б. фильмдерге тартылдым. Кыргыздардан биринчи болуп Алматыдагы театралдык институттун актер факультетине тапшырдым. 1970-жылы институтту бүтүрүп, ошондон бери кыргыздрам театрында иштеп келатам. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын кинодон беришкен. Ч. Айтматов, Б. Жакиев, ыраматылык Т.Океев, С.Чокморовдор менен иштешип турганда, мага 1976-жылы эки бөлмөлүү квартира беришти. Ал кезде артисттерге квартира берүү кыйын болчу.
- "Акмөөр" фильмине тартылганда канчада элеңиз?
- "Акмөөр" фильминде байдын Баян деген баласынын ролун ойнодум. Азыр "Акмөөрдү" көрүп отуруп, өзүмдү жаман сезип, көзүмөн жаш чыгып кетет. Анткени ошондогу артисттердин баары бул дүйнөдөн көзү өтүп кетиптир. М.Рыскулов, Т.Турсунбаева, Д.Күйүкова, Боталиев, Ж.Садыков, Б.Бейшеналиев, С.Жумадылов, И.Эшимбеков, Сейдалиев, айтор, бүт эле жок. Алар кыргыз киносуна кандай гана эмгектерди сиңиришти эле…
- Сизге артисттен бөлөк дагы кайсы кесип жагат?..
- Эгерде мен артист болбосом, баарыбир чыгармачыл адам болмокмун. Себеби, мектепте окуп жүргөндө, фотоаппарат менен сүрөт тартканга кызыкчумун. Өзүм окуган мектептин фотокабарчысы болчумун. Ошол кезде оператор болсом деп кыялданчумун. Киного түшүп калгандан кийин бир топ режиссерлордун, мыкты адамдардын "сенден артист чыгат" деп айткандарын угуп, артисттикке бардым. Кайра куруу мезгилинде кыйын болду. Көбү базарга чыгып, башка жакка кетишти. Театрдын, искусствонун адамдары айлыгы аз болуп кыйналса да кесибин таштап кетишпеди. Биз байлыкка кызыкпайбыз. Элдин кабыл алганы, кол чабуусу биз үчүн майрам, байлык.
- Маданият кызматкерлеринин айлыгын мамлекет жакында гана көтөрдү, болбосо, көпчүлүк артисттер тамада болуп, же ырдап, бизнес ачып кетишти. Сиз кыйынчылык учурда эмне иш кылдыңыз?
- Кыйналганда тамада да, ырчы да болгон жокмун. Башкалардай бизнес да ачпадым. Менин ишим театр, анан кино болду. Артисттин баары эле тамада болуп кеталбайт да. Ал да өзүнчө өнөр, кесип. Анын милдети да чоң. Ал эми бөлөк бизнес кылыш үчүн байлык, убакыт керек. Жетип-жетпесе да өзүмдүн эле кесибим менен жашап жүрөм.
- Жубайыңыз менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыз? Негизи, чыгармачыл адамдар өзүнүн кесибине жакын адамдарга баш кошушат го…
- Жубайымды мектепте окуп жүргөндө эле билчүмүн. Окууну Алматыдан бүтүп келип таанышып, сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөм. Алакачып дегенге түшүнбөйм. Кээ бирөө мени алакачып кетип отуруп калдым дешет. Кеткиси келген кыз балакет кылып алакачсаң да, көңүлү болбосо кетип калат. Жубайым экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 37 жыл болду. Эки балабыз, эки небере кызыбыз бар. Менин эң биринчи сынчым - жубайым. Ролдорумдун жакшы чыкканын же начар болуп калганын эң жакын адамың гана айтат. Дос, тааныштарың ачык айтышпайт. Мага жубайым гана калыс баа берет.
- Чыгармачылыкта эмнеге көбүрөөк кейийсиз?
- Кечээ гезит саткан киоскиден Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтүн, "Кыргыз элинин сыймыгы" деп жазылганын журналдан көрүп алып аябай кейидим. Көзүнүн тирүүсүндө белгилүү адамдарды баалай, сыйлай алышпайт. Канчалаган залкар таланттар убагында бааланбай, жашоосу кейиштүү аяктады. Убагында көңүлү чөгүп, айныгандары канча. Көзү өткөндөн кийин билгени да, билбегени да, көргөнү да, көрбөгөнү да аны алкап калышат. Эмне үчүн көзүнүн тирүүсүндө ага көңүл бөлүшпөйт? Мени ушул кейитет…
- Көчөдөн же тойлордо сизди эл кандай кабыл алат?
- Көчөдөн таанып салам айтышат. "Акмөөр" фильминдеги аткарган ролумда "Ата, катын алам" деп айтканым бар го. Ушул "Ата, катын алам" деген тергеме атым эмдигиче кала элек. Көчөдөн баратсам, атыман айтпай эле "Ата, катын алам баратат" деп, же "Уркуядагы Теке баратат" деп айтышат. Кээде көчөдөн жолукканда атайы кайрылып, сиз менен сүйлөшсө болобу, жаш кезиңизде көрдүм эле, азыр минтип калыптырсыз дегендер да болот. Тойлорго барганда азыр баары эле ырдап жүрүшпөйбү. Поэзия, ыр окуганды тойлордо мен баштадым десем болот. Кудай жалгап жубайым Зухра Жаманкулова акын болуп чыкты. Анын "Тагдыр", "Айлампа" деген эки ыр китеби жарык көрдү. Жубайымдын ырларынын 60-70 %ын жатка билем. Анын ырларын атайын деле жаттабайм, жазганын көрбөйм. Жазып бүткөндө карап, бат эле эстеп калам. Бөлөк акындардын ырларын болсо жаттаганга туура келет.
