"Агым", 25.04.08 - 21-бет: Ортоў толсун, окурман!..• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ортоң толсун, окурман!

Көрөңгө кур эмес
Китеп күнү, китеп майрамы десе, илгерки жоготкон нерсеңди тапкандай сүйүнөт экенсиң. 23-апрелди дүйнө жүзү китеп жана автордук укук күнү катары белгилеп келе жатат. Ушу күнү Бишкектин тарых музейинде улуттук китеп палатасы уюштурган китеп салтанаты өттү. Биртоп жылдан бери өткөрүлүп келаткан иш-чаралардан айырмаланып, быйыл китептерди басып чыгарган басмаканалар үчүн конкурс өтүп, "Өнөр", "Жеткинчек", "Мурас", "Замандаш", "Ынтымак", "Илим", "Чеберчилик" деген аталыштардагы диплом жана акчалай сыйлыктарды "Учкун" АКсы, Т.Субанбердиев атындагы полиграфкомбинат, "Раритет" жана "Бийиктик" басмаканалары жеңип алды. "Алтын мукаба" башбайгеси да "Бийиктикке" ыйгарылды.
Белгилей кетчү нерсе, китепти жасалгалаган дизайн, формат боюнча бул тармакта өсүш бар экенин көргөзмө аралап жүрүп көрдүк. Китептердин мазмундук да, жасалга сапаттары да кайдыгер калтырбайт. Көркөм адабият, балдар чыгармаларынан башка коомдук-саясый, илимий, илимий-техникалык, экциклопедиялык маалымат, искусство жана сүрөт альбомдорунун чыгарыла башташы, көргөзмөгө жыйырмадан ашык басмаканалар продукцияларын койгондугу көз кубантат. Айтканда эмне, китепти окуу керек.
Аскер САКЫБАЕВА




 "Агымдагы" аскиянын сыры

Ичерман кантип иттен чыкты?
Бу обужок икаяны Шакеме (Дүйшеев) баягы жылдары айтып берген элем. Анан ал киши чеберчилигине салды да, "суу менен туздан" ойда-а кошуп, ошол кезде өзү иштебаткан "Агымга" бастырып жиберди. "Сийдик жарыш" деп. Бактылуу икая кийин да кайталанып жарыяланды. Эми Шакеме кеп жок, "мал тапкандыкы эмес, баккандыкы". Маселе анда эмес. Маселе азилкеч икаянын түпнускасында. Мага аны ошол окуянын баш каарманы - көзайнегин күнгө жаркылдаткан сары абышка айтып берген. Сары абышка Шакем экөөбүзгө окшогондордон аңгемесин кыска, так жана "боорду эзе" айткан ажайып адам эле, жарыктык. Мүмкүн ал киши кудай өмүр берсе дале бардыр...

