"Агым", 29.04.08 - 14-бет: Кєшєгє...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент - 08. Жашы - 30, бою - 165, жерлиги - Ош, билими - жогорку, мүнөзү - оор басырыктуу, сабырдуу. Турмуш абалы - иштейт, бир баланын энеси, өз жашоосуна тың. Кандай мырза менен таанышат - жумушу бар, үйбүлөнү багып кете алган, адамкерчиликтүү, ыймындуу, ичпеген, 35-45 жаштардагы жигит менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 09. Жашы - 40, бою -170, билими - жогорку, жерлиги - Ош, мүнөзү - ачык-айрым, интеллигенттүү. Турмуштук абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - интеллектуалдык деңгээли жогору, жогорку билимдүү, туруктуу, камкор, келишимдүү, 40-50 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 10. Жашы - 33, бою - 169, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - шайыр. Турмуш абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - туруктуу көзкараштагы, үйбүлөнү барктап түшүнө билген. Кайраттуу, иштерман, ак көңүл, иштеген иши бар, 40 жашка чейинки мырза менен турмуш куру максатында таанышат.
Абонент - 11. Жашы - 63, бою - 175, жерлиги - Нарын, мүнөзү - ачык. Турмуштук абалы - жашоо-шарты жакшы, намас окуйт, материалдык жактан камсыз. Уул-кыздары турмуш куруп кетишкен. Кандай айым менен таанышат - өз ордун таба албай кыйналган, материалдык жактан колдоого муктаж болгон айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат. Бир баласы болсо мейли.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгө-нүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнө-түңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт.
Биздин дарек:
Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Көшөгө".