"Агым", 29.04.08 - 13-бет: Кудай сакта!...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кудай сакта!

Кутурма оорусу жайылып кетти
2007-жыл ичинде республикабыз боюнча кутурма оорусунан 124 мал ооруп кырылган. Анын 60ы өз учурунда эмес, кийин катталган. Бул оору бүт региондордо, асыресе эң көбү Түштүк облустарында тараган. Кырдаал жырткычтардын жана ээси жок ит менен мышыктардын саны өсүп жаткандыгы менен байланыштуу курчууда. Айталы, карышкырлар кишилерге кол салган учурлар болуп жатат. Андай окуя Нарында болду, жакында эле Баткен облусундагы Кадамжай районунда карышкырдан 5 киши жабыркады. Алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушат.

Жадагалса борборубуз Бишкекте жакында бир кутурган ит катталды. Бул иттен жабыркагандар азыркы кезде дарыланып жатышат. Ошол эле учурда жабыркаган адамдар көп кайрылууда. Бир жылдын эле ичинде 16 миң киши медицина жардамына кайрылды, ошолордун ичинен 664ү кутурган жаныбарлардан жабыркаган. Баары медицина жардамына өз убагында кайрылган үчүн аман калды.
Дагы бир жаман көрүнүш, акыркы жылдары келемиштен жабыркагандар көп болуп жатат. 2007-жылдын эле ичинде 1150 киши келемиштен жабыркады. Себеби акыр-чикирлер өз убагында чыгарылбай, келемиштердин көбөйүшүнө шарт түзүлүп жатат. Мындай кырдаал тынчсыздандырбай койбойт, себеби лаборатория изилдөөсү 4 учурда кутурма оорусу келемиштен жукканын аныктады. Окурмандарга эскерте кетерибиз, андан жабырланган адамга вакцина бекер жасалат.
- Кутурма оорусу кандай жолдор менен жугат?
- Ал адамдарга да, айбандарга да бирдей жугуштуу. Кутурманын жаратылыштагы негизги булагы - бул карышкыр. Карышкырда кутурма дартынын вирусу арбын. Адамдарга кутурма оору көпчүлүк учурда иттер аркылуу жугат.
- Кутурма оорусу кишиде кандайча байкалат?
- Денеге кутурманын вирусу киргени жана биринчи белгилери 10 күндөн 90 күн ичинде байкалат. Чанда бир же андан ашык жылга созулуп кетиши ыктымал. Ал адамдын жаракат алган жеринен, жашы канчада, жаракаттын оордугу кандай, ошондой факторлорго жараша болот.
Кутурманын клиникасы 3 маалга бөлүнөт: башталыш маалы; ээликмей, оорунун күчөгөн маалы; паралич маалы.
Башталыш маалында жаракат алган жер ачышып кызарат жана шишип кетет.
Ошону менен бирге ички дүйнөсүндө өзгөрүүлөр боло баштайт, коркуу сезими пайда болот, бекинип алат, айланасындагыларды, көп кишини жактырбай, өзүнчө жалгыз болгусу келет, уйкусу бузулат жана коркунучтуу түштөрдү көрө баштайт. Башы ооруйт. Алсырап өзүн жаман сезет, тамакка көөнү тартпайт, оозунун ичи кургайт жана тамагы ооруп атканын байкайт. Температурасы 37,5 градуска чейин көтөрүлөт. Бул көрүнүш 1-3 күндөй созулат. Андан кийин ооруган адам ээлиге баштайт.
Ээликмей маалында адам суудан, электр жана күндүн жарыгынан корко баштайт. Суунун шаркыраган үнүн мындай кой, атургай жөнеле суу деген сөздү угуп калса, пристубу кармайт. Ошонүчүн анын оорусун жеңилдетиш үчүн караңгы үйгө жаткызыш керек, эшикти жел өтпөгүдөй кылып ачып-жаап туруш керек. Суу түтүкчөсүн жаап салган оң. Ушул мезгилде ооруган адамдын дем алуусу оорлойт, үнү бүтөт, шилекейи ага баштайт, тер басат, температурасы 40-41 градуска чейин көтөрүлөт. Ушундай абалда жулунуп, катуу кыйкырып, үйдөгү эмеректерди талкалай баштайт, кийимдерин айрып салат, ооруган адам өзү эмне болуп атканын билбей калат.
Паралич маалында ооруган адам тынчтанат. Коркунуч сезими жоголот. Тамак иче баштайт, сууну коркпой ичип калат. Мунун баары убактылуу. Ооруган адам өзүн айыгып баратам деп ойлойт. Бирок бул алданыч сезим. Ошону менен бирге буту баспай калат. Денеси 42 градуска чейин ысыйт. Жүрөгү ылдам согуп, дем алалбай калат. Бул симптом ооруган адамды өлүмгө алып келиши ыктымал.
Жабырланган адам эмне кылыш керек:
биринчиден, өздөрүнө кам көрүү зарыл;
эртерек алган жаракатты самын суу менен жууп, анан 5% йод же болбосо 70 градустагы спирт менен сүртүү керек. Тез арада врачка кайрылып, алар чектеген процедураларды алуу абзел.
Алдынала кандай иш-чараларды көрүү керек:
үйдөгү итти өз убагында эмдетип, эчкачан бош койбош керек;
ар кандай жаныбарлардан жапа чексеңиздер тез доктурга кайрылуу зарыл;
эгерде малдын, дегеле жаныбарлардын арасынан кутурма оорусу чыкса, сөзсүз түрдө эмдетүү зарыл.
Эсиңиздерде болсун! Ооруну айыктырганга караганда алдын алуу оңойго турат.
Кутурма тийсе, ал 100% өлүмгө алып келиши ыктымалдыгын унутпаңыз!
Жалалидин ГАЙБУЛИН, республикалык карантин жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун директору




  Соопарк

Гүлнара НОГОЙБАЕВА, деффектолог-логопед:
"Укпаган, туңгуюктан чыга албагандар канча…"

"Баласынын тили жок, дудук экенин билген ар бир ата-эне депрессияга түшүп, аны кандай жол менен болсо да сүйлөтүүгө аракет жасайт. Бирок, тилекке каршы, бизде кулагы укпагандан кийин аны сүйлөтүүгө мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанып калган. Кулагы укпаган, дудук баланы кол менен жаңсап эмес, үн чыгарып сүйлөтүүгө болот" дейт маектешим.


- Сизге кандай көйгөйдөгү балдар келишет?
- 1989-жылдан бери сүйлөбөгөн, тили тантык, кекечтенген, кулагы укпаган дудук балдар менен иштеп келатам. Бизге келген баланын адегенде жашына, мүмкүнчүлүгүнө карайбыз. Эгерде бала кичинекей болсо, окууну жарым сааттан баштайбыз. Бул жакка шал, акыл-эси кемиректери да келишет. Ушул сыяктуу балдарга ылайыкташылган мектептер, бала-бакчалар деле бар. Бирок, ал жакта үстүртөн сабак өтүп тим болот. А бизде ар бир балага өзүнчө көңүл бөлөбүз. Адегенде балдарды кол өнөрчүлүктү үйрөтүүдөн баштайбыз. Кайчы кармаганды, өз алдынча ойлонгонду үйрөтүп, фантазиясын өстүрөбүз.
- Эң жаш окуучу канча жашта?
- Кыздарды эки жарым жаштан, балдарды үч жаштан алабыз. Бизге кыштын суугуна, жайдын ысыгына карабастан Беловодскиден, Токмоктон, Сокулуктан жана башка жерлерден келгендер бар. Балдарды окутуп эле тим болбостон, аларды жылына жок дегенде эки жолу медициналык кароодон өткөрүп турабыз. Укпаган балдар атайын массаж алып, адистердин айтуусу менен дарыланып турушу керек. Жыл сайын Казакстандан ушундай балдар атайы 2-3 айлап жүрүп окуп кетишет. Укпаган, туңгуюктан чыгалбай, ыйлап үмүтүн үзүп, кимге барып, эмне кылаарын билбей жүргөндөр канча.
- Кечигип келген балдарга жардам бере аласыздарбы?
- Албетте, жакшы сурдологго барып, кулагына салчу ылайыктуу аппарат алса сөзсүз жардамы тийет. Таптакыр укпаган дудук балдар, анан чала уккандар болуп бөлүнүшөт. Негизи 1-2-баскычтагы оорулуу балдар чала угушат, кадимки денисак балдар окуган жөнөкөй мектептерде окуганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, бир жаман жери алар кичине эле суукка урунса угуусу төмөндөп кетет. Ошондуктан жылына эки жолу дарыланып турушу зарыл. Эгерде жакшылап дарыланбаса, көзүнүн көрүүсү начарлап, ага терс таасирин тийгизет.Азыр кулакты угузуучу эң мыкты аппараттар бар. Ал эми оорунун баскычы 3-4-болсо, сөзсүз аппарат кийүүгө туура келет. Таптакыр укпаган балдарды операция жолу менен уктурса болот. Бирок, операция абдан кымбатка турат. Мындай операция Алматыда, Россияда гана жасалат. Россияда бир жылда жүз балага бекер операция жасашат. Бул операциянын эң эле арзаны 36 миң доллардан жогору. Ал эми казактар эки жылдан бери жылына 20 балага бекер операция жасап калышты. А бизде мындай операцияны биринчи жолу белгилүү бир чиновниктин баласын эч кимге айтпай, жашыруун түрдө Германияга барып жасатып келишкен. Он жашынан кулагы укпай калып, 11 жашында Санкт-Петербургдан, кийинчерээк Австрияга барып операция жасаткан кызыбыз бар. Азыр ал бойго жетип, АУКта 3-курста окуйт. Анын таптакыр укпаганын жанында жүргөн курбулары, достору билишпейт. Анткени дайыма кулагына аппарат салынып жүрөт. Бизде таңдайы жок балдар да бар. Ал балдардын таңдайы жок болгону менен сүйлөшөт да. Бул жердеги сүйлөбөгөн балдар аларды көрүшүп сүйлөөгө аракет кылышат. Дудук баласын алып келген эне-аталар сүйлөгөн жакшынакай балдарын да кошуп атышат. Себеби, дайыма сүйлөгөн балдарды көрүп, аларды туурап, аракет кылып, өсүшөт. Бирок, соо баласын оорулуу, сүйлөбөгөн балдарга эч ким кошкулары келбейт. Ага психикалык даярдык керек.
- Балдардын сүйлөбөй, кулагы укпай калышына эмне себеп?
- Укпай калган балдардын 30%ы тубаса болот. Ал эми калган 70% ы оорунун негизинен. Энеси кандай шартта баланы боюна көтөрүп жүргөн, ошол маалда эмне менен ооруган, биз жөнөкөй деген сасыктумоо менен ооруса да терс зыянын тийгизет. Балага өтө күчтүү дарыларды колдонгондо, менингит менен ооруганда кулагы укпай калат. Ар бир ата-эне башына келмейинче, мындай оору бизге жолобостур деп ойлойт. Кийин баласынын укпай калганын билгенден кийин эне экинчи баласын төрөгөндөн чочулап, төрөгүсү да келбей калат. Мага келген энелер "мен баламдын дудук экенин билгенде балкондон учуп өлөйүн дегем", "ичип кетким келген" дешип, депрессияга түшүп, стресс болушканын, арманын айтышат. Баласынын дудук экенин билгенде, аялын таштап кеткен эркектер да болот. Айтарым, кайгырып, капа болбой, турмушка токтоо болушубуз керек. Дегеним, бүгүн мындай ооруларды айыктырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА