"Агым", 18.04.08 - 8-бет: Жерпай...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жерпай

"Биз караны кара, акты ак деп айтабыз"
Асылбек Жээнбеков, ЖК депутаты:

Элталамын талашкан депутаттар саналуу, мындайлар көзгө да жылуу учурайт экен. Ушундай озуйпа аркалаган социал-демократтар партиясынан шайланып келген ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков. Маектешим тууралуу Каракулжадагы кеби аңыз айтылган, айтылуу Шарип аксакал Жээнбековдун уулу экенин гана айткым келет. Кесиби - экономист, агроном. Айыл чарба, экономика, бизнес чөйрөсүндө далай кызмат аркалаган. Бүгүнкү кеп оролун да эл көйгөйү, экономикалык-социалдык абал, саясат, коррупция багытына буруп турубуз.

- Өткөн жумада Ош шаарына барып, шайлоочуларыңыз менен жолугуп келиптирсиз. Айыл элинин жашоо-шарты, абалы кандай экен? Алгач ушундан кеп салсаңыз.
- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу кымбатчылыктан жашоо-шарттары начарлап кеткенин ачык эле айтышты. Жаз мезгили болгондуктан, айдап-себүү иштери кызуу жүрүп атыптыр. Бирок, үрөн, жерсемирткич, күйүүчү май кымбаттап атканы жалпыбызга маалым. Анын кесепети айыл элине тийип аткан чагы. Өткөн сессияда дагы ушул маселе боюнча айттым эле. Жерсемирткич үчүн бөлүнгөн 30 млн. сом ашып кетсе 2%ды, 10 миң тонна күйүүчү май 10-15%ды эле камсыз кылат. Сапаттуу үрөн бүгүнкү күндө жетишпейт.
- Мурда айыл жеринде буудай, күнкарама айдалып, май менен унду өзүбүз тегирменден тарттырып алчу элек. Кийинки мезгилде бул жоголуп кетти. Азыр ушул маселе кандай болуп жатат?
- Айыл чарбаны тар чөйрөдө карабай , кенен, келечектүү караш керек. Май менен буудай тарттырып алчу элек деп атпайсызбы. 90-жылдары бир койдун наркы бир бөтөлкө арактын наркына түшүп кеткени эсиңизде барбы? Сатууга дүкөндөрдө консерва менен арак эле калган болчу. Башка эч нерсе жок. Ошол мезгилде элибиздин бир бөлүгү ачка калган учуру да болгон. 1990-92-жылдар аралыгында бир жанга 6-7 килограммдан ун берилип калган. Ошондо элибиз мамлекетке, өкмөткө ишенбей өз алдынча буудай, күнкарама сыяктуу керектүү дан азыктарын эге баштаган. Чечкиндүүлөрү жакшы турмуш издеп: Бишкекке, Казакстанга, Россияга кете башташты. Жыйынтыгында, 1997-жылдан тартып айыл элинин жашоосу оңолуу жолуна түштү. Бирок, ошол оңолуу эмненин эсебинен болду? Өкмөт жардам бердиби же башка жактан каражат келип атабы? Чет жерде эмгектенип жүргөн балдарыбыз бүгүнкү күндө Кыргызстанды багып атат. Биздин эсебибиз менен жок дегенде 1,5 миллиард доллар түшөт, жылына. Чет жактан жаштарыбыз жөнөтүп аткан акчанын эсебинен айыл чарбабыз көтөрүлүп келди. Ошол келген акчаларды дагы багыттуу иштетишибиз керек. Эгер, ун кымбаттап, чет жактан акчалар келбей калса, ошол 90-жылга кайтып барышыбыз мүмкүн. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек? Жерди эффективдүү иштетип, сугат жерлерин ыйык сактап, көбөйтүү керек.
- Негизги күч болгон жаштарыбыз сыртта жүрсө, жерди кантип иштетмек элек?
- Андан чыгуунун бир гана жолу бар. Чарбаларды ирилештирип, кооперативтерди түзүшүбүз керек. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, алакандай болгон он же жыйырма сотых жерден натыйжалуу түшүмдү кантип алмак эле дыйкан. Анүстүнө техникасы жок, атам замандагы кетменин кармап жүрсө иши арбыбайт да, кылган мээнети актабайт. Ал эми кооперативтерге, ассоциацияларга бириксек, айыл чарбасына керектүү бардык шарттар түзүлөрү турган иш. Ошондо жогорку деңгээлдеги агротехниканы колдонуу менен түшүмдүүлүк көтөрүлөт. Жаңы техника иштетүү, жаңы технологияларды колдонуу аркылуу жер иштетүү маданиятына жетишебиз.
- Асылбек мырза, темабыздын багытын башка нукка бурсак. Учурда чегара маселеси да орчундуу маселелердин бири. Казакстан, Өзбекстан менен чектеш жерлерге коңшуларыбыз үй салууда. Биз тескерисинче, ал жерлерден көчүп келүүдөбүз. Эмне үчүн Жогорку Кеңеш ушул маселени козгобойт?
- Каалайбызбы, каалабайбызбы, сиз айткан көрүнүш күн санап өсүүдө. Мунун башкы себеби - жашоо шартынын жоктугу. Көпчүлүгү борборду көздөй агылып келатпайбы. Бишкекте, четте эч болбоду дегенде соода кылып жан бакса да болот. Караганы эле жер болсо, же анысы өзүн өзү актабаса, анан айылда калып не кылмак? Ошон үчүн мамлекет көзөмөлгө алып, жардам бериши керек. Россия алыскы аймагына адамдарды мындай кой, туулган торпокторго 500 рублден сүйүнчү беришет. Бул деген чегараны көзөмөлдөөнүн бир өңүтү.
Четте жүргөн мигранттарыбызды кайтарып келүү эмес, өсүп келе жаткан жаштарыбызды Кыргызстанда кармап калыш үчүн жылына 70-80 миң жаңы жумуш орун керек, а биз болсо жылына 10-15 миң жумуш орун камсыз кылып жатабыз. А бизде мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттен айлык алгандар, пенсионерлер кетип жатпайбы. Чегарада элди кармаш үчүн шарт түзүш керек. Бюджеттик маяна жогору болуп, айыл чарбага пайызсыз кредит берүү абзел. Жер өздөштүрүү боюнча улуттук программаларды киргизиш керек. Бир эле мисал, ошол эле Баткенде, Лейлекте жер көп, суугат жер аз. Суу каналдарды куруп, жерлерди өздөштүрөлүк. Ушул багытта иштөө зарыл болуп турат. Эмне үчүн биздин Баткен, Лейлек менен чектеш тажиктердин Согдия, өзбектердин Фергана областарынын жерлери бизден кетип жаткан суулардын эсебинен эң жогорку деңгээлде өздөштүрүлгөн? Менимче, ушул маселеге мамлекет көңүл бурбаса болбойт.
- Министр Акылбек Жапаров жерди инвесторлорго сатышыбыз керек деп атпайбы. Чет жерден келген байларга жерибизди бере берсек эмнебиз калат?
- Мен бул жерден тактоо киргизип койсом. Акылбек мырзанын айткан сөзү боюнча. "Чет жактан келген инвесторлорго жерди сатып алганга мүмкүнчүлүк беришибиз керек" деп айтты. Мен буга каршымын. Биз Кытай, Россия сыяктуу чоң мамлекет эмеспиз. Элибиз, жерибиз да аз. Кыргыз элин тентитип жибере турган абалга жеткизбешибиз керек да, туурабы? Эртеңки күнү Акылбек Жапаров айтканды жасасак, биз менен чектеш жайгашкан мамлекеттер ар түрдүү жолдор менен жан деп эле сатып алышат. Балким, министр мырза экономикабызга пайдасы тиет деп ушундай кадамга барууну көздөп аткандыр. Бирок, экономикадан дагы ата-бабабыздан мурас калган жерибиз бийик турушу керек. Ал киши айткандай кылсак, эртенки күнү Атажуртубузда кыргыздар азайып, мамлекетибиз жок болуп кетиши мүмкүн.
- Казакстанга жерлерди, 4 пансионатты берип жибердиңер. Буга кандай жооп бересиз?
- Биз СДПК фракциясы бул маселеге катуу каршы турдук. Менин каршы болгонумдун эң негизги себеби - ушундай эле маселелерди Өзбекстан, Тажикстан менен чечишибиз керек. Анан биз казак туугандарга макул десек, башкалар менен кантип өз позициябызды коргой алабыз? 1992-жылкы келишим бар. Анда "республиканын территориясында жайгашкан мүлк, ошол өлкөнүн менчигине өтүшү керек" деп жазылган. Бардык өлкөлөр ушуга окшогон обьектилерди өзүнө өткөрүп алган. А биздин башкы катачылыгыбыз пансионаттарды көзөмөлдөп өткөрүп албаганыбыз болуп калды. Ошол бойдон эле казактар иштетип келди. Бирок юридикалык жактан алганда, төрт пансионат биздики болчу. Жогорку Кеңешке пансионаттарды казактарга бербесек болбойт деген маселени кабыргасынан коюп, "Ак жол" фракциясынын добуштары менен бекер кетти. Бул чечим прецедент болуп калды.
- Каалайбызбы, каалабайбызбы "акжолчулар" Акүй саясатын жүргүзөрүн далилдеди. А сиз "СДПКдан" шайланып келген депутатсыз. Дегеним, силердин ишке лидериңер кийлигишпейби?
- "СДПКда" 1995-жылдан бери мүчөмүн. Социал-демократтык принциптерден ушул кезге чейин тайбай келдик. Парламентте дагы ошол позициябыздан жазбайбыз. Биз караны кара, акты ак деп айтабыз. Биздин партиянын программасы, кылган иши - мамлекет жана кыргыз эли үчүн гана экенин А. Атамбаев премьер-министр болуп турганда көрсөттү. Эл акылман, өзү билип көрүп, таразалап турат.
Айрым маселелердин тегерегинде фракцияда чогуу талкуу болот. 11 депутат бирдей ойлонот деген туура эмес. Сессияда анча-мынча маселелер боюнча кайчы пикир айтып калабыз . Бул эми нормалдуу көрүнүш. Ал эми мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгын коргоодо биз бир позициядабыз.
- Калыс позициядабыз деп атасыз. Президенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Ар жактан суроо берип, абдан сынадың го. Президентти баарыбыз сыйлашыбыз керек. Себеби аны элибиз 2010-жылга чейин шайлаган. Аны ашкере мазактап, жамандап жибергендерди, ушактап жаткандарды жактырбайм. Жаманбы, жакшыбы экономикабыз өнүгүп баратат. Алсак 2004-жылдары бюджетибиз 480 миллион долларды түзсө, бүгүнкү күндө 1 миллиард 300 миллион доллардан ашты. Бул дагы жетишкендик. Бирок, тилекке каршы, жетишкендиктерди инфляция жок кылып коюуда. Эгерде өнүгүү саясатын туура багыттасак, кыска мөөнөттө бюджетибизди эки-үч эсеге көтөрсөк болот. Бирок ал максатка жетүү үчүн тармактарды таза адамдар башкарыш керек.
- Өнүгө албай атканыбыздын башкы себеби коррупция дегиңиз бар го. Аны менен кантип күрөшсөк болот?
- Коррупциянын эң жаман кесепети - биздин коом. Айрыкча жаштардын пара алуу, берүү менен байуу, кызматка жетүүнү моралдык норма катары кабыл алып жатканы мени өкүндүрөт. Сиз айткан коррупция менен күрөшүү үчүн сөзсүз эле бирөөнү пара алып жаткан жеринен кармап түрмөгө отургузуу эмес. Муну менен коррупция токтоп калбайт. Коррупция өнүгүп кетишине мамлекет өзү күнөөлүү - кызмат кишилерди көбөйтүп, аларга ишенимдүү укук жүктөп, анан үйбүлөсүн бага албай турган айлык берип койгону - бул калганын элди же казынаны тоноп таап ал деген эле түшүнүк. Ошон үчүн биз "кошелек", "комбайн" системасын дагы эле жойо албай жатабыз. Коррупциянын эң жогорку тепкичине бир бутубузду таштап турабыз. Бир тармакта иштеген мамлекеттик кызматкерлердин тобу, мамлекеттик казынага түшө турган акчанын олчойгон бир бөлүгүн өздөрү бөлүп жеп коет. Биринчиден, коррупция менен күрөшкөн адамдар таза болуп, массалык маалымат каражаттарынын сөз эркиндигин чектебеш керек. Анан коррупция менен экономикалык багытта күрөшүү зарыл.
- Кантип?..
- Бардык тармакты алганыбызда, өндүрүш кубаттуулугу боюнча Америкага караганда он беш эсе аз иштейбиз. Көпчүлүк чиновниктер жөн эле айлык алып иштеп жүрүшөт. Аткарган иштери жок. Ошолорду кыскартуу зарыл. Биздин байлыгыбыз - таза адамдар, идеялар, инновациялар. Ушул критерийге туура келген адамдардын айлыгын көтөрүп, узак мөөнөткө иштетишибиз керек. Ошондо гана мамлекеттик казына толуп, сиз жогоруда айткан көп маселелер чечиле баштайт.
- Бүгүнкү өкмөттүн иштөө багытына кандай баа бересиз? Жүз күндүгүн да белгилеп жиберишти…
- Бирдиктүү команда катары алган багыты туура эмес. Рыноктук экономикалык өнүгүүнүн өзүнүн мыйзамдары бар. Айрым тармактарда ошол мыйзамдарга карама-каршы келген багытта кетип баратабыз. Мамлекет өзүнө тийиштүү гана иштерди аткарууга кепилдик алыш керек. А бийлик болсо бардык тармактарга кийлигишип атат. Мындай темп менен кете берсек, сөзүбүз жакшы, а ишибиздин алгылыктуу жыйынтыгы болбойт.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