"Агым", 25.04.08 - 13-бет: АСЕМА:...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  АСЕМА:

Сейил маек
Көп кырдуу таланттар катарын толуктады. Алгач элге кино менен таанылса, учурда ырга ыктап, сахна астанасын аттап жүргөн маалы. "Бозсалкын" тасмасындагы башкы ролу менен актрисалык чеберчилигине өзүн да, башкаларды да ынандыра алган соң, балакезден берки кыялын ишке ашырууну чечкен. Бүгүн биздин "сейил паркта" - Асема.
"Апамдан башка курбум жок"
- Кино сага кандай дүйнөнү ачып берди?
- …Түшүнөм деп жүрсөм, кино дегенди терең түшүнчү эмес экенмин. Киночулардын табияты да бөтөнчө тура. Алар өздөрүнө бекем ишенип, көйгөй кысып турса да, бейкапар чечип алышкандарына таңдандым. Эгер мурда тарткан сүрөтүмдү же жараткан бий кыймылдарын тааныштарыма көрсөткөнүм менен, алардан бир татыктуу сын-пикир угалбайт элем. Ал эми кино тармагындагылардан мен көптү үйрөндүм, алар менен бат эле тил табышып кеттим.
- Терс каармандын ролун аткарууга макул болмок белең?
- Ооба. Бирок, башкы ролдогу терс каармандын. Экинчи-үчүнчү пландагы ролдорду ойногум келбейт. Балким, кынык алып алдым (күлүп). "Махабат жылдызы" мюзиклинде терс каарман Айдайдын ролун ойноп атам. Өзүмө жагып атат.
- Ырга да ык коюп турган чагың. Ыр сага эмне бериши ыктымал?
- Кинодо да, сахнада да образга кирип кетем. Ушул кезге чейин мен экөөнү бөлалбай, айырмалай албай койдум.
- Өзүңдү эки дүйнөнүн кайсынысында көбүрөөк көраласың?
- Сахнада го дейм. Анткени, кино узак убакытты талап кылат, эки-үч жылда бир тартылышы мүмкүн. Ал эми сахнага бат-бат чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң.
- Эргүү менен энергияны эмнеден аласың?
- Бийден. Кечинде үйгө кайтканда: "Тигини жасап койсоң боло, муну минтип койсоң боло" дешсе, чарчаганымды айтып жатып алам. Беш мүнөт өтүп-өтпөй туруп алып бий бийлейм десеңер. Жөн туралбайм. Күзгүнүн алдына келип, ар кайсы актрисаларды туурап ойнойм. Өзүнчө эле ролдорду жарата берем. Бийлеп атканда ар кандай обон келет оюма. Кыңылдап атып, ошол обон мээме сиңип калат. Түнкү үчтө башталат менде баары, бөлөмдү ойготуп, анын соткасына ырымды жаздырмайынча тынбайм. Кээде уктабай да калам. Жаздырууга шарт жок учурда муза көп келет. "Бозсалкынга" тартылып жүргөн маалда сонун обондор келген эле.
- Атак-даңкты кандай орунга коесуң?
- Мага үйбүлөдөгү бакыт башкы орунда. Түнөгүң, жандүйнөң жайында болсо, калганы өз нугу менен болот.
- Адам тагдырын мүнөзү курат дешет. Өз мүнөзүңдү кандай сүрөттөйт элең?
- Ачуум чукул адаммын. Кандай максат койсом да, ага жетем. Бул балакезден калыптанган мүнөз. Боорукермин, ишенчээкмин, анан өтө жоопкерчиликтүүмүн. Бирге өскөн, бирге жүргөн адамдардын байкоосунда, мен мурдумдан кан кетсе да айтканымды аткарып, адамга катуу тийсе да бетине айтып салат экенмин. Айрым кыздар ачыктыгымды туура эмес кабылдашат. Бирок, эч кимге жаман оюм жок. Конокко барганда ушундай учурлар болуп калса, апам акырын чымчып, тыйып калат. Аябай жаман касиет деп эсептебейм, адамдар жактырабы, жактырбайбы, жаратылышымды өзгөрталбайм да. Кичинемде менде эркелик, теңсинбегендик да бар болчу. Көп адамдарга сүйлөбөйт элем. Анткени, алар мага кичине кыз катары мамиле кылганын жактырчу эмесмин. Атургай апам чочулап мени доктурга да көргөзгөн.
- Өз бактыңдын рецебин кандай түзөт элең?
- Эң башкысы - эч кимге жамандык каалабас элем. Көралбастыкка тушуккандыктан, адамдардын табиятына таңгалып бүталбайм. "Сен бул ролду аткарсаң, бирди көрөсүң" дегендер болгон. Эгер "Бозсалкындагы" ролумду башка бирөө ойносо, мен сүйүнмөкмүн. Негедир, айрымдарга кинодогу, театрдагы роль жашоосунун маңызын түзөт экен. Бирок, бул бакыт эмес да! Адамдар түрдүү болот тура… Ошол күндөрдө буулугуп, апама айтып ыйлагам. Мен турмушта жакын курбу да күтпөйм. Бирөө гана болгон. Кыздарга ишенич арталбайм. Менимче, энеден өткөн сырдаш, ападан ашар курбу жок.
Маек курган
Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Чырпык сайсаң...

