"Агым", 29.04.08 - 6-бет: Эў биринчи...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эң биринчи...

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Бизди чоң кыйынчылыктар күтүп турат"
Маектешим кыргыз саясатчыларынын ичинен алгачкылардан болуп Американын Башкаруучуларды даярдоочу абройлуу окуу жайларынын бири - Массачусетс технологиялык институтунда билимин жогорулатып аткан чагы. Убагында бийликтин бийик тепкичтеринде иштеди. Андыктан, анын ишмердиги жөнүндө коомчулукта түрдүү кептер арбын. Окуянын чын-бышыгын билүү максатында интернет аркылуу баарлаштык.

- Учурда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси кызуу талкууну жаратып атат. Алсак, бул тармакты менчиктештирүү укугу өкмөткө берилди. Бул маселе боюнча сиздин позицияңыз кандай? Дегеним, убагында бул тармакты жетектеп турдуңуз. Ошол кезде мындай маселелер кантип чечилчү эле?
- Мен 2001-жылдын 7-декабрынан 2004-жылдын 29-декабрына чейин Мамлекеттик мүлк комитетин жетектедим. Бул аралык мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү жана кыйын, ошону менен эле бирге кызыктуу дагы жылдардан болду. Себеби, кызматка турган алгачкы күндөн тартып кызматтан кеткенге чейин Жогорку Кеңештен чыкпай, депутаттар менен тыгыз иштешүүгө туура келди. Алар менен иштешүү өтө кыйын. Анткени, алардын арасында маселени түшүнгөнү, түшүнбөгөнү дагы бар. Мамлекет, эл деп коюп, өз маселелерин чечкендери дагы жетиштүү. Ошол убактагы оппозициянын күчү менен биз, өкмөт көп маселелерге парламенттен уруксат алалбай калганбыз. Өзгөчө, "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком" компанияларын менчиктештирүүдө. Жогорку Кеңеш бул эки маселеге уруксат бербегенден кийин, өкмөт мүчөлөрү менчиктештирүүнү токтоттук.
Ал эми азыр менчиктештирүү маселелери өкмөттүн гана кароосуна берилиши, менин оюмча туура. Себеби, биринчиден, Жогорку Кеңеш, өзгөчө азыркы депутаттар бул маселелерди жыргатып деле түшүнбөйт. Экинчиден, калп эле бул маселени караган менен баары бир эл өкүлдөрү эчнерсе чече албайт. Анткени, алар президенттин чөнтөк депутаттары. Үчүнчүдөн, мыйзам боюнча да, факт боюнча да бүгүнкү күнү бардык маселелер президенттин колунда. Мурда президент өкмөттү гана бекитсе, азыр ал парламентти дагы өзү бекитип калды. Ошондуктан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселесин парламенттин карабаганында логика бар. Президент "Ак жол" партиясынын лидери катарында бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Эгерде президент дагы бир кадам таштап, өкмөттүн дагы реалдуу башчылыгын официалдуу өзүнө алса, анда абдан туура болот эле. Себеби, биздин мамлекетте президент бардык маселени чечет, бирок ал эчнерсеге жооп бербейт…
- Акаев заманында мамлекеттик мүлктүн таланып-тонолушуна сиздин салымыңыз зор дешет. Мындай кептин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Окуянын чоо-жайын ачык айтып бераласызбы?
- Албетте, мамлекеттик мүлктү 4 жыл жетектеген адамга карата аркандай сын-пикирлер айтылат. Объективдүү дагы, субъективдүү дагы. Менин үстүмдөн бирнерсе таап, саясаттан жок кылалы дегендер биртоп эле болду. Бирок, бирөөсү дагы колго илинерлик эчнерсе таба алышкан жок.
Биринчиси, Д.Үсөнов башында турган мамлекеттик комиссия Акаев баштаган биртоп адамдарды текшеришти. Анын ичинде мени дагы. Мени башында 5 фирмасы бар экен деп жарыя кылышкан. Бирок, кийинчерек эчнерсе таппай, эмнегедир өздөрү уялып калыштыбы, унчукпай тим болушту. Экинчиси, Эсеп палатасы дагы менин убагымдагы фактыларды текшерип, эчкандай маанилүү мыйзам бузууларды таба алган жок. Үчүнчүсү, биздин жаңы бийлик официалдуу түрдө менчиктештирүүнүн жыйынтыгын тааныган. Бирок, ошого карабастан башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан менчиктештирүүнүн жыйынтыгы үч жолу жашыруун түрдө каралып чыкты. Бул арбир менчиктештирилген объект төрт жылдын ичинде арбири кеминде үч жолудан текшерүүдөн өттү дегенге жатат. Жыйынтыгында "Кайыңды-кант", "Кант цемент комбинаты" же болбосо башка бир ири ишкана мамлекетке кайтарылдыбы? Жок. Эмне үчүн? Аны окурман журтчулугу өзүңөр баамдап аларсыңар. Төртүнчү, таланып-тонолгон деген бардык ишканаларды бийлик колунан келишинче чукуп аткан чагы. Массалык маалымат каражаттарында кимдин тиешеси бар экенин документтерге таянып чыгарып атышат. Кандай ойлойсуңар, ошонун бирөөсүнө менин тиешем бар болсо, бийлик карап турат беле? Андыктан, бир дагы мыйзамсыз ишке аралашкан эмесмин жана аралашпайм дагы.
