"Агым", 25.04.08 - 5-бет: Парламент зеригип, шоу самап… • Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 

Парламент зеригип, шоу самап…
Жогорку Кеңештин кечээги отуруму А.Сабировдун жана анын комитеттеги орунбасары Д.Молдошеванын катар келген туулган күндөрүн куттуктоо менен тынч гана башталып, Улуттук энергетикалык программаны кароо маалында фракциялар арасында нааразылык
жарала түштү.


Депутаттар алдына 2010-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программа жана 2025-жылга чейинки отун-энергетика комплексин өнүктүрүү стратегиясы менен Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкибеков келди. Кебин айтып бүткөн соң, депутаттардын ар кыл суроолоруна кабылды. Атургай, коммунист депутат А.Сеитказиев эгер ушул программа максатына жетпей калса, министр кызматынан баш тартууга эрки жетер-жетпесине да кызыгуу артты. Аталган программа алкагында суроо-жоопту токтотуп, добуш берүүнү сунуштай калам деп, Айнур Кенжебаева чырга "чырпык" таштагандай болду. Нааразылык алгач И.Өмүркулов тарабынан жаралып, ага Ж.Жээнбеков кошулду. Жусуп мырзага жооп кайтарам деп А.Мадумаров "Бул жерде кожоюндук кылбаңыз" деген сөз укту да, анын микрофонун өчүртүп кутулду. "Шоу кылгыңар келеби? Тынчтыктан зеригип атасыңарбы? Жасай бергиле. Сүйлөй турган болсоңор, парламенттик угууда кайда жүрдүңөр? Данилов балабакчадагыдай чогултуп жүрөт го" деп бөтөн фракциядагы кесиптештерине бир тийди. Коммунист Г.Султаналиева: "Парламенттик угуу деле уятсыз болгон. Жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырып алып, кайра кубалап чыктык. Баарыбызга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергиле" дегенине кол шилтегендей "ээ!" деп алган спикерден соцдемократтар депутат айымдан кечирим суроону да өтүнүштү. "Ушул залга биз араң кирип-чыгып атабыз" деген соцдемократтар программанын кабылданышына каршылыгын билдирип, жыйын залынан чыга беришти. Андан бир күн мурун эле соцдемократтар өлкө парламенттеги картинадан толук маалымат алышы үчүн жок дегенде азчылык аталган эки фракция чындыкты сүйлөп турушу керектигин, ошол себептен, мандаттарын тапшырып кетүүгө шашылбагандыктарын түшүндүрүшкөн. Энергетика маселесинде соцдемократтар менен позициялаш коммунист Анаш Сеитказиев биздин энергосекторду 2007-жылы эле акчасын төлөп койгон коңшу өлкөнүн бизнесмени Александр Машкевич сатып аларын, өкмөт аны менен эсептешүүгө аргасыз экенин маалымдап фракциялаштарын ээрчитип чыгып кетти. Жападан жалгыз, бирок, басымдуулук кылган "Акжол" фракциясы бул программаны толугу менен колдоорун Э.Ибраимова билдирди. "Акжолчулар" биз да эл үчүн иштейли деген ниет менен келгенбиз дешти. "Кошуна" фракциялардын кылыгын саясый жоопкерчиликсиз деп баалаган спикер: "Кимгедир улуу кагылыш зарылдыр, бизге Улуу Кыргызстан керек! Мен эртеңки муун алдында толук жооп беремин" деп, фракциясын да жоопкерчиликти алууга үндөдү. "Ач кыйкырыкка жол берген" өкмөт бул маселеде өтө пассивдүү экенин белгиледи. Кандай талаш-тартыш, нааразылык жаратпасын, баарыбир Энергетика боюнча улуттук программа жалаң "акжолчулардын" 64 добушу менен кабыл алынды. Баса, А.Мамасалиевдин сунушу менен 2-майга чейин парламентте менчиктештирүүдөн түшкөн каражат үчүн энергетикалык фонд түзүү программасы да иштелип чыкмакчы.
2025-жылдан тарта аскердик кызмат өтөө толугу менен контракттык негизде жүргүзүлөт. Андан сырткары, куралдуу күчтөр жаратылыш кырсыктарын жоюу жана терроризмге каршы күрөштө пайдаланылат. Буга И.Исаков демилгелеп жана ЖК тарабынан колдоо тапкан мыйзам жол берет. С.Балкибеков коргоп келген мыйзамдар арасында "Токтогул ГЭСтериндеги" жабдууларды сатууга уруксат берчү, депутаттар демилгеси менен телерадиоберүүлөр мамлекеттик жана расмий тилде гана алпарылып, эфирдин 60 пайызын өздүк продукция ээлешин талап кылчу мыйзамдолбоорлору да жактырылды. Айтмакчы, электрондук ММКларга тийиштүү ушул эле мыйзамдолбоорунда улуттук телеканалдын башкы директорун өлкө президенти гана дайындай ала тургандыгы боюнча да бөлүмчө бар. Жыйын соңунда 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө боюнча Россия ТИМинин реакциясына карата ЖК россиялык кесиптештерине кайрылуу жолдоду.

Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Кач жолдон, мамлекет артка кетти

Cаясатчылар садагасына чабылган жаштар
Туура бир жыл мурун, апрель окуясынан соң "массалык башаламандык жасаган" деген айып менен студент Адилет АЙТИКЕЕВ камакка алынган. Бир жыл сүйрөлүп жүрүп, жакында шарттуу түрдө бир жылга кесилди деген соттун тыянагын алды. Жоон топ саясатчылар уюштуруп, тилеги ишке ашпай калган акциянын курмандыгы - Адилет менен сүйлөштүк, кебин тыңдадык, мындан кийинки кадамдарынан кабар алдык.
- Соттун чечимине не дейт элең?
- Албетте, акыйкатсыз чечим. Бир жагынан, жыл айлана илең-салаң келаткан ишке чечим коюлганына өзүм жеңилдей, ыйы тыйылбай жүргөн апамдын да көңүлү тынчый түштү. Бирок, ыңгайсыз абалда калдык.
- Кайрадан даттанасыңбы же сот чечимине баш ийип кала бересиңби?
- Ушул күндө кандайдыр бир акыйкат чечим чыгара салышат дебейм. Бирок, мен жөн олтуруп калбайм. Мыйзам чегинде акырына чейин күрөшүп, өз актыгымды далилдейм.
- "Бийлик жаштардын канатын кайрый албайт" дедиң эле бир маегиңде.
- Адамда бир гана Кудайдан коркуу сезими болушу керек. Апрель окуясында бизге белгилүү да, белгисиз да жагдайлар бар. Азыр саясый оюндардын, саясый элитанын, андагы карама-каршылыктар деңгээли төмөн. Мындай учурда өз принциптериңди сактап, кандайдыр бир убакытка байкоочулук позицияда турууга мажбур болосуң.
- Кумир туткан саясатчы-лардан да көңүлүң сууй түшкөн турбайбы?
- Миңдеген адамдар, мен-мен деген саясатчылар, ошол кездеги парламенттин 20дан ашуун депутаты катышкан иш-чаранын жыйынтыгында жалгыз Айтикеев күнөөлүү, ал жалгыз массалык башаламандык жасаган экен. Бул логикага да сыйбайт. Силерден да калыстык, адамгерчилик чегинде пикир күтөт элем. Айрым митинг лидерлери толук акталып, атургай кай бирөөсү мамлекеттик кызматка көтөрүлдү. Өмүрбек Субаналиев албетте, жеке укугун колдонуп, кызматка макулдугун берди, бирок, моралдык укугу өзүнчө кеп. Мен моралдык жактан аларды таптакыр түшүналбайм. Келечекте бул иш такталып, сөзсүз юридикалык баасын алат.
- Бир жылдык сот азабынан өзүң кандай тыянакка келдиң?
- Миң сыйлап, кооз кептерине азгырылып турсаң да, саясатчыларды ээрчирдин алдында алар ким болгон, эртең жүзү кандай өзгөрөт, кандай адамдар, кандай былык-чылыктары бар, алардын түпкү максаты эмне экенин аңдап-анализдеп алган соң, кол сунуу керектигин түшүндүм. Моралдык жактан да, юридикалык жактан да колдогон адамдарга, баарынан да апама, сүйлөшкөн кызым Саяга, анын ата-энесине, адвокатым С.Жайчибековго, укук коргоочулар А.Абдырасулова, акыйкатчы Т.Акун, Т.Исмаилова, Т.Үмөталиевага терең ыраазымын. Айтпай кетсем, адамгерчиликке жатпай калар. Алар коомдук резонанс жаратпаганда, митингдин төрт катышуучусундай байкалбай, басындыда кала берет болчумун. Айрым бетинде кызылы бар саясатчыларга да ыракмат. Беш жылча коомдук иштерге, саясатка аралашууга өзүмө мораторий жарыялайын деп чечтим. 3-класстан бери апам иним экөбүздү жалгыз чоңойтуп келет, апамды келиндүү кылып сүйүнтөйүн. Толук билим алайын.
- Окууң кандай чечилип атат?
- Университеттен четтетилгем. Убагында чындап эле мага эскертилген. Саясый иш-чараларга катышууга тыюу салган атайын жобо бар эле. Бирок, ал өлкө башмыйзамына каршы келет деп катышууну уланта бергем. Соттун чечими боюнча иш акталууга жатпаган соң, университеттин чечими да күчүндө кала берет. Бирок, убакыт келгенде бул да жакшы жагына өзгөрөрүнөн шегим жок.
Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Үч кошкон собол

Жөө жүрүш, 16-жыл, Бишкек
1. 26-апрелде Ысыккөлдө казактарга Каркыра жайлоосун жана пансионаттардын берилишине каршылык билдирген жөө жүрүш башталат. Бул боюнча келишим ратификацияланып, эларалык уюмдардын каттоосунан өттү. Жөө жүрүш буга таасир бере алабы?
2. Россия тышкы иштер министрлиги "1916-жылы курман болгондорду эскерүү күнүн белгилөө - эки өлкөнүн мамилесине тескери таасирин тийгизет" деп билдирди. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?
3. Бишкек шаары жагабы?

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик:
1. Таасир этет. Анткени, бул келишимде көпчүлүктүн ою эске алынган жок. Болгону бир партия чечип койду. Бийлик ээси - эл. Бул маселе референдум аркылуу чечилсе, эл унчукмак эмес. Жер, суу деген түбөлүктүү маселелер, ошонүчүн келишим менен эле иш бүтпөйт. Биз үчүн түбөлүк так болуп калат.
2. Бул туура эмес. Мында РФ тышкы иштер министри Лавровдун деле күнөөсү жок. Биздин Россиядагы элчибиздин күнөөсү болушу мүмкүн. Үркүн тарыхый окуя, аны эскерүүнү эмне, бирөөдөн сурашыбыз керекпи? Тарыхты унутсак, эл болгонубуз кайсы? Орустар бизден озунуп кетти. Биздин ТИМ жыл башында россиялык скинхеддер ондон ашык мекендешибизди өлтүргөндө, аларга нота жибериши керек болчу. Өткөн тарыхты азыркы саясатка байлабаш керек.
3. Жакпайт. Мен студент кезде Фрунзенин эч бир шаарга окшобогон жагымдуулугу, тазалыгы бар эле. Ошонүчүн суктанышчу. Азыр илгерки көркү бузулган. Жок дегенде таза болсо болот эле.
Саткын АЙТУГАНОВ, экономика илим кандидаты:
1. Сөзсүз таасир берет. Антүүгө мыйзамдуу негиздер бар. Себеби, бул укумдан тукумга калчу нерсе да. Чегара жана менчик бийликти эле эмес, ар бир атуулду кызыктырат. Жөө жүрүштү кысымга алууга өкмөттүн укугу жок.
2. 16-жылдагы үркүн азыркы эки өлкөнүн мамилесине таасир тийгизбейт. Бул эми тарыхый факт. ЖК депутаттарынын бул демилгесин колдойм. Эгер үркүндү Россияга ызырынуу менен белгилесек, жөнү башка эле.
3. Азыр кайдан жаксын? Илгери борбордон шымың, батиңкең булганчу эмес. Ушунчалык таза, сүйкүмдүү шаар эле. Азыр эмнеге айланып калды?
Улан ОРОЗАЛИЕВ, "Демократиялык ордо союзу" кыймылынын штаб башчысы:
1. Таасир эталбайт. Казактар бул келишимди мурда эле ратификациялаган. Ратификациялык грамоталар алмашылгандан кийин иш бүттү да.
2. Муну саясатка айлантпаш керек. Мисалы, 1915-жылы түрктөр армяндарды кырган. Кийин армян эли геноцид болгон дегенди Россия баштап, жыйырмадан ашык өлкө тааныбадыбы. 16-жылдагы үркүндү Россия Федерациясы эмес, падышалык Россия жасаган да. Мен РФ - падышалык Россиянын мураскору деген документти көргөн эмесмин.
3. Жакпайт. Анткени, мен үчүнчү муундагы фрунзеликмин. Азыр шаар ыплас, кир. Илгери шаардын субмаданияты бар эле. Азыр кимиси шаардык, кимиси айылдык экени билинбей калды.
Аскер САКЫБАЕВА










??.??