- Анда жубайыңыздын ырларынан бир куплет айтып берсеңиз?
- "Жаштык" деген ырынан:
Сүйүү эңсеп уйкусу жок
түндөрдө,
Жанар оттой жалындаган
жан дүйнө.
Күйүп жүрөк, күрөө тамыр
чыңалып,
Калды жаштык, кайра келбес
күндөрдө…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
Замиранын ыйлаганына кыжыры келген Алмаз унчукпай басып кетти. Азыр аялынын айткан сөздөрүнүн бирине да ишенген жок. Эринин көңүл бөлбөй койгонуна Замира ызалана, долулана баштады:
- Сен мени сүйбөй калдың. Акыркы күндөрү мени менен ишиң жок. Мурдагыдай көңүл да бөлбөйсүң. Бирдеме десем эле "жанагы баланы жакшы бак" дейсиң. Эми болсо "Алтынайды карачы" дейсиң. Менден да сага Алтынай жакын болуп калдыбы? Менин кандай экенимди көрүп-билип туруп эле үйлөнбөдүң беле, же… - Алмаздын ажылдап аткан аялына кыжыры келе анын жанына барып, ызырына чаап жиберчүдөй тап берип токтоду. Азыр Замира дагы эле кыжылдай берсе, чаап жибермек. Бирок, эринин ачуусуна тийгенин билген Замира жалтанып, ыйлаган боюнча уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Үйдөгү кыжылдакты уккан Алтынай сыртта баланы көтөрүп, киргенден заарканып жүрдү. Аңгыча Алмаз үйдөн чыгып, Алтынайга:
- Чай берчи, башым ооруп чыкты… - деди оор үшкүрүнө.
***
Замира эрине таарынып, уктоочу бөлмөдөн чыкпай койду. Кечки тамак бышканда Алтынай анын жанына келип:
- Эже, тамак ичиңиз, - деп чакырды эле, унчукпай керебетине көмкөрөсүнөн жата берди. Рашид менен өткөргөн жагымдуу учурду эстеп, эринин көзүнө чөп салып атканына чала болот сага деп, ичинен өзүнө-өзү ыраазы болуп атты.
Ашканада Алтынай менен Алмаз экөө тамак ичип отурушту. Дасторкон үстүндө:
- Замира бала багып чарчап атат деп сени алсак, анын кылганын кара. Эртеңден баштап баланы Замира өзү баксын, - деди Алмаз.
Мени кетирип жибереби деген кыязда Алтынай чоочуп кетти:
- А мен кантем?.. Кетемби?.. - деди дароо эле.
- Жок, кетпейсиң. Сени өзүм иштеген фирмага киргизем. Биздин үйдө жашай бересиң.
- Мен баланы эле багайынчы… Ал мага аябай көнүп алды. Анүстүнө баланы жалгыз багуу чынында эле кыйын. Замира эжени кечирип коюңузчу… - деген Алтынай Замиранын башка жигит менен көңүл ачып жүргөнүн билсе да, аны аяган кишидей сүйлөдү. Анүстүнө, эгер Замира баланы бага турган болсо, ага күн көргөзбөй сабаарын билди.
Алмаз Алтынайды биртопко чейин ойлуу карап турду. "Айдай болгон ырайыңды иттей болгон кыялың бузду" дегендей, Замиранын сулуулугун анын эрке, өзүмбилемдик кыялы бузат деп ойлоп отурду. Же болбосо Замираны кандай жакшы көрүп, сүйүп алды эле. Келечекте экөөбүз бактылуу болобуз деп кыялданганын эстеди. Анткен менен үйлөнө электе эле Замиранын терс кыялын далай көргөн. Бирок, "жаш эмеспи, токтолот, өзүм тарбиялап алам" деп ойлочу. Акыркы күндөрү Замиранын баарына кайдыгер болуп, өзүнүн боюн эле карап калганын байкап жүргөн. Өз көзү менен көрбөсө да, башка бирөөндө көңүлү болуп калганын шектенип атты. Анын оюн маңдайында жадырап-жайнап чай берип, баланы эркелетип отурган Алтынай бузду.
- Бала сага аябай көнүп алыптыр. Сен кетсең сагынат го, - деп калды Алмаз.
- Мындан мурун мен сагынам го. Өзүмдүн баламдай эле көрөм… - деп жылмайды Алтынай.
- Замира баланы сендей караса кана. Мен төрөгөн жокмун дейби, айтор, Замира ушул балага анча көңүлдөнбөйт. Ошондуктан бала да Замираны анча жакшы көрбөйт. А сени карачы, экөөңөр эне-баладай бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр, - деди Алмаз. Алтынай анын мактаганына бир чети уялып, кызарып да кетти.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА