"Агым", 25.04.08 - 7-бет: Алмакїчїков "ар-р" деп беттен алды, Жээнбеков жїйєгє келди • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Алмакүчүков "ар-р" деп беттен алды, Жээнбеков жүйөгө келди

"Агымдын" өткөн санында казактарга кеткен Каркыра, төрт пансионат боюнча макала жарыяланган. Анда 2001-2003-жылдары келишимге кол койгон өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси берилген. Экинчи жактын да оюн чагылдыруу максатын көздөп, ошол кездеги ТИМ башчысы Муратбек Иманалиевге эки күн катары менен телефон чалдык. Жардамчысынын айтымында, ал кишинин колу бошобой атыптыр. Анүстүнө макала боюнча комментарий берүү ниети жок экен. Унчукпаганы макул болгону го деп ичибизден тынып калдык. Ал эми, Өкмөтбек Алмакүчүковдун жөнү башка. Бизге катуу таарынганбы, айтор, узаткан соболдорубузга кайра бизди беттен алуу менен жооп берди.
Өкмөтбек АЛМАКҮЧҮКОВ, "Акыл ордо" кеңешинин жетекчиси:
- Ушул суроо менен силердин журналистке кайрылат элем. Макаланы жарыкка чыгарарда жакшылап текшерип, далилдүү фактылар менен жазса болмок. Ошонүчүн бул маселе боюнча "Агымга" комментарий бербейм. Өкмөт мүчөсү болуп турганымда, андан кийин деле мен жөнүндө кандай маалымат тарабасын, жарыш сөзгө чыккан эмесмин.
- Биздин гезитке чыккан маалыматты төгүндөйт турбайсызбы?
- Ар бир адам өз абийирине жараша кызмат кылышы керек. Жетекчиси буйрук берсе дагы, макаланы жазарда ойлонсо болмок. Бардыгын ошол журналисттин абийирине койдум.
- Демек, Каркыра, пансионаттар маселесине келгенде сиздин абийириңиз таза экен да?
- Мен сизге айтпадымбы, комментарий бербейм деп. Калганын силердин кабарчыңар изилдей берсин.
P.S. Өкмөтбек мырза 23-апрелде "АКИpress" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрдү. Анда да журналисттер ушул маселе боюнча суроолорду бергенде оңгулуктуу жооп бере алган жок, ар кайсынын башын чаргытып. Сөз арасында Көл элинин көпчүлүгү Каркырадагы жердин жана пансионаттардын Казакстанга берилишине каршы экенин айтты. "Ыйык Атажуртту коргоо" комитети уюштуруп жаткан жөө жүрүштө эки тарапты карама-каршылыкка барбоого чакырып, ортомчулук милдетти аткарарын да билдирди. Качантан бери ортомчу болуп калганы түшүнүксүз. Ушунчалык эле казактарга белекке кеткен байлыктарыбызга ичи ачышып атса, неге келишимге кол койду, неге убагында кыйкырып чыкканга жарабады? Же ушунун аркасы менен бийликтен кресло үмтөтүп турабы?

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы жер маселелери боюнча мен так маалымат бералбайм. Себеби, Мамлекеттик мүлк комитетине тиешеси жок. Ал эми пансионаттар боюнча жооп бералам. Мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганымда, бул пансионаттарды Кыргызстандын менчиги деген позицияда турганбыз жана азыр дагы ошондой көзкараштамын. Бул боюнча документалдуу фактыларды "Алиби" гезити коомчулукка жарыялады. Ал эми жалпы өкмөт кандай чечим кабыл алат - ал башка маселе. Себеби өкмөт - коллегиалдуу орган. Министрликтин позициясы эске алынышы дагы, алынбашы дагы мүмкүн.




Марат КАЙЫПОВ, Адилет министри:
"Оппозициянын дооматы суу кечпейт"
- Оппозиция өкүлдөрү "Адилет министри Марат Кайыповдун Коомдук парламентти мыйзамсыз дегени туура эмес, бул Конституцияга каршы келет. Ал эми М.Кайыпов мыйзамды бийлик каалаган тарапка бурмалай берет" деп айтканына эмне дейсиз?
- Биринчиден, Коомдук парламенттин курамын түзгөн жарандар партиясы толугу менен шайлоодон жеңилип калган. Аларга эл ишеним көрсөткөн эмес. Коомдук парламент жөнүндө Башпрокурор да эскертүү берди. Бул боюнча көптөгөн талкуулар болду. Мен Коомдук парламентке "каттоодон өтүп, өз уюмуңарды мыйзамдаштыргыла" деп жатам. Алардын мага койгон дооматы суу кечпейт. Парламент мүчөлөрүн эл шайлагандан кийин гана Жогорку Кеңешке келишет. Ал эми Коомдук парламенттин мүчөлөрүн эчким шайлаган эмес. Алар бул уюмду түзүп, ЖК карай турган маселелерди талкуулап жатышы - мыйзамга туура келбейт. Мен башынан эле ушуну айтып келатам.

