"Агым", 25.04.08 - 18-бет: Медил...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Медил

"Чыңгызхан" Түркияны "чапты"
Жакында Түркияда түрк тилдүү театрларынын эларалык фестивалы өттү. Ал фестивалга Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын "Чыңгызхандын ак булуту" спектакли чакырылган. Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына коюлган бул спектаклди түркмөн режиссеру Какажан Ашыров коюп, башкы ролду КР эл артисти Кыргызбай Осмонов ойногон. Спектакль фестивалда жогору бааланды. Фестиваль туурасында театрдын директору К.Осмоновго кайрылдык.

- Эки жылда бир өтүүчү дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү мамлекеттердин ичиндеги спектаклдердин фестивалына ар бир өлкө өзүнүн мыкты спектаклдерин тандап, фестиваль болордун алдында жөнөткөн. Биз ушул "Чыңгызхандын ак булуту" спектаклин кассетага жаздырып жиберген элек, - дейт К.Осмонов. - Спектаклибиз алардын купулуна толуп, атайы чакыруу келди. Фестиваль Коня шаарында өттү. Фестивалдын биринчи ачылышын Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" деген спектакли менен баштап, биздин аброюбузду көтөрүштү. Негизи, фестивалга катышкан спектаклдердин эң мыктысы ачылышына жана жабылышына коюлат. Фестивалга түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилери, Коня шаар мэри келди. КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжан, Башкырстан, анан Кыргызстан барды. Андан сырткары, Түркия, Кипр, Македония, Косово жана башка дагы биртоп мамлекеттер катышты. Бул жолку биздин сапарыбыз абдан ийгиликтүү болду. "Чыңгызхандын ак булуту" спектаклин эл абдан жакшы кабыл алды. Чынын айтканда, триумф болду. Бир саат сахнадан эл биз менен сүрөткө түшүп, көпкө кол чаап кое бербей жатышты. Ошол учурда Түркияда А.Бодровдун "Чыңгызхан" деген фильми жүрүп аткан экен, баары тең "Жеңгисхан" деп биздин спектакль менен салыштырышып, биздикин жактырышкандыгын айтышты. Элдин суроосу менен спектаклди эки жолу ойнодук. Фестиваль аяктап калганда диплом, кубок тапшырган Түрк мамлекеттик театрынын баш директору Анкара жана Стамбул шаарларында өтө турган эларалык фестивалдарга ушул спектаклибизди кайра чакырды. Андан сырткары, күзүндө Астанага да чакыруу алдык.
- Түркияга барып-келүү каражатын ким көтөрдү?
- Бул жердеги "Тико" деген Түрк фирмасынын директору Бекер Бей, андан тышкары "Диалог Азии" деген журналдын жетекчиси Мустафа Башкурт бизге жардамдашып, жолкиребизди таап беришти. Калган чыгымдарды чакырган тарап көтөрдү.
- Түркияга театрдын канчанчы жолу барышы?
- Бул фестивалга бешинчи жолу катышып атабыз. Мурда Түркиядагы Адана шаарына "Король Лир" спектакли менен катышып келгенбиз. 2003-жылы болгон фестивалда биздин "Барсбек" спектакли ачты эле, бул сапар "Чыңгызхандын ак булуту" менен ачтык.
- Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги, ал жакта окуган жердеш студенттерибиз келип көрүштүбү?
- Ошол жерде биздин 7-8 студентибиз бар экен, алар келишти. Анкарадан биздин элчиликтин өкүлдөрү келип, колдоп турушту. Анкарадан Коняга чейин төрт сааттык убакыт экен. Фестиваль бүткүчө барып-келип атышты. Бизге күйөрман болгон ал жердеги туугандарыбызга абдан ыраазы болдук.
- Ушул спектаклди башка улуттун өкүлү Какажан Ашыров режиссер болуп чыгарыптыр, биздин республикада андай деңгээлдеги режиссерлорубуз жокпу?
- Негизи, режиссерлордо чек жок. Биздин режиссерлор башка өлкөгө коюшса болот. Башкалар бизге келип коюшат. Жакшы режиссер менен жаңы спектакль койдурсак, жаңы кан алмашсак деген коллективдин мүдөөсү болгон. Көп жылдан бери Какажан Ашыровду чакырып жүрдүм эле. Былтыр ушул спектаклди коюп берди. Жыйынтыгы аябай жемиштүү болду. Какажан Ашыров КМШ өлкөлөрүндөгү кыйын режиссерлордун бири.
- Биздин мамлекетте ушул сыяктуу чоң фестивалды өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы?
- Албетте, бизде "Арт-Ордо" деген эларалык театралдык фестивалды Маданият министрлиги жылда Бишкек шаарында өткөрүп атат. Быйыл күздө да болот. "Арт-Ордо" фестивалын да биздин спектакль менен ачабыз деп турабыз. Бул фестивалга Кыргызстандан эки эле спектакль катышат. Калгандары четөлкөдөн келишет. Ал эми жанагы түрк тилдүү он мамлекетти катыштырган чоң фестивалды өткөрүүгө аракет кылсак болот. Бизде өткөн фестивалдардын жол-жоболору алардыкынан башкачарак. Европада 1-2-3-орун деген болбойт. Аларда эң негизгиси: сервис, тосуп алышы, жаткан жери, тамак-ашы, маданий оюн-зооктору абдан жакшы көзөмөлгө алынат.
- Четөлкөгө барып ийгилик алып келген спектаклдерди эмне үчүн Кыргызстанды кыдыртып койбойсуздар?
- 12-майдан баштап Ысыккөл облусун бир жума кыдырып келсекпи деп турабыз. Андан кийин 19-майдан баштап Нарын облусуна өтөбүз. Азыр театрыбызда оңдоп-түздөө иштери жүрүп атат, 38 жылдан бери бир да жолу оңдолбоптур.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Ачылалек сандыкта…

Сагын АКМАТБЕКОВА
Экөө
Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды:
- Эмне кылып олтурасың, адам?
- Эс алып олтурам, а өзүңчү?
- Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың?
- Көрүнгөн тоонун боорунан.
- Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен?
- Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей.
- Ошол элеби?
- Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак.
- Көрүнгөн тоо сага эмне берди?
- Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду.
- А сен эмне калтырдың?
- Артымда калган жолду.
- Жолдон эмнелерди көрдүң?
- Агын суу менен жайкалган эгинди.
- Дагы?
- Чыккан күн менен бадачыны.
- Жолдон эмнеңи жоготтуң?
- Жаш кезимди жана сүйүүнү.
- Жол сага эмне берди?
- Өкүнүч менен тажрыйбаны.
- Дагы?
- Ишеним менен үмүттү.
- Көрүнгөн тоонун башына чыгып көрдүң беле?
- Көргөм.
- Эмне бар экен?
- Арылдаган шамал жана аңгыраган асман.
- Тоонун башында туруп эмнени көрдүң?
- Ушул өрөөндү.
- Эми кайда баратасың?
- Ушул өрөөндүн этегине. Батып бараткан күнгө жана бадасын айдап келаткан бадачыга. А сенчи?
- Мен ийниме кирем.
- Ийниң караңгыдыр?
- Албетте, бирок караңгысы - түндөй эле.
- Түн таптакыр караңгы эмес. Жылдызы менен Айы бар.
- Мен да ошону айтып жатам. Ийнимдин оозунан аз да болсо шоола өтүп турат. Ошого каниет кылам. А сен бактылуусуңбу?
- Ушул учурда бактылуумун.
- Эмне үчүн?
- Анткени, жолдо баратам.
- Жүрөгүңдө эмне бар, жолоочу?
- Тазаруу жана күтүү.
- Кантип тазардың?
- Алдамчы кыял менен сатып кеткен досумду кечирип - тазардым.
- Эмнени күтөсүң?
- Жакшылыкты.
- Анда жакшы бар, адам. Жолуң шыдыр болсун. Күн жылымы азайды, мен да ийниме кирейин.
Жылан ташты айланып чөптүн арасына сойлоп кетти. Адам да ордунан турду.
1986-жыл