"Агым", 22.04.08 - 13-бет: Майкечен маек...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Куудул, ырчы Борончу Кудайбергенов:
"Аял болсом, аркимдин көңүлүн кыялбай кыйналмак экем..."
- Акыркы убактарда сизди сахнадан көп көрбөй калдык…
- Себеби денсоолугума байланыштуу. Ашказаным ооруп, буга чейин аны менен ишим жок, каякта экенин да билчү эмес элем. Бир айдан ашып калды, дарыланып атам. Бирок, тынбай эле иштеп атабыз.
- "Кайдасың сен, табаламбы" деген ырыңыздагы клипти кытай кызы менен тарттыңыз эле. Акыркы убактарда башка улуттун кыздары менен ырдап жүрөсүз. Кыргыздын кыздарынан таппаган нерсени башка улуттун кыздарынан таптыңызбы же?..
- Чыгармачылыкта дайыма башкача жаңылык кылганга аракет кылабыз да. Өзгөчө болуп, башкалардан айырмаланып турсун деген эле максат. А кытай кызы тартылган клипти атайын деле издеген эмесмин. Капысынан базардан көрүп, анын мүнөзүнүн тез-тез өзгөрүп турганын байкап калдым. Клипке ушул кызды кытайча кийинтип өзгөчө тартайын деп сценарийин ойлонуп койгом. Тартыла турган учурда анын улуттук кытай кийимин кашайып унутуп коюптурмун. Кыргызчаны да такыр түшүнбөйт экен, күйөөсү тилмеч болуп берди. Ыйлаган жери бар го, аны ыйлаталбай убара болдук. Көптөн бери Кыргызстанда жүрүшүптүр, балдарыңды сагындыңбы десек ыйлап жиберди.
- Сизди беш маал намаз окуйт дешет…
- Негизи артисттерди мусулманчылыкта макирөө деп коет. Анткени, адамдар башка жерде жүргөндө дайыма Алла Тааланы эстешет, ал эми концерт учурунда көрүүчүлөрдүн көңүлү ырчыда болуп калат. Бирок, Кудай бизге ушундай ырыскыны бергенден кийин ошонун аркасы менен нан таап жеп атабыз да. Мисалы "Айыл өкмөтү" деген кинодо мен молдонун ролун ойногом. Бирок, мен молдонун кемчилигин көрсөтөйүн деген оюм жок болчу. Азыр ошол кинодо молдонун уктап калып келме келтиргениң жагат деп күлүп калышат. Алардын ушул ролду күлкү катары кабыл алышы мага, чынын айтсам, катуу тиет. Режиссердун ушул жерди киного кошуп салганы туура эместей болуп калган.
- Намаз окуп жүрүп, той-аштарда элди кантип ичимдик алдырасыз?
- Башында алгыла деп бир-эки жолу айтам. Анан тойдогулар эмнеге ал деп айтпайсың дегенде, эгерде силерди алгыла деп кыйнасам боюңар өспөй калат экен деп тамашалап коем. Аларды ал деп кыйнап өзүм күнөөгө батканым аз келгенсип, ичирип, мас кылып аларды да күнөөгө батырмак белем.
- Көчөдөн сизди тааныгандар кандай мамиле кылышат?
- Мени сахнадан дайыма көрүп жүргөндөр күлдүрөт деп куудул катары кабыл алышат. Күлдүрөт болуш керек деп күтүп калышат. Көчөдөн элди күлдүрөйүн деген деле оюм жок. Сахнада чыгармаларымды аткарып аткан учурда гана артист болушум мүмкүн, а чыныгы жашоодо артист болалбайм.
- Жубайыңыз сизге кандай мүнөздөмө берет?
- Ал менин түнттүгүмдү анча жактырбайт. Келинчегимдин иштеген жериндегилери ага: "Борончу үйдөн бооруң эзилгенче күлдүрүп, сен оозуң жыйылбай эле күлө берсең керек" деп айтышат экен.
- Аккөңүлсүзбү же көксүзбү?
- Аккөңүлмүн. Ушинтип аккөңүл эркек болуп калганым жакшы болуптур. Кыз болсом, аркимдин көңүлүн кыялбай кыйналмак экем. (Күлдү)
- Үйдө келинчегиңизге колкабыш кыласызбы?
- Үйбүлөдө бир эжекебиз, калгандары эркек болуп чоңойгондуктан, бала кезден тамак-ашты жакшы жасайм. Мектепте окуп жүргөндө камыр жууруп, көмөчказанга нан салчумун. Мектепте окуп жүргөндө жеңем мага сабак берчү. Бир жолу класска кирип келип, биз менен учурашпай эле мени карап: "Ай, Борончу, үйгө бара бер, камыр ачып калды, нан сал" деп атпайбы. Балдардын баары күлүп, шылдыңдашканы эсимде. Ага чейин эч кимге көрсөтпөй нан салып, кир жууп, апама жардам берчүмүн. Азыр деле келинчегиме жардам берем.
