"Агым", 02.05.08 - 12-бет: Сырмаек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сырмаек

Бул ирет джаз стилиндеги ырчы кыз Айжан ГАЗИЕВА менен сейилдедик. Чыгармачылыктан тышкары Айжан учурда улуттук теледе "Бардыгы джаз жөнүндө" деген аталыштагы берүүнү алпарууда.

Джаз. Тагдыр. Курак

- Телеге жаңы жетекчинин демилгеси менен ушул берүүнү ачып, алпарып калдым. Бул жагынан менин көптөн берки тилегим орундалгандай эле болду. Анткени, дал ушул менин багытымдагы музыканттар көздөн жаздым калып келет.
- А жеке жашооң тынчпы?
- Баары сонун. Жумушум бар, апам, балам бар.
- А эмнеге чыгармачылыкта бир топ убакыт тыным алдың? Көпчүлүк жеке турмушуңа байланыштырышат?
- Апам сыркоолоп калды. Ал көп жылдан бери Италияда турат. Кудайга шүгүр, азыр денсоолугу түзүк. Андан сырткары, үйбүлөмдө бир аз өзгөрүү болду. Баламды өзүм жалгыз тарбиялап атам. Эртеден кечке жумушта жүргөндүктөн, мага таекемдин кызы каралашат. Ал деле менин улуу кызымдай болуп калды. Үч жашар балам мен кайтканча уктап калат, анан таңкы 4-5терде ойгонуп, бөлмөмө келип: "Сен менен уктайынчы" деп суранып калат. Жакында балабакчага барабыз. Жеке турмуш өз нугуна салынып калды. Азыр эмне кааларымды, эмне кылышым керектигин так билем, анык бир стратегиямды түзүп алдым. Үйбүлө курганча апам, анан жолдошум, чыгармачылыкта продюсерим А.Молдокматовага таянып келсем, азыр баарына өзүм чуркоом зарыл.
- Үйбүлөлүк очоктун бузулушун апаң кандай кабылдады?
- Адегенде аябай жаман болду. Өзүм да ооруп калдым. Баарын олуттуу сүйлөшкөндөн кийин апам менин чечимимди туура көрдү. Бардык эле ата-эне баласы турмуштан ордун тапса, бактылуу болсо дейт эмеспи. Бирок, жашоодо баары биз ойлогондой болбойт экен. Азыр балам атасы менен көрүшүп турат. Тагдыр экен. Эми ал да өз бактысын табышын тилейм.
- Джаз багыты элге терең сиңген эмес, сага бул жагынан татаал эле болсо керек…
- Бирок, сүйөрмандар аз эмес. Интеллигенция арасынан көп күйөрман табам. Алар түшүнөт, колдошот, ырларымды сүйүп угушат. Бирок, жыл сайын джаз фестивалы өтүп атат. Менимче, бир чыйыр салып алсак, өзүбүз каалагандай ийгиликке жетебиз.
- Апаң Италияда турса, балким, анын жанына барып, кантсе да улуу өлкөдөн тажрыйба алып кайтарсың?
- Өткөн жайда өз багытымда Москвадагы атайын окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, балам менен мага кыйын болуп калмак. Апам деле чакырып жүрдү, бирок, барсам, конокко эле барам. Анткени, тамырыңды өз тууган жериңде жайылткан жакшы. Мен тобокелчиликтен алысмын. Баарын ойлонуп, таразалап, анан кадам таштайм. Анүстүнө, бөтөн жерде бир ай араң чыдарымды билем. Ушул маселеде апам экөөбүздүн көзкарашыбыз төп келбейт. Эгер бир көйгөйдү чечкиң келсе, аны ошол жеринде чечиш керек. Андан качып болбойт. Кандай талант болсоң да, адегенде өз элиңдин батасын алган жакшы. Университетте окуп жүргөндө бир мугалим айтар эле: "Кыргызстан мындай-тигиндей, бул жок, тигил жок дейсиңер, а силер Кыргызстан үчүн эмне кылдыңар". Чындыгында эле биз эмне кыла алабыз? Арбирибиз өз ишибизди сапаттуу аткара берсек, жыйынтыксыз калбайбыз да.
- Ой-жүгүртүүң, көзкараштарың өз жашыңдагылардан улуу адамдардыкындай.
- Вокалдан кичинемден тарта 10 жыл Рафаэль Сарлыковдон сабак алгам. Ал вокалдан сырткары, мага китептерди тандап келип, окутар эле. Анан өзүнчө бир дептер ачтырып, ага мисалы, интеллигент деген ким, элита деген эмне деген өңдүү сөздөрдү мааниси менен кошо жаздырчу. Мен аларды жаттап келип, маанилерин айтып берчүмүн. Анан ал сөздөрдү турмушта колдонууну үйрөттү. Өз курагымдагылар менен тил табышышым кыйын. Анткени, алардай тамашалаша албайм. Өңүмдү көрбөй, үнүмдү уккандар 30 жаштагы айым болсо керек дешет экен.
- Эмнеге элден аябай өзгөчөлөнүп кийинесиң?
- Бир таанышым: "Айжан, сен өз заманыңдан адашып төрөлгөнсүң" дейт. Балким, ошондойдур. Жообуна жылмайып гана койдум. Мага башынан эле 40-50-жылдардагы стиль жакчу. Адам жандүйнөсүнө жакынды издеп, ошол нерсеге ээлик кылгысы келет эмеспи.