- Муну эми гезитиңе жазбай эле кой, баатыр. Бу Соңкөлдө чарбанын уюн бакканыбызга далай жыл болду. Тээ белести көрдүңбү? Ошол чек. Ары жагы кочкорлуктарга карайт, - деп баштаган бул азил аңгемени а киши. - Былтыр ошол ченге жоон кара жигит жайлады. Бир короо ирик багып. Каапырдын түрү жаман. Ириктерин таңзаар биздин жайытка каптатып ийгени аз келгенсип, деле аласасы бардай күнүгө баса келип кымыз ичет. Кыргыз кымызын аячу беле. "Иче бер" дедик. Бирок ал итиң жөн жүрбөгөн неме экен. Кымызга кызып алып, кыз-келинге тийишет. "Күрөшөсүңбү?" деп көрүнгөндүн колу-бутун бурайт. Ага дегеле кишинин алы жете турган эмес, энеңди... Эми көптөсөк болор эле, бирок "бир баланы батыра албадыңарбы?" деп эртең кочкорлуктар айтса, кой эмес, кочкорго жыгылып жууй албайбыз да. Айла кетти. Ал да керелди кечке биздин айылдан чыкпай калды. "Күлтүк" атка конду. Бала-чака, кемпир-чал дебей ошентет.
Анан бир күнү кымызга тоюп алып, эмне дейт дебейсиңби? "Давай, мелдешип, сийдик жарыштырабыз" дейт, атаңдын оозунурайын. Тээ, чыткурсак кезде ошентчү элек. "Кой-ай" десек, огобетер күчөйт. "Давай мелдешебиз, байгеси - бир ирик, бир жашик арак" деп демитет. Бир чети намыс, бир чети күлкү, бир чети бул зөөкүрдөн кутулуштун амалы ушубу деп эле ойлонуп калдык. Буга эми ким даап чыгат? Күлтүк күн сайын демитип кетет. Ошентип жүрсөк, биздин кыйналып атканыбызды укканбы, айлыбыздагы Майраке деген саанчы келин: "Акелерим уруксат берсе, ал Күлтүктүн сазайын мен берет элем" деп айттырып ийиптир. Ой ата-а, Майраке күйөөсү бир жөлжүрөгөн жоош, өзү атты жайдак чапчу тарсылдаган кызыл келин. Кээде көзү жокто "Таанаке таркылдак" деп тамашалап калчубуз. Дегеле куп болду да. Утсак да, утулсак да Күлтүктү катын колдуу кылалы дедик. Эми муну адегенде айтпай туруп, мелдешти машташтык.
Күлтүгүң курусун, убадага бек неме экен. Эртеси эртелеп жанына бир жолдошун ээрчитип, иригин туйлата өңөрүп, арагын куржунга солоп жетип келди. Биз да байгени койдук. Кымыз ичибатабыз, ичибатабыз. Анан тээ түшкө жуук каражолго чыктык. Жаш балдарды алыс кубалап жиберип, мелдешти баштадык. Адегенде жолго туурасынан чийин чийдик. "Кана, сен башта" дедик эле, араң эле турган экен, Күлтүк камданып, чийинге бутун койду. Аның анык ит экен, итабар сийет экен. "Ал чачырандысы, мынабу өзү" деп атып сийдиги жеткен чекке казык урдук. Ошондоле "Майраке, кайдасың?" дедик. Четки чатырда кымызга тоюп, камдуу турган кайран келин жаркылдап чыга келди.
"Ой, энеңди... Мунуңар катын го!" деп Күлтүк адегенде чочуп кетти. "Мелдештин шартында аял-эркек деген жок болчу. Биздики ушул, давай!" деп биз жаалап ийдик. "Ой, энеңди... болуптурчу, катыныңар канчалык сийер экен" деп кудай жалгап тиги бат эле муюп берди.
Келин уялбасын деп сакалдуулар саал арткараак турдук эле, Майраке адатынча шартылдай барып, чийинге бутун жанаша койду. Түгөнгөн келин мурдатан машыкканбы, шар эле бир этегин белине кыстарды да, дамбалын кичине ылдый шыпырып жиберип, бир бутун колу менен итче көтөрдү. Чү дегенде жанагы айрыплан учуп аткандагыдай ызылдаган үн чыкты. Көрсө, "алигисин" чымчып туруп кое берген тура. Майракенин заарасы баягы казыкты жаба чаап, андан ары күнгө чагылышып, кара жолду чаңдатып кетти.
А-ал, атаңгөрү, жигиттер ураалап келинди көтөрүп кетишти. Күлтүктү бирге келген жолдошу жонго бир салды: "Энеңди, шерменде кылдың!".
...Алар тээ белести бет алып, сабыры суз кетип баратат. А биз бир жактан байгенин иригин союп, бир жактан аракка кирдик, бакылдап... Бир зөөкүрдү ошентип иттен чыгарганбыз, баатыр.

Дүйшөн КЕРИМОВ




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
- Эгерде тааныштарыңыз Замира эжени көргөнүн айтышса, алардыкы туура. Бирок, мен Замира эжени күнөөлөгөнгө акым жок. Эң негизгиси - бул жерден мени кетирбесеңиз эле болду. Багып аткан кичинекей баладан алыстагым келбейт… - деди улутуна. Алтынайдан уккан сөздөн кийин Алмаз Замиранын жашыруун көңүл ачып, соо жүрбөгөнүн билди. Каякка, качан кетээринен бери Алтынайдан такып сураган Алмаз андан өзү ойлогондой оңчулуктуу деле жооп ала албады. Замиранын көчөгө жөндөн-жөн чыгууга деле муктаждыгы жок болчу. Башкалардай кызматта иштеп, же көчөгө чыгып азык-түлүк албайт. Баардыгы даяр. Үйдө отуруп тажабасын деп анда-санда экөө ээрчишип театрга, киного, ресторанга, конокко барып турушчу. Бирок, минтип күндүз жашыруун башка жакка кетип жүргөнүн билчү эмес.
Баланы көтөрүп сыртка чыгып кеткен Алтынайды Алмаз терезеден бир топко чейин көзүн албай карап турду. Аялы Замиранын жүзүндө баланы багып аткан Алтынайдыкындай мээримдүүлүк жок. Мисирейе бой көтөрүп, акылдуусуна текебер сүйлөгөн аялынын ар бир кылык-жоруктарын эстеп отурду. Анын жаштыгына, сулуулугуна азгырылып, үйлөнүп алганына өкүндү. Азыр Замиранын калп айтканы аз келгенсип, тоготпой үйгө келбей атканына ого бетер кыжырданды. Ушинтип үйдө отура бербейинчи деген кыязда машинасын айдап жумушуна кетүүгө кам урду. Алмаздын кетип баратканын көргөн Алтынай анын жанына келип:
- Замира эже келип калса эмне дейин? - деп сурады.
- Мени келип кетти деп эле айт. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз тууралуу эч нерсе айтпа, - деди да Алтынайдын саамайынан сылап, көтөрүп турган баланын чекесинен сүйүп, машинасын айдап кетип калды. Эмнегедир Алтынайдын жүрөгү азыр бир башкача согуп алды. Мени карамак беле деген адамдан өзгөчө жылуу мамилени көрүп, сүйүп калдымбы деп ойлоп, ал оюн бирөө билип койгонсуп коркуп кетти.
Арадан анча-мынча убакыт өткөндө эч нерсе болбогондой Замира келип калды. Ал Алмаздын келип кеткенин Алтынайдан сурап билди. Камаарабай, жайбаракат чечинип, креслого чалкалай отуруп, Рашид менен телефондон ээн-эркин сүйлөшүп кирди. Оозгу бөлмөдө жүргөн Алтынай Замиранын сүйлөшкөн сөзүн бүт укту. Мурдагыдай болуп жашырынбай, азыр эч кимди көзгө илбей, кимдир-бирөө менен сүйүү жөнүндө сүйлөшүп отурган Замиранын кылыгын Алтынай туура көргөн жок. Бүгүн Замиранын көңүлү демейдегиден көтөрүңкү эле. Телефон менен сүйлөшүп бүтүп, сыртка чыгып, Алтынайдын жанына келди да:
- Алтынай, мен сага бир сыр айтайынбы. Эми сен аялсың, мени туура түшүнөт болушуң керек деп ойлойм. Мен башка жаш жигит таап алдым. Ал күнүгө мага сүйүүсүн айтат. Эримен укпаган жакшы сөздөрдү, жакшы мамилени ошол жаш жигиттен көрүп атам. Алмаз экөөбүздүн мамилебизди көрүп-билип эле атасың. Андан тажадым. Күнүгө эле урушуп турат. Анүстүнө ортобузда балабыз болбогондуктан, экөөбүздү жакындата турган эч нерсе жок. А бул багып алган баланы чынын айтсам жакшы көрбөйм. Мен төрөбөгөн баланы таңуулап бак деп канча кыйнады. Дагы жакшы, сен келип калып, бала баккан азаптан арылдым. Бирөө менен сырдашпасам, баарын ичиме катып, буулугуп кеттим. Бул экөөбүздүн ортобуздагы сыр болсун. Эч кимге айтпа, ээ…- деди жылмая.