- Үйгө кеч келип калган учурда келинчегиңиз сизди кандай тосуп алат?
- Менин "каякта жүрдүң?" деген тамашам бар. Бул сөз аялзаты төрөлгөндө эле кошо төрөлөбү, же жаттап алабы, билбейм. Бирок, эркектерди суракка алып, контролдоп турбаса, алачакмактап, көөп, айнып кетмейибиз бар да.
- Түшкө ишенесизби?
- Түшүм дайыма туура чыгат. Аскар Акаевич качып кетелекте бир түш көргөм. Түшүмдө Манастын күмбөзүнө баратыптырмын, ал жерден Майрам Акаева кетип атыптыр. Ал менин жаныман сылтып, аксагансып басып кетти. Эртеси күнү келинчегиме: "Шефтин иши болбой калды окшойт, түшүмдө жеңебиз сылтып басып калыптыр, байкебиздин ишин аксатпаса болду" деп айткам.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Жаңырык

Талант күлазыгы - эмгек
А.Малды-баев атындагы опера-балет театрынын жана "Арашан" фольклордук ансамблинин солисткасы Бактыгүл Бокоева. Чыгармачылыкка жаңы гана аралаша баштады. Ошентсе да операларда башкаарманды ырдап, театр ага үмүт артып турат. Жаш таланттын өз пикирин уксак.

- Опера искусствосу кыргызга анчалык сиңбеген. А сиз операны кандайча тандап калдыңыз?
- Опера искусствосунун мекени - Италия. Кыргыз канына жакшы сиңбегендиги чын. Ал үчүн бирөөнү күнөөлөштүн кажети жок. Өзүм опера ырчысы болом деп ойлогон эмесмин. Музыкалык окуу жайга тапшырып өтпөй калганымда, опера-балет театрынын алдында уюшулган 2 жылдык студияга мени байкаган Жумабек Алиев агай алып келген. Кийин консерваторияны бүтүрдүм.
- Устатыңыз ким?
- Менин шык-жөндөмүмдүн ачылышына түрткү болгон эжей КР эл артисти Эсен Молдогулова. Өз үнүмдү, жүзүмдү табышыма көмөк көрсөткөн эжейлериме терең ыраазымын.
- Азыр кандай опера партияларынын үстүндө иштеп жатасыз?
- Март айында Ж.Бизенин "Кармен" операсы коюлуп, анда Микаэлланы ырдап чыктым. Эми буюрса, П.И.Чайковскийдин "Иоланта" операсында Иолантанын партиясын ырдап жатам. Учурдан пайдаланып опера сүйүүчүлөрүн театрга чакырат элем.
- Дагы кандай пландарыңыз бар?
- Бир эле опера менен чектелип калбастан, фольклор тармагында да иштеп жатам. Учурда Ысыката райондук "Арашан" фольклордук ансамблинде да солисткамын. Ж.Пуччининин "Мадам Баттерфляй" операсындагы Чио-Чио-Сандын партиясын даярдоодомун. Жеке концертимди уюштуруп, концерт тартууласам деген изги ойлорум бар. Ушуларды иш жүзүнө ашырууга аракет кылып жатам.
- Опера, фольклор тармактарында иштеп жатсаңыз, өзүңүзгө кайсы жанр жакын?
- Опера. Искусствонун бул тармагы өтө көп күчтүү машыгууну талап кылат. Ошол эле мезгилде операны ырдагандан кийин калганы жеңилдей сезилет. Эки тармакты бирдей алып кеткенге күч жумшайм. Үнүм музыкалык термин менен айтканда - сопрано.
- Сиздин көзкарашыңызда бүгүнкү кыргыз операсынын деңгээли кандай?
- Деңгээли жогору. Эмне дегенде, фонограмма менен жандуу үндүн айырмасы чоң. Операда жандуу үн гана роль ойнойт. Бизге көп учурда чет элдиктер келишет. Кыргыз эли деле фонограмма менен жандуу үндү айырмалай баштады. Бара-бара эл классиканы түшүнүп, угармандар көбөйөрүнө ишенем.
- Сиз үчүн башкысы талантпы же популярдуулукпу?
- Чыныгы классика популярдуулукка эмес, талантка таянат. Айтып коюшат го, бир пайыз талант, 99% эмгек, - деп. Талантыңды талбаган эмгегиң менен ачып чыга алсаң, популярдуулук өзү келет.
Шайыр ТОЙЧУЕВА