Бешинчиден, акыркы бир жыл Америкада жашап атам. Ошондуктан, мага жетиш кыйын дейли. Бирок, революциядан кийин 2 жыл бош жүрдүм. Бир жыл элчи болдум, депутаттык иммунитет деле болгон жок. Бирнерсе болсо, ошол убакта баса калышат эле го. Бирок, өткөн жылкы апрель митингдеринен аябай аракеттенишип, акыры эки нерсени ойлоп табышты. Финансы полициясы мага карата бир кылмыш ишин, башкы прокуратура карап турбайлы деп алар дагы бирди ачып коюшту. Бул эки иш тең абадан, эптеп мени коркутуу үчүн жасалган амал. Кыргызстанга кайтып келип сурак бергенден кийин, керек болсо ММК аркылуу калың элге далилдеп берем, актыгымды. Мени эки кылмыш ишин ачып, дүйнөсүн тартып алсак эле оозу жабылат деген ойдо болушса керек.
- Энергосектордун жеке менчикке берилүүсүнө кандай карайсыз?
- Кечээ эле өкмөттүн бул маселе боюнча өкүлү болуп жүрүп, ал эми бүгүн К.Бакиевдин оппоненти эмне дээр экен деген оюңузду билип турам. Макулмун же болбосо каршымын дээрден мурда, башка нерсени айтайын. Эгерде мен президенттин ордунда болсом, энергетика тармагын менчиктештирүүгө шашылбас элем. Өзүм оңдогонго аракет жасап жана оңдойт болчумун. Анткени, мамлекеттин ликвиддүү, энергетикага окшогон активдеринин болгону - бул президенттин күчү. Мурда ушул тармакка тиешеси бар министр катарында жоопкерчиликтүү айта алам, энергетика тармагын бир-эки жылдын ичинде оңдоп койсо болот.
Ал жерде, менчиктештирүүгө бербей туруп, президенттин жеке өзүнүн күчү, бекем саясый эрки менен чече турган биртоп маселелер бар. Алар - электр тармагынын тегерегиндеги коррупцияны жок кылуу, күчтүү менеджментти алып келүү жана жаңы келген менеджерлерге ылайыктуу шарт түзүп берүү. Айткылачы, кантип эле ушул маселелерди чечкенге президенттин күчү жетпесин? А мүмкүн, анда бул маселелерди чечүү ниети жоктур?
Дагы бир кызык маалымат. 2001-жылы энергетика тармагынын азыркыдай бүт баарын эмес, "Түндүкэлектро" компаниясын гана менчиктештирүүгө беребиз деп өкмөт маселе койгондо А.Масалиев башында турган он чакты депутат тике каршы болушту эле. Ошолордун бирөөсү К.Бакиев болчу.
Ал эми менин жеке көзкарашым, эгерде өзүбүз башкара албайбыз деп президент мойнуна алса, анда менчиктештирүүгө беришибиз керек. Антпесе, таланып-тонолуп жок болору турган иш. Бирок, энергетиканы башкара албаган президент мамлекетти башкара алабы деген суроо сөзсүз туулат.
- Былтыркы жылга салыштырмалуу оппозициянын үнү өчүп калды. Мындай шартта Кыргызстанда оппозициянын жок болуп кетүү коркунучу жаралбайбы?
- Кыргызстан - эрежеси жок мамлекет, кыргыздар - системаланбаган улут. Оппозиция жок болуп баратат же алсырады деп айталбайм. Себеби, алар өтөле көп. Оппозиция, бул ачык айтып куугунтук жеп аткандар эмес. Алар мончодо, кухняда, базарда, көчөдө жүргөндөр. Бардыгы чечүүчү гана учурду күтүп атышат. Булар - коркунучтуу оппозиция.
Бийликтин эң күчтүү жана эң коркунучтуу оппозициясы - бийликтин өзү. Бийлик чечпеген маселелер: саясат, экономика, социалдык тармак. Менимче, 2008-2009-жылдар биздин мамлекетибиз, элибиз жана бийлик үчүн оор жылдардан болот. Эгерде, бийликтин элди бакканга, башкарууга акылы, тажрыйбасы жана билими жетпесе, анда анын күнү бүтөт. Бул жерде оппозициянын кереги деле жок.
- Өзүңүз билим алып аткан окуу жай боюнча да чакан маалымат бере кетсеңиз?
- Окуу аябай кызык, себеби дүйнөдөгү эң чоң компаниялардын жана мамлекеттердин президенттери келип лекция окушат. Биз бул жылы Б.Клинтон, Х.Клинтон, ал эми бизнестен Генерал Электриктин, Моторолланын, Нью-Йорк фондулук биржасынын президенттерине окшогон жүздөгөн лидерлер менен жолуктук. Окууну бүткөндөн кийин Америкада калып иштегенге уруксат берилет.
- Июнь айында окууңузду аяктасаңыз, Кыргызстанга кайтып келесизби? Не дегенде, мекениңизге келсеңиз камалып калат деген кептер жок эмес…
- Мен кыргызмын. Алдыда мени кандай гана кыйынчылык күтүп турбасын мекенимди, өз үйүмдү эчнерсеге алмаштыра албайм. Бир жылдан бери мени тарбиялап өстүргөн чоң апам менен чоң атама куран окутуп, алардын мүрзөлөрүндө болгон жокмун. Алардын парзынан кутулуп, ыраазы кылышым керек. Өскөн айылымды, тууган уругумду, жолдошторумду сагындым. Алар менен отуруп, бир пияла чай ичип, чер жазыша сүйлөшүшүм керек. Америка - жашоого, билим алуу жана өнүгүп-өсүү үчүн дүйнөдөгү эң жакшы мамлекет. Бирок, мен үчүн ал Кыргызстанга жетпейт.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