  Эсен болуп, эстей жүр!

Өзү бизден кайтпас сапарга узап кетсе да, тамашалары менен эстен чыкпаган Манас Бердибеков бул жылы 52ге чыкмак. Ал инсандын бизден узаганына быйыл жети жылдын жүзү болот. Ата жолун жолдоп, ал гана эмес, тамашалуу ырларды да созуп жүргөн куудулдун уулу Санжар менен маркум Манас аганы эскердик.

Санжар БЕРДИБЕКОВ:
"Атамдын "жалпак жөжөсүнө" азыр да боорум эзилет"

Ар жылы атамдын туулган күнүндө - 15-майда артисттер чогулуп айылга барып, аксакалдарды, тууган-урукту топтоп, куран окутчубуз. Быйыл атамдын достору, жакын көргөн күйөрмандары менен биргеликте ири деңгээлде эскерүү өткөрөлү деп чечтик. Уулу мен да 30га чыгып калыпмын.
***
Жашоомдо атамды 15 жолу, ашып кетсе 20 ирет гана көрдүм окшойт. Таене-таятамды ата-апа деп чоңойгом. Атам мага атадай эмес, куудул Манас Бердибековдой гана сезилчү. Концерттерде "Кандайсыз, Манас аке" деп учурашып калчумун. Бирок, баарыбир боор тартып турчу. Сүйлөсө эле күлө берет элем. Бара-бара ата-баладай көнүшүп кеттик...
***
Ата-энем мен үч айлык кезимде эки башка жол менен кетиптир. Өзүмдү 11 биртуугандын эң кенжесимин деп эсептечүмүн. Көрсө, мен ал үйгө жээн экенмин. Ата-апа деп чоңоюп, таята-таене десем таарынышат азыр. Алардын атам туурасында жаман айтканын укпадым, азыркыга дейре күйөөбалабыз деп турушат. 4-класска келип калган кезде телевизор көрүп олтурсак, үйгө кызымтал кайткан таекем аппак кийинген артистти: "Мына, Санжардын атасы" дей салды. Ошондо көзү тирүү чоң таятам таекемди таягы менен бир чапты. Түшүнбөй эле калдым. Кийинчерээк айыл ичинде да айтыла баштады, эжем деп калган апам: "балам" деп кайрылып калчу болду. Кийин эс тартканда апам (таенем) олтургузуп алып, түшүндүргөн.
***

Атам досторуна: "Санжар деген уулум бар. Кандай болуп чоңойду экен. Бирок, жакшы адамдардын колунда" деп калчу экен. 18 жашка чыгып калганда Жалалабатка келгенин угуп бардым. Көп куудулдар менен сүйлөшүп турган экен. Баары менен учураштым. Атам: "Санжар эмессиңби?" деп сурады. Анан кучактап, көзүнө жаш алды. "Кетесиңби, уулум мен менен" деди. "Кетем" дедим. Ошентип, ээрчишип Бишкекке келе бердик. Аны угуп, мени баккан чал-кемпир капа болду. Кийин көнүштү. Эми жаш кезимде эле атамдын колуна келе берсем болмок, балким көбүрөөк сабак алмакмын деп өкүнүп калам. Мени көргөндө: "Бирөөлөрдүн айнегин талкалап, оокатын уурда, кыздарды уруп, балдар менен мушташ, ошондо адам болосуң" деп тескери айтып кетип калат эле. Бирок, акыл үйрөтүп, катуу айтып көңүл ооруткан күнү болгон эмес.

***
Мен мисалы, бомж жаныма келсе, акча карматып же катуу айтып узатып салмакмын. Ал сөзсүз ошол адам менен сүйлөшмөк. Ал менен болгон маегинен да бир идея уурдамак. Оштун Карасуусунда көп жүргөн экен. Ошол жерде балабакчада иштеген эже гүл көтөрүп келип, айтып берип атпайбы. Атам ошол балабакчага бир ай каттап, балдардын ойногонун 2-3 саат карап олтурчу экен. Көрсө куудулдук чеберчиликти ошентип өстүрчү тура.
***

Күмөндөр, Жаныбек аяш аталарым гана жеткирип ойнобосо, атам ойногондой чеберчиликтеги тамашаларды мен азыр көрөлекмин. Куудул сөрөйлөр мурдагыларды гана туурабасак, өзүбүздө жаңы бир почерк жок. Атам каза болгондон кийин бары-жогу эле Манас Бердибеков болуп кетишти, ошондон уялып куудул болгум да келбей жүрдү.
***
Мага атамдын "Жалпак жөжө" деген тамашасы өзгөчө жагат. Ошол тамашаны алгач Жалалабатта ойноп чыкты. Тойбой калдым, Ошко ээрчип бардым ошол тамашаны көрүш үчүн. Эшикте турам, анан ошол тамаша аткарылар маалда эл арасына кошула, биринчи жолу көрүп аткандай эзиле күлөр элем. Азыр чоңата-чоңапамдыкына барып калсам, адегенде ыйлашат. Анан дасторкон үстүндө атамдын тамашаларын эстеп алып, үйдө күлкү тыйылбайт. Элеси, калтырган изи бизди азыр да күлкүгө бөлөп турат.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы