"Агым", 29.04.08 - 5-бет: "Свет єчтї" оюну...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Свет өчтү" оюну

Өчүргүлө! Арийне акыл-эсти эмес
Маал-маалы менен жарыкты өчүрүү калк үчүн бир топ эле ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул өнөкөт сууну үнөмдөөгө пайдалуу болгону менен элдин тартып жаткан зыяны да арбын.

"Кыргызлифттин" маалыматына караганда, электрдин өчүп калуусунан улам күн сайын лифтте жүздөгөн адамдар камалып, аларды чыгаруу үчүн лифт кызматкерлери түн жарымына чейин убара болушат. Ал эми лифттин ичинде 3-4 саат камалып туруу да оңой эмес. Жарыкты өчүрүү айрыкча түн ичинде жүргүзүлгөндүктөн, айыл жеринде электр зымдарын кесип кетүү, мал уурулугу күч алды. Бирок ИИМ басмасөз кызматы муну жарыктын өчүп калуусу менен байланыштырбайт. Боло келген кылмыш, мунсуз да боло берет дешет. Кыргызстандын башка аймагы мындай турсун, Чүй облусунун райондорунда эле жарык 8-10 саат өчүрүлүп, дүкөндөрдө балмуздактар эрип, азык-түлүктүн бузулган учурлары күн сайын кездешүүдө.
Башында ооруканалар өчүрүл-бөйт дешкен. Бирок өчүрүлүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык бир гана шашылыш операция жасоо борборлору өчпөйт. Ал турсун жакында эле психикалык оорукана да өчкөн.
Мындан тышкары элде жакшылык, жамандык иштер болот, ар бир үйдө кары-картаң бар. Айрыкча баш кошкон жаштар кенен-кесири тойлобой нааразы болушса, сөөк чыгарган үйлөр жарыктын жоктугунан колдоруна шам кармап аза кайгысы аз келгенсип, кошумча түйшүк тартышууда.
Жарыкты өчүрүү бардык жерде бирдей эмес. Мисалы, Бишкекте түнкү саат он экиден таңкы саат алтыга чейин өчсө, Сокулукта кечки тогуз жарымдан таңкы алтыга чейин өчөт. Түн ичинде машинасына май куялбай же курсагын тойгуза албай карайлап жолдо калган жолоочуларды айтпай эле коелу.
Бир сөз менен айтканда, өкмөт жарыкты өчүрүүнүн графигин бекем көзөмөлгө алып, мындан калк жабыркабай турган деңгээлде жүргүзгөнү абзел.
Илгери жаштардын той-топурда "свет өчтү" деген оюну болор эле. Жай музыка коюлуп, кыздарды колдон тартканда эле шок балдардын бири жарыкты өчүрүп койчу. Эми ошол оюнду бүгүн каалаганда өчүрүп өкмөт кайталап жаткансыйт.
Келдибек НАЗИРОВ




 ...ашасын кыргыз өкмөтү!

Кыргызстанды Бирштейн карааны аралай баштадыбы?
Ошентип өткөн жумада "Ак жолдун" амири менен энергосектордун негизги бөлүгү болгон бөлүштүрүүчү тармакты менчикке берүүгө жол ачылды. Өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков жанүрөбөсө деле бийлик мүдөөсүнө жетмек. Граждандык сектор атынан Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова баш болгон биртопторун чакырып алышып, бирок аларга атайылап сөз бербей, кылтыңдатып, мындан да өттү дедиртишти. Сапарбек Балкыбековдун, "акжолчу" депутат Зайнидин Курмановдун бул тармакты менчиктештирүүгө берүүнүн башкы аргументи - "эгерде азыр менчикке бербесек, анда бул тармактан биротоло кол жууп калабыз" дегени болду. Эң эле кирешелүү эсептелген тармакты биротоло кол жууй турган абалга алып келген жетекчилерден мурда-кийин кимдир бирөө жазаландыбы? Дегеле бул тармакка мамлекет жетекчилери тыкыр көзөмөл жасап, коммерциялык жоготуулар не себептен 50 пайызга жетип атканын, ондогон жылдар бою бул жакка бөлүнүп келген 300 млн. доллардан ашык чет элдик грант, кредиттердин каякка, кандай жумшалганын билиштиби? Президент да, премьер-министр да акыркы кезде "мамлекет деген эң начар кожоюн" дегендин аркасы менен башкаралбай тургандыктарын моюнга алышып, менчиктештирүүдөн өткөн мыкты жол жок экенин баса айтып келишет. Менчиктештирүүдөн башка жол жок болсо, он жылдан ашык убакыт ичинде менчикке өтүп, ийгиликтүү иштеп келаткан бир ишкана барбы? Жок.
Инвестиция болбосо иш жүрүшпөйт деген куру шылтоо экени белгилүү. Кыргызстанга инвестициянын келбей жатканы пикет-митингден эмес, бизнестин колу-бутун тушаган салыктардан жана алкымы ажыдаардай чоң чиновниктердин айынан болуп жүрбөсүн? Жакында эле алтын кенин иштетебиз деп келген инвестордон айтканы эки болбогон бир чиновник 2 млн. доллар "шапке" доолаган экен, тиги ачкан оозу жабылбаган бойдон Кыргызстандан чыгып кетти дешет. Инвестиция деген согуш болуп өткөн Ооганстанга, биз сыяктуу төңкөрүштү баштан кечирген Украина, Грузияга мурда болуп көрбөгөндөй агып кирүүдө. Украина менен Грузияда саясаты тынч болбогону менен экономикасы өр алып баратканын башка өлкөлөр моюнга алууда.
Кыргызстанда инвестиция боюнча чет элдиктердин көзкарашы боюнча бир гана долбоор - Кумтөр ийгиликтүү иштеп жатат. Инвестор үчүн ийгиликтүү болгон Кумтөрдүн пайдасы бизге кандай тийип жатканын көрүп атабыз.
"Улуттук электрстанциялары" АК жетекчиси Бакирдин Сартказиев "мындан ары электр энергиясын толук өлчөмдө бай адамдар гана пайдалана аларын" башкалар билсин таризинде айтканы - анын болгон деңгээлин көрсөтүп турат. Энергияны толугу менен импорттогон өлкөлөрдө да аны пайдаланууда бай-кедей деп бөлбөйт. Биздин чиновниктер өздөрүнүн иштей албастыгын, ар кандай шылтоолор менен жаап, эми Кудай Кыргызстанга бекер эле берген сууну да жөндөп пайдаланалбай жатабыз.
Серепчилердин айтымында, бул тармакка келе турган инвестиция болжол менен 2 млрд. доллар тегерегинде. Инвестор анысын узак мөөнөткө салбайт. 3-4 жыл тегерегинде анысын үстөгү менен сиз менен биздин эсептен эки эсе өндүрүп алып жолго түшөт. Ошондо орто эсеп менен ар бир кыргызстандык электр энергиясы үчүн эле жылына 2 миң доллар тегерегинде каражат которот.
Кыязы, миллиардер Александр Машкевичке бул тармак качан, кандай шартта берилери небак эле чечилип калган окшойт. Болбосо, белгисиз инвестор үчүн жолду мынча тазалашпас эле. Игорь Чудиновдун өкмөтү ушуну менен өз миссиясын аткарып бүттү окшойт.

Аскер САКЫБАЕВА




  Кыянат пайданын азабы

Кадырбеков камалды
Буга чейин жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктердин жок дегенде бирөө жарымы коррупция менен айыпталып камакка алындыбы деп издеп келсек, курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун күтүүсүз камалышы карапайым элди эмес, так ошол мамлекеттик чиновниктерди бир кыйла чочутуп алды. Көрсө, коррупция менен күрөшүүнүн жолу бар экен. Ал үчүн саясый эрк болуп, министрлик, агенттиктерди, анын алдындагы башкармалык, бөлүмдөрдү кылдат текшерсе эле, коррупционерлер иргелип чыга келет. Анан Кадырбеков сыяктуу камакка алынса, коррупциянын азайып эмес, биротоло жоголуп кетүү "коркунучу" бар.

Ишенбай Кадырбеков камакка алынардан бир күн мурда өзүнө тагылган айыпты саясый куугунтук деп билдирүү жасаган. Себеби, ал кызматтан кеткен соң, үч айдан кийин оппозиция уюштурган Элдик курултайга катышып, аны колдоп жибериптир. Ишенбай мырза Горькийдин эстелигине келгени ырас, бирок спорт сарайынан анын карааны көрүнгөн эмес. Эгер И.Кадырбековдун өткөндөгүсүнө көз жүгүртсөк, бийлик алмашкан март окуясынан кийин өзүнө өтө жогорку кызматтарды сураганы маалым.
Туракжай баасы асмандап турганда курулуш жана архитектура агенттигинин директорлук орду да оңой кызмат эмес эле. Азырынча белгилүү болгону, Кочкор, Тоң, Лейлек райондорунда өтө тездик менен бүткөрүлгөн жети мектептин абалы өтө кейиштүү экени көптөн бери айтылып келет. Алардын ар бирине 50 миллиондон ашуун акча сарпталган. Эми ошол мектептер сапатсыз курулуштун кесепетинен урап калуу коркунучу бар экендигин жергиликтүү тургундар, билим берүү министрлиги ырастоодо. Адистердин айтуусунда, 50 млн. сом каражат менен көп жылга кызмат кыла турган чыдамдуу эле мектеп бүткөрсө болот. Ал эми И.Кадырбеков курган мектеп сейсмологиялык эрежелер эмес, жөнөкөй эле коопсуздук талаптарга да жооп бербейт. Ушунун өзү эле Ишенбай мырза акчаны максаттуу пайдаланбай, каалашынча сугунуп алгандыгынан кабар берет. Анткени мектеп пайдубалы түптөлгөндө эле цементтин жарымы жең ичинен сатылып кеткени ошол мезгилде эле айтылган.
И.Кадырбековдун жеп-ичкени мектептер менен эле чектелбейт, туракжай курулушуна уруксат берүүдө, агенттиктеги финансылык мыйзам бузуулар жана көзбоемочулук иштерин азыр Эсеп палатасы, финансы полициясы, ИИМ текшерип жатат. Эсеп палатасынын алдынала берген маалыматына ылайык, И.Кадырбеков курулуш агенттигинде 7 млн. сомдон ашуун финансылык тартип бузууларга жол берген. И.Кадырбековдун камалышын коомчулук ар түрдүү кабыл алды. Турмушка сергек карагандар "ырас болду, өлкөдө ушундай тартип болуш керек" деп кубаттаса, ар дайым бийликти коррупция менен айыптап келген коммунисттер жана СДПК фракциясынын депутаттары Р.Отунбаева, И.Өмүркулов, И.Масалиев, Б.Акунов, Н.Байло, А.Сейтказиев, Г.Султаналиева, Р.Шаботоев, А.Жээнбеков жана Б.Мамасейитовалар "урматтуу И.Кадырбековго кандай айып тагылса деле белгилүү саясатчынын камалып жатканы жакшы эмес, эркиндикке чыгарып жибергиле" маанисинде Ленин райондук сотуна өтүнүч катын жолдошкон. Анткени, И.Кадырбеков министр, вице-премьер-министр кызматтарында иштеп, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Ал эми "24 KG" маалымат агенттиги өз учурунда премьер-министр Н.Танаев да камалганын, ошондо да бир канча депутаттар өтүнүч катын жолдошконун, бирок Н.Танаев СИЗОдон чыккандан кийин дайнын таптырбай кеткенин эскертет.
Бирок финансы полициясынын өтүнүч каты менен Ленин райондук соту И.Кадырбековду камоого санкция берди. Финансы полициясынын билдирүүсүнө караганда, эми И.Кадырбеков тергөө бүткөнчө ?1 СИЗОдо кармалмакчы. Курулуш агенттигинин экс-жетекчисине Кылмыш кодексинин төрт статьясы боюнча кылмыш иши козголду. Оролу келгенде айта кетчү сөз - Кыргызстанда жалгыз эле Кадырбеков эмес. Текшерүү талаптагыдай жүргүзүлсө, Кадыр-бековдун клондору жаандан кийинки козукарындай жайнап чыгат.
Келдибек НАЗИРОВ









??.??