Замир ЭРАЛИЕВ, "Кыргызкино" улуттук концерн төрагасы:
"Эсеп палатасынын жыйынтыгы чыкмайынча эчнерсе дей албайм"
- Сизди бир катар кино ишмерлери "Замир Эралиев кино тармагын аксатып, финансылык тартип бузууларга барууда" деп айыпташты. Ошону менен бирге "мени бул кызматка К.Бакиев койгон, менин тагдырымды бир гана ошол чечет" депсиз?
- Биринчиден, менин жеп-ичкендигим боюнча бир да факт жок, анткени Эсеп палатасынын жыйынтыгы чыгалек. Биз алардын текшерүүсүнө каршы өзүбүздүн маалыматтарды бергенбиз. Эсеп палатасынын жыйынтыгы чыккандан кийин гана бул жөнүндө бир нерсе айтса болот. Ал эми К.Бакиев жөнүндө эчкимге андай деген эмесмин, бул жөн гана жалаа.
Даярдагандар Келдибек НАЗИРОВ, Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Актануу эмес, такталуу

"Туурачыл бийде тууган жок"
"Агым" гезитине жарыяланган "Ташиев ташбараңга алууда" деген катка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматынын расмий билдирүүсү

"Агым" коомдук-саясый гезитинин 2008-жылдын 22-апрелинде "Ташиев ташбараңга алууда" деген катта министр Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин дарегине негизсиз сын дооматтар айтылган.
Коррупция менен күрөшүү - министрликтеги эң башкы милдеттердин бири. Макалада "Айталы, биз 2001-жылы 2016-жылга чейин ишкердик жүргүзүүгө (соода кылып, тамак-аш жайларын ачууга) территория арендага алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкармасы менен келишим түзгөнбүз" деп жазылат. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 83-статьясына ылайык талашка түшкөн ?2 аскер бөлүмүнүн жери корголуу жер катары эсептелинет. Ушул эле кодекстин 23-статьясына ылайык "Мамлекеттик жерди пайдалануучу белгиленген тартипте өзүнө таандык имаратты жана курулуш жайды ижарага берген учурда, участогуна болгон укук аны менен кошо берилет". Андыктан, 2001-жылдары Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгы менен ишкер адамдардын ортосундагы ?2 аскер бөлүмүндөгү жерди арендага алуу боюнча келишимдери Кыргыз Республикасындагы иштеп жаткан мыйзамдарды одоно түрдө бузулуу менен жүзөгө ашырылган.
Ишкер адамдар өзүмбилемдикке таянып, ?2 аскер бөлүмүнүн аймагында чалды-куйду салып алган курулуш обьектилери "Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу боюнча" мыйзамынын 37-статьясынын талаптарын да бузушкан. Ошого байланыштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгынын дарегине Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинен курулган объектилерин бузуп көчүрүү боюнча "предписаниелер" келип түшкөн. Айта кетсек, мыйзамсыз салынган курулуш объектилери өрт өчүрүүчү унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, ишке кедерги тийгизип жатат.
Макалада "Ошондой эле өз демилгебиз менен 6 миң долларга ?2 аскер бөлүмүнүн чатырын жаап бердик" деп жазылат. Чатыр Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгынын жана "Югай" аттуу жеке ишкананын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жабылган (керектүү документтер бар).
Кат ээлерин министрдин орунбасары М.Касымалиев жана Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгынын начальниги, полковник Ж.Иманов кабыл алышып, бул маселени мыйзам чегинде чечүү керек экендигин айтып, кеңеш беришкен.
"К.Ташиев мырза ... коркутуп-үркүткөнүн улантып атат" - бул эч кандай негизи жок жалаа.
Азыркы учурда Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкы башкармалыгы тарабынан ишкер адамдар менен ?2 аскер бөлүмдүн аймагын арендага берүү боюнча келишимди туура эмес түзгөн мурдагы тиешелүү жетекчилерге аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ушуга жол берген Мамлекеттик өрткө каршы башкы башкармалыгынын тиешелүү жетекчилери министрдин буйругу менен кызмат ордунан четтетилген.
? 2 аскер бөлүмүнүн тегерегинде болуп жаткан жагдайды жана мыйзамсыз келишимдердин түзүлгөнүн иликтөө максатында министрдин буйругу менен атайын комиссия түзүлүп иштөөдө.
Арыз жазгандардын бири эже болсо, бири карындаш. Ырас, биз да алардын тынчсыздануусун туура түшүнөбүз. Бирок, мыйзам баарынан улук экендигин баары билет. Министр К.Ташиевдин "күнөөсү" өзүнүн абийиринин алдында таза болуп, пара албай, мыйзамды сыйлаганы болуп жатат. Эгерде бул үчүн жазалана турган болсо, андан деле баш тартпайт.
Чындыкты туура көрсөтүү үчүн "Агым" гезити эки тараптын ой-пикирин угуп, гезит бетине жарыялоосу зарыл болчу.
А.АБДРАЕВ
Министрликтин басмасөз кызматы