Жаз. Табият менен таттуу мамиле
Жаздын келиши менен Кыргызстан боюнча жашылдандыруу ишчаралары күч алды. Ысыккөл облусундагы Жетөгүз районунун Таарылга капчыгайында 1 га жер аянтында Тяньшан карагайынын көчөттөрү отургузула баштады. Экосистеманы жакшыртып, жаратылышка кам көрүүнү "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) толугу менен каржылады.

Алтын кен казуучу бул компаниянын өндүрүш иштери Барскоон капчыгайына туш келет. Жаратылышка иш процессинин тийгизген таасирин компенсациялоо максатында жылыга токой чарбасы менен биргелешип, аймактагы тоо кыркаларына карагай көчөттөрүн тигишет. Токой чарбасынын иликтөөлөрү боюнча Барскоон капчыгайындагы топурак катмары жука болгондуктан, көчөт отургузууга ылайыксыз. Ошондуктан жашылдандыруу иштери Таарылга капчыгайында жүргүзүлмөкчү.
Жетөгүз районунун Барскоон токой чарбасынын жетекчиси Марс Абдылдаевдин айтымында, карагай көчөттөрү атайын питомниктерде 15 жыл өстүрүлөт. Көрсө, карагай жылына 10 см ден гана өсөт экен. Жаңы жылда биздин үйлөргө шаң киргизген балатылардын жашы 15-20 жыл.
- Албетте, токойду сакташ керек. Биздин чарба жылына район боюнча 125 га жерге план түрүндө карагай, кайың ж.б. дарактарды тигет. Иштегендерге эмгек акы, чарбаны кармаганга каржы жетишпеген учурлар да болот. Бул маселе боюнча КОК көрсөткөн жардамы үчүн ыракмат айтышыбыз керек. Маселен, 1 га аянтка 660 көчөт отургузулат. Ар бир карагайдын баасы 622 сомдон айланат. Андан сырткары аларды сугарып багыш керек. Токойду суюлтуп, жашы жеткен, куурап калган дарактардан тазалап карайбыз.
"Кумтөр Оперейтинг Компани" менен жергиликтүү башкармалык ортосундагы достук белгиси катары КОК вице-президенти Андрей Сазанов, Ысыккөл облусунун губернаторунун орунбасары жана Жетөгүз районунун акими Замир Турдукеев биргелешип атайы өзүнчө карагай отургузушуп, Тяньшан карагайынын өмүрүндөй узак созулган достук жана ынтымакты тилешти.
Аталган аймактагы калктын жашоосун жакшыртуу боюнча башка программаларындай эле КОКтун тоолорго көчөт отургузуу программасы да 3 жылга созулат. Улуу Атамекендик согуш учурунда Таарылга капчыгайындагы токойдон чоң тилке аянттагы карагайлар кыйылып, ордуна көчөт отургузулбай калган экен. Ошол тилкенин ордун толуктап, токойдун баштагы көркүн кайтаруу да каралган. Кылымга тете жашаган Тяньшан карагайлары кыргыз тоолорунда көбөйүүдө.

Нуржан АЛЫМКАНОВА